1990-жылкы Оштогу кайгылуу окуялар кокустукпу? Каргаша кайдан чыкты? Анын себептери кайсылар? Жумурият карт тарыхтын кайрымы менен «аттап» кеткен доорду кайра басып өттүбү? 2010-жылы эмне үчүн бул окуя кайрадан кайталанды?

 
            Мына, ушундай узун түрмөк суроолорго тарых сересинен сарасеп салсак, кыргыз тарыхынын бүктөмүндө калган айрым маалыматтар көрүнөт...
            Ош окуяларынын себептеринин түпкүрүндө тарыхый терең өбөлгөлөр жатат. Тарыхыбызды билбегендик, тарых тактаган факторлорду барк албагандык мындай каргашалуу окуянын чыгышына кыйыр себеп болгондой... Демек, өз тарыхыбызды тереңдеп үйрөнүү анча жолго коюлбагандыгын ырастоого туура келет.
 
Биринчиден, Ош чөлкөмүнүн эң байыркы мезгилдерден XIX кылымдын ортосуна чейинки тарыхын традициялуу тарыхнаамаанын нугунда гана учкай билебиз. Биздин советтик тарыхнааманын көп мезгилдерден бери келе жаткан стилинин бир жактулук кесепетинен, атап айтканда ар кандай тарыхый окуяларды чагылдырууда анын социалдык, экономикалык, таптык жана саясий жактарын ачууга көбүрөөк умтулуп, куру кыйкырыкка айланган «интернационалдуулук», жагынуулук менен тарыхый инсандарга аз кызыгып, алардын ким экендигин изилдөөгө көңүл бурбай, натыйжада тарыхыбыздын жүрүшү жана окуялары ээсиз калгандай (обезличенный) көрүнөт.
 
Атай келгенде Фергана чөлкөмүндөгү байыртадан башталган антропо-этногенетикалык карым-катнаштар аз изилденген. Индоевропалык расага кирген жана иран тилдеринде сүйлөгөн байыркы ферганалык тургундар (ираний) качан жана кайсыл тарыхый шарттарда түркий (тураний) элдер менен саясий ымаларга аралашып түрктөшө баштагандыгын, ал процесстин качан аяктап, элдин калыптануу процесинде кандай роль ойногондугун так билбейбиз. Айрыкча XIV-XIX кылымдардын арасында көп сандаган түркий көчмөн, жарым отурушкан уруулардын Түркстандагы, ошонун ичинде Фергана чөлкөмүндөгү элдин калыптануу процессиндеги тарыхый үлүшү, өз ара жуурулуу (ассимиляция) жараяны көмүскөдө калып келген.
 
            Уруулардын тарыхын изилдөөнүн маанилүү булагы санжыралар эле, алар жөнүндө айтпай келгенбиз. Уруу тарыхын изилдөө, аларды элге жеткирүү улутчулдука алып барчу жол сыяктуу көрүнүп, андан үркчүбүз. Акыркы изилдөөлөр көрсөтүп жаткандай Түркстан элдеринин, аны ичинде кыргыздардын да тарыхы уруу санжыраларында жашап жатат. Башкача айтканда уруулардын тарыхын терең үйрөнүү аркылуу элдин, улуттун тарыхын тереңден аңдоого жетишишибиз айдан ачык. Ошондо ган биз сөз түрүндө эмес, тарыхый фактылар менен далилденген деңгээлде Борбор-Азиянын элдери чынында эле Түрк-Атанын балдары экенин ырастоого болор эле.
 
             Ошол эле учурда маселенин дагы бир жагы, эл болуп калыптануу процессинин үйрөнүүдөгү татаал этникалык карым-катнаштардын көп жактуулугун эске албай келүүнүн натыйжасында бизде кыргызы да, казагы да, өзбеги да, тажиги да, каракалпагы да эл катары келки-келки бөлүнүп түзүлүп калгандай туюлуп келген. Ошондуктан ал элдердин мамлекеттүүлүгүн түзгөн жумурияттардын азыркы ээлеп турган чөлкөмүндө болуп өткөн окуялар ошол гана элге таандык деген түркөй түшүнүк пайда болгон да, ири тарыхый окуяларга, тарыхый инсандардын ишмердигине туура эмес баа берүү келип чыккан. Бул жагдайда өзбек тарыхчыларынын Авиценнадан баштап Бабурга чейин баарын эле өзбек улутуна киргизип, казак тарыхчыларынын Чыңгыз-хандан тарта баарын эле казак кылып, Евразия континентиндеги бардык тарыхый окуяларда казак эли негизги ролду ээлеген деп, же саясий биримдик гана болуп эсептелген Бухара, Хива жана Кокон хандыктарын «Өзбек хандыктары» деп атап келиши мисал боло алат. Андай болгондо биз Истеми каганды, Чабыш Чор Сулукту, Жусуп Баласагынды, Махмуд Кашкарини, Али Мансур аль-Ошини, Кетмен-Төбөдөн кеткен Тогрул бекти — «кыргыз», борборлору азыркы Кыргызстандын чөлкөмдөрүндө жайгашкан Усун, Давань, Төргөш, Карахандар, Моголистан мамлекеттерин — «Кыргыз мамлекети» деп атообуз керек беле?
 
            Экинчиден, биздин жумурияттык тарыхнааманын дагы бир мүчүлүшү XIX кылымдын ортосунан Өктөбүр төңкөрүшүнө чейинки мезгилде жүргөн Фергана чөлкөмүндөгү тургундардын этникалык карым-катнашы, жуурулушуу процесси тигил же бул уруулардын жер которушу жана башка маселелер алиге көмүскөдө келет. Натыйжада аталган тарыхый мезгилде орус падышачылыгынын административдик-колониялык саясатына ылайык облустар, уездер жана урулардын ээлеген орду боюнча оош-кыйышсыз түзүлүп, болгону орус келгиндери менен гана жаңылангандай сезилет.
 
