Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 2861

Ош облусунун мурунку ички иштер башкармалыгынын  башчысы Абдылда Капаров  массалык маалымат каражаттарынан бир нече жолу Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков 2010-жылы июнь коогалаңында Өкмөттөн берилген 3 млн. АКШ долларын жеп кетти, аны ошол кездеги Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Дүйшөн Чотонов алып келген болчу деп айтып келген. Бул боюнча С. Жээнбеков А. Капаровду сотко берип, укук коргоо органдары да ал акчанын сары изине түшкөн болчу. С.Жээнбековдун адвокаты В.Вахидов ал акча боюнча төмөндөгүдөй билдирүү таратты.

 

А.Капаровдун айткан сөзү жана массалык маалымат каражаттарынан берген маалыматынын негизинде Ош облустук прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында 3 млн. долларды Жээнбековдор жеп кетти деген сөз, жөн гана ушак экендиги жана эч кандай факт жоктугу аныкталып, прокурор А.Арапов кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Ошол эле мезгилде А.Капаров өзү тергөөчүгө 3 млн. долларды көрбөгөндүгүн айтып түшүнүк кат берген экен.

 

Бирок  Абдылда Капаров массалык маалымат каражаттарынан  жана митингдерде Сооронбай Жээнбековдун ал акчаны алгандыгы чын экендигин улам кайталап айткандыгына байланыштуу 2014-жылдын башында Сооронбай Жээнбеков атуулдук ар-намысын коргоп  берүү үчүн Ош шаардык сотуна кайрылган.  

 

Арызда КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, Ош облусунун ИИБнын мурдагы башчысы  Абдылда Капаровдун, “Жээнбеков  3 млн. АКШ долларын жеп кетти”, деген сөзүнүн чын же жалган экендигин териштирип берүүсүн жана келтирген маралдык чыгымы үчүн 1 млн. сом өндүрүп,  өндүрүлгөн акчаны  Өзгөн районундагы жетим балдар интернатына котортуп  берүүсүн суранып арыз жазган,   ошондой эле арызда Капаровдун айткан сөздөрү жалган экендиги жөнүндө  маалымат каражаттарынан жарыялоого милдеттендирип берүүсү да камтылган.

 

2014-жылдын  январь айынан тартып 5 ай, бир нече жолу Ош шаардык сотунда жогорудагы айтылган 3 млн. доллар боюнча соттук териштирүү жүрдү. Соттук жүрүштө Абдылда Капаров өзү айткан 3 млн. АКШ доллары качан келгендигин так айтпаган менен Убактылуу Өкмөттүн  мүчөсү Дүйшөн Чотонов ал акчаны бергендигин билдирген. Ошондой эле А.Капаров 3 млн. доллар бир келген эмес,  ар кайсы мезгилдерде келгендигин айтып, бирок кимдер алып келип, кимдерге бергендигин айткан эмес. 

 

Ош шаардык сотунун судьясы Р.Кожомкулов тарабынан берилген “Сиз келген акчанын сом же доллар экенин так билесизби?” деп берген суроосуна, Капаров “мен бирөөдөн 3 млн. доллар деп укканмын деп, бирок кимден уккандыгын айтпай койгон.

 

Судья тарабынан берилген “Сиз айткан 3 млн. долларды Сооронбай Жээнбеков алганбы? деген суроосуна  А.Капаров мен эч жерде Сооронбай Жээнбековду акча алды деп айткан эмесмин, мен анын жанындагылар алган деп айткан.

 

Судья тарабынан Сооронбай Жээнбеков 3 млн. АКШ долларын жеп кетти деген мазмундагы А.Капаровдун интервьюларынын негизинде жазылган бир нече гезит материалдарды көрсөтүлүп, булардын баарын сиз жаздыргансызбы? деп берген суроосуна А.Капаров эсимде жок, кээ бирлерин журналистер өздөрү деле жазып коюшу мүмкүн алардан сураш керектигин белгилеген.

 

Сооронбай Жээнбековдун адвокаты А.Капаровго “Эмне үчүн ошол кездеги Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү Чотонов, Т.Сариев,  азыркы оппозицияда жүргөн Бекназаров, же ошол кездеги коопсуздук боюнча жооптуу болгон И.Исаков,  Жээнбековдор 3 млн. долларды жеп кетишкен деп эмне үчүн айтышпайт, эмне үчүн сиз акчаны алып келген адамдарга кайрылбайсыз, чындыкты айткыла деп, мисалы эгерде 3 млн. доллар чындап келип, Жээнбековдор алган болсо анда Бекназаров айтып чыкмак да, биз Сооронбай Жээнбековго коомдук тартипти калыбына келтирүү үчүн 3 млн. доллар бергенбиз” деген суроо берген.

