Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 3750

“Адам болуш кыйын, күн сайын адам болуш андан да кыйын”,- деп залкар инсаныбыз, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов таамай айткан. Анткени адам деген атты сактап, жашоодо өзүнүн тазалыгы менен жасаган аракети дал келиши абзел. Адамдык сапатты бийик тутуп, жашоо кечирген адамдар сейрек кездешет. Биз сөз кылып жаткан каарман дал ошол сейректиктердин бири - Рустам Маманов. 

 

Анын патриоттуулугун ушундан билиңиз, “мен кылдым” деп көкүрөк койгулабастан, кыргыз эли үчүн опол тоодой иштерди жасап келет. Ордуна башкасы болгондо гезит беттеринен түшпөй, бир кылганын миң кылгандай көбүртүп, элге милдет кылмак. А Рустамдын “элим” деп кызмат кылганы турмуш тажрыйбасынандыр. Бирок, “Менин жүрөгүмдүн ар бир кагышы кыргызым, элим, жерим деп согот”,- дегени чындыгында эли, жери үчүн башын сайып коюуга даяр экенин, ар бир айткан жана жасап жаткан иштеринен билүүгө болот. Бул оюбуз дагы да тагыраак болуш үчүн кыргыздын кыраан уулунун жаздын жумшак жагымдуу күндөрдүн өрүк гүлдөгөн маалында ары кызыктуу, ары маанилүү куруп берген маегин сиздердин назарыңыздарга суналы. Белгилеп кетели – Р.Маманов маек берүүдөн “койгулачы, мактангандай болом”,- деп улам баш тартып, араң көндүрдүк.

 

- Рустам Ырысбаевич, сиз мамлекеттик деңгээлдеги ири долбоорлорду иш жүзүнө ашырып келесиз. Замандын талабына шайкеш келген “Улут жүзү” долбооруңуз тууралуу айтып берсеңиз?

- “Улут жүзү” келечек муун үчүн иштей турган мамлекеттик маанидеги чоң долбоор. Бул жерде беш тармактуу маселелер камтылган. Башкача айтканда, бул иш чаралардын ичинде мамлекеттин идеологиясы камтылышы кажет. Бирок бул нерсени жалгыз эле мамлекеттин моюнуна илип коюу дагы туура эмес. Ошондой эле үйдөгү тарбия, айлана-чөйрө, дегиле ата-эненин балдарына берген тарбиясы да көп нерсени чечет. Ата-бабаларыбыздын улуу мурас, эпостору, тарыхы, каада-салты менен тарбияланган балдар, улуттун келечеги деп ойлойм.

“Улут жүзү” долбоорундагы биринчи басым мектеп курагындагы балдарыбызга коюлган. Мен мектептерге бирдей форма киргизүү зарылдыгын көптөн бери айтып келе жатам. А эң негизгиси ал формада сөзсүз, улутубуздун белгиси, мындайча айтканда эмбилемасы катары кыргыз элинин оймо-чиймеси, заманбап тилде айта турган болсок орнаменти болуусу кажет. Бул маселени чечүү үчүн биз, тарыхты аңтарган, санжыра-эпосторубуздан баштап, ар бир оймо, орнаментин маани-маңызын билген адамдарыбыз менен чогуу-чаран отуруп, кеңешип-кесип, бир жыйынтыкка келүүбүз абзел деп ойлойм. Ошондой эле бул форма биздин ар бир жараныбыздын капчыгына күч келбей тургандай каражатты талап кылып, ал эми сапаты жагынан мыкты болуусу зарыл.

- Эмне үчүн мектеп формасы дегендер болушу мүмкүн?

- Ооба, балким кээ бир адамдар айтышы мүмкүн, “бул эмне эле мектеп формаларына асылып калды, башка кыларга жумушу жокпу”,- деп. Чынында минтип ойлогондор, келечек муунга сапаттуу тарбия берүүнү унутта калтыргандар деп айтаар элем. Буга жөнөкөй эле мисал, бирөө баласына долларлап кийим алып берүүгө кудурети жетсе, а кимдир бирөөгө баласына миң сомго кийим алып берүү да оордук кылышы мүмкүн. Азыркы учурда биздин келечек муундарыбыз алган билими, акыл-көрөңгөсү менен эмес, көтөргөн уюлдук телефону, кийген кийими менен атаандашып сүйлөп калышты. Негизи эле мектепке алтын-күмүш баалуу боюмдарды тагынып, кымбат баалуу уюлдук телефондорду көтөрүп келүүгө тыюу салынышы керек. Анткени биз ушундай көрүнүштөргө жол берүү менен балдарыбызды жаштайынан кайдагы бир буюм үчүн кемсинтип, басынууга алып келүүдөбүз. Бул азыркы күндүн чындыгы, муну кайда катабыз? Биз балдарыбыздын укугун наристе курагынан баштап эле тепсеп жатпайбызбы? Буга ким жооп берет? Эртең илим-билимге умтулбаган, өлкө келечегин ойлобогон, ата-тегин унуткан жаштар чыгышы мүмкүн, анда кимди күнөөлөйбүз? Татыктуу тарбия, тең укуктуулукту камсыз кыла албаган өзүбүз күнөөлүү болобуз да, туурабы? Ошондой эле жакын арада дагы бир “Кыргыз кантип бийлеген” деген аталыштагы чоң долбоорду коомчулукка алып чыгабыз. Бул сынак биздин өнөр адамдарыбыздын ортосунда жүрүп, жалпы фонду 5 млн сомду түзүп, жыйынтыгы 31-августта чыгат. Ар бир улуттун руханий маданиятынын жүзү болгон, каада-салтынан, үрп-адатынан, бабаларынын баскан жолунан, тарыхынан кабар берген өзүнө таандык бийи бар. Мисалга кавказ элинин “Лезгинка”, өзбек элинин “Андижан полкасы” сыяктуу бир нече бийлерди атоого болот. Улуттук бий сынагын уюштурунун максаты, кыргыз элинин нукура жүзүн чагылдырган бийди замандын талабына ылайык иштеп чыгуу. Бул долбоор руханий байлыктардын көрөңгөлүү уюткусу болгон улуттук маданиятыбызды өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошуп, өнөр сересиндеги чыгармачыл адамдарга, жаш талантарга дем күч берип, ар тараптан колдоо көрсөтүп, улуттук баалуулуктарыбызды жайылтууга жана жаштарды патриоттуулукка үндөйт деп ойлойм. Келин алып, кыз берүүдө же жакшы бир маараке, той-топурларда өзүбүздүн улуттук бийибизди бийлөө кимге жакпасын? Сынакта бир гана нерсеге басым жасалбастан, улуттук бий композициясына, улуттук бий музыкасына (оранжировка) жана ырдын сөзүнө (текстке) атайын баалуу байгелер каралган.