            Үчүнчүдөн, Өктөбүр ыңкылабынан кийин 20-30 жылдардагы Түркстан элдеринин совет бийлигинин шартында өнүгүп-өсүшү, алардын улуттук мамлекеттүүлүгүнүн келип чыгышы, чек аралык жиктенүүлөр жана жалпы эле Орто Азия чөлкөмүндөгү элдердин улутка өсүп-өнүгүүсү үстүрт изилденди. Кеңеш өкмөтүнүн чыңдалышы, жер-жерлерде жүргүзүлгөн социалдык-экономикалык, саясий жана маданий өзгөрүүлөрдүн мазмуну 30-жылдардын аягында биз негизинен куруп бүттүк деген социалисттик түзүлүшкө төп келеби же жокпу, социалистик улут болуп түзүлдүк деген түшүнүк азыркы методологияга кандай деңгээлде туура келет, улуттук мамлекеттүүлүктүн өнүгүү процесси жана 20-жылдардын ортосунда жүргөн улуттук чегаралык жиктешүү маселесинин чечилүү шарттары, анын адилеттүүлүгү жана кийинки мезгилдерде улуттардын социалдык-экономикалык, саясий жана маданий-психологиялык таламдарына кандай жооп берет, аталган проблемалардын чиеленишине «сталиндик» социализм канчалык деңгээлде таасир этти, мына ушул сыяктуу маселелер кайрадан изделиниши зарыл.
 
            Тээ өткөн кылымдын 80-жылдарынын экинчи жарымынан азыркыга чейин биз сындан келген улуу ойчул жана практик В.И. Лениндин капитализм мезгилиндеги улуттук өнүгүүнүн эки тенденциясы тууралуу теориясынын биринчи бөлүмү постсоветтик өлкөлөрдө болуп жаткан көрүнүштөргө жооп берет. Андагы негизги белгилер: капитализмдин өнүгүшү менен кошо жүргөн улуттардын пайда болуу процесси, улутчулдукка чейин өсүп жеткен улуттук аң сезимдин калыптанышы, улуттук өнүгүүнүн бардык тармактарынын күчөшү: улуттук мамлекеттүүлүктүн калыптанышы, эгемендүүлүктү жана суверендүүлүктү бекемдөө, улуттук экономика, теориялык тактоолор, тил жана маданият маселелеринин курч коюлушу жана башкалар. Ошентип, жумуриятыбыздагы азыркы көрүнүштөр, Борбор Азия элдеринин тарыхында «атталып өтүлгөн» капиталисттик коомдо чечилүүчү маселелерди эми гана чече баштаганыбызды көрсөтүп турат. Демек, улут болуп түзүлүү процесси дүйнөлүк мыйзам ченемдүү өнүгүүгө ээ экендигин, ал эми Кыргызстан ошол жараянды азыр гана өтүп жаткандыгын ырастап турат.
 
            Тарыхыбызды так билбегендиктен Фергана өрөөнүнүн, айрыкча Кыргызстандын түштүк чөлкөмдөрүнүн тургундарынын арасында тигил же бул жер, шаар, тигил же бул мазар, тигил же бул тарыхый инсан биздики, тигил же бул эл келгин же тургун, ал турсун 20-жылдардагы Орто Азия элдериндеги мамлекеттүүлүк түзүлүү процессинин жүрүшүндө тигил же бул жерлердин тигил же бул жумуриятка кирип калышы туура эмес чечилген деген бөлүп-жаруучулукка алып келүүчү коомдук пикирлерди пайда кылып келди. 
 
Демек, байыртадан бери Орто Азия, анын ичинен Фергана калктарынын тамыры бир экендигигин, Бухара, Хива жана Кокон хандыктары улуттук эмес, өз ичинде жашаган калктардын баары баш кошкон саясий биримдик, орток мамлекет болгондугун, Совет ыңкылабынан кийинки 1924-жылдагы улуттук мамлекеттүүлүктүн түзүлүшүнө улуттук принциптеги чек ара жиктешүүлөрүндө бир катар импердик ката кетирилгендиктерин азыркы учурда тактоо зарыл. Чындыгында 1924-жылга чейин Өзбекстан деген да, Кыргызстан деген да мамлекет жок эле, экөө тең Түрк республикасынын составында турган (сөз жерлерди, болуштуктарды жана айыл-кыштактарды тигил же бул түзүлүп жаткан мамлекеттик биримдиктерге өткөзүп берүү жөнүндө болуп жатат). Ошол «каталардын» кесепети акырындык менен “Ош окуялары” деп аталган жоболоңдуу окуяларга алып келди.
 
            Фергана чөлкөмү чынында эле байыркы замандардан бери көп улуттуу чөлкөм. Биздин эранын башына чейинки доорлордо жашаган ираний калктар (давандыктар, сактар жана усундар) кийинки мезгилдерде, айрыкча VI-XII кылымдарда түрктөшүп, андан кийин XII-XIII кылымдарда монголдор менен жуурулушуунун натыйжасында түбү тектеш, Орто Азиядагы эң байыркы мезгилдерден бери XVI кылымга чейин жашап өткөн кандаш калктар (кыргыздар, өзбектер, казактар, каракалпактар жана башкалар) пайда болду.
 
