Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 2320

“Мегакомдун” тегерегиндеги кылмыш ишин негизининен кароо дагы эле баштала элек. Андан бери 2,5 жыл өттү. Башында миллиондогон коррупциялык схема катуу жарыяланды эле, андан соң ал айыптын миллиондору кургап соолуп отуруп, эми болсо мазмунун унутуп да калды. Азыр соттук иликтөө сотту кантип укуктук нукка келтирүү жөнүндө болуп жатат.

 

Адам тагдырын чечип, өкүм чыгара турган бул дүйнөдө бир сот, тиги дүйнөдө бир кудай. Андыктан, судья кирип келгенде, мыйзам талабы боюнча баардыгы туруп турат, судьянын алдында туруп гана сүйлөйт, анан да болсо, судьяга «Сиздин урматыңыз» же, орусчасынан «Ваша честь», деп кайрылат. Судьяга ушундай урмат көрсөтүү менен биз ошол судьялардан мыйзаймдуулукту, калыстыкты, көз карандысыздыкты, акыйкаттуулукту күтөбүз. Судья болом деген адам өзүнүн кесибин, коомдогу даражасын, ар-намысын ыйык тутат деп ишенебиз.

Албетте, адам болгон соң, жаңылышуу болот. Бирок, судьянын жаңылышуусу - кимдир бирөөнүн тагдыры, андыктан судьялар өз ишинде абдан кылдат болуусу - негизги талап.Ал эми, жаңылыштык кетсе намыскөй судья эмне кылат? Менин оюмча, ал судья жаңылыштыгын мойнуна алып, ишти кароодон өзү эле баш тартат. Ошентип, ал судья кайраттуулугун көрсөтөт, абийирин сактап калат.

 

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы А.Боромбаевден мен ушундай кайраттуу чечим күткөн элем. Бирок, судья А.Боромбаев соттук этикага, абийирге, намыстуулукка көз карашы башка экендигин көрсөттү. Өз жаңылыштыгын мойнуна өзү алган соң, кылмыш ишин мындан ары кароодон баш тартса, мен андай чечкиндүүлүктү урматтап, бир кынтык сөз чыгарбайт элем. Эми болсо, адам тагдырын кандай судья чечип жаткандыгын эл билсин дедим.

 

Ошентип, дагы бир айлампа менен иш кайра Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна келип түштү. Соттун даярдоо бөлүгүндө менин жактоочуларым судья А.Боромбаевге ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Бул бардык жагынан негизделген сураныч эле. Себебин айтип берейин.

 

Иш судья А.Боромбаевге кароого берилгендигин уккан соң, анын акыркы кездеги бир нече өкүмдөрүн карап чыктым. Каракол шаарындагы окуялардын негизиндеги иш боюнча анын өкүмүнө көңүл бурдум. Соттолгондордун күнөөсү барбы, же жокпу, жаза кылыс болдубу, мен ал жөнүндө айта албайм. Бирок, кандай болгодо да, бул өкүм мыйзамсыз, себеби судья А.Боромбаевдин бул кылмыш ишин кароого укугу жок. Мыйзам негизинде көрсөтөйүн: Кодексте мындай деп жазылган:

 

-   241 (1) КР КПКсы: Жазык иши кылмыш жасалган жердеги сотто каралууга тийиш.

 

-   42 (2) КР КПКсы: Соттолуучу анын жазык иши ушул Кодексте соттуулугу тийиштүү болгон сотто жана ошол судья тарабынан каралуу укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес.

 

-   7 (4) КР КПКсы: Соттун өзүнө караштуу болбогон жазыктык сот ишин жүзөгө ашырган, өзүнүн ыйгарым укуктарын ашыра пайдаланган же жазыктык сот жүргүзүүнүн ушул Кодексте каралган принциптерин башкача түрдө бузган өкүмдөрү жана башка чечимдери мыйзамсыз болуп эсептелет.

 

Көрдүңөрбү, сот кылмыш болгон жерде каралышы керек, соттолуучуларды бул укугунан ажыратууга болбойт, жана андай өкүм мыйзамсыз. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы тээ Ыссык- Көлдүн Караколундагы эмес, мына бул Ак-Өргө жаңы конушундагы ишти кароого укугу жок. Иш Баткенде болдубу- ошол жактын соту караш керек, Алайдын өзүнүн судьясы бар. Мыйзам ошондой.

 

Ал эми, өзүнө караштуу болсо-болбосо дагы, баарын эле соттой бергидей, судья А.Боромбаев өзүн бүтүндөй Кыргызстанга амир сезеби? Мындай карасаң, эстүү эле адам көрүнөт. Анда себеп эмнеде? Себеби ал иш бийликтин буюртмасы менен болгон, ал эми А.Боромбаев бийликке ийменчиктигин көрсөткөн.

 

Демек, судья А.Боромбаев бийликке көз каранды, жана бийликтин буюртмасын кыңк этпей аткарат экен.Мегакомдун тегерегиндеги иш да бийликтин буюртмасы менен жок жерден эле тырмактан соруп чыккан иш. Эми, эл-журт, ушундай шартта мен судья А.Боромбаев чындап эле бул ишти көз карандысыз, акыйкат карайт деп ишене аламбы? Албетте андай ишеним жок.

