Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 1550
Мына турмуш ѳз нугу менен баарын ѳз ордуна коет деген сѳздүн кези келди. Мурунку оппозиция, азыркы бийлик, мурун калптын негизинде энергетиканын проблемаларын кѳтѳрүп, Бакиевди оодарып , кызматтан кетирип баарын кыйратабыз, жыргатабыз деген калптары эми кѳп ѳтпѳй эле ачыкка чыгып атат.
 
2011-жылы 20 млрд. куба метр толгон Токтогул суу сактагычында, азыр  6-7 млрд. куба метр суу шылдырап араң агып калды. Тѳңкѳрүш кылуу алдында эл алдына чыгып, оозунан ак кѳбүк акканга чейин айкырган Атамбаев “Бакиев светти ѳчүрүп атат, бул туура эмес”,-десе, Текебаев аны коштоп кол чаап турган эле. Кѳп ѳтпѳй жарык ѳчүп, ага кошулуп газсыз калып, ичээрге суу таппай акактап жүргѳндѳр мындан кѳп. Жарык эмне себептен ѳчүп аткан себебин элден жашырып, ремонт иши жүрүп атат деп элди алдап келе жатышат.
 
Ширшовдун коррупциялык схемасын жоготуп, энергетиктер ѳзүбүздүн кѳмүрдү сатып алабыз деп кѳкүрѳк кагышты эле, Ширшовдун схемасы жоголбой эле гүлдѳп, жемишин берип, бизге Казакстандын ууланган кѳмүрүн алып келип жатат. Бул калптары да чыкты. Кыргызстан  жыл сайын миллиарддаган суммаларды жумшап  казактардын кѳмүрүн алып атат. Убагында, аферист Ширшовдун коррупциялык схемасы – бүгүн аферист Алмазбек Атамбаевдин афералык, коррупцияланган  схемасына айланып  калды деп айтууга толук негиз жаралып калды.
 
2010-жылдагы тѳңкѳрүш, кандуу жол менен бийликти басып алуу аракетинин бирден-бир себеби бул – электр энергиясынын ьаасынын жогорулашы болчу. Элди негизи жок ушактар менен суугарып, ар кандай амалдар менен алдаган Атамбаев, 2010-жылдан бери электр тармагын эптеп кармап, 4 жыл ѳткѳн соң эми башкача обонго салып ырдай баштады. Дрижеру Осмонбек Артыкбаевге да акыл түштѳн кийин кирип, жарыктын баасын асманга чыгаруу демилгесин кѳтѳрүп атат. Мындан бир жыл мурун электр линияларына күч келип атат, авариялык абал түзүлдү, ошол себептен үйдү электр эмес, газ менен жылыткыла дешкен. Азыр жылытканга  газ жок, жарык кымбаттоо алдында, элдер эмитен тезек кургатып убара тарта баштады.
 
Анысы аз келгенсип, электр энергияны кыйратып атабыз, ГЭС курабыз деп 4 жыл калп менен элди тойгузушту. Эртең, “Камбар-Ата- 1” ГЭСин курабыз деп келишти. 4 жылдан бери “Камбар-Ата -1” ГЭСин али күнгѳ чейин баштай алышкан жок. Жогорку Нарын каскадын кыйратып атабыз дегенин карап кѳрсѳк, анын артында олчойгон кѳйгѳйлѳр жатат. Буларга али кура турган жер бѳлүнѳ элек. Жер бѳлүнүп берилгенден кийин анан проект  түзѳт, булар али проекти башташа элек. Бул деле кѳп калпынын бири. Эл Атамбаевдин калпынын  упчусун соруп жашап келе жатат.
 
Эгер мунусу жалган болбой, баштаган иши аягына чыккан күндѳ дагы, чыккынчылык менен түзүлгѳн келишим боюнча, биз кыргыз эли 1 кВт электр энергиясын 4 сом 30 тыйындан жагабыз. Ошондой ГЭСтин бизге кереги барбы? Мүмкүн Атамбаев менен Артыкбаевге кереги бардыр.
 
Бул бийликтин калпына дагы канча чыдайбыз?
 