- Рустам Ырысбаевич, сиз коомдун, замандын талабы болгон, мамлекеттин ишке ашырууга кудрети келбей жаткан жакшы саамалыкты иш жүзүнө ашырууга кириштиңиз. Бул 10-майда дизайнерлер арасында өткөн, бирдиктүү форма долбооруңуз. Мына ушул сынактын жүрүшү туралуу айтып өтсөңүз?

- Сынактын биринчи туру 10-майда “Хаят” мейманканасында белгилүү дизайнерлердин, массалык малымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда, атайын түзүлгөн калыстар тобу бирдиктүү формалардын мыкты үлгүлөрүн сунуштай алган сегиз дизайнерди тандап алышты. Бул сынакка Кыргызстандын баардык булуң бурчунан, жаш курагына карабай жүздөн ашуун чеберлерибиз өз дараметтерин сынап көрүштү. Биздин чеберлердин колунан иштелип чыккан бирдиктүү формалар эми элдин сынына коюлуп, смс добуш берүү аркылуу тандалып алынат. Мына ошондон кийин гана бул формаларды сапатуу тигип чыгара ала турган жеңил өнөр жай ишканаларына, тигүү цехтерге сынак жарыяланат. Бул дизайнерлер жаратуучу формаларга кетүүчү чыгымды толугу менен өзүм каржылоодомун. Сынактын жалпы фонду 5 млн. сомду түзөт Негизинен, биздин чеберлер 1-4-класстын окуучуларына, 5-8-класстын окуучуларына жана 9-11-класстын окуучуларына, ошондой эле мугалимдерге арналган атайын заманбап, кыргыздын орнаменти түшүрүлгөн формаларды тигишет. Бирдиктүү формалар негизинен нукура, жумшак, денеге жагымдуу, жаш жеткинчектердин кыймыл-аракетине ыңгайлуу жана көзгө толумдуу болуп тигилүүсүн талап кылуудабыз. Анан сөзсүз мен жогоруда баса белгилеп кеттим, бул формаларда кыргыз элине тиешелүү орнамент болуусу кажет. Себеби бул биздин келечек муунга өзгөчө дем берет деп ойлойбуз.

- Мындай мамлекеттик деңгээлдеги ири долбоорлорду жалгыз ишке ашыруу көптөгөн кыйынчылыктарды жаратса керек?

- Мен жалгыз эмесмин, мени руханий маданиятыбызга, жаштардын келечегине кайдыгер карабаган көптөгөн мекендештерибиз моралдык жактан колдоп келишүүдө. Эгерде, биз өз жеке көйгөйлөрүбүз менен алек болуп, майдалана берсек анда келечек муундун, өлкө тагдырын тобоокелдикке салган болобуз. Ооба, бул долбоорду ишке ашырууда көптөгөн кыйынчылыктар, ошону менен бирге колдоолорго да туш болуудамын. Менин оюм боюнча биздин келечек муундун өкүлдөрү кийе турган кыргыз элинин орнаментти түшүрүлгөн формалар окуучуларыбызга өзгөчө улуттук дух берип, аларды мекенчилдикке чакырып, партиоттуулукка тарбиялайт деп ойлойм.

- Жогорку Кеңештин экинчи чакырылышынын депутаты, кыргыз элинин мекенчил уулу катары айтыңызчы, Бажы союзуна кирүү менен Кыргызстан эмнеден утулат, же эмнеден утат?

- Бажы биримдиги экономикалык биримдик катары эсептелет. “Бажы биримдигине киребиз”,- деп президент айткандан баштап, тийешелүү мекемелер же адисттер бул биримдиктен кандай пайда болорун жана зыяндуу жактарын элге ачык айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек эле. Карапайым калк бул боюнча түшүндүрүү иштерине муктаж экендиктерин канча ирет айтса дагы, өкмөт оозуна талкан салып алгандай тымпыйып отурат. Бажы биримдиги туралуу катуу регламент иштелип чыккан, эгер кире турган мамлекет өзүнүн сунушун, талаптарын бербесе анда алар өздөрү сунуштарын жана талаптарын беришет. “Бажы биримдигине киребиз”,- деп аракет кылып жаткан биздин жетекчилерибиз бул боюнча кечиктирбей ачык айтып түшүндүрүү иштерин баштоолору керек. Медалдын да эки бети болгон сыяктуу, бул союздун да күңгөй-тескейлери көп.