Фергана өрөөнүндө биздин эрага чейинки I миң жылдыктын орто ченинен баштап эле, байыркы давандыктар менен сак урууларынын отурукташкан-дыйканчылык жана көчмөн-малчылык чарбаларынын синтезинен келип чыккан цивилиация калыптанган. Негизинен Фергана тарыхнаамада “өзөн цивилизациясы”(“речная цивилизация”) деп аталуучу регионго кирип, андагы жашоо тиричиликте жасалма сугатчылык эң зор ойногон. Ошондуктан экономикада жер, болгондо да сугат дыйканчылыгына негизделген жер ээлөө, негизги маселе болуп, акырындык менен орто кылымдарда тургундардын социалдык-чарбалык төмөнкү эки тиби калыптанды.
 
Алар: 1. Отурукташкан-дыйкан, кол өнөрчү жана соодада шүгүрлөнгөн жамаат;
2. Көчмөн-мал чарбасы менен кесиптенген жамаат.
Бул жагдайда мамлекетти төмөнкү беш негизги элемент кармап турган:
 
             - Жер жана сугат системалары шариат боюнча да, адат боюнча да ‘эки жамаатка тең тийешелүү болгон, бирок факты жүзүндө аны көбүнчө отурукташкан жамаат пайдаланган;
            - Дыйканчылык жана анын продуктылары отурукташкан жамааттын колунда болгон;
            - Соода иштери негизинен отурукташкан жамааттын колунда турган;
            - Мал чарбачылык жана анын продуктылары негизинен көчмөндөрдүн колунда болгон;
            - Саясат, бийлик жана аскер күчтөрү негизинен көчмөндөрдүн же теги көчмөн династияларынын өкүлдөрүнүн колунда турган. Негизинен заманына жараша мобилдүү жашаган көчмөндөргөн түзүлгөн аскер күчтөрү өлкөнүн социалдык-экономикалык структурасын сактап, тышкы душмандардан коргоп туруучу фактор катары кызмат өтөгөн.
 
            Ошентип, саясий бийлик менен экономиканын азыраагы көчмөндөрдө, ал эми экономикалык байлык отурукташкан тургундарда топтолгон абал түзүлгөн. Мындай абал саясий күчтөр менен экономикалык байлыктын өз ара тең салмактуулугун пайда кылып, бир эле учурда тең тайлашкан, бирок тынчтыкта жанаша туруп, бири-бирисиз жашай албаган, отурукташкан жана көчмөн элдердин эки тобунун уникалдуу синтезин, башка сөз менен айтканда тиричиликтин Ферганалык вариантын калыптандырган.
 
            Түрдүү этникалык жана чарбалык жамааттар өрөөндө аралаш-келки жайгашышкан. Мисалы, шаарлар менен кыштактардын алгач иран, кийинчерээк түркий тилиндеги отурукташкан тургундары жергиликтүү булактарда “сартиййа” деген аталыш алып, түрктөрдөн, тажиктерден, отурукташкан өзбектерден куралган. Аларды “илатиййа” деп аталган көп сандаган көчмөн жана жарым көчмөн кыргыздардын, кыпчактардын, кийинчерээк отурукташып кеткен өзбектердин, түрктөрдүн кыштоолору, жаздоолору жана жайлоолору курчап турган. Сартиййа жана илатиййанын кыштактары менен айылдары, алардын айдоо жерлери жана жайыттары обочо ээликтерди эмес, бири бирине жанаша турган аралаш-келки ээликтерди түзгөн. Аталган коомдук-социалдык абал байыртадан эле калыптанып, жаңы доорго жакын кокон амирлигинин түптөнөөр алдында деле ушундай мүнөздө болучу.
 
            Саясий мамилелерде жогоруда атап өткөн тең тайлашуу көп учурда эки жамааттын ортосунда күрөштөрдү пайда кылып, алардын мүнөзү негизинен борбордук бийликти талашуу, же башка бир саясий, жеке инсандык маселелер менен чектелчү. Бул атаандаштык эч качан этникалык мүнөздү алган эмес. Буга мисал катары 1709-жылдан 1876-жылга чейин жашап турган Кокон мамлекетинин турмушун келтирүүгө болот. 169-жыл жашаган хандыктагы болуп өткөн сандаган кагылышуулардын эч бирин этникалык тариздеги араздашуу деп саноого мүмкүн эмес.
 
ХVIII кылымдын башында өзбек-кыргыз илатиййасы (Шахрух бий менен анын күйөө баласы Акбото-бий кыргыз) бийликти колго алашты да, жаңы кокон амирлигин орнотушуп, кадимки улуу көчмөн Тимурдун насили Бабурдун урпагы шакрухтардын династиясын негиздешти. Бул окуя, кадимден келаткан тең салмактуулук принцибинин кезектеги чагылышы болгон. Илатиййа менен сартиййанын тең салмактуулугунун шартындагы бийлик чөйрөсүндө турган күчтөрдүн жайгашынын ар кандай вариациясын байкоого болот. Жергиликтүү жазма булактардын эң абройлуусу Молдо Нияз Хукандинин “Тарих и-Шахрохи” эмгегиндеги пикирге караганда Кокон мамлекетинде төмөнкү 4 этносоциалдык топ аракеттенген: этникалык миңдер, этникалык кыргыздар, этникалык кыпчактар жана социалдык сарттар болучу.
 
