Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 2158

Союздан мураска калган өксүк өнөр-жай, өндүрүш базар экономикасынын шартына, талабына жооп бере албай, сырткы базардын атаандаштыгына туруштук бербей куруп, постсоветтик өлкөлөрдү экономикалык өнөктөшүүгө, рыногун бирге коргоого мажбурлап, Бажы союзунун түзүлүшүнө түрткү болду. Бирок, Кыргызстандын ички дүн продукциясы (ИДП) жан башына чакканда 1300 доллар экенин эске алсак, экономикасы 10-15 эсе күчтүү өлкөлөр менен кантип өнөктөш боло алат?

 

Өнөр-жайы, өндүрүшү жокко эсе, чабал экономикасы, чакан рыногу бар мамлекет эмнесин сатып, кайсы рыногун коргойт?  Эмне үчүн постсоветтик өлкөлөрдүн артында итке минип калдык деп өзүбүзгө суроо берип, анализ жазап тыянак  чыгарып, катабызды жоюп, кемчилигибизди оңдогонго үйрөнө албадык? Эгемендик алганы деги элдин-мүдөө талабын, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлогон өкмөт болдубу? Же эгемендиктин баасы кымбатка тураарын, чоң кун төлөөгө туура келерин кыргыз баласынын мандайына жазып койду беле?

 

СССР деген улуу империя тынч кулады, бирок өз алдынча мамлекеттин пайдубалын түптөй албай тытышып, ыркырашып, экономикага тиши өтпөгөн кыргыз күчүн саясаттан чыгарып, эки жолу төңкөрүш жасаганга үлгүрдү.  Же феодализимден социализимге секирип кеткен кыргыздардын революция жасоого али аң-сезими жетиле элекпи?  Анткени революциядан кийин “улуу атабыз” Ленин айткандай  “эки кадам алдыга, бир кадам артка” болсо да жылыш болуш керек эле да. 100-200 жыл мурда жерибизди кандай сатып келсек, 21- кылымда деле ошондой эле сатып атабыз. Кен байлыктарыбызды, мамлекеттик маанилүү обьектилерди итбекер, белекке да тартуулап жатабыз. Уруу-урууга бөлүнүп коом түзүүдөбүз. Регионализм, трайбализм жөнүндө айтпай эле койдум. Аң-сезимибиз  уруулук, аймактык деңгээлден өйдө көтөрүлө албай атат. Нечен кылым мурда, Манас атабыздын “кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым” дегени бүгүнкүгө чейин маанисин жоготпой турат. Анан жүздөгөн жыл мурда революция жасап, бүгүн демократиялуу коом куруп жашап жаткан батыш элинин баалуулуктарын кантип сиңиребиз? Батыш өлкөлөрүнүн мыйзамдарын Башмыйзамыбызга көчүрүп жазып койгонубуз менен түшүнүгүбүзгө, аң-сезимибизге жараша кабыл алып, өзгөртүп, бурмалап, иллюзия менен жашап жатабыз.

 

