Ошентип, жылдын эң негизги саясий окуясы – президенттик шайлоо 30-октябрга дайындалды. Адатынча, кыргыз элине кичине башы көрүнө калгандын баары шаша-буша штаб ачышып, ажолукка амбициясын ачык чыгара баштаган кез. Бери дегенде 50дөй адамдын президент болуу кыялы бар экенин эске алганда, бырчылдашмайлар эми башталат өңдөнүп калды. Көзү ачык саясий эксперттер да булардын кимисинин тараза ташы оор экенин аңдап билүү далбасына түшүштү. Бирок, президенттик таажы бирөө эле. Аны маңдайына жазылган гана адам ала алат. Анан албетте, эл ичинде колдоого арзыган талапкер суурулуп чыгат. Андай саясатчылар бизде көп эмес. Биз ошолордун арасынан потенциалы чоң талапкерлерди тизмектеп, кимисинде кандай өзгөчөлүгү, кемчилиги бар экенине саресеп салууга аракет жасадык.
 
Сөзүнүн өтөөсүнө чыга албаган Атамбаев
 
Жашырганда эмне, парламенттеги үчилтик башкаруу коалициясына кирген партиялардын макулдашуусуна ылайык өкмөт башчысы болуп олтурган социал-демократтардын лидеринин бүгүнкү күндө абалы суктанарлык эмес. Өзү деле дос-жар менен олтурганда премьерликке бекер келгенине кейип калганы да ошондон. Атамбаев – жаратылышынан популист адам. Премьер-министрлик кызматка бекитилип жатканда өлкөнү кризистин сазынан чыгарып кетүү пландарын кенен айткан. Атүгүл, атайын программа, анан да компакттуу, мобилдүү өкмөт структурасын жакынкы ай аралыгында парламентке алып келерин билдирген. Мунун бири да өз убагында жасалган жок, маселен, өкмөттүн структурасы жарым жыл дегенде араң Жогорку Кеңешке жетти. Экономикалык программасынан болсо аликүнчө дайыны жок. Мындан тышкары, Атамбаевдин өкмөтүнүн тушунда негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр болуп көрбөгөндөй түшүп кетти. Бюджеттин тартыштыгын айтпай ак коелу, анын үчтөн биринен дайыны жок болуп турганын бешиктеги бала деле билсе керек.
 
Ушул жагдайларды эске алганда, Атамбаевден жакшы оппозиционер гана чыгаары, а чарбалык иштерге келгенде чабалдыгы кашкайып көрүнүп турбайбы. Башкаларды сындатып койсоң, таш-талканын чыгара талкалаган укмуштуу таланты бар А.Атамбаев бүтүндөй өлкө бул жакта турсун, кичинекей ишкананы да башкарууга жөндөмү жоктугу учурдун ачуу чындыгы болууда. Анан эмнесине президенттикке умтулат, түшүнүксүз. Чын-чынына келгенде бу кишинин тажрыйбасы деле жок. Кайсы бир жылдары Биринчи май райондук райондук аткаруу комитетинин башчысынын орун басары болгон. Андан кийин менчиктештирүүнүн эпкининен пайдаланып, чоң-чон ишканаларды итбекер сатып алып, заматта олигарх болуп чыга келген. Мамлекеттик кызматта эгемен өлкөбүздүн тушунда биринчи ирет 2005-жылдагы ыңкылаптан кийин, экономика министри катары 3 ай араң иштеген. “Бакиев менен жолубуз башка”,- деп анда да эшикти тарс жаап чыгып кеткен. Оппозицияга кошулуп, митингдерди уюштурду. Аны да бир эле максатта – кызмат алуу үчүн уюштурганы кийин, досторун сатып, премьер-министр болуп кеткенде билинди. Бу кызматта жарым жыл иштеген, а көзгө урунарлык иш жасаганын көрө албадык. Азыркы премьер-министр катары жасаган иши да эзелки чындыкты далилдеди: Атамбаев жөн гана популист саясатчы экен.
 
Азыркы кызматында эмнеси эсте калат? Кайырчылап дүйнө кыдырганы. Ошондуктан, эл “бизге кайырчы президент керекпи?” деген суроонун тегерегинде катуу ойлонушу кажет.
Атамбаевдин бир гана жакшы сапаты бар, ал анын чындап эл үчүн күйүп, патриот болуп, бирдеме жасагысы келгени. Мунусунан майнап чыкпаганы башка кеп. Эгерде Атамбаев шайлоого катыша турган болсо, түштүк тарапта тылын бекемдеши шарт. Өлкөнүн түштүгүндө Алмазбектин рейтинги чынында төмөн, “нөл” десек да жарашат.
 