- Акыркы мезгилде сүйлөгөн сөзү менен аткарган иши төп келбеген “саясатчы патироттор” көбөйүүдө. Сиздин пикириңиз?

- “Кой аксагы менен миң” дегендей, жашоода ар кандай мүнөз күткөн, кечээгисин унутуп, эртеңкисин ойлобогон жандар көп кездешет. Кээ бир адамдар саясат эмне экенин аңдабай туруп аралашып алып, өзгөлөрдү да, өзүлөрүн да кыйноодо. Саясат бул шоу же театр эмес, саясат - бул, элдин таламын талашкан, калктын сөзүн сүйлөгөн, өлкөнүн өнүгүүсү, мамлекеттин коопсуздугу боюнча күрөш жүргөн мыйзам талаасы. Бул мыйзам талаасына келдиңби сен өзүңдү унутуп, элдин мүдөөсүн ишке ашырууга, келечек муундун жаркын жашоосуна, мамлекеттин бүтүндүгүн сактоого кара жаныңды карч урууң кажет. Болбосо саясатка аралашуунун кереги жок деп ойлойм.

- Азыркы учурда коомубузга, мамлекетибизге эмне аба менен суудай зарыл деп ойлойсуз?

- Жоопкерчилик, анан темирдей тартип керек деп ойлойм. “Айтылган сөз, атылган ок”,- дейт элибиз. Айттыңбы, эл алдында “ак иштейм”,- деп убада бердиңби, анда ошол сөздүн өтөөсүнө чыгуу менен, ар бир бийлик башында турган аткаминерлер мыйзамды сыйлоо боюнча карапайым калкка үлгү болуулары керек. Мына ошондо ар кандай нааразычылыктар жаралбайт, коррупция жоголот. Биз мамлекетибиздин бүтүндүгү, кол тийбестиги, элибиздин жыргалчылыгы үчүн иштешибиз керек. Ошону менен бирге эле мамлекеттин, элдин, улуттун кызыкчылыктары биринчи орунда корголушу зарыл деп ойлойм. Анан ынтымак керек. Бөлүнүп, жарылуудан алыс болуп, эң негизгиси “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып” иштешибиз зарыл деп ойлойм.

- Кыргызстандын тышкы карызы жылдан-жылга өсүүдө, бул өлкө жарандарына коркунуч алып келбейби?

- Биз ошол карызга алынган акча каражаттарын туура пайдаланууну жыйырма жылдан бери үйрөнө албай келебиз. Ар бир карызга алынган акча пайдалуу ишке, б.а. максаттуу жумшалышы керек эле. Биз кайсы бир өлкөдөн карыз алардан мурун, так иш пландарыбызды кылдаттык менен иштеп чыгып, кимдир бирөө баардык жоопкерчиликти өз моюнуна алуусу абзел, анткени ал акчалар кимдир бирөөлөрдүн капчыгын кампайтпастан, элдин кызыкчылыгы, мамлекеттин пайдасы үчүн жумшалдыбы-жокбу, жоопкерчиликти моюнуна алган адам керт башы менен жооп берүүсү керек. А биздин чиновниктер карыз алардан мурун иш пландарын ийне-жибине чейин иликтеп чыкпастан, карыз алгандан кийин “эми бул акчаны эмне кылсак экен”,- деп ойлонушат.

- Азыркы убакта коррупция менен күрөшүү жүрүүдө деп жатабыз, бирок коррупциянын башатын табуу кыйынга тургандай?