Ооба, башка элдердин басып өткөн жолундай эле кыргыздардын да өз тарыхы, тамыры бар. Уруу-урууга бөлүнгөн жашоосу да мыйзам ченемдүү, табигый нерсе. Оокаты, жашоосу  тоо арасында мал, жаратылыш менен жуурулушуп, улуттук каада-салтты, үрп-адатты бекем тутуп, ата-бабасынын рухун жоготпой, нарктуу жолун улап жашап келген уруулар өз алдынча улуттук милдетти, жоопкерчиликти аркалап,  кыргыздарды эл катары сактап гана калбай, өзгөчө артыкчылык касиеттке да эгедер кылды деп ойлойм. Улуу Манас атабыз башында турган, турмуштук терең философияны камтыган дастандарыбыз, макал-лакаптарыбыз элибиздин кулк-мүнөзүн калыптандырып, улуттук идеология, оозеки мыйзам болуп келди. Манастай рухий көөнөргүс кенчти жараткан, аны акылына сактап, тула боюна ширеп урпактарга жеткирүү вазийпасын алган Саякбайдай сыйкырдуу касиетке ээ, алп адамдарды ыроологон  күчтүн сыры кыргыздардын өзгөчө жаратылышынан кабар берет. Жаратылыш койнунда обочолонгон, көчмөн турмушу өз дүйнөсү, чен-өлчөмү менен жашоого үйрөтүп, чокусу асман тиреген, нечен кылымды карыткан ак мөнгүсүндөй, башатын күнү бүгүнкүсүндөй сактап,  жүрөгү, жан-дүйнөсү табыйгатындай сулуу, мөлтүр кашка суусундай таза, куулук-шумдукту билбеген ак көңүл кыргыз, материалдык байлык түркүк болгон дүйнөлүк цивилизациянын доорунун босогосун аттаганы жеринин, мүлк-байлыгынын баркын, баасын билбей кичинекей нерсеге топук кылып жаткан жокпу?

 

Эгер 24-март, 7-апрель саясий окуяларынын келип чыгышына, социалдык-экономикалык жагдай гана себеп болсо, анда эл жеңишин уурдатмак эмес. Демек, көрпенделик кызыкчылыктан жогору турган, турмуш-тиричилигинин маңызын аныктап, табыятына мүнөздүү асыл сапаттарды туу тутуп келди кыргыз. Ырас, чындык, калыстык, акыйкаттык  менен шайкеш, эриш-аркак айкөлдүк, сабырдуулук, кең-пейилдик  касиетке  эгедер болбосо уруу, демек улут катары сакталып калышы да арсар эле.

 

“Кой майрыгы менен миң”,- дегендей ач-көз, өзүмчүл, эки жүздүү бийликти, эл башчыларын табиятына мүнөздүү таза жан дүйнөсү кабыл албай жерип жатат.Тоо арасынан агып келген тунук булак суусунун, күрүлдөп кирип турган дүйнөлүк цивилизациянын киргилт агымына кошулгандай эгемен мамлекетке ээ болгон кыргыз эли да улут катары өзүн-өзү аңдап-билүү, түшүнүү процесси жүрүп жаткандай. Эгемендиктин чейрек кылым мезгилинде толук кандуу, көз карандысыз мамлекеттин пайдубалын түптөй албаганыбызга менталитетибизге, маданиятыбызга жукпаган башка баалуулуктарды таңуулоонун кедергиси тийүүдө. Анткени өз алдынча мамлекет болгон соң чек арасы, акчасы, анын кунун кармап турган экономикасы, эли жерин коргоого жөндөмдүү аскери болуш керек экен. Өнөр-жайды, өндүрүштү, айыл-чарбасын талкалап, тоноп,т алаткан Акаев элин соода-сатык менен жансактоого, башка өлкөгө тентип кетүүгө мажбур кылды. Өз алдынча күн көрүүгө туура келген мамлекеттин тарыхын, маданиятын эске албай мезгил чакырыгына азгырылып, өрөпкүп, Кыргызстанды Орто Азиядагы Щвейцарияга, демократия аралчасына айланткысы келди. Бирок саясий баалуулуктарга жетүүнүн артында экономиканын кабалтең тирөөчү болуш керек экенин, арабаны аттын артына чиркөө керектигин түшүнбөдүк жана үйрөнө албадык. Экономиканы либералдаштырып, бирок демократиялык коом куруудан тайып, эскиче башкаруу системасынын сакталып калышы бийликтин жоопкерчилигин жоготуп, коррупциянын араанын ачып, социалдык катмардын ажырымын чоңойтуп, көпчүлүк калкты өлбөстүн күнүн кечиртип, жакырчылыктын чегине сүрүп салды.