Чындыгында бүгүнкү күндѳ электр энергиясынын ѳздүк наркы 1 сом 20 тыйын экени туура. Анын себеби, ТЭЦ жылуулукка, ысык сууга 30% баасын тѳлѳгѳн бишкектиктер, калган жалпы кыргыз элинин мойнуна электр энегриясынын баасы аркылуу чыгымдарды илип салган. Токтогул ГЭСинин чыгарган энергиясынын нукура наркы  8-10 тыйын. ТЭЦтин чыгарган электр энергиясынын ѳздүк наркы 2,50 сом. Себеби, ТЭЦ Казакстандын кымбат кѳмүрүн алып жагып атат.
 
Ал эми кое берген жылуулук, ысык суулардын баасы ит бекер. Ортодогу чыгымдарды кимдин мойнуна илип атат? 8 тыйын турган электр жарыгынын баасын 2,20 сомго чейин кѳтѳрүп жоготууларды жабыш керек деп атышат. Жылуулук менен ысык сууну пайдаланган Бишкектиктер болгону 100-150 миң үй бүлѳѳ. Калган миллиондогон үй бүлѳѳлѳрдүн мойнуна ошол датацияларды илиш керек. Бишкектиктер жылуу суу менен жылуулукту пайдаланат, а калган кыргызстандыктар мындай шартты пайдаланышбайт. Суусамыр, нарындыктар, таластыктар жана алайлыктар ысык суу менен жылуулукту колдонушбайт. Ысык суу менен жылуулукту пайдаланбаган айыл-кыштактагы жана Кыргызстандын башка аймагындагы элдер жебеген самсага пул тѳлѳп жатат.
 
Дагы бир айтып кетчү жагдай, азыр  алдап дагы бир чоң жамандыкты киргизебиз деп атышат. 300 кВт электр энергиясынан ашык жаксаң 1,20 сом, 600 кВт колдонсоң 2,20 сом деп атышат. Бул Атамбаевдин афералык схемасы экени талашсыз.
 
Эгер, чын эле элди алдабай акыйкаттуу карайбыз десе, башкача чен бирдигин киргизсе болмок. Маселен, 600 кВт чейин 70 тыйын, 900 кВт 1 сом, 1000-1500 кВт электр жарыгын колдонгондор үчүн 1,20 сом. Ал эми 1500-2000ден ашык кВт жаккандарга 2,20 сом  десе туура болмок. 
 
Айтор, аз ѳтпѳй Атамбаевдин, Текебаевдин жана Темир Сариевдин калптары чыгып атат. 2010-жылы “Бакиев электр жарыгын 1,50 сомго чыгарам деп атат”,- деп кыйкырышты эле, эми ѳздѳрү 2,20 тыйын кылабыз деп, анысы ишке ашканы турат.
 
Эгер Атамбаев бул кадам туура деп эсептей турган болсо, анда Бакиевдин саясаты да туура эле болгон экенин моюнга алышы керек. Тилекке каршы, элге бирди айтып адалсынган Атамбаев, башынан баштап эле арам иштерди кылып атканы ѳкүнүчтүү.
 
Булар мындай алдамчылыгы үчүн эч качан жоопкерчилик албайт. Силер байкап кѳргүлѳ, түндүк-түштүк унаа жолун курабыз деп аткан проектиси боюнча, жол 7 жылда бүтѳт. Нарын суусуна 4 ГЭС курабыз деген убадасы чын болсо 5 жылдан кийин бүтѳт. Айтып аткан “Камбар-Ата -1” ГЭСи башталса, 10-15 жылда аяктайт. Энергетикага болуп аткан реформалар 5 жылда бүтѳт. Коррупция менен күрѳштүн жыйынтыгы 3 жылда сезилет деп элди эртеңки куйрук менен тойгузуп келе жатат.
 
Эмне үчүн мындай дейт, себеби, булар эч качан эл алдында жоопкерчилик албайбыз деген система куруп алышкан. 2010-жылдан бери бензин 2 эсе, эттин баасы 2 эсе, бажы салыгы 3 эсе кымбаттап, Токтогулга толгон суудан айрылдык. “Свет ѳчпѳйт”,-деген убадалар, Атамбаев айткан күндѳн баштап эле ѳчѳ баштаган. Эгемендүүлүктү сактайбыз деген эргулдар орустарга колу бутубузду байлап, бажы бирлигине киргизебиз деп шымаланып турат. Мына ушундай жолдон чыгууга кыргызда айла барбы?
 
Д.Орунбеков