- Чынын айтканда жыйырма жылдан бери коррупция бизде тамырын кенен жайыптыр. А жемкорлуктун тамырын кесүү үчүн аз эмес убакыт керек. Мен айтаар элем, биринчиден саламаттыкты сактоо, анан билим берүү, укук коргоо органдарынан баштоо керек деп. Мисалы, биздин Башмыйзамда кыргызстандын ар бир жараны акысыз дарыланууга жана бекер билим алууга укуктуу деп жазылып турган менен, жашырганда не бизде коррупция төрөт үйүнөн эле башталат. Дарыгерлердин айткан суммасын төлөбөсөң анда бала менен эненин өмүрү үчүн эч ким күрөшпөйт. Биз коррупцияны 100-200 сом алган жол күзөт кызматкерлеринен эмес, чет өлкөлүк мекемелер бөлгөн ири суммадагы акчалар жүгүртүлгөн тендерлерден издесек коррупциянын башатын табып, тамырын кыркмакпыз. Азыркы мезгилде көптөгөн тендерлерге сынак жарыяланууда. Бирок бул сынактарды ким көзөмөлдөп атат? Бул да чоң мааниге ээ. Мисалы, 15 млн. долларга тендер жарыяланды дейли, сынак жарыялангандан баштап эле тендерге катышуучу мекемелер мамлекеттеги тасирдүү адамдарга аталган сумманын 10 пайызын “белекке” ачык айтканда пара катары беришет. Анан комиссия мүчөлөрүн колго алышат. Мына ушундай шылуундук жол менен жеңишке жетишкен мекемелер анан кантип сапаттуу иш жасасын? Жыйынтыгы талапка жооп бербейт. Бул жерде ким зыян тартат, албетте, карапайым калк анан мамлекет. Анткени 15 млн. доллар мамлекеттин моюнуна карыз болуп илинеп калат. Мына жакында Кыргызстанга 3 миллиард доллардан кем эмес насыя келет дешүүдө. Бул ири көлөмдөгү акча каражаты. Ошондуктан мен өлкө башчыбыздан да суранып кетээр элем, тендерлердин өтүүсүнө өзгөчө көңүл буруусун. Анткени бул жерде миллиондогон акчалар жөн гана эки адамдын чөнтөгүндө ойноп калышы толук мүмкүн. Азыркы күндѳКыргызстанда курулуш аябай жүрүп жатат. Бирок, ушул курулушту ким жүргүзүп жатат? Кайсы компаниялар? Мына ушул компанииялар куруп жаткан курулуштардын баары талапка жооп береби? Бул өзүнчө суроо. Курулуштарды көзөмөлдөө мекемелери ар бир курулуп жаткан имараттарды этап-этабы менен текшерип турса, курулуш сапаттуу аяктамак деп ойлойм. Курулуп жаткан имараттын биринчи кабаты бүттүбү, экинчи кабатына өткөрбөй туруп текшерүү зарыл, эгерде кемчиликтери болсо, ошол жерден оңдоп-түзөө иштерине муктаж деп, экинчи кабатын курууга уруксат бербөө керек. Мисалы, жети кабат үйдүн пайдубалы туура эмес куюлган, бирок жети кабатын тең салып бүтүштү. Анан ошол компаниялар курулуп бүтүп калган имараттын баарын кайра бузуп пайдубалын оңдоп салып чыгат дейсиңерби, жок. Алар тескерисинче таасирдүү адамдарга ири суммадагы акча берип, “баары сонун” дедиртип кол койдуртуп коет. Биз бул компаниялардан мурун, мыйзам бузуп кол койгон адамдарды жоопко тартуубуз зарыл. Кол койдубу демек жоопкерчилик ошол адамдын моюнунда. Ал мөөнөтүнө карабай өз керт башы менен жооп берүүсү керек. Акыркы мезгилдерде биздин калкыбыздын эң көйгөйлүү маселелеринин бири бул бала бакчалар жана балдар аянтчалары. Биздин курулуш компаниялары өзүлөрү жаранамалаган “заманбап” имараттардын жан-жакасын карап көрөлүчү, бир бала бакча курулдубу? Жок. Мына Россияны эле алып көрөлү, эгерде бир чоң турак жайдын курулушун баштайсыңбы, сен бир бала бакча же мектеп куруп берүүгө милдеттүүсүң. Бул жөн гана куру сөз эмес, бул мыйзам түрүндө иштелип чыккан жобо. А биздечи, баары тескерисинче, бала бакча салмак тургай, бала бакча курула турган жерлер ар кимге ар кандай жолдор менен сатылып кетип, көпчүлүк ата-энелер айласыздан, мамлекеттик бала бакчалардан орун алуу үчүн коррупциялык жолдорго, пара берүүгө барышат. Мына коррупциянын башаты кайда жатат… Балким бул кимдир бирөөлөр үчүн жөнөкөй майда көрүнүштөрдүн бири катары саналышы мүмкүн, бирок, карапайым калктын жонунан кайыш тилип жаткан мындай көрүнүштөр коррупциянын башаты, жемкорлуктун пайдубалы болуп саналат.

- 2013-жыл, быйылкы жылдын алгачкы үч айы биздин чек арага чектеш жайгашкан аймактарыбызда абал аябай эле кооптуу болду. Бул сизди Кыргызстандын жараны катары тынсыздандырабы?

- Албетте, тынчсыздандырат. Азыркы учурда өлкөбүздө болуп жаткан ар кандай саясий оюндар, пикет-митингдер, жадагалса ошол эле “Кумтөр” маселеси дагы мамлекеттин коопсуздугунан маанилүү эмес. Биз биринчи кезекте ата-бабалар каны менен сактап келген, асабабызды бийик көтөрүп, мамлекеттүүлүгүбүздүн жоголушуна жол бербейбиз деген ураан менен жашашыбыз керек. Анткени мындай бакыт канча деген улуттардын бешенесине жазылбай, ар кимге көз каранды болуп жүрүшөт. Мисалы, уйгурлар, дунгандар, курддар өңдүү бир топ улуттар, “менин Уйгурстан же Курдстан деген мамлекетим бар!”- деп көкүрөгүн каккылап, сыймыктануу менен эч качан айталбайт. Улут үчүн мындан артык бакыт жок экенин түшүнүүбүз зарыл. Ал эми чек арадан байма-бай болуп жаткан жаңжалдар биздин армиянын, күч түзүмдөрдүн жана өкмөттүн алсыздыгынан кабар берет. Мен мындай жаңжалдардын чыгуусунун негизги себеби катары, суу маселесин айтаар элем. Мындай одоно көрүнүштөрдү, биздин коңшулаш элдин “булар өзүлөрүнчө жол салып алса, бизге суу бербей коёт”,- деген чолок ойлорунан чыгып жаткан чыр деп да айтууга толук негиз бар. Мына ошондуктан биринчиден суу маселесин чечүүбүз кажет. Анткени биздин коңшулар биздин суубузга кандай муктаж экени айтпасак да баарыбызга белгилүү. Экинчиден, чек арага жакын жайгашкан баардык аймактарга мамлекет өзгөчө жеңилдиктерди киргизүүсү жана көпчүлүк жарандардын ошол аймактарга барып иштешине шарт түзүп берүүсү керек. Мына ошондо биз агылып сыртка кетип жаткан жарандарыбызды дагы жумуш орундары менен камсыз кылууга жетишмекбиз. Мисалы, өлкөбүздүн казынасына жыйырма жылдан ашуун, бир тыйын төлөбөй, кайсыл бир чиновниктин капчыгын калыңдатып келген “Катта-Туз” нефти базасын алалы. Өзүбүздө, күйүүчү майлар тартыш болуп, ар кайсы өлкөдөн ташып келүүдөбүз, анда эмне үчүн, бай-манабы ашып аткан өлкөдөй, биздин нефтини тажиктердин бир тыйын төлөбөй иштетүүсүнө жол берип келдик? Мына ошол жерге нефти базасын куралы, тажик тарапты эмес, өзүбүздүн жарандарды иш менен камсыз кылалы. Ошондо чек арага чектеш аймактарыбызда дагы калктын саны көбөйүп, коңшулар бизге азуусун көрсөтүп айбат кылууга кудреттери жетмек эмес.