Кокон тарыхында бийлик чылбыры негизинен дайыма илатиййанын (аталган үч этникалык топтун) өкүлдөрүнүн колунда болуп, бирок иш жүзүндө сартийаанын чордонун түзгөн сарттар тобунун кайсыл этникалык топту жактагандыгына карата тең салмактуулук айрым учурда бузулуп да турган. Бирок, саясий араздашууларда эгер күчтөрдүн жайгашышы сартиййа жамаатына ооп баратса, илатиййа аны тез арада бийлик өкүлүн алмаштыруу же өзүлөрүнө ылайык марионетти бийликке олтургузуу жолу менен тең салмактуулукту калыбына келтирип коюшчу. Мындай мисалдар Фергана тарыхында өтө көп.
 
Жогорку аталган эки типтеги социалдык-экономикалык жамааттын тең салмактуулук принциби Х1Х кылымдын экинчи жарымынан баштап Орусия колониалдык саясатынын кесепетинен бузулган. Алар төмөнкү белгилер менен мүнөздөлөт:
 
            - 1886-жылкы Түркстан крайын башкаруу Жоболорунун негизинде жер жан суу ресурстары Орусиянын импердик менчиги деп жарыяланды. 1890-1910-жылдарда Ферганада ишке ашкан жер-салык реформасынын натыйжасында жарактуу суулуу жерлердин дээрлик басымдуу бөлүгү отурукташкан сартиййа жамааты менен келгин орус дыйкандарына ыйгарылып калды. Ал эми илатиййа жамаатына (элеттиктерге) кайракы жерлер, жайыттар жана жер иштетүүгө ыңгайсыз тоо-таш тийди. Аларды да көчмөндөр “коомдук жерлер” деген аталыш укугунда алышты. Мындай учурда, мурунку илатиййанын өкүлдөрү шашылыш отурукташууга аракеттеништи. Фергана кыргыздарынын Х1Х кылымдын 80-жылдарында, ал эми Чүй, Талас, Ысык-Көл кыргыздарынын – ХХ кылымдын башында отурукташууга өтүшүн Орусиянын отор саясаты колдогон жок. Анткени, колониалдык бийлик үчүн улам активдүү көчүп келип жатышкан орус келгиндерине жаңы айдоо жерлерин бөлүүнүн чоң саясий жана геосаясаттык мааниси бар эле. Ошентип, кыргыздардын басымдуу көпчүлүгүнүн отурукташуусу ХХ кылымдын 40-жылдарына чейин созулган.
 
            - Соода мурункудай эле отурукташкан жамааттын колунда калып, анын айрым тизгиндери келгин орус көпөстөрүнө өттү.
 
            - Мал чарбачылык негизинен илатиййанын кесиби болуп калганы менен, бул чарбадагы жаңы интенсивдүү технологиянын жанданышына (бордоп багуу, сатууга багытталган мал чарба) байланыштуу колониалдык рынок шартына көз карандылык абал пайда келип чыкты.
 
            - Саясатта олуттуу өзгөрүү болду. Жергиликтүү эл мамлекеттүүлүгүнөн ажырады. Колониалдык административдик саясат элдердин этникалык белгилери менен эмес, башкаруу ыңгайлуулугуна карата ишке ашып, жыйынтыгында сартиййа да, илатиййа да болуштук (волостное управление) бийликке гана укуктуу болуп калышты. Жергиликтүү элдин бардык өкүлдөрү армияга кызмат кылуу укугунан дээрлик ажырады. Демек, мурунку саясаттагы чечүүчү ролдо турган көчмөндөрдө саясий роль таптакыр төмөн түштү.
 
            Ошентип, мурунтан келе жаткан салттуу тең салмак бузулуп, жашоодогу негизги байлык жана бийлик отурукташкан жергиликтүү жамааттын жана орус келгиндеринин пайдасына ооду. Мындай социалдык-экономикалык жана саясий өзгөрүүнүн кесепетинен Эки-Суу Арасы, Маргалаң, Анжыян, Кокон, Наманган, Кожент шаарларынын айланасындагы эзелки кыштактардан илатиййанын өкүлдөрү акырындап тоолуу аймактарга карата сүрүлүп кетишти. Отурукташкан калктардын демографиялык өсүүсүнүн натыйжасында мындай чөлкөмдөрдүн ордуна жаңы кыштактардын түзүмү пайда болду (Кокон-Кыштак, Нанай, Маданият, Хан-Абад, Кемпир-Абад, Жалал-Абад, Кара-Суу жана дагы ушул сыяктуулар).
 
            Мындай тагдыр чеччү процесстердин эң коркунучтуу кесепети – жер-суу маселесине карата этникалык араздашуулардын пайда болушуна өбөлгө түзүлгөндүгүндө эле. Демек, 1898-жылдагы Анжыян-кыргыз жана 1916-жылдагы кыргыз көтөрүлүштөрүнүн түпкү себептери ушул өбөлгөлөрдө жаткандыгын кийинки изилдөөлөр далилдеп жатат.
 
            1917-жылкы Өктөбүр төңкөрүшүнүн натыйжасында Совет бийлигинин орношунан кийинки жылдары жүргөн атуулдук согуштардын, калыбына келтирүү, советтик социалдык-экономикалык жана маданий өзгөрүүлөрдүн активдүү жүрүшү менен жер-суу маселесине байланышкан этникалык араздашуу чыккан эмес.
 
            1924-жылдан башталган декларацияланган Кыргыз автономиялуу, кийин республикалык статусу бар мамлекеттүүлүктүн түзүлүшүнүн натыйжасында экономикалык чечүүчү ролго ээ боло албаса да мурунку илатиййанын өкүлдөрүнүн саясий бийликке келиши эзелки тең салмактуулуктуулуктун бузулушунун компенсанциясы катары кароого да болот. Бирок, тарыхый себептер кала берди...
 
