Өткөн жумада Бишкек гарнизонунун Аскердик соту 2010-жылдын 6-7-апрелиндеги окуялар боюнча өз өкүмүн угузду. 90го жакын адамдын өмүрүн алган апрель окуясынын анткен менен, көптөгөн түйүндөрү чечилбей калып кетти. Окту биринчи ким кайсыл жактан аткандыгы, айрым тизмедеги баатырлардын эмне себептен башка жактан өлгөндөн кийин аянтка ташылып келгендиги, каза тапкандардын бир тобунун кантип окту далысынан жегени (Ак үйдү көздөй чуркап баратканда артынан атылган) ж.б. ушу сыяктуу суроолор көп.

 

Өкүмбү же өч алуубу?

 

Сот экс-президент Курманбек Бакиев, иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновду өмүр бою эркиндиген ажыратты. Дал ушул үч адам 2010-жылы 7-апрелде бийликке нааразы болуп чыккан элге каршы ок чыгарууга буйрук берген болуп чыгышты.  Ал эми экс-президенттин уулу Марат Бакиев адамдардын өлүмүнө тийешеси жок болуп табылды, бирок, ал кызмат ордун таштап кеткендиги үчүн 10 жылга эркинен ажыратылды. Жогорудагы адамдардын баары качып жүргөндүктөн, сот өкүмү сыртынан чыгарылды.

 

Мамлекеттик кайтаруу кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басарлары Нурлан Темирбаев менен Данияр Дунганов 77 адамды өлтүрүү жана апрель окуясындагы 306 катышуучунун өмүрүнө кол салгандыгы боюнча күнөөлүү болуп табылды. Ошондой эле, сот аларды “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп эсептейт. Өкүмгө ылайык, Темирбаев 10 жылга, Дунганов 25 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кесилишти. Алардын бардык үй-мүлкү конфискацияланат.

 

Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын экс-жетекчиси Мурат Суталинов да 77 адамды өлтүрүүгө жана 306 катышуучуга кол салууну уюштуруу боюнча күнөөлүү деп табылды. Мындан сырткары, сот Суталиновду мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү, кызматтык ордун өз алдынча таштап кетүү жана Чакан-ГЭСти сатуу тууралуу пайдасыз келишим түзүү боюнча актаган чечим чыгарды. Ал 20 жылга эркинен ажыратылды.

 

2010- жылдын 7- апрелиндеги окуялар боюнча президенттин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев, мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункулов 10 жылга эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынышты. Ошондой эле, президенттин мурунку аппарат жетекчиси Каныбек Жороев, президенттик катчылыктын мурунку башчысы Оксана Малеваная кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылышты.

 

К.Бакиевдин учурундагы Коргоо министри Бактыбек Калыевдин кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кыскартылды. МУККнын “Альфа” тобунун командири Алмаз Жолдошалиев болсо “кызматын аша чаап кеткендиги үчүн” 6 жылга эркинен ажыратылды.

 

Сот өкүмүнө байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев пикиринде 2010-жылдын 7-апрелине чейин өлкөнүн башкарып келген кандуу режимде жасалган аракеттерге тийиштүү баа берилиши маанилүү экенин билдирген: “2010-жылы 7-апрелде Ала-Тоо аянтында ондогон мекендештерибиздин курман болушуна чыныгы күнөөлүүлөр татыктуу жазасын алышын ар дайым колдоп келгем. Бакиевдин режими кыргызстандыктарды массалуу түрдө өлтүргөнү бардыгыбыз үчүн чоң трагедияга айланып, жүрөгүбүздү терең жаралантты. Процесстин тегерегинде түрдүү талкуу болоору азыртадан эле ачыкталып калды, бирок сот көп иш жасап, өз чечимин чыгарды, аны терең изилдеп карап чыкмайынча комментарий берүүгө болбойт”.

 

Ошол эле учурда, отставкадагы “чекист” Артур Медетбеков соттун чечимине өйдө жактагы чиновниктер таасир бергенин жашырбайт: “Мисал катары “Альфанын” командири Алмаз Жолдошалиевди алалы. Анын күнөөсү далилденген жок. Ошол кишинин куралынан атуулдар өлтүрүлгөнү далил таппады. Ошого карабастан аны камакка кесишти. Себеби, ошол окуялар тушунда Жолдошалиев бир топ азыр чиновник болуп олтургандарды кармаган. Андан өч алышууда”.

 

“Ата-Бейитте” кайсы баатырлар жатат?