Ташиевдин доору келдиби?
 
Камчыбек мырзаны атаандаштары колунун келишинче жаман көрсөтүү менен алек. Башка талапкерлерге караганда, эмнегедир, дал ушул саясатчыга каршы кара пиар көбүрөөк колдонулуп жаткандыгынын өзүнөн эле, андан атаандаштары чочуларын айгинелеп турат.
 
Ташиев – жаңы муундун өкүлү. Жаштыгына карабай сөзүнүн курчтугу, жасаган ишинин жыйынтыктуулугу менен калың элге белгилүү боло алды. Команда топтоо, уюштуруучулук жагынан да “чутьёсу” мыкты экендигин айта кетсек болот. Буга анын Өзгөчө кырдаалдар министри катары ишмердүүлүгү мисал боло алат. Мурда ӨКМ – майлуу-кирешелүү министрлик катары белгилүу болчу. Бирок, Ташиев келгени, ал көз караш түп-тамырынан өзгөрдү. Бу министрликти министрлик кылган ушул жигит болду. Өзгөчө кырдаалдар минитсрлигинде катуу тартип орноп, ар бир тыйындын жумшалышы көзөмөлгө алына баштагандан кийин коррупция кан буугандай токтогон. Анын натыйжасында министрлик жаңы жабдуу, техникаларды сатып ала баштаган. Бул иштин элге канчалык пайдалуу экени – Нурадагы жер титирөөдөн кийин билинди. Министрлик кыска убакыт аралыгында кыйраган айылдын ордуна жаңысын тургузуп койгону эсте. Ошол аралыкта Ошто канча жылдардан бери квартирадан квартирага көчүп жүргөн министрликтин кызматкерлерине заманбап, көп квартиралуу үй салынды. Муну Камчыбек мырза складдарда үйүлүп, чирий баштаган курулуш материалдарынан салууга жетишти. Бул эмгеги үчүн ага алкыш айтыштын ордуна, ага кылмыш ишин козгошту.
 
Адилеттүүлүктү баарынан жогору койгон К.Ташиевдин ошондо өкмөт жыйынында премьер-министр Д.Үсөновго ачык каршы чыгып,эшикти “тарс” жаап чыгып кеткени, ошол эле күнү президентке кызматтан бошотуу рапортун тапшырганы белгилүү. Мындан кийин Ташиевди куугунтук күч алган. Канча артын чукушпасын, бир да илинчек таба алышкан эмес. Бу бийликтин жолдон адашканын Камчыбек мырза ошондо эле сезген. Баса, министрликтен кетишинин дагы бир себеби – көпчүлүккө белгилүу эмес. Үй-бүлө ӨКМге өз кишилерин дайындап, ортодон бюджет каражаттарын чөнтөктөөгө жакшы эле кам урган. Бирок, президенттин айланасынан чыккан мындай буйруктарды аткаруудан К.Ташиев кескин баш тарткан.
 
Андан кийин 2010-жылы апрелде бийлик алмашып кетип, түштүккө качып барган Бакиев Ташиевден жардам сурап кайра-кайра телефон чалган. Бирок, К.Ташиев “элдин канын төккөн жетекчилерге мен эч качан колумду сунбайм, булар жазасын алышы керек”,- деген таризде сүйлөшүүгө баруудан баш тарткан. Эгерде ошондо К.Ташиев жардамга келгенде, азыр да “бакиевдик бийлик” сакталып турмак. Себеп дегенде, түштүктө Ташиевдин кадыр-баркы Бакиевден да бийик болчу. А түштүк республиканын жарымынан көп бөлүгү болот эмеспи.
 
Ал ортодо Ошто улут аралык кагылышуу башталып кетти да, анын очогу Жалал-Абад облусуна да жайыла баштаган. Ошо каргаша башталган биринчи күндөн баштап өмүрүн тобокелчиликке салып, согушту токтотуу миссиясын ким аткарган? Бийликтен бири да басып келбей, атүгүл жаңжал отун өчүрүү үчүн жөнөтүлгөн адамдары тоо таяп жашынып жүрүшкөндө бир гана Камчыбек Ташиев эл аралап жүрдү. Канчалаган адам өмүрлөрүн сактап калганы жомок болуп айтылып жүрөт. Башкасын айтпаганда да, кызуу кандуу сүрмөтоп Сузакка кирип барып, ал жактагы миңдеген өзбектерге кыргын салам дегенде төшүн тосуп, “алгач мени өлтүргүлө, андан кийин бара берсеңер болот, болбосо, артка кайткыла” деп, токтотуп калганы эле бу кишинин канчалык деңгээлде эл-жерине күйгөн патриот экендигин көрсөтүп турбайбы. Бүгүн да анын ошо кандуу окуяларды уюштургандары таап келип, жазалоо талабын чыркырап айтып жатканы ошондон. Мунусу үчүн да чындыктын чыгып кетишинен корккон бийликтен канча куугунтук жеп келе жатат. Президент Отунбаевага түздөн-түз кайрылып, ушундай талапты койгондун эртеси ойдон чыгарлыган кылмыш иши аркылуу камагылары келгени же жалганбы? Муну бүт кыргыз эли көрүп турду го.
 