 

Коом социалдык үч катмарга бөлүндү. Биринчиси: мамлекеттик бийликтен даяр, белен оокатты, баюунун жеңил жолун гана көргөн аткаминерлердин арсыз армиясы. Экинчи: ишкерлер же кичи жана орто бизнес чөйрөсү. Үчүнчү: бюджетте отургандар, жумушсуздар жана айыл эли. Эмгек мигранттарынын басымдуу көпчүлүгү жакыр катмарга таандык экенин, дагы бир бюджеттин акчасын которуп жатышканын эске алсак, өлкө экономикасын өп-чап деңгээлде кармап турган да чортамандар. Бирок жарды таптын биримдиги, тилектештиги жок жана укугун, кызыкчылыгын коргооого жөндөмсүз, көз каранды. Социалдык-экономикалык кызыкчылыгын, жарандык укугун коргоп, бийликке талаптарды коюу жолу менен гана турмуш-тиричилигин оңдоп, саясий-системаны, бийлик жүзүн элдин мүдөөсүнө, мамлекеттин кызыкчылыгына бурууга, жоопкерчилигин көтөрүүгө болот.

 

“Авторитардык режимден, үй-бүлөлүк башкаруудан кутулдук, Парламенттик республикада жашап жатабыз”,- деп төш кагабыз. Төрт жылдан бери чеке жылытаарлык жылыш эмес, кайра артка кетүүдөбүз. Ошол эле авторитардык бийлик өкүм сүргөн өлкөлөр менен экономикалык өнөктөш болуудан коркуп, кооптонуп турабыз. Анткени эгемендик алганы саясат менен гана алпурушуп экономиканы бүлдүрүп, кризистин сазына тыгып салдык. Ошол эле учурда Союздан калган мурасты чып-чыргасын коротпой сактап калган Белоруссиянын ИДПсы 7000 долларга жетүү менен экономикасы нефти, газга байланган Орусия менен Казахстандан кийинки орунга чыкты. Бүгүн Белоруссиянын арзан айыл-чарба продукциясынан казактар өз рыногун коргоого аргасыз болууда. Ал эми өнөр-жай товарлары кампаларына батпай үйүлүп турат. Биздикиндей экономикасы жарды, чакан өлкө Орусиянын кубаттуу экономикасына кандай сиңип кеткенин, 10-15 жылдан кийин орустардын бир областына айланып калганыбызды да сезбей калабыз. Себеби Бажы союзуна (БС) кирген өлкөлөргө сатчу кара күчүбүздон башка эч нерсебиз деле жок болгондуктан, эмгекке жарамдуу жарандарыбыздын чет өлкөлөргө кетүү агымы көбөйөт. Ал экономикабызды көтөрчү күчтүн азайышына, алсыздыгына алып келет. Кыргызстанды Кытайдан, Батыштан, Казакстандан кызганган Орусия энергобулактарын (нефть, газ, электроэнергия) күн мурунтан колуна алып, чүлүктөп алганын, БСна кирсе жетелеген жагына басарына, айласы жоктугуна көздөрү жетип турат. Карапайым элди Орусияга же башка өлкөгө көз каранды түшүнүгү үчүн күнөөлөгө болбойт. Анткени эгемендик алганы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коюп, тең ата сүйлөшө албаган, дале болсо Совет доорунда жашап жаткандай өз элине көзүнүн үстү менен, Кремлге тик багып карай албаган жалтаң эл башчыларынан арыла албадык. Бул өңүттөн алып караганда А.Атамбаев А.Акаев менен К.Бакиевден да ашып түштү. Эгер Атамбаев Назарбаевдин тилин таап Каркыраны кайтарса, «Кумтөрдү» элдин пайдасына иштетсе, Кыргызгазды сатса да көзөмөл үлүшүн өзүбүздө калгандай кылып, калганын базар баасында баалап, акысына момунча жыл момундай баада арзан газ берип турасынар десе, Нарын суусуна салынчу ГЭСтерге өзүбүз ээлик кылсак, арзан кредит алып бүтпөй жаткан «Камбар-Ата 2» ГЭСин бүткөрсө, чек арабызды тактап, жерибизди коруп берсе, эл ишенимине, колдоосуна ээ болгудай бийликтин кадыр-баркын көтөрсө ,анда Манас атабыздын чыныгы урпагы деген бийик,улуу наамга татымак. Тескерисинче  Атамбаев элин жектеп, жиктеп, мүлк-байлыгын бөтөндөргө энчилеп, колу ачык «марттыгын» көрсөтүүдө.

