Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 2435

"Мегакомдон" ири суммадагы акчаларды чыгарып кеткендиги айтылып, камакка алынып, соттолуп жаткан Алмазбек Абековдун ачуу чындыгы

 

Эң оболу элге ыраазычылык айтам. Мурунку кайрылуума жооп кылып, элден келген бир жарым миңге жакын баардык СМСтерди кагазга чыгарып, жактоочум Абаз Мамбетакунов алып келип берди, ар бирин окудум. Силердин жылуу сөздөрүңөр түрмө зымдарын тешип өткөн күн нурундай эле болду. Сот отурумунун алдында жазган кайрылуумду окуп, колдоо СМСтерин жиберип, сот отурумуна келип, колдоо көрсөткөндөрүңөргө абдан чоң ыракмат! Силердин колдооңор демиме дем берип, дагы да эмгектенүүгө милдеттендирет. Ой-ишенимим туура экенин сездим. Ырахмат!

 

Калың элдин ою “Мегакомду” сатууга каршы, элдин каарынан коркуп сата албайт. Мына эми Жогорку Кенеш да “Мегакомду” сатылбашы жөнүндө токтом кабыл алды. Буга чейин өкмөт эки жолу “Мегакомду” сатууга аракет жасап, мамлекеттик бюджеттен 16 миллион 887 миң 850 сом акчаны бекер сарптаган. Ага ким жооптуу болоор экен?

 

Анан калса “Мегакомдун” жаңы жетекчилиги “Мурзалиев, Абековдор бюджетке 4 миллиард төксө, биз 11 миллиард сомго мамлекеттик баалуу кагаз сатып алып, эң ири ички инвестор болдук”,- деп ооз көптүрөт. Эң кызыгы эмне дебейсизби: биз төккөн 4 миллиард сом акча түздөн-түз мамлекеттик казынага түшүп, эл үчүн иштесе, ал эми булардын 11 миллиардынан казынага сокур тыйын да түшкөн жок. Мындай көз боемочулукту кантип кылды дебейсизби? 2-3 ай ичинде банктагы калдык акчаны бир нече ирет ары-бери тегеретип эле койгон. Антип көз боемочулук кылып эмне кылат? Иштегенди билбесе, “билбейм” эле дебейби, бүгүн алдагандын эртең жообу бар да.

 

“Мегакомдун” отчетторуна кылдат көз салсаңыз, цифралар кооз көрүнгөнү менен өндүрүштүн өздүк наркы жыл сайын жогорулап, мамлекеттик бюджетке нак түшкөн акча 2011-жылдагы төлөмдөрдүн жарымына да жетпейт. Анда жылына 2 миллиард сом кайда кетип жатат?

 

Мейли эми, “бийлик аке өзү билет да”, апам “эчки болсун, теке болсун - балдарыма сүтү болсун” дегендей, пендечиликте аман болушсунчу. Сатып жибербегенине шүгүр, болбосо “Кыргызгаздай” кылып бир долларга сатып жибериш үчүн көп акылдын деле кереги жок да.

 

Менин ой бөлүшөйүн дегеним башка. Эсиңиздерге салсам, былтыр Биринчи Май райондук соту “кылмыш ишинде эч бир далил жоктугунан, анан тергөө учурунда кетирилген көптөгөн кемчиликтерди жоюу үчүн” ишти кайра тергөөгө кайтарган. Ал чечимди жокко чыгаруу боюнча доо арызын прокурор Бишкек шаардык сотуна жөнөткөн. Колдоо көрсөтүп келген калың элди карабай, судьялар прокурордун арызын карап, ал арызды канааттандырып, ишти кайтадан Биринчи Май райондук сотуна кароого жиберди.

 

Бетти табактай кылып туруп, судьялар бийликтин буюртмасын кыңк этпей аткарды. Анысы биринчи отурумдан эле ачык көрүнбөдүбү. Доомат койсоң - далилде, далилдей албасаң - адамды жөн кой дегендей, ирети менен:

 

1.