- Түндүк-түштүк деп бөлүнүү адатыбыздан арыла албай келебиз. Ушул терс көрүнүштөрдөн канткенде арылууга болот?

- Эл эч качан бөлүнбөйт! Карапайым калктын аң сезиминде мындай терс ойлор жашабайт. Бул айрым бир саясатчылардын амалы түгөнгөндө чыгарган жана ошондой эле айласы кеткенде пайдаланып жүрүшкөн саясий куралы деп ойлойм. Мурда мындай бөлүнүү-жарылуулар болгон эмес. Эл башында турган лидерлер түндүкпү-түштүкпү, айырмасы жок эле кыдырып иштей беришкен. Балким ошондуктан бүтүндөй кыргыз элине барктуу болушкан. Буга жөнөкөй эле мисал, кыргыздын чыгаан, кыраакы саясатчысы Султан Ибраимовду, Исхак Раззаковду алып көрөлү. Бул кыргыздын кыраан уулдарын кимдер гана билбейт. Түндүк-түштүк дебей бул адамдар менен бүтүндөй кыргыз эли сыймыктанат эмеспи. Ошондуктан мен бул нерсени майдачыл саясатчылардын чыгарып жаткан интиригасы деп айтаар элем. Эгерде кудуреттери, саясий эрктери жетсе муну ошол эле саясатчылар өздөрү чекит коюп тыйып коюууга болот. Биз бүгүн “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып”, Ата-Журтубуздун тынчтыгы, элибиздин биримдиги, өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшү үчүн кам көрүшүбүз керек. Түштүк-түндүк деген караңгы түшүнүктөн арылып, географиялык абалыбызды кошпой эле “Мен кыргызмын! Улуу элдин урпагымын!”- деп айтуунун өзү кандай сыймык.

- Кыргыз элинин улуу мурасы деп эмнени айта аласыз?

- Албетте, Манас. Манас бул кыргыз элинин маданияттынын туу чокусу десем жаңылышпайм. Дүйнөдө эч бир элдин бешенесине ушундай улуу, руханий байлык буйруган эмес. Биз ушундай улуу эпосту жараткан кеменгер эл экенибизди эч качан унутпашыбыз керек. Мына ушул кезге чейин улуттук идеологияны ой-кырдан издеп, өзүбүздөн-өзүбүз ыраактап, чыгышка да, батышка да бой уруп көрдүк. Биздин улуттук идеология эпосторубузда, санжыра-тарыхыбызда, каада-салт, үрп адаттарыбызда жатканын түшүнсөк да түшүнгүбүз келген жок. “Колдо бар алтындын баркы жок”,- дегендей, колубузда турган баалуу мурастарыбызды колдоно албай келебиз. Мисалы, канча мамлекеттер акчанын күчү менен жок тарыхын жаздырышып, жок баатырларын жасап жатышат. А бизчи, бар нерсенин баркына жетпей келебиз

- Кыргыз элинин кылым карыткан тарыхын жаздыртып аткан, улуттун учугун улаган уулуна жашоодо эмне кымбат, эмне ыйык?

- Түбөлүккө түркүк болгон эч нерсе жок. Өлүм менен өмүр эриш-аркак жүрүп, жашоодо жадагалса ата-энебизден да айрылат экенбиз. А бирок Ата-Журттан эч ким ажырай албайт. Адамдын киндик каны тамган жер, бул - Ата-Журтта. Мен сыйынган ыйыктыктардын бири да Ата-Журт. Ошондой эле Кыргызстаныбыздын ар дайым мамлекет катары бүтүн болсун деп тилеп келем. Мамлекетти, мамлекет катары калыптандырган бул – эл, ошол элдин тарыхы, экономикасы, руханий байлыктары анан маданияты. А маданият бул биздин тилибиз. Ошондуктан кыргыз тилибизди ыйык деп санайм. Анан, рухий байлыгыбыз болгон Манасыбыз ыйык. Мына ушул руханий байлыктарыбызды келечек муунга, жаштарга татыктуу өткөрүп берсек экен деп тилейм. Тарыхын, тилин унуткан элдин келечеги болбойт. Ошон үчүн да бабаларыбыз байырлаган Энесай-Алтайдан баштап, көчмөн элибиздин көчү түшүп, аталарыбыз жердеген дүйнөнүн төрт бурчуна тарыхчы, илимпоз адамдарды жөнөтүп, алардын башын бириктирген “Санжыра” борборун түзүп, 40 млн сом бөлүп, кыргыз элибиздин тарыхый-санжырасын 40 том кылып чыгарууга аракет жасап келем. Бул долбоор көптөгөн мекендештерибиздин жүрөгүнүн түпкүрүндө уялап жаткан мекенчилдик сезимдерин ойготуп, жалгыз гана Кыргызстанда жашап аткан жарандарыбыз гана эмес, дүйнөнүн булуң-бурчунда иштеп-жашап жүргөн мекендештерибиз дагы өзүлөрүнүн чоң салымдарын кошуп жатышат. Биздин кыргыз элибиздин келечегине, ата-бабаларыбыздан баскан жолу тарыхына кайдыгер карабаган адамдар, көптөгөн каттарды жөнөтүшүп, колдон келген жардамдарын берип жатышкандыктары үчүн да чын дилимден ыраазычылык билдирем. Бул колдоолор да мага чоң дем күч берет.