 

Эми, ишти карап баштай электе судья А.Боромбаев эмне кылды дебейсиңерби? 2014-жылдын 17-февралында ал токтом кабыл алат. Ал токтомдо Азамат Мурзалиев менен Аман уулу Кенжебекти соттук териштирүү бүткүчөктө УКМКнын СИЗОсуна камакка алынсын, токтомдун көчүрмөсү УКМКнын СИЗОсуна аткаруу үчүн жиберилсин деп жазылган. Эске салсак, Азамат менен Кенжебектин баш коргоо чаралары эчаак эле өзгөртүлүп, алар боштондукта болчу. Ал эми мыйзам боюнча камакка алуу чечимин судья сөзсүз негиздеш керек. Ал эми судья А.Боромбаев иштин материалдарын карабай, эч кандай негизсиз, камырабай «жөн эле», деп туруп адамды түрмөгө отургузуп коет экен. Кыйын судья бекен?

 

Мыйзамда кандай жазылганын көрөлү:

 

-   110 (1.3) КР КПКсы: Экономика чөйрөсүндөгү кылмышты жасады деп айыпталганга карата жазалоо чарасы катарында камакка алуу ошол айыпталуучу, башка жак ушул Кодекстин 109-статьясынын төртүнчү бөлүгүндөгү экинчи абзацта белгиленген күрөөнүн суммасын атайын эсепке төлөгөн шартта жазык мыйзамында каралган жазанын түрүнө жана мөөнөтүнө карабастан колдонулбайт.

 

Каршы болбосоңуз, ушул жерде мыйзамды бир аз чечмелеп берейин. Укук нормаларын билүү эч бир зыян эмес.

 

Карагыла, адамды күнөлүү же күнөлүү эмес деп, сот гана чечет. Адамды кылмышка күнөлүү деген сот чечими күчүнө кирмейин, эч ким ал адамды кылмышка күнөөлүү дей албайт, жана ал адам өзүнүн жарандык бүт укуктарына ээ.Соттун өкүмү күчүнө кире электе, алдын ала камакка алуу үчүн кандай шарттар болушу мүмкүн?

 

-   Айыпталуучу эркиндикте болсо, башка жарандардын коопсуздугуна коркунуч туулат. Алар ким? Адам өлтүргөндөр, талап-тоноочулукка айыптангандар, кыз зордуктагандар, жана дагы ушул сыяктуу. (Менден кимге зыян?)

 

-   Соттолуучунун өздүктүгү аныкталбаган болсо. (Менин аты-жөнүм Алмаз Абеков, паспортум бар)

 

-   Кыргызстанда туруктуу жашабаса. (Ушул жерде эле жүрөм, иштеп, балдарымды чоңойтуп…)

 

-   Тергөө органдарынан, же соттон качып кетсе. (Качмак тургай мыйзам нугуна салам деп, соттордун артынан өзүм чуркап жүрөм).

 

Эми, эл-журт, кылган иштеримде эч бир кылмыш болбосо, Мегакомго зыян келтирилбесе, мамлекеттик бюджетке 4 миллиард сом төгүлсө, сот мени кылмышка күнөлүү деген өкүм чыгарбаса, анда 2,5 жылдан бери абакта эмне отурам?

 

КПКнын 110 беренеси боюнча сурасаң, судьялар азыркы бийлик турганда бул берене иштебейт дейт. Мына кызык, мурунку бийлик учурунда тиги мыйзам иштебейт, бул бийлик учурунда бул мыйзам иштебейт. Анан бийликтегилер мыйзамдуулук жөнүндө сүйлөгөндө каның кайнайт. Кимиси бийликке жетсе да, мыйзамды өз каалаганындай тепсейт. Ал эми соттордун улам келген бийликтин көзүн карап калганы бир оору болду.

 

Кызыгы, судья А.Боромбаев өзүнүн токтомуна кол коюп, анын аткарылышын ойлоп да койгон жок. Токтомду окуп, таң болдук. Азамат менен Кенжебектин жактоочулары тез арада баш коргоо чарасын кабыл алуу токтомун жокко чыгаруу өтүнүчүн киргизишти. Ошентип, иштин материалдары менен таанышып жатып жактоочум А.Мамбетакунов байкап калбаганда, ошол бойдон жата бермек. 2014-жылдын 9-апрелинде гана, 2 ай өткөндө, судья А.Боромбаев кызык документ кабыл алат. Ал документти: «Соттолуучулардын баш коргоо чарасын тактоо токтому» деп атайт. КР КПКсында андай документ жок экенин көзүнө да илбейт. Көрсө, судья А.Боромбаевдин пикири боюнча адамды түрмөгө камоо же камабоо - бул болгону калемдин бир шилтеми экен да. Судья А.Боромбаев каталыгын мойнуна алып, «чектөө чарасы каталык кетирилип тандалган…» деп ачык эле жазган.