            Фергана чөлкөмүндө, тагыраак айтканда азыркы Ош облусунун аймагында XX кылымдын аягында жана XX кылымдын баштарында кыргыз-өзбек жамаатташтыгынын сандык-салыштырма абалы кандай эле жана алар 1924-1926-жылдарда өткөрүлгөн улуттук чек ара жиктешүү процессинин жүрүшүндө, жумуриятыбыздын административдик бөлүшүндө кандай деңгээлде чечилди, ошол маселелерге бир аз токтоло кетсек.
            Маселени кароодон мурун Өктөбүр төңкөрүшүнө чейинки падышалык эл каттоо эсеп-кысабы көп учурда жаңылышканын айта кетүү зарыл. Эл каттоо кампаниясын орус чиновниктери алып барышып, алар көп учурларда болжолдуу түрдө, кээде маалыматтарды өз билгениндей эле бере беришчү. Орус чиновниктери гана эмес, көп учурда аттуу-баштуу орус окумуштуулары, саякатчылары деле кыргыз менен казакты, каракалпак менен кыпчакты, өзбек менен башка түрк элдерин көп ажырата алчу эмес. Ошондуктан, ыңкылапка чейинки маалыматтарга өтө этияттык менен, салыштырмалуу түрдө кароо керек.
 
            Россия жана анын чет-жакаларында официалдуу эл каттоо биринчи жолу 1897-жылы болгон. Анан кийин болжолдуу түрдө ар жылы областтык губернаторлордун отчетторунда элдердин саны берилип турган. 1908-10-жылдары сенатор Палендин Түркстан крайын толук текшерүү жүргүзгөнүнө байланыштуу эл каттоо жүргөн. Биз ошол маалыматтарга таянып Фергана чөлкөмүн карап көрөлү.
 
            XIX кылымдын аягында беш уездден турган (Наманган, Анжиян, Маргалаң, Кокон жана Ош) Фергана облусунда 1 млн. 572 миң 214 адам жашап анын ичинде 114081 тажик, 14915 кашкарлык, 201597 кыргыз, 7584 кыпчак, 11056 каракалпак, 788989 сарт, 153780 өзбек, 261234 түрк-татар элдери жашаган. (Маалыматтар 1904-жылы Бүткүл Россиялык биринчи эл каттонун жыйынтыгына карата даярдалган «Ферганская область» деген китептен алынды - К.Т.) Бул жерде окурмандарга айта кетчу нерсе бар. Биринчиси, 1926-жылга чейинки эл каттоонун баарында азыркы өзбек эли «сарт», «өзбек» деп эки эл катары берилет. Себеби, XVI-кылымдын башында Орто Азига Арал деңизинин түндүк тарабынан Мухаммад Шейбаны (XVI кылымдагы Көк ордонун ханы чингизид Өзбек хандын тукуму) менен кошо көчүп келишкен 92 боолуу (92 урук) көчмөн өзбектер (баары 240-360 миң киши) жана жергиликтүү түрк тилинде (чагатай тили) сүйлөшкөн сарт деп аталышчу дыйканчылык, соода, кол өнөрчүлүк менен кесип кылган сартиййа жамааты менен жуурулушуу процесси XX кылымдын башына чейин бүтө элек эле. Экинчиси, маалыматтарда берилгендей «түрк-татар элдери» деген графага биздин оюбузча түрктөр, татарлар, башкырлар, карайымдар, лакецтер жана башка майда калктар, ошондой эле түрк тилинде сүйлөшүп, улуту аныкталбагандар а мүмкүн жаңылыштык менен өзбектер да, кыргыздар да кирип кетсе керек.
 
            Сөз кылып жаткан мезгилде Анжиян жана Ош ойоздорунда (уезд) жашагандар төмөндөгүнү түзгөн: Баары 360267 жана 161640 киши, анын ичинен тажиктер 1970 жана 107 адам, кыргыздар 123382 жана 1741, сарттар 321817 жана 571, өзбектер 6 жана17, түрк-татарлар 662 жана 136447 адам. Кыпчактар Анжиян ойозунда гана 14 киши деп берилген. (Аларды кыргыздарга кошуп койсо керек, ал эми өзбектердин өтө аз санда берилиши да күмөндү туудурат. – К.Т.) Ошондой эле Ош ойозундагы кыргыздардын санынын берилиши да туура эмес. Бирок, кантсе да бул официалдуу документти коңүлгө албай коюуга мүмкүн эмес.
 
            Сабаттуулардын жана шаардыктардын саны дагы кызыктуу. XIX кылымдын аягында Фергана облусунда кыргыздардан 185 киши орусча сабаттуу, 1116 киши мусулманча сабаттуулукка ээ болуп, алардын ичинен 4 адамдын ортодон жогорку билими болгон. Аталган цифралар сарттарда 1482, 16314 жана 2, ал эми өзбектерде 96, 3766 жана 2 деген сандарды түзгөн. Областтын шаарларында баары 267 кыргыз жашаган, анын ичинде 108 киши Маргаланда, 37 — Анжиянда, 74 — Кокондо, 48 — Наманганда турган. Кыпчактардан шаарда тургандар деген графага бир гана кишинин Анжиянда жашагандыгы берилген. Эмне үчүндүр Ош шаарында 8 гана сарт жана 5 өзбек жашаган деген маалымат бар. Ошол эле учурда Ошто 32432 түрк-татарлар тургандыгы айтылат.
 
            1907-жылы даярдалган Фергана облустук статистика комитетинин маалыматтарында шаарда жашаган кыргыздардын жалпы саны 584 кишини түзүп, анын ичинде Скобелев шаарында - 62, Анжиянда - 222, Кокондо - 15, Наманганда - 7, жана Ошто - 271 кыргыз жашаган.
 