- Жашоодогу кыйынчылыктар адамды курчутат дешет...

- Адам баласы жарыкчылыкка келип, өмүр менен кош айтышып кеткичекти ар кандай тепкичтериди басып өтөт. Адамбыз да, ушул мезгил ичинде көптөгөн убактыбызды жөн гана болор-болбос нерселерге уурдатып, текке кетирген күндөр албетте, болот. Бирок мени өзүмдүн, жеке жашоом, күнүмдүк көйгөйлөрүм эмес элимдин, журтумдун көйгөйлөрү көбүрөөк толгондурат. Биз ар бирибиз эң алгач “мен өлкөм, Кыргызстан үчүн эмне иш кылдым” же болбосо “Кандай салым кошууга кудретим жетет”,- деп ойлоонубуз керек. Мисалы, өлкөбүздүн жарандары үй-бүлө курушат, ошол үй-бүлөлөрдөн мамлекеттин пайдубалы куралат. Мына ошондуктан ар бирибиз, өз мамлекетибиздин жарандары үй-бүлө мүчөлөрүн улутчулдук духта, мекенчил кылып, кыргыздын каада-салт, санжыра эпостору, макал-лакаптары менен тарбияласак, өлкөбүз да күчтүү, пайдубалы бекем болот. Ооба, кыргыз эли айкөл, даанышман, бирөөгө кара санабаган, бирок, катылгандын катыгын берген жоокер, кең пейил эл. Эч качан эч кимге оозунуп жамандык каалап, душмандык кылган эмес. Бирок, душмандарын эч качан жазасыз калтырган эмес. Кыргыз элинин карылары нарктуу, жигиттери мырза, кыздары нукура сулуулуктун ээлери экенин ким тана алат? Ошондой эле элибизге таандык, “Ата-Журттун топурагы алтын”, “Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат”, “Ырыс алды ынтымак” - деген макалдарыбызда эмне деген керемет ойлор жатат. Мына ушундай акыл тарбиясын алган балдар, мамлекеттин, өлкөнүн эртеңи деп ойлойм.

- Кыргыз эли жигиттердеги эң бийик сапаттардын бири анын мартыгы деп айтышат. Биз билгенден көптөгөн жардамга муктаж жандарга колдоо көрсөтүп келесиз. Кайрымдуулукту сиз кандай түшүнөсүз?

- Кайрымдуулукту мен оң колуңдун бергенин сол колуң билбеген жакшылык деп түшүнөм. Башкача айтууга мүмкүн эмес. Адам канчалык жакшылык жасаса, ошончолук улуулукка умтулат деп ойлойм. Жардамга муктаж адамдарга колуңдан келсе сөзсүз жардам берсең, ал адам утурумдук кыйынчылыктарын жеңгенден кийин сөзсүз башкаларга жардам берет. Кылган жакшылыгың андан кайтпаса да, Кудайдын буйругу менен башкалар аркылуу сөзсүз кайтып келет. Оргуштап чыга албай жаткан булактын оозун ачып коюудан, же болбосо кимдир бирөөгө үмүт берип, колдоп, таяныч болуу бул адамгерчиликтин өзөгү деп түшүнөм. Анан жашаганга жараша өз элиңе, өз жериңе кандайдыр бир пайда келтириш керек да. Өмүрдүн да чеги бар… Канча жашайбыз, ким билет?

- “Билимдүү инсан кыр ашат”,- дейт. Сиз “Билерман ордо”, “Эл наркы”, “Тамашоу” долбоорлоруна демөөрчү болуп келесиз. Демөөрчүлүк хоббинизби же патриоттуулукпу?

- Кимдир бирөөлөр демөөрчүлүктү хобби, кимдир бирөөлөр патироттуулук, а кимдир бирөөлөр өзүн жарнамалоо деп түшүнөт чыгар. Бирок, акыл калчап көрөлүчү, биз бүгүн жаштарды колдоп, аларга жакшы шарт түзбөй туруп, эртең кантип алардан өзүбүз бербеген нерсени талап кылабыз? Азыркы өсүп келаткан муун биз тарткан өксүктөрдү тартпаса дейм. “Асыл таштан, акыл жаштан”,- дегендей, мен келечек муундун билимдүү, жаңыча ой жүгүрткөн, мекенчил инсандардан болууларын каалайм. Ошондуктан жаштардын ар тараптан өсүүсүн колдоп келем. Биздин келечек муун өтө акылдуу, биздин жаштар өзгөчө мекенчил болуулары керек. Мына ошондо гана Кыргызстан өнүккөн мамлекеттердин катарын толуктайт деп ойлойм. Багыттуу иш жүргүзүп, өз таланттарын таптап, кыргыз элинин маданияттын таанытууга салым кошуп жаткан жаштарыбызга абдан ыраазы болом. Ошондуктан колдон келген колдоомду көргөзүүдөмүн. Бирок, баары эле сыдыргыга салгандай түз, туура жолдо баратышат деп айтуудан да алысмын. Мисалы, бир кездери чачтарын айымдардай өстүрүп, кийген кийимдери келбеттерине жарашпаган, улуттун тилин чанып, кыргызча сүйлөсөң орусча жооп берген тарбиясыз жаш муунду көрүп көңүлүм аябай чөккөн. Улутту улут кылып жоготпой кармап турган бул анын тили, маданияты, үрп-адат, каада- салты экенине ынаангандыктан, ата-бабаларыбыздын нарк-насилинин башаты, айыл жергеси экенин, элет эли жаштарды мындай терс көрүнүштөрдөн сактап каларына ишенгендиктен, ЭЛТРдеги “Билерман ордо” теле берүүсүн колдоп, жандандыра баштагам. Ошондой эле кыргыз элин дагы бир жакшы жагынан таанытып жаткан “Тамашоу” оюнчуларынынын чет өлкөлөргө чыгуусуна көмөк көрсөтүп келүүдөмүн. Бирок, "Билерман ордо", "Эл наркы", "Тамашоу" долбоорлоруна көрсөтүп жаткан жардамымды хобби же патироттулук деп түшүнүүнүн кереги жок. Жөн гана улуулардын жаштарга көрсөткөн колдоосу деп түшүнүү абзел.