Сот отурумуна калың эл келип, зал толтура болду. Сот отуруму ачык, элдин катышууга укугу бар, келгендердин эч бири үн каткан жок, тынч гана угуп турушту. Ошентсе да, сот отурумун баштап эле, судья Джусупова элге кайрылды: “Мечиттке эмес, сотко келдиңер”, деп. Сыягы, “асманда бир Кудай, жер жүзүндө бир мен”, деди окшойт. Анысы да мейли, бирок, тыныгуу жарыяланган соң судья Бранчаева жактоочуларга кайрылып, “эмки отурумдарга эл келбесин”,- деген талап койду. Анысы эмне? Бранчаева айым, мени колдоп келген адамдар билимдүү, маданияттуу, мыйзамдуулукту ыйык туткан адамдар, алардын укуктарын чектөөгө сизде эч кандай мыйзам жагынан да, моралдык жактан да укугуңуз жок. Алардын эч бири сот отурумун жүрүшүнө тоскоолдук кылбайт, бөтөлкө ыргытпайт, өз укуктарын мыйзам чегинде гана колдонот.

 

2.

Судья Джусупова сот отурумунда аудио жана видео жазууга тыйуу салды. Джусупова айым, Кылмыш жаза процессуалдык Кодексинин 254-беренесине ылайык, сот отурумунда аудио жазуу жүргүзүлөт. Ал үчүн соттун уруксатынын кереги жок. Сиз өзүңүздү мыйзамдан жогору койгонуңуз кандай? Аныңыз мейли, видеокамерасын өчүрүп, сумкага салып койгон адамды эмне үчүн отурум залынан кууп чыктыңыз? Сиздин чечимиңизге баш ийип, ал кыз камерасын өчүрүп, сумкасына салып койду. Карапайым бир кызга анчалык эмне каарыңыз тийди? Эмне негизде кууп чыктыңыз? Эгерде сиз чындап эле калыс судья болсоңуз, отурумду ачык, акыйкат алып барсаңыз, анда аудио-видео жазуудан эмнеге качасыз? Же “мантиям жарашпай турат”,- деп уялдыңызбы? Ошол эле убакта так сиздин маңдайыңызда, дубалдын төбөсүндөгү видеокамера тынымсыз видео жазуу жүргүзүп турбайбы? Ал камераны эмне үчүн жулуп таштаган жоксуз? Кантип жулмак элеңиз, ал камера аркылуу сизди бийликтин атынан баардык судьяларга “смотрящий” болгон жигит карап турбадыбы. Бүт турпатыңыз, ар бир сөзүңүз менен ошол жигитке жагынууга аракет кылдыңыз. Азаматсыз, башка сөз жок. Анан дагы бир жагдай: эмне үчүн бийликтин “смотрящийи” сот отурумун видеокамерадан көрсө болот, ал эми ошондой эле укугу бар, бирок кандайдыр бир шарт менен сотко келе албай калган башка жарандар көрсө болбойт? Джусупова айым, ушул сырды чечмелеп бериңизчи?

 

3.

Сот изилдөө иретин судья Джусупова прокурордон баштагандын ордуна, түз эле соттолуучулардын сурагынан баштады. Эми, кагылайын эл, юридикалык куйту-муйтусуз, калыс оюңду айчы: Асан Үсөнгө арызы менен сотко келди. Калыс сот алгач сөздү Асанга берип, анын дооматын угабы, же түз эле Үсөндү соттоп баштайбы? Биз айттык, жактоочулар айтты: прокурор арыз берген соң, соттук изилдөөнү алгач прокурордун арыз-дооматын угуудан башташ керектигин. Судья Джусупова угуп да койгон жок, түз эле сурактан баштады. Ой, Джусупова эмес, райондук судья Кымбат Архарова бир жыл бою сурак жүргүзмөк түгүл, соттук изилдөөнү баштай албады. Себеби эмнеде десеңиз, 32 том болсо да, айыптын эч бир далили жок экендигин көрдү. Ал эми судья Джусупова бийликке ушунчалык ийменчиктигин көрсөттү дейсиз, арыз-доону укпай туруп эле соттоп баштады. Эми, калың эл, ушуга күбө болуп туруп, соттун көз карандысыздыгына ким ишенет?

 

4.