            1908-жылы берилген Фергана облусунун губернаторунун отчетунда көрсөтүлгөн айрым цифраларга да токтоло кетүү зарыл. Мисалы: кыргыздар басымдуулук кылган болуштуктарга төмөнкүлөр кирген. Анжиян ойозунда: Базар-Коргон - 97 процент, Наукент - 94 процент, Көк-Арт - 65 процент, Өзгөн - 75 процент (ал мезгилде Өзгөн кичинекей эле кыштак болчу. Ал шаар деген статусту совет доорунда кабыл алып, 1990-жылы гана областтык шаар деген деңгээлге жетти), Чаңгет - 97 процент, Яссы - 87 процент, Каракол, Сарысуу - 100 процент, Кеңкол-Карагыр - 100 процент, Майлы-Сай - 100 процент, Жалал-Кудук - 50 процент, Коргон-Төбө - 85 процент; Кокон ойозунда: Исфара - 100 процент, Лейлек - 99 процент, Нойгут-Кыпчак - 100 процент; Маргалан ойозунда: Ичкилик - 99,5 процент, Жоокесек, Бостон - 98,5 процент; Наманган ойозунда: Арым - 95 процент, Багыш - 93 процент, Баястан - 52 процент, Кырк-Уул -100 процент, Саруу - 100 процент, Суусамыр - 100 процент, Кутлук-Сейит - 100 процент, Чаткал - 100 процент; Ош ойозунда: Алай - 100 процент, Гүлчө - 100 процент, Капчыгай - 100 процент, Куршаб -88 процент, Ак-Буура - 97 процент, Кашкар-Кыштак - 84,5 процент, Ноокат -73 процент, Турук - 99 процент кыргыздар жашаган. Мындан тышкары Самарканд облусунун Кожент ойозундагы болуштуктар: Иджар - 100 процент, Чапкылык - 80 процент, Исфана - 100 процент, Бөксө-Сибирги - 100 процент; Жызак ойозундагы болуштуктар: Кара-Таш - 100 процент, Ата-Коргон - 100 процент, Кызыл-Кум - 100 процент, Мистелүү-Тоо - 100 процент, Көк-Дөбө - 100 процент. Ошондой эле жогоруда аталбаган көптөгөн болуштуктарда тургандардын 20-40 процентке чейинкисин кыргыздар түзүшкөн. Мисалы: Жалал-Абад - 45 процент, Кокон-Кыштак - 20 процент, Нарын - 40 процент, Хакул-Абад - 25 процент, Кара-Суу - 32 процент, Араван - 36 процент, Мархамат - 20 процент, Кули - 25 процент, Нанай - 36 процент, Кызыл-Коргон - 25 процент, Ашт - 24 процент, Чадак - 25 процент, Булак-Башы - 21 процент, Мөнөк - 40 процент жана башка. Аталган болуштуктардын көбү совет доорунда Кыргызстанга кирди, ал эми бир даары географиялык шарттарга байланыштуу Өзбек жана Тажик жумурияттарында турушат.
 
            Жогоруда белгилегендей 1924-жылдын 12-июнунда РКП(б) БКнын «Орто Азия республикаларынын улуттук-мамлекеттик жиктештирүү жөнүндө» деген токтому кабыл алынат да, ошол эле жылдын 14-октябрында Бүткүл Россиялык Аткаруу комитетинин токтому боюнча РСФСРдин Кара-Кыргыз автоном облусун түзүү жөнүндө токтом кылынган. 1924-жылы 16-декабрь күнү РКП(б)нын Кара-Кыргыз обкомунун уюштуруу бюросунун Президиумунун заседаниесинде Жалал-Абад, Каракол-Нарын, Пишпек жана Ош округдук комитеттерин түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган.
 
            1925-жылдын 23-27-мартында I Кыргыз областык партконференция болуп өткөн, ал эми 27-30-марттарда Кара-Кыргыз автоном облусунун Советтеринин биринчи уюштуруу курултайы чакырылып, анда Аткаруу Комитети түзүлгөн. Бүткүл Россиялык Аткаруу Комитетинин алдында Кара-Кыргыз автоном облусу деген сөздүн ордуна Кыргыз автоном облусун кабыл алуу керектиги сунушталган. Ошондой эле кийинчерээк КАОну Кыргыз автономдук Советтик социалисттик республикасына айландыруу белгиленген.
 