Камчыбек Ташиев – өз мээнети менен бутуна турган адам. Башкалар мамлекеттин байлыгын тоноп байышса, К.Ташиев кичинекей бизнесин өркүндөткөн адам. Демек, анын экономикалык маселелерге келгенде мыкты стратег экендигин да моюнга ала жүргөнүбүз оң. Кошумчалап кете турган нерсе – К.Ташиев тапканын эл менен бөлүшкөн адам. Буга “Ата-Журт” фракциясы түзүлгөндөн бери эле, жарым жыл аралыгында кыргыз элине жеке өзүнүн чөнтөгүнөн 20 миллион сом жардам көрсөткөндүгү далил болуп турат. Бул каражаттарга республиканын булуң-бурчтарындагы канчалаган маселелер чечилди. Таза сууга муктаждык, трансформаторлорду алмаштыруу, спорттук клубдун жоктугу, балдарынын контракт акысын төлөй албай калган ата-энелердин көйгөйү сыяктуу канча түмөн маселелер чечилди. Бүгүн башка кайсы адам мындай боорукердиги менен мактана албайт. Айылга бир мечит салганы анысын канча мактанып, гезиттен түшпөй калат. А К.Ташиев мунун бирин да айтып мактанган эмес. Ал өзүн эл алдында дайыма милдеткер сезет.  
 
Ушул ишембиде “Ата-Журт” партиясынын съездинде президенттикке талапкерди чыгаруу маселеси чечилет. Көпчүлүк “ата-журтчулар” бирдиктүү талапкер катары К.Ташиевдин чыгышын колдого алууда. Жогорудагы айрым жүйөөлөрдү эске алганда да, Ташиевди президенттикке татыктуу, реалдуу талапкер катары карасак жаңылышпайбыз.
 
Курч сөздүү Мадумаровду ким колдойт?
 
Адахан Мадумаровдун бейнесин объективдүү чагылдыруу үчүн анын өмүр жолун эки баскычтан кароо зарыл: 2005-жылга чейин жана андан кийинкиси. Же болбосо Акаев доорундагы Мадумаров менен Бакиевдин тушундагы Адахан мырза.
 
Калп айткан менен болобу, Адахан Кимсанбаевичтен элибиздин үмүтү чоң болчу. Акаев бийлигине тикеден-тике каршы туруп, парламент трибунасынан ачуу чындыкты айтканы үчүн канча запкы тарткандыгын кыргыз эли эсинен чыгарбас. Үзөңгү-Кууштан баштап Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруусуна чейин ачык сындап, аягына чейин туруп берди. 2005-жылдагы ыңкылаптын ишке ашышына Мадумаровдун да кошкон салымы зор болгонун эске алуубуз шарт. Чындыгында, ошондо Макдумаровдун жылдыздуу сааты жанып турган. Ошондогу президенттик шайлоого катышса, Бакиевге тең салмактуу талапкер болмок. Утуп алышы да мүмкүн болчу. Бирок, Адахан мырза түштүк-түндүктү бириктирген тандемге жолтоо болбой, алысты көрө билген саясатчы катары туура кадам жасагандыгын белгилеп кетишибиз зарыл.
 
Мына ушундай Акаевге каршы эрдиктерин эске алып, Бакиев бул инсанды көчөгө таштабай, барандуу кызматтарга көтөрүп келди. Мамлекеттик катчы, парламент төрагасы, Коопсуздук кеңешинин катчысы сыяктуу чоң кызматтарда иштегенге үлгүрдү. Эми ачуу чындыкты биз айталы – ушулардын биринде да Мадумаров эл эминде кала турган иш жасай алган жок. Кайра тескерисинче, Каркыранын казактарга берилип кетишине спикер катары салымын кошту. Учурунда Үзөңгү-Кууш үчүн жанын бергенге даяр азаматыбыздын көз жоосун алган керемет жерлердин Казахстанга өтөрүндө талкан сугунуп алгансып, унчукпай олтуруп бергенин көргөндө көпчүлүк түшүнбөй калган. “Бу да кызматтын кулу экен”,- деген кеп тегин жерден чыкты дейсизби?
 