 

Ал эми парламентти мурда “Алга Кыргызстан”, “Ак-жол” партиясы ээлеп алды дегенибиз менен бүгүнкүдөй партия лидеринин «тандоосунан» өтүп келген «эл өкүлдөрү» болгон эмес. Системалык болбосо да, ЖКте күчтүү оппозиция бар болчу. Үй-бүлөлүк, кландык коррупция гүлдөп келсе ,бүгүн каолициялык көпчүлүктүн доору сүрүп жатат. Мурда кызмат орундары жең ичинен сатылса бүгүн ачыктан- ачык эле аукционго коюлууда. Мамлекеттик стратегиялык обьектилердин «баасы келишсе» бир заматта сатып жиберишет. Премьер-министр, өкүмөт мүчөлөрү мурда бир адамга баш ийсе, бүгүн беш-алты кожоюну бар.

 

Кечээ Орусия Крымды өзүнө каратып алганда крымдыктардын айлыгы, пенсиясы жогору болорун уккан айрым кыргыздар “биз да Орусияга кошулсакпы” дегенин угуп, материалдык кызыкчылык үчүн Ата-Мекенин сатып кетчүүлөр четтен чыгарына күбө болдум, көзүм жетти. Аларды да түшүнсө болот. Анткени эл башчылары, мамлекет жетекчилери элине туура жол көрсөтүп үлгү боло албады, бийлик менен карапайым эл өздөрү менен өзү болуп күнүмдүгүн ойлоп жашап калды. Бажы союзундагы өлкөлөрдө  элинин бийликке болгон ишеними жогору экенин, демократияык коом курабыз деген Грузиянын, Кыргызстан менен Украинанын саясий-экономикалык абалы жакында оңолбосун, оңолсо өмүргө тете  мезгилди камтырына, мамлекеттин ыдырап кетишине, жарандык, улут аралык жанжалга, согушка алып келерине  ынанган элдин ишеними ого бетер артып биримдиги, тилектештиги чыңалып жатат. Демек, ишеним бар жерде саясий туруктуулук, мамлекеттик идеология, жыйынтык, натыйжа бар. Жок, мен кайра Президенттик башкарууга кайтып баруубуз керек деген ойдон алысмын. Артка карай жол жок. Ошондой эле Парламенттик  республикага, партиялык системага да элибиз даяр эместигин, менталитетине ылайык ата-бабасынын нарктуу жолу бар экенин көрүп туруп көрмөксөнгө салсак, тарыхыбызды чансак өзүмчүлдүк, чыккынчылык, көрбөсөк көөдөнүбүздүн боштугу, көкүрөгүбүздүн  сокурлугу деп билем. Ошондуктан башатыбыздын жолун буубай, элдин каалоосуна тоскоолдук кылбай, маанайын бузбай, табыятына жат коомду таңуулабай, тубаса бүткөн, миңдеген жыл калыптанган кулк-мүнөздү, салт-санааны көз-ирмемде өзгөртөм деп далбас урбай, табигый, мыйзамченемдүү жолго түшсөк, элдин тандоосуна мүмкүнчүлүк берсек татыктуу уул-кыздарын, туура багытты тандап аларында шек жок.

 

Үсөнбек БЕЙШЕМБИЕВ

Булак: “Майдан.kg