Соттук изилдөө күтүүсүздөн мыйзам нугунан чыккандыктан, мен суракка даяр эмес элем, анын үстүнө райондук сотто деле менин сурагым болгон эмес да. Андыктан менин көрсөтмөлөрүм толук эмес болуп калды. Судьяларга иштин баардык жагдайларын кеңири айтып берүү максатында мен ошол көрсөтмөлөрдү жазуу түрүндө жактоочум аркылуу мыйзамдуу жол менен берип жибердим. Судья Джусупова мындай жазуу түрүндө берилген көрсөтмөлөрдү сотко басым жасоо аракети катары баалады. Сот отурумунда бул үчүн жактоочулар менен судьялар ортосунда түшүнбөстүк чыр-чатак да чыкты. Эгер объективдүү карасак, соттолуучунун жазуу түрүндө кеңири көрсөтмө бергенинин эмнеси жаман? Сот акыйкат, калыс болуп, иштин баардык жагдайларын изилдеп чыгыш керекпи? Ооба. Соттолуучунун кеңири көрсөтмөлөрү өбөлгө болобу? Ооба. Демек, соттолуучунун жазуу түрүндө кеңири көрсөтмөсүн ишке тиркеп, изилдеп, объективдүү бүтүм чыгаруу керек. Анда судья Джусупованын жоругу таптакыр түшүнүксүз.

 

5.

Кызыктар аны менен бүткөн жок. Соттолуучу Аман уулу Кенжебектин сурагы бүтө электе судья Джусупова тыныгуу жарыялап, кийинки отурумда болсо суракты аягына чейин бүтүрүп, мыйзамга ылайык, калыстык кылуунун ордуна жарыш сөзгө өттү. Кенжебек ошол бойдон эле өз оюн аягына чейин айта албай калды. Эмне себептен дебейсизби? Аман уулу Кенжебектин көрсөтмөсүнө ылайык, көрсө, бүгүнкү күндө “Мегаком” Кенжебекке ондогон миллион сом карыз экен. Ал акча жумушчулардын айлык акысы, курулуш материалдарын алып келген жана башка кызмат көрсөткөн шериктештердин акысы экен. Мына сага! “Уурулук кылган” деген доомат менен бир жыл жети ай абакта отурган адам көрсө эч бир күнөөсү жок экен да! Сыягы Джусупованын кулагына мындай жаңылык жакпады окшойт, эптеп Кенжебектин оозун жапты. Эң кызыгы, 1 жыл 7 ай абакта кармап отуруп, Кенжебекке тагылган айып эмне дебейсизби? “Көз боемочулук кылууга аракеттенүү ниети бар болчу”, дейт. Бүгүнкү бийликтен коркуш керек болуп калды. Жөн гана көчөдө кыялданып баратсаңыз, келип эле, “ушу сенин көз карашың шектүү, арам оюң бар окшойт”,- деп эле камап коет, эмнеси бар экен. Анан арам ой жоктугун түрмөдө отуруп далилдей бер… Судья болсо, кебелбей туруп 5-6 жылга кесип коет.

 

6.

Ушундай акыйкатсыздык болуп жаткандыгынан жактоочулар судьяларга ишенбөөчүлүк көрсөттү. Кызыгы, ал өтүнүчтү четке кагып жатып, судья Джусупова кантип негиздеди дебейсизби? Ишенбөөчүлүктү сот башталып жатканда көрсөтүш керек болчу, азыр кеч болуп калды дейт. “Мурда күйөөгө тийип көрүптүрмүнбү”, дегендей, буга чейин судьялардын эч бирин тааныбасам, алар жөнүндө жакшы-жаман укпасам, эмне негизде ишеним көрсөтпөшүм керек? Же алардын куйту оюн байкагыдай мен экстрасенс белем? Андай болсо ар бир сот отурумунун башталышында судьянын башына чөп сындырып, аластатып, экстрасенстен текшертели! Жогорку Кеңеш карап, мыйзамдаштырып берсин, кыргыздар сотторду аластатып, анан отурум баштайт деп, дүйнөгө шерменде бололу.

 

7.

Эми прокурордун арыз-дооматы жөнүндө кеп кылалы. “Абеков өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдей алган жок, ошондуктан аны соттош керек”,- дейт. Жалганчы болбош үчүн прокурордун арызынын көчүрмөсүн интернетке чыгарып койдук, өз көзүңүз менен көрүңүз. Прокурордун ою боюнча, алар жалгыз өзүнө белгилүү бир ой менен жөн эле жүргөн адамга ой келди доомат коюп, анан “күнөөң жоктугун далилде, болбосо соттойм”, дейт экен. Конституцияда жазылган: “Жазык иши боюнча күнөөнү далилдөө түйшүгү айыптоочуга жүктөлөт”. “Эч ким өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө милдеттүү эмес”. “Ар бир адам мыйзамда каралган тартипте күнөөлүү экени далилденмейинче жана соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргени аныкталмайынча кылмыш жасаганга күнөлүү деп эсептелбейт” (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 26 берене). Сураштырсак, бул кылгылыктын башында башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова турат экен: “Өлүп-талсаңар да соттойсуңар, болбосо, силердей селсаяктарды жумуштан кетирем”, - дептир. Жыргаптырбыз, орусча макал бар эле: “Жакшы прокурор керек болсо столбаны да соттойт”, деген… Ошол Усманованын мынчалык өчөшкөнү эмне? Тирешкеним -Penwell, талашканым – “Мегаком” 100 пайыз элдики болсун, дегеним. Жаман ойлогум келбейт, бирок, Penwellдин артында орус жарандар турат.Жаман ойду жакын жолоткум да келбейт. Андай болбой эле, жөн гана болгону Л.Усманованын кесиптик жарамсыздыгы эле болсунчу.