- Өмүр сапарыңызды кандай адамдар коштоодо. Айтайын дегеним кайсыл залкарлар менен табакташ болуп калдыңыз?

- Мен үчүн адамдын кызмат орду, байлык-бийлик мансабы эмес, анын акыл көрөңгөсү, ата сөзүн, эне кебин айта алган жан дүйнө аруулуктары биринчи орунда турат. Мен үчүн ак калпагын баштарынан түшүрбөй, ак сакалдарын жайкалтып, ата-балаларыбыздын тарыхынан, улуу көчтүн сан кылымдык сапарынан жаштарга учкай кеп салып отурган айылымдын кадырман карыларынан ашкан залкарлар жок. Жашоодо көп эле белгилүү адамдар менен замандаш болдум. Ошентсе да Жогорку Кеңештин экинчи чакырылышында эл өкүлү болуп шайланып, кыргыздын чыгаан уулу, белгилүү саясатчы, өчпөс жылдыз Дооронбек Садырбаев менен чогуу иштешип калганымды өзгөчө сыймык деп айтаар элем. Бул кишинин кыргыз эли, маданияты үчүн жасаган иши опол тоодой.

- Ар бир адамдын көөдөнүндө айылына болгон сагыныч жашайт дешет?

- Кайда жүрбөйүн, карегимде Ата-Журтумдун элеси, көөдөнүмдө айылыма болгон кусалык, сагынычым жүрөрүн жашыргым келбейт. “Ааламга кеткен жол айылдан башталат”,- дегендей, өмүрүмдүн башаты болгон Ноокаттын шамал ышкырган адырлары, алма жыттуу, кең пейилдүү, берекелүү айылым ар дайым жүрөгүмдө. Баардык эле адамдар өздөрүнүн киндик каны тамган айылын жакшы көрүшкөн сыңары, мен да жан дүйнөмдө айылымдын өзгөчө орду бар.

- “Бир гана аялзаты мага күйүп бышат, ал менин алпештеп чонойткон апам”,- деген экен акылмандардын бири...

- Ар бир эле адамдын ападан өткөн ыйык адамы жок. Жароокер жар, мээримдүү эне, акылыңа акыл кошкон аруузаада асылкечтер кадам сайын эле жолуга бербейт. Бирок, мен аялзатынын асылдыгын, улуулугун апам аркылуу туйгам десем жаңылышпайм. Атам анча-мынча адам тик багып карай албаган, аябагандай сүрдүү киши болчу. Бирок, ушундай сүрдүү болсо да бизге бир жолу колун тийгизип, жаман айтып урушкан жок. Атамдын бир гана көз карашы баарын чечип, өз ордубузду айтып коёр эле. А апам болсо тескерисинче мээрими жүзүнөн төгүлүп, боорукерлиги, жумшактыгы анан жан дүйнөсүнүн ушундай бир бай, аруулугу менен айырмаланып турчу. Апам кайда барбасын бизге ар түркүн, ар улуттун жомокторун сөзсүз алып келчү. Ошондуктанбы, кичинебизден эле дүйнө таанымыбыз кенен болуп, билимге жакын өстүк. Биринчи Аллах деп коюшат эмеспи, ошол сыңарындай эле мен үчүн Жараткандан кийинки баа жеткис асыл жандар бул ата-энем. Бул адамдар бизди кыргыз элинин каада салты, үрп адаты менен тарбиялап чоңойтушту. Эсимде, биздин ар бир кеч Манас эпосун окуу менен башталчу. Ошондой эле атам менен апамдын бизге койгон талабы боюнча биз жети атабызды, кыргыз элинин тарыхын, санжырасын билишибиз милдет болчу. Уядан эмне көрсөң учканда ошону аласың дегендей, ата-энем берген тарбия менин азыркы кылып жаткан иштеримдин башаты десем жаңылбайм. Кээде күнүмдүк жашоодон чарчаганда, айылыма балалыгымды, асылдарымдын элестерин издеп барам. Айылымдын чаң баскан ар бир жолдорунда апам менен атамдын издери калган. Бирок, мезгилди токтотууга, убакытты артка кайтарууга кудретибиз жетпейт экен.

- Үй-бүлө кичинекей мамлекет. Адам үй-бүлөсүнөн таппаган бакытты эч жерден таппайт дешет. Ушул чакан малекетиңиз туралуу кеп учугун уласаңыз.