            1925-жылдын 27-майындагы Бүткүл Россиялык Аткаруу Комитетинин Президиумунун заседаниесинде КАО ревкомунун төрагасы Токбаевдин баяндамасы боюнча Кыргыз автономиялык облусун райондоштуруу жөнүндө жөнүндө токтому бекитилген. Анда КАО 4 округдан туруп, мындай деп жазылган: «Түркстан АССРинин территориясынан Кыргыз автономиялык облусунун составына төмөнкүлөр киргизилсин: 1. Пишпек округуна Пишпек шаары, (андан нары болуштуктар саналып өтөт): 2. Ош округуна - Ош шаары жана мурунку Фергана облусунун Ош ойозунун Акжар, Алай, Гулша, Кара-Таш, Капчыгай, Яссы, Ак-Буура, Куршаб, Турук, Ноокат, Кашкар-Кыштак, Өзгөн жана Ош болуштуктары; ошол эле мурунку Фергана облусунун Кокон ойозунун Лейлек, Нойгут-Кыштак болуштуктары жана мурунку Фергана облусунун Маргалаң ойозунун Жоокесек-Бостон, Араван, Ичкилик, Найман болуштуктары жана Чимион болуштугунун Халмион айылы; 3. Жалал-Абад округуна - Жалал-Абад шаары жана мурунку Фергана облусунун Анжыян ойозунун Айым, Базар-Коргон, Массы, Ноокент, Чаңкет, Каракол-Сарысуу, Кеңкол-Карагыр, Майлы-Сай болуштуктары; мурунку Фергана облусунун Наманган ойозунун Арым, Кызыл-Жар, Кырк-Уул, Саруу, Суусамыр, Чаткал, Багыш, Баястан, Кутлук-Сейит болуштуктары; 4. Кара-кол округуна - Кара-Кол шаары (андан ары болуштуктарды санап өтөт). (Караңыз: Кыргыз ССР мам. Архиви, 20-фонд, 1-опись,114-иш, 19 бет). Аталган райондоштуруу боюнча, ошентип, КАОдо 75 болуштуктан турган 4 округ, 6 шаар, 721 кыштак, 727 айыл, 5 хутор кирген. Облустун калкы 717 миң кишини түзүп, анын ичинде 63,5 процент кыргыз, 16,8 проценти орус, 15,4 проценти өзбек жана 4,3 проценти башка улуттардын өкүлдөрү жашаган.
 
            Кыргыз автономиялык облусунун территориясына кирүүчү жерлер али толукталып бүтө элек эле. Жогоруда сөз кылынган Кара-Кыргыз автоном облусунун Советтеринин биринчи уюштуруу съездинде эле (27-30-март 1925-жыл) ревкомдун баяндамасы боюнча токтомдун төртүнчү пунктунда мындай деп жазылган: «улуттук жиктештирүү мезгилинде областтын чек араларын улуттук, экономикалык жана территориялык белгилер боюнча так аныктоого мүмкүн болбогондугуна байланыштуу съезд жаңыдан шайланган Аткаруу Комитетине бул маселени Орто Азиялык Эмгек жана Коргонуу Советинин өкүлү аркылуу тезирээк чечүүнү тапшырат». (А.Орозбеков областтык Аткаруу Комитетинин төрагалыгына шайланган эле. — К.Т.) Ушундай эле чечим кийинки 27-майдагы Бүткүл Россиялык Аткаруу Комитетинин Президиумунун заседаниесинде да кайталанган.
            Мындай абал Орто Азиянын башка республикаларында да сакталган. Ошондуктан, атайын түзүлгөн СССРдин Борбордук Аткаруу Комитетинин Паритеттик (калыстык) комиссиясы 1926-жылдын март айларына чейин республикалардын чек аралык талаш-тартыш арыздарын тескеп чыгып, анын отчету 20-25-марттарда Самаркандда каралган. Айта кетчу нерсе, аталган комиссиянын төрагасы Д. Петровский, мүчөлөрү: Мирза Галиев, Саид Алиходжаевдар болушуп, кыргыздардан эч ким кошулган эмес. №11 жана 13-протоколдорду карап көргөндө Кыргызстандын жана Өзбекстандын бийликтеринин бири-бирине койгон территориялык дооматтарынын жалпы саны 20дан ашык болуп, алардын Кыргызстан үчүн канаттандырарлык чечилгени төмөнкүлөр эле: Бек-Абад айылы (Сузак району), Ардай айылы (Кара-Суу району), Төө-Моюн айылы (Араван району), ошондой эле Бакса-Исфана болуштугу менен Чапкылык айылы (Лейлек району). Ошол эле учурда Кыргызстанга өткөрүлүп берилсин деген суроолордун канааттандырылбагандары булар: Заркен кыштагы, Варзык кыштагы, Үч-Коргон кыштагынын жаны, Вуадиль айылы, Чимион айылы, Хан-Абад болуштугу жана Кемпир-Абад айылы, Жалал-Кудук айылы, Кара-Суу (Өзбекстандагы бөлүгү), Чимион, Коргон-Төбө болуштуктары, Күйүк-Мазар, Мөнөк айылдары, Булак-Башы болуштугу, Мархамат болуштугунун Дөң, Кызыл-Рават, Кучи айылдары, Бетегели, Кой-Таш өрөөнү (Ангрен дарыясынын жогорку агымы).
 
            Өзбекстандын бийликтери Кыргызстандан төмөнкү территорияларды өзүлөрүнө өткөрүп алууга жетишкен: Баястан, Ак-Коргон айылдык советтери жана анын кыштактары, Айым кыштагы, Араван болуштугунун Анжиян, Лянгар, Араван, Досмат-Халвоин, Төпө-Коргон айылдары. Ал эми Өзбекстандын бийликтеринин Сузак 1 жана Сузак 2 кыштактарын, Ош шаарын жана Ош болуштугун бүтүндөй суранганына карабастан Кыргызстандын составына калтыруу чечилген.
 
Сөз толугураак болсун үчүн Ош шаарына жана Ош болуштугуна болгон Өзбекстандын дооматы кандай жүйөлөр менен четке кагылгандыгы жөнүндө айтып өтсөк. Токтомдо мындай делет: а) Ош Кыргызстандын түштүгүндөгү бирден-бир борбор; б) Ал ирригациялык тармактары жагынан Ак-Буура суусунун жээгиндеги кыргыз айылдары менен тыгыз байланышта турат; в) Ош Алай өрөөнүнө кетүүчү жолдордун башталышы жана Фергана өрөөнүндө маанилүү түйүн; г) Ош шаарын Өзбек ССРине берип коюу Фергана өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө жайгашкан кыргыз айылдарын бириктирүү мүмкүнчүлүгүн жоготуп коюу дегендик болоор эле; д) Ош болуштугундагы өзбек, кыргыз кыштактары жана башка улуттук айылдар өз ара экономикалык карым-катнашта туруп, алардын жерлери шаардын территориясы менен айкалышып кеткендигине байланыштуу комиссия Ош болуштугун Кыргызстандын составында мурдагыдай эле калтыруусун максатка ылайыктуу деп чечет. (Самарканд, 20-март, 1926 -жыл).
 