Парламенттик шайлоодо Мадумаров жетектеген “Бүтүн Кыргызстан” партиясы 5 партиянын катарында эле эл элегинен өткөн. Бирок, бийликтин мышык-чычкан оюнунун жыйынтыгында “Бүтүндүн” парламентке кирбей калгандыгын бүт эл билет. Ошондо шайлоочулар Мадумаровдон чечкиндүүлүктү күтүшкөн. А булар колдо турган жеңишти коргой алышкан жок. Бул окуядан кийин “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын, демек, жеке Мадумаровдун колдоочулары азайа түшкөндүгүн белгилеп кеткенибиз ашыкча болбос.
Ал эми президенттик амбиция Мадумаровдо башынан болгон. Анын бал тилине таң берген колдоочулары да бар. Бирок, иш тажрыйбасына келсек, Мадумаров чыгаан саясатчы болгону менен, кандайдыр бир экономика менен айкалышкан бир да жерде иштебептир. Бул да шайлоочу тарабынан эске алына турган жагдай. Адам катары алганда, Адахан Кимсанбаевичтин инсандык сапаты бийик. Бул фактор ага канчалык пайдасын тийгизет – келе жаткан шайлоо көрсөтөт.
 
Ту-уй ата, тандем дейби?
 
Өздөрүн анык профессионал, трайбалисттик көз караштан алыс, мамлекетчил адамдар катары жаздын желаргысы келгенден тартып байма-бай мактатып келе жаткан Марат Султанов менен Нариман Түлеев президенттикке тандемдешип бара турган болушту. Азыртан эле бу талапкерлер финансылык жактан күчтүү, тыш жактан колдоосу чоң экенин айтышууда.
 
Эки саясатчыны алгач өз алдынча карап көрөлү. Марат Султанов чынында эле көп кызматты аркалады. Бир нече жолу министр, Соцфонд, Улуттук банк төрагасы, парламент спикери болуп турган бу адам финансылык жактан күчтүү болбогондо, ким болмок эле? Ачыгын айтканда, Марат Абдыразакович өзүн канчалык профессионал кылып көргөзгүсү келбесин, элге ал ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы керек. Биздин билишибизче, бу киши иштеп кеткенден кийин, бир да жерден “мыкты иштеди” деген кепти укпаптырбыз. Кайра тескерисинче, Марат Султановду экс-президенттер Акаев, Бакиевдин “сүймөнчүгү” катары көп жерде сөз кылышат. Майын чыгарып, катыра иштеген болсо, эмнеге анда эмгиче катуу колдоого алган электораты жок? Акчабайдын күчү менен депутат болгонго кудурети жетет дечи, а бирок, президенттикке барам деген адамдын артында калың элдин колдоосу болуш керек да.
 
Нариман Түлеев чарбачыл адам экендигин Бишкек мэри катары жакшы эле көрсөттү. Шаарды таанылгыстай өзгөртүүгө жетишкен Түлеевдин ошондуктан Бишкектин эли жакшы көрөт. Бирок, башка жагынан, жер аянттарын Бакиевдин жакындарына улам кармата бергени ачыкка чыккандан кийин, экс-мэрге карата шаардыктардын “сүйүүсү” басаңдай түшкөнсүдү. Бул факт анткен менен Нариман мырзанын мыкты менеджер экенине эч шек келтире албайт. Минус жагы катары Наримандын Бакиевге кошоматтанып жан бакканын айткандар бар. Маселен, К.Бакиев аны чоң мөөнөткө мэр катары бекитип бергенде сүйүнүп кетип, андагы ажону “ата” деп ийгени бар.
 
Султанов-Түлеев тандемин жалпы карай турган болсок, бул саясий өнөктүк келечекке багытталганы көрүнүп турат. Өздөрүнүн деле президенттикти утуп чыгарына көздөрү жетпейт. Анын үстүнө, бул тандемдин туруктуу электораты жок. Парламенттик шайлоодо Марат Султанов Оштон 15 миңдин тегерегинде добуш топтой алса, Түлеев Нарын, Бишкектен 10 миңге жетпеген колдоо топтогон. Бул тандемдин реалдуу элеткораты. Ошондон улам, айрым эксперттердин “булар шайлоого соодалашып, каражат табуу үчүн гана катышууда”,- деген жүйөөсүндө чындыктын учкуну бардай.
 
“Майдан.kg” гезити, 2011-жылдын 7-июлу