 

8.

Сот отурумунда канча жолу тыныгуу жарыяланып атып, акыр аягы эл аз келгенде, сотко катышуучулар даярдыксыз болуп турганда, тез арада, жактоочулардын бир катар өтүнүчтөрүнүн баарын четке кагып туруп, шашылыш түрдө Бишкек шаардык соту чечим чыгарды. Мейли эми, мындай чөнтөк соттордун өзүн соттоочу күн да келер…

 

Эскерте кетейин, сот отурумунда бизди актоо же күнөөлүү деп табуу маселеси каралган жок. Болгон маселе, эгер тергөө учурунда кылмыштын далилдери чогултулбаса, далили болбосо, тергөөчүлөр процессуалдык бир катар беренелерди одоно бузса, андай чийки ишти сотто кароо керекпи, же кемчиликтерди жоюу үчүн кайтадан ишти тергөөгө жөнөтүш керекпи. Башкача, жөнөкөйлөтүп айтканда, сот “красный беспредел” менен келген иштерди “көз жумуп” карай береби, же калыс болобу. Болгону ошол маселе. Мына эми эки жылдан бери экинчи айлампа менен баягы эле селкинчек. Сот соттоюн дейт - эч бир далил жок, актап жиберейин дейт - бийлик сазайын берет. Селкинчек ары-бери термеле берсин, мен абакта отура берейин. Эх, чиркин, бул маалда Алиппе ТВ мектеп бүтүрүүчүлөрүн жалпы республикалык тестирлөөгө даярдап бүтүп калчу эле…

Анда эмне айла? Бийлик, Президент баш болуп, өз оюн ачык эле билдирди. Соттор эки айлампа менен да көз карашын билдирди. Сотторду тандоо комиссиясы десек, алардын өзүндөгү паракорчулукту бүтүндөй эл сыналгыдан көрдү. Соттор кеңеши десек, аларда деле ишенич жок, “карга карганын көзүн чукубайт”, дечү беле? Митинг өткөрсөк, башка митинг катышуучуларындай “мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенген”, “бийликке каршылык көрсөткөн”, деген айып тагып, камап салат экен. Сот отуруму учурунда үн чыгарсаң кууп чыгат экен. Карапайым элде эмне арга?

 

Кантсе да, мыйзам чегинен чыгууга болбойт. Махатма Гандини эстейм. Англиянын колониясы болбой, Индиянын көз карандысыздыгына жетишүү үчүн ал граждандык баш ийбөө, зордук-зомбулуксуз каршылык көрсөтүү жолуна түшкөн. Индустар англичандарга кол сунбай, алар менен аласа-береседен, кызмат көрсөтүүдөн, а түгүл бир көчөдөн басуудан баш тарткан. Англичандарды жактырбастыгын ар-бир кыймыл-аракети, момун көз карашы менен билдирген. Аргасыздан англичандар кетүүгө мажбур болуп, Индия көз карандысыздыкка жетишкен.

 

Албетте, биз Соттор кеңешине арыз жазабыз, дагы да болсо акыйкаттык үчүн күрөшөбүз. Бирок, ага деле ишенич жок. Атка минерлер канча ирет чогулуш өткөрүп, сот реформасын эмне кыларын билбейт, демек, демилгени калың эл өз колуна алыш керек. Менимче, массалык маалымат каражаттарына чыккан ушул кайрылуу деле күч.

 

Дагы бир мүмкүнчүлүк -Джусупова, Бранчаева жана Момунов судьяларга бойкот жарыялоо. Аларга түшкөн арызды Соттор кеңеши карап, баа бермейин аларга ишеним көрсөтпөө. Бишкек шаардык сотуна кайрылган арызда дароо эле ушул үч судьянын атын көрсөтүп, аларга ишеним жоктугун билдирүү.