            Андан тышкары Ош чөлкөмүнүн негизги калкы кыргыздар болгондугу жогоруда айтылып кетпедиби. Революцияга чейин эле Ош ойозунун 8 болуштугунун бирөөсүндө гана (Ош болуштугу) өзбектер көпчүлүктү түзгөн. Бул жагдай 1924-жылы улуттук жиктешүү процессинде негизги принцип катары кабыл алынган болучу.
 
            Бирок КАОнун Аткаруу Комитетинин 11-апрелдеги чечиминде: «Кыргыз облусунан чечүүчү добуш менен эч кандай өкүл катышпагандыктан аталган комиссиянын жыйынтыктары Кыргызстандын кызыкчылыгын канааттандырбайт, Лейлек, Нойгут-Кыпчак, Жоокесек-Бостон болуштуктарынын чек аралары туура эмес бөлүнгөн, Кожо-Абад болуштугунун Өзбекстанга өтүшү Жобого ылайык келбейт, Сүлүктү таш көмүр кени, Чимион, Вуадиль, Үч-Коргон, Заркент жана Варзык айылдары экономикалык райондордун борбору катары Кыргызстанга өтүшү тийиш» деп айтылган.
 
            Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аралык тактоолор кийинки жылдарда да улантылган. Мисалы, 1926-жылдын 25-апрелинде Өзбекстандын Анжыян ойозунун Нарын болушундагы Катта-Могол, Думар кыштактарынан 1700 үй-бүлөнүн Өзбекстандан Кыргызстанга өтүү боюнча арызы, ошондой эле Кыргызстандын Айым болуштугунан Кызыл-Токой Дарабак, Тешик-Таш, Корут-Кий, Чаңчыр-Таш, Ак-Мечит кыштактарынын тургундарынын аларды Өзбек ССРине өткөрүү чечимдерине нааразачылыгы РСФСРдин Борбордук Аткаруу Комитетине жиберилген (Кыргыз ССРинин Мамлекеттик Борбордук архиви, 20-фонд, 1-опись, 176-иш, 98-барак).
 
            Өзбек ССРинин ошондой эле дооматтарын эске алып, Борбордук Аткаруу комитетинин Президиумунун 1926-жылдын 21-декабрындагы чечимине ылайык дагы бир жолу РСФСР жана Өзбек ССРинин ортосундагы территориялык талаш-тартыштарды кайрадан карап чыгуу үчүн паритеттик комиссия түзүлүп, анын иши тууралуу 1927-жылдын 3-майындагы БАКтын Президиумунун заседаниесинде (протокол № 2) төмөнкүдөй токтом кабыл алынган:
 
“1. Сүлүктү таш көмүр кени (Бакса-Исфана болуштугу), Жоокесек, Нойгут-Кыпчак болуштарынын күйүүчү май табылган жерлеринен башка жогорку бөлүктөрү жана Ауваль болуштугунун Үч-Коргон айылы Өзбек ССРинен бөлүнүп алынып, РСФСРдин (Кыргыз автономиялык республикасынын) составына өткөрүлсүн.
 
2. КАССРдин Ош округунун Араван болуштугу РСФСРдин составында калсын.
3. Варзык, Заркент, Вуадиль, Чимион, Үч-Коргон темир жол станциясы Өзбек ССРинин составында калтырылсын жана Азим болуштугунун сол жээги Кыргыз АССРинен Өзбек ССРине өткөрүлсүн деген паритеттик комиссиянын чечими бекитилсин”.
 
Мына ошентип Кыргызстан менен Өзбекстандын чек аралык бөлүнүштөрү 1927-жылдарга чейин негизинен аякталган. Айрым гана өзгөрүүлөрдөн башка азыркы түштүк Кыргызстандын Өзбекстан менен чектешкен жерлеринде ушул мезгилге чейин негизинен өзгөрүүлөр болгон эмес.
 
Колдонулган адабияттар;
 
Аттокуров С. Кыргыз санжырасы.-Б., 1995.
Бабур Захриддин Мухаммед. Бабур-баян. // Кыргыздар.—Б.,1991.
Бейсембиев Т.К. “Тарих-и Шахрухи” как исторический источник. —А—А., 1987.
Галицкий В.Я., Плоских В.М. Старинный Ош. —Ф., 1987.
Кененсариев Т. Кыргыздар жана Кокон хандыгы.—Ош,1997.
Кененсариев Т. Жаңжалдын тарыхый тамыры.//Кыргыз маданияты, 1991.№ 7. 14-октябрь.
Материалы по истории киргизов и Киргизии. —М., 1973.—Вып.1.
Мулла Нияз Мухаммед. Тарих-и Шахрухи. История владетелей Ферганы. —Казань, 1885.
Наливкин В. Краткая история Кокандского ханства.—Казань,1886.
Сайф ад-дин Аксыкенти (Сайф ад-дин ибн дамулло Шах Аббас Аксыкенти жана анын уулу Нурмухаммад. Тарыхтардын жыйнагы (Мажму атут-таворих) -Б.,1996.
 
Ташманбет Кененсариев
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор,
E-mail: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.