 

«Чектөө чарасын каталык кетирип тандаган» судьяга ким өз тагдырын чечүүнү ишенип берет? Араңарда деги ошондой адам барбы? Андай ишенчээктер табылары күмөн. Андыктан албетте, судьяны ишти кароодон четтетүү өтүнүчүн бердик, бирок судья А.Боромбаев адатынча өзүнөн гана башка судья иштей албайчудай болду. Биздин суранычты четке кагып жатып: «Эми кокустук болуп калыптыр, бирок ишти негизинен карай элекмин да, силерге өкүм чыгарып, соттой электе эле ишенбөөчүлүк көрсөтөсүңөрбү!» - деген маани берди. Ыракмат, буга окшогон судья качан кокустук менен өкүм чыгара салат деп күтүп жата берүү алаңгазарлык болор. Адилеттүүлүк кара кылды как жарып, укук, мыйзамга таянып кылынат эмеспи.

 

Айта кетсек, КПКда сотко болгон ишенбөөчүлүк процесстин алдында же сотко ишеним көрсөтпөөгө негиз бар экендиги маалым болгондо билдирилет деп жазылган.

 

Ал эми судья А. Боромбаевди карап көрөлүчү. Анда мыйзамсыздык да, алдын ала тескери мамиле да, анын үстүнө аз келгенсип, шалаакылык да кошулган. Ал эми анын  ою боюнча баары көнүмүш болгондой, өз ордунда. А.Боромбаев бул жарык дүйнөнүн бетине бүткөн жалгыз судья беле? Ишине көбүрөөк ыклас койгон, мыйзамды урматтоого, калыс, адилеттүү болууга көңүлдөнгөн бөлөк судьялар деле бар эмеспи. Бул ишке мынча эмне жармашты? Жаңылдыңбы – мойнуңа алып ал, абийириңди сактап бүтүндөй сот системасыннын абийирине көлөкө түшүрбө.

 

Сотко катышкан прокурордун судьяга каршы ишенбөөчүлүккө кыжырланганы көрсөтмөлүү болду. «Судья түрмөгө сизди жапкан жок го, эмне эле ага ишенбей жатасыз!» дейт.Кызык ушунда. Прокурордун милдети эмне? Мыйзамдуулукту көзөмөлдөө. Мыйзамдуулукту судья бузуп жатканын өз көзү менен көрүп туруп, анан ага жактоочу боло калганы кандай? Бизден мурда барып туруп, судья А.Боромбаевди өзү биринчи такалаш керек болчу.

 

Мына, бүгүнкү абал ушундай. Албетте, биз судья А.Боромбаевдин токтомун жокко чыгаруу арызы менен жогорку инстанциядагы сотко кайрылабыз. Бирок, туурасын айтканда, прокуратура буга чейин Бишкек шаардык сотунун судьяларына каалаган өкүмүн чыгартууга болгон жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп келген.Антсе да, судья А.Боромбаевдин кылыгы үчүн Судьялардын кеңешине да арыз беребиз.Бул жерде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесин эскерте кеткенибиз жөндүү болор:

 

- (1) Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьялары жүрүм-туруму кынтыксыз болуп турганда кызмат орундарын ээлеп турат жана өз ыйгарым укуктарын сактап калат. Судьялардын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптарын бузуу конституциялык мыйзам менен аныкталган тартипте судьяларды жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп эсептелет.

 

Ал эми судья А.Боромбаевге иши түшкөн, же аны менен тааныш болгондорго айтаарым эмне?

 

Ишиңер түшсө, чечимди кантип кабыл аларын көрдүңөр, мыйзамды бекем тутуп, өз укугуңарды коргой билгиле. Кайратыңардан тайбагыла!

 

Судья А.Боромбаевге тааныш-дос болсоңор, же жакын тууган, куда-сөөк болсоңор, мен жаман айтып, мамиле бузайын деген оюм жок. Баарыбыз кудай алдында бир пенделербиз. Боромбаев мырза жаман адам эместир, татыктуу ата, сыймыктуу эр, кайрымдуу уул деп ойлойм. Болгону, Боромбаев мырзанын кызматынын өтө жооптулугун, өзгөчө кылдаттыкты талап кыларын көрсөткүм келди.Кемчилик кимден кетпейт. Эр азамат каталыгын мойнуна алганы - кайраттуулуктун белгиси. Кеп ошондо.Кезигип, учурашканда, менден салам айтып койгула. Макалага өз оюңарды билдирип койсоңон да болот. Ачык айтпасаңар да, бир көз ирмем тике карап койсоңор - калганын өзү эле түшүнөт. Көп учурда бир көз караш миң сөздөн артык эмеспи.

 

Ошентип, сөз эми Бишкек шаардык соту менен Соттордун кеңешине узатылды. Коллегасын калкалашар бекен же өз катарларынын кынтыксыз болуусуна салым кошор бекен? Жакын арада белгилүү болот, кулак түрүп тургула!

 

P.S. Сот отуруму 30 май, саат 10-00 Бишкек шаардык сотунда болот.

 

Алмаз Абеков

Булак: “Майдан.kg” гезити, №20 (149), 28.05.2014-ж.