 

Же, эгер судьялар таптакыр эле мыйзам нугунан чыгып жатса - сот отурумуна келгендер, баардыгы бирдей, сот отуруму толук бүткүчө туруп алса болот. Үн чыгарбай, сот отурумун өткөрүүгө эч бир тоскоолдук кылбай, келген адамдардын баардыгы туруп турушу менен өз оюн билдирет. Отурса адилетсиз судьялар менен зөөкүр прокурорлор өздөрү отура берсин. Кыргыз эли эрки менен күч, тулку боюна кишен салса да, эрки боштондукта кала берет.

 

Айтылган үч судьялар кандай болсо да, биздин иш боюнча чечимин чыгарды, дагы бир жолу бул ишти канткенде да карашпайт, андыктан бойкот жарыялоо сунушу биз үчүн эмес - дагы да каралып жаткан башка сот иштеринде мыйзамдуулук, акыйкат болушу үчүн керек. Мындай тынчтык жолу менен каршылык көрсөтүү жолун айтылган үч судьяга эмес, башка сот отурумдарында деле колдонсо болот.

 

Аттары айтылды, каталыгы көрсөтүлдү, эгер, калайык, ушул судьялар кылган көрүнүштү жактырбасаңыз, анда алар менен учурашпай коюңуз, карым-катнашыңыз бар болсо - шеринеге чакырбай коюңуз, сылык-сыпат үчүн кол сунсаңыз да, көз карашыңыз менен оюңузду билдирип коюуңуз. Бирок, эч кандай зордук-зомбулук же жемелөө болбосун. Кылгылыгы мойнуна илинди, эми бул судьялар жумуштабы, көчөдөбү, үйүндөбү, айтор күнөөсүн жону менен сезгени - кийинки иштеринде таза болушуна өздөрүнө жакшы.

 

Анан да болсо, мына Бишкек шаардык сотунун төрагасы Осмонов Айдарбек Касымалиевичтин кызмат телефон номери: (+996 312) 681793. Убактыңар болсо телефон чалып, кабылдамасында күтүп, жогоруда айтылган фактылар боюнча түшүндүрмө талап кылуу. Жаран катары андай маалымат алууга силердин толук укугуңар бар. Же болбосо, кат жүзүндө кайрылгыла, ыйгарым каттодон өткөрүп, жооп берүү мөөнөтүн көзөмөлгө алгыла. Ар бир кайрылууга өз мөөнөтүндө жооп берүүгө милдеттүү. Бир жолубу, миң жолубу - ал кишинин кызмат милдети ошол, эмне болуп жаткандыгын түшүндүрсүн.

 

Өз учурунда менин жактоочуларым судья Джусупованын мыйзамсыз иштерине арыз менен Соттор Кеңешине кайрылып, айтылган фактыларга баа берүүнү сурайт. Соттор кеңеши бул маселе боюнча кандай чечим чыгарганын, албетте, коомчулукка жайылтабыз.

 

2,5 жылдан бери бүтмөк турсун, баштала албай жаткан соттун жүрүшүн байкасак, азыр эмне айып тагылып жатканы жөнүндө унутулуп да калды. Тирешкен маселебиз сотту «өз билемдик» кылуудан буруп, мыйзам нугуна салуу.

 

Мен Соттор кеңешинин чечими чыкмайын, ал чечим акыйкат болмоюун, жалпы эле сот системасына ишенбөөчүлүк жарыялап, каршылык акцияларын көрө берем. Качан гана чындап эле судьянын мыйзам чегинде иш алып барып, калыс, акыйкат болдоруна көзүм жетсе, ошондо ишти каратам. Болбосо, турганым турган.

 

Биз, калың эл, жарандык коом, жалпыбыз мыйзам чегинен чыкпай, бирок соттор чындап эле көз каранды болушу үчүн аракет көрүшүбүз зарыл. “Чөгүп бара жаткандарды куткаруу - чөгүп бара жаткандардын түйшүгү”, дегендей, мындай абалдын запкысын бийлик тарпайт, баягы эле карапайым эл тартат. Андыктан азыр сотторду акыйкат нукка өзүбүз салбасак, эртең запкысын ар бирибиз, карапайым эл өзүбүз эле тартат окшойбуз.

 

Алмазбек Абеков

Булак: “Майдан.kg”, №019 (148), 21.05.2014-ж.