- Кудайга миң мертебе ыраазымын, жашоодо коломтобуздун отун өчүрбөй жубайым экөөбүз, турмуштун ысыгына түтүп, суугуна чыдап, Улукбек, Исламбек, Нурмухамед аттуу үч баланы тарбиялап, өстүрүп келе жатабыз. Бул да бир бакыт. Мен көпчүлүк учурда жеке ишкерлик, коомдук жумуштар менен үйдөн сырт жүрөм. Үйдүн куттун жандырып, балдарыбыздын тарбиясы менен учурда жубайым алек. Кыргызда жакшы сөз бар эмеспи кайнененин камырынан деген. Ошол сыңарындай келинчегим да апам өңдүү элибиздин каада-салтын үрп адатын жакшы билгендиктен, балдарыбыз кыргыз мырзаларына таандык баардык жумуштарды жасай алышат. Ошондой эле шахматтан сырткары улуттук, тогуз коргоол, ордо оюндарын жакшы ойношот. Кыргыздын канында бар дегендей ат мингенди жакшы көрүшөт. Эки кичинекей уулум «Ак калпак» күнүнө карата борбордук аянтыбызда өткөн майрамда «кара жорго» улуттук бийин бийлешти. Кичүү уулум Нурмухамед азыркы учурда манас айтуу өнөрүнө кызыгып жүрөт. -Уулдарыңыз эрезеге жетип калган болсо керек. Айтайын дегеним жигиттик парзын аткарып, аскерге кызмат өтөөгө барабы? Анткени азыркы учурда, эч кимге жашыруун эмес, биздин элге төбөөсү көрүнүп калган инсандарыбыздын балдарын армиядан кездештирүүгө мүмкүн эмес. -Эр жигиттин милдети мекенди коргоо болуп саналат. Аның сыңарындай улуу уулум Кытайда билим алып жатканына карабастан, Кыргызстанга келип, өз элинин алдындагы жигиттик парзын аткарып, азыркы учурда Улуттук Гвардиянын катарында өз кызматтын өтөөдө. Улуу көч кайда барса, кичүү көч ошондо дегендей, убагы келгенде кичүүлөрү да агасынын жолун жолдойт деп ойлойм. Эсиме дагы бир нерсе түшүп жатат, 2010-жылдагы Ош коогалаңында, мен Бишкекте болчумун. Эки элдин ынтымагын бузган бул коогалаң башталарын угарым менен Ошко учтум. Эки жакты тең чыгымдарга алдырбагыла деп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, шаарыбыздын коопсуздугун сактайбыз деп жүрүп, өзүмдүн үй-бүлөмдүн абалын суроону унутта калтырыпмын. Абалды кичине жөнгө салгандан кийин, үй-бүлөмдөн кабар алып келейин деп, үйгө барсам келинчегим ыйлап отурат, Исламбек сыртка чыккан бойдон жок деп. Шаардын коопсуздугун сактап жүргөн элдердин арасынан уулумду көргөндө алгач колундагы таягына көзүм түштү. Чынын айтайынбы, өз дараметине жараша Мекенди коргоого чыккан он бир жашар уулумдун куралы да өзгөчө экен, үйдөгү апасынын камыр жайган үбөлүгүнүн учуна бычак байлап көтөрүп алыптыр. Баламдын үйгө айтпай чыкканы бир жагынан жан дүйнөмө коркунуч жаратса, бир жагынан жүрөгүмдүн түпкүрүндө уулум элин коргоого жарап калган турбайбы деген сыймыктануу пайда болду.

- Жашоодо баарын тапса болот. Бирок чыныгы достукту табуу бул оңойго турбайт дешет. Сиз көптөн бери жеке ишкерлик менен алектенип жүрөсүз, а соодада достук жок деп да айтышат. Сиздин оюңуз.

- Бул ар бир адамдын абийириндеги иш. Чыныгы достук тактыкты талап кылат. Бирок, дос да, достук да ар кандай болот. Бул эми турмуш. Бирок, мен үчүн достук ыйык сезим. Кээ бир жандар кызыматтына, байлыгына, бийлигине, билимине карап ДОС күтөт экен. Кээде таң калам кантип эле деп… Менин айылдык карапайым, билими деле орто, жөнөкөй досторум көп. Жолугушуп калганда дегиле сөзүбүз бүтпөй, жан дүйнөбүздүн чаңкоосу басылгандай эс ала түшөбүз. Санаалашып ДОС боло албаган сыңары, достукта мамиле таза, аяр болушу керек. Кыргыздын суусунун кымыз кандыргандай, менин чаңкоомду досторум менен жолугуп, сырдашуум басат. Бир туугандарды Жараткан берсе, досту пайгамбар буйруйт деген жакшы сөз бар. Жашоодо жакшы дос күтүү, бул да өзүнчө бир чоң эмгек. Кимдир бирөөнүн, жамандыкта таяп, жакшылыкта жандап, сенин кадыр баркыңа жетиши, же ылдыйда –өбөк, өйдөдө – жөлөк болуп менин кимдир бирөөнү кадырына жетишим, аянбаган мээнети талап кылат да. Качан болбосун, досторумда жакшылык болсо экен деп тилейм. Кайда жүрбөйүн, алардын жакшылыктарын көбөйткөнгө, ак-кара эриш-аркак жүрөт дегендей эгерде, бир жамандык болсо жандарында болгонго аракет кылам. Анткени, алардын ар биринин менин жан дүйнөмдө өзгөчө өз орду бар. Жараткандан, ар бир досумду, жан дүйнө жаралаган тагдыр каарынан сактай көр деп купуя тилеп келем. Билем, алар деле чыракданды чарк айланган жетим көпөлөктөй ойлорунун ордосунда менин амандыгымды тилеп жатышканын. Алар менен болгон ар бир сырдашуум мезгилди тизгиндеп, өмүрүмдү өргө сүйрөгөндөй болот.

 

А.Ормотоева

Булак: “Майдан.kg