 

7-апрелде эл бакиевдик диктатурага, социалдык адилетсиздигине, үй-бүлөлүк башкаруусуна каршы көтөрүлгөн, бул чындык, аны эч ким танбайт. Бирок, ошол эле учурда, кандуу окуянын келип чыгышына башка да себептер бар экени белгилүү. Башкасын айтпаганда да, манифестанттардын тишине чейин куралданып аянтка бастырып келишкенин бүт дүйнө көрбөдүбү. Экспертизалардан маалым болгондой, ок тийгендердин арасында ичип алгандар да болгон. Буларды кандай максатта куралдантып, ичирип алып келишкен? Демек, алдын-ала бийликти кандай жол менен болсо да басып алуу пландалганы көрүнүп турат. Анан да, мыйзам боюнча өзүнүн тикелей милдетин аткарган чиновниктерди эмнеге соттоп жатышат? Азыр Атамбаев Ак үйгө чычканды да жолотпойт. Ташиевдерди соттогондо Ак үйдү кайра-кайра №1-кайтаруудагы объект катары көрсөтүштү. Мына ошол объектиге 2010-жылы кол салуу болуп атпайбы! Аны коргош керекпи? Ооба! Бирок, Ташиевдин мисалы көрсөткөндөй, Атамбаев бийлиги мыйзамды эки башкача колдонот экен. Өздөрүнө куралчан келип басып алса болгон Ак үйдун жанына башкалар келип жада калса плака кармап турса да болбойт экен!

 

7-апрель курмандыктарынын санын атайылап да көбөйтүүгө аракет жасашкан. Буга кыйла убакыттан кийин тирүү болуп чыккан Маралбек Максымбековдун мисалы күбө. Мына ошондон кийин чыныгы баатырлар менен кошо кылмыш дүйнөсүнүн жасоолдору, бейдарек адамдар жатканы айтыла баштаган. Экспертизадан өлгөндөрдүн арасында автокырсыктан каза тапкандар бар экени билинген. Ошондой эле Ак үйдү коргогон мамлекеттик күч органдарынын кызматкерлери арматура, союл, чачма ок атуучу мылтык, гранатомет, граната колдонулбаганы экспертизадан дайын болгон. А бирок, көптөгөн адамдар дал ушундай куралдардан каза таап же жабыр тартышкан.

 

Бүгүн көпчүлүк эл ошол кездеги оппозиция, азыркы бийлик башындагылардын да кандай деңгээлде адам өмүрлөрүнүн кыйылышына күнөөсү бар экенин изилдегиси келет. Оппозициялык ишмерлердин дээрлик бардыгы кандуу окуялар башталган саат 14-15терде боштондукка чыгышкан. Эмнеге алар, эгерде ниети таза болсо аянта басып келишкен эмес жана куралдары менен Ак үйгө чабуул койгон тарапташтарын токтоткон эмес? Же оппозиция Батыштын “канчалык кан көп акса, режим ошончолук жек көрүндү болот”,- деген багыттагы революция жаратчу атайын схемасына ылайык иш алып барганбы?!

 

Албетте, кан төгүүгө катышкан бейдарек адамдар (БОМЖ), сот жообуна тартылган кылмышкерлер кайдан келип калганын да изилдөө зарыл. Демек, оппозиция жумушсуз, үй-дареги жок адамдарды атайын акчага жалдап келген. Жаш Гвардия бульварындагыларга клиент болушуптур. Криминалды да бийликке жетүү үчүн пайдаланышкан. Мына ошондой адамдар чыныгы баатырларга кошулуп, “Ата-Бейит” мемориалдык комлексинде кыргыздын мекенчил уулдары А.Орозбеков, К.Тыныстанов, Т.Айтматов ж.б. менен жатканы да коомчулукту ойлонтуп келет.

 

Окуя 6-апрелде башталган. Генерал Молдомуса Конгантиевди таангыстай кылып сабашкан. А бул Кылмыш-Жаза кодексиндеги чо-оң берене! Эмгнеге сотто окуялардын ушуга окшогон жактары каралган эмес? Анан да, Элмурза Сатыбалдиев, Каныбек Жороев, Нурлан Турсункулов, Оксана Малеваная сыяктуу бакиевдин администрация кызматкерлери кайсы кылганы үчүн темир тордон орун табышты? Же булар колдоруна курал алып Ак үйгө келгендерди атканбы? Булардын соттолуп кеткени бир гана нерсени далилдейт – бийлик эл алдында өзүнүн күнөөсүн жууш үчүн күнөөсүзүнө карабастан соттотуп ийди окшойт.  Кыйын болсо Бакиевдердин өздөрүн алып келип соттошу керек эле. Ошону жасай албагандыктан да сотко кысым көрсөтүп, колго түшкөн “коёндун” баарына түрмө беришти.

 

 

Чекит коюла элек

 

7-апрель боюнча сот бүтүмүнө ошол каргашада жакынынан айрылгандар да, соттолгондор да макул эмес. Ошондуктан, сот чечими өйдөңкү инстанцияда дагы бир ирет каралат. Ошол соттук процестти алып бара турган судья жогорудагы суроолорго жооп табууга аракеттенүүсү зарыл. Адилеттүү бүтүм коюлбаса, бул маселе келечекте дагы нечен чырга себеп болушу ыктымал.

 

А.Белеков

Булак: “Майдан.kg”, №026 (154), 30.07.2014-ж.