Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 1839
Оштогу копурого Россиядан карыз акча, грант алып,  маселени чечтим деп барган Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев газ маселесин кандай чече тургандыгын билдирди.
“Газ эмнеге берилбей жатканын баарыңар түшүнүп жатасынар. Газ эртең эле болуп калат деп мен силерди сүйүндүргүм келбейт. Эгемендик үчүн айрым учурда чыдаш керек. Кырдаалдан чыгуу үчүн “Газпромдун” өкүлдөрү менен сүйлөшүп, менчик үйлөргө газ баллондорду, ал эми көп кабаттуу үйдө жашагандарга электр плиталарды сатып беребиз." дейт.
 
Мындай билдирууго ЖКтин бюджет комитетине мучо депутат Омурбек Абдрахманов тан калган. Анткени президент убада кылгандарды аткарууга эч кандай акча каралган эмес дейт.
 
"Ошко суйултулган газ берилет, ага бюджеттен акча каралган" деп сооротуп атат. Мен бюджет комитетиндемин. Бюджет жарым жыл мурун бекитилген. Ал эми суйултулган газ берүү маселеси эки жумадан бери эле айтыла баштады. Бюджетте газ үчүн бир тыйын да жок. Президент деген калп айтпаш керек го дейм. Бюджетибиз дефицит. Европа, Америкадан акча сурап дефицитти араң жаап жатабыз. Эмне үчүн Ошко суюк газды "Газпром" алып келип бербейт. Биз аларга 1 долларга бербедикпи "Кыргызгаздын" баардык инфраструктураларын"
 
Оштогу Атамбаевдин созунон кийин 2 айдан ашык когултур оту жок, кочодо казанынын калдыратып олтургандар жакында газдан умут кылбай деле койсо боло тургандыгын тушунуп койсо болот. Ал эми учурунда 1 долларга сатууга жан уроп, тоодой убадаларды бергендер азыр башын кумга тыгып олтурушат.
Тилинде турду создору бар Президен бир -эки жылдан кийин Кыргызстан эч кимдин алдына тизеге турбайт деди. Демек Атамбаевдын мооноту буткучо олко кыйынчылыктан чыкпайбы? 
 
Ажоонун туштук борборго барышын чагылдырууда  журналисттерге да чектоо кирди. Ошентип баягы эле кара жашик баш болгон, бийликти  мактап-жактагандардан башкалар киргизилбеди. Тыйуу салынгандардын арасында 7-канал да бар. Депутат Омурбек Абдрахманов бул авторитардык президентмин деп жар салганы дейт.
 
Көпүрөнү шылтоолоп барган ажоо менен жергиликтүү карапайым калктын да жолугуу аракетинен  майнап чыккан жок. Аларды милиция тосуп,  жакын жолотподу. Ал эми мамлекет башчынын Ош шаарынын жана Ош облусунун чиновниктери менен  жолугушуусу жабык эшик артында отту.  Эмне соз болгонун бир Кудай билет. Бирок бул дагы аймактагы жашоочулардын нааразылыгын жаратты.
 
sayasat.kg