 

Соттук териштирүүдө Д.Чотоновдун элчилик аркылуу алынган түшүнүк каты, судья тарабынан көрсөтүлүп, анда Чотонов эч кандай Ошко 3 млн. доллар алып барбагандыгы жана Жээнбековдорго акча бербегендиги келтирилген.

 

Натыйжада сот улам кийинкиге жылдырылып, Судья А.Капаровдон күбөлөрүн алып келүүсүн өтүнгөн.

 

Ушунчалык коомчулуктун бүйүрүн кызыткан маалымат айтылган соң. Азыр Түштүк Кореяда элчи болуп жүргөн Д. Чотонов келе албаса да. кат жүзүндө ал акчаны С. Жээнбековго берген же бербегендигин айтып койсо болмок. Баса, ошол 2010-жылы апрелде өлкөдөгү бажы. Салык сыяктуу майлуу кызмат орундары кадимкидей соодаланганда С. Жээнбековдун да интернеттен аты чыкпады беле. Демек, аны такыр эле ошол ыплас иштерге аралашпады деп айтууга болобу. Чындыгында кызматтык этика боюнча бир тууган иниси спикер болуп турган соң, ал кызматтын кулу болбой, облус жетекчилигин уяты болсо, ыктыярдуу түрдө эле өткөрүп бериш керек болчу. Бирок бети калың экен, бул тууралуу канчалык айтылса да, тоотуп койгон жок. Азыркы Жээнбековдор кланынын Бакиевдерден айырмасы болбой калды.

 

Жыйынтыгында 20 майда Ош шаардык сотунун судьясы Р.Кожомкулов эки тарапты терең изилдеп Сооронбай Жээнбековдун атуулдук ар намысын коргоп берүү үчүн жазган арызын   канааттандырып, Абдылда Капаровдун, Сооронбай Жээнбеков 3 млн. доллар жеп кетти деп  айткан сөздөрү далилденбегендигин  белгилеп, таркаткан  маалыматтарын жокко чыгарып, массалык маалымат каражаттарынан  айткан сөздөрү  жалган экендигин жарыялоосу А.Капровго милдеттендирилип, ушак сөздөр менен С.Жээнбековдун ар намысына шек келтирип, келтирген маралдык зыяны үчүн 100 миң сом акча каражатын Өзгөн районундагы жетим балдар интернатына котортуп  берүүсү милдеттендирилсин   деген соттук чечим кабыл алынды.

 

Ошентип бийлиги жана байлыгы бар С. Жээнбеков сотто утуп чыгып, кайра А. Капаровду 100 миң сом айыпка жыкты. Бирок “чөп болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” демекчи, бул акча жөн жерден айтылбаса керек. Балким, өзү укук коргоо органынын жетекчилик кызматында иштеген адам оозу менен айтканын далилдүү фактылар менен көрсөтүп берер. Канткен менен азыр бийликтеги адамды соттон утуш кыйын эмеспи. Балким, дагы 2 жылдан кийин Атамбаевдин ордуна башка адилет президент келгенде чындык айтылып. Далилденер.

 

Ошондой болсо да 2010-жылдагы июнь коогалаңында Ош облусунун губернаторлугуна дайындалып, ошондон бери “отурган кыздай” эч кандай жарытылуу иш жасабаса деле креслосунда отурган С. Жээнбековдун 3 млн долларды алгандыгы далилденбесе деле моралдык жактан кемчиликтери жок эмес. Эгер ал ушунчалык эле элдик жетекчи болсо, азыр жол тосуп турган Алай районуна барып, эл менен жолугушуп, маселени чече албаса да, жок дегенде алардын арыз-арманын угуп, Бишкектеги жогорку бийликке жеткирип коюу милдети эле го. Антпесе, Алайда абал күн сайын курчуп, борбордук бийлик Акаев учурундагы Аксы окуясына түртүп жатат аларды. Эмне, А. Келдибеков үй камагына чыгарылса эле Кыргызстандын бир чети оюлуп түшүп, эл аралык кадыры кетип калабы? Болгону алар А. Келдибековдун эл арасындагы аброюу жогорулашынан. Келерки президенттик шайлоодо атаандаш болорунан чочулашууда. Бул 1937-жылдагы сталиндик репрессиядан айырмасы жок. “Суудан таза, сүттөн ак” болсо С. Жээнбеков эмнеге эл менен жолуга албайт?

 

Б.Жолдошов

“Саясат.kg