Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 1820

“Сен ооруба, мен ооруюн Ата-Журт,”- деп  шордуу  Алыкул  Осмонов бекеринен  айтпаган экен. Анын бул сөзүн учурда  биз да  кайталоого  милдеттүү  болуудабыз. Ата-Журт “шордуунун журту” болуп жатса  ким эмне демек эле? Жашоо, кимдер кантип  жашап жатышат? Кимдир  бирөөлөр башка бирөөнүн пешене теринин эсебинен ар кандай  айла-амалдар  менен  байлык топтоп арам жашап жаткандыгын, Курандын сөзү менен  айтканда: “бул чындыкты кудай көрүп турат”. Аны менен акыретте эсептешүү болот. Эмне үчүн эле адамдар мансапка карай жулунушат? Эмне үчүн шаарларга  карай  умтулушат?  Эмне үчүн? Себеби өтө көп!

 

Америкада  басмадан  14  (он төрт) жолу кайрадан  басылып чыккан индиялык улуу ойчул  Свама Швиванданын “Жашоодогу  ийгиликтерге  жетүүнүн  жолдору”,- деген эмгегинде  «сен  өзүңдүн  ким экендигиңди, мен өзүм  киммин  деп  терең изилде”,- деген  сөзүн,  ар  бир  өлкөнүн  ар  бир  жараны  өзүнө колдонууга  алганда  гана  бардык жерде,  баардык  өлкөлөрдө  Ата-Журт  өнүкпөй  калбайт.  Бизде  болсо  бийлик  каалаган кишисин  анын  ким экендигине  карабай, каалаган кызматына кое берет.

 

Эмне үчүн эч кандай байлыгы болбогон Япония мамлекети калкынын саны боюнча бизден  20-30  эсе  көп  болсо дагы  дүйнөдөгү  өнөккөн  мамлекеттердин  катарында турат? Билим  боюнча  баардыгыбыз  билимдүүбүз. СССРдин  доорунда  Кыргызстанда  илимдердин  доктурларынын  саны  300дүн  айланасында  болсо,  эгемендүүлүктүн доорунда  800гө  жетиптир.  Кантип?  Мындай  шартта  Салижан  Жигитовдун  сөзү  менен айтканда  “эмне  үчүн  кедейбиз?”. Өлкөбүздүн азыркы абалы үчүн ошол  “илимдердин докторлору” деген наамдардын даамын соруп жаткан илимпоздор  эмне  үчүн баштарын  оорутпайт? Мамлекетибиздин азыркы абалы  үчүн  алар да милдеттүү түрдө жооп берүүсү зарыл эмеспи?

 

“Мүмкүнчүлүгү  чектелбеген шартта  эмгектенбей  жашоо – бул  уурулук”,- деген даанышмандардын сөзү бар.  “Жашоодогу  кайдыгерлик  -  бул  ички  дүйнөнүн шалдыгы,  тирүүлөй  өлүк”,- деген  сөздөрдүн  маңызы  биздин өлкөдө  өкүм сүрүп жатпайбы.

 

Жусуп  Баласагын бабабыз: “Кут  өйдөлүктө  же  пастыкта  эмес,  адилеттикте”,- деген.  Ошондой эле Франциялык  жазуучу, кесиби  учкуч  Сент  Экзюпери  “адам  болуу – демек,  ал  өзүнүн  баардык  нерсе  үчүн жооптуу  экендигин  сезүүсү”,-  деп  айткандай,  жашоо болбогон жерде Ата-Журт  кантип өнүгөт?

 

Америкалык  журналист,  саясатчы,  окумуштуу  жана  философ,  Американын конституциясынын  авторлорунун  бири  Франклин  Бенджамин: “Бул  бүйнөдө  ажал менен  салыктан  башкалардын  баардыгын  мүмкүнчүлүгү  табылат”,- деп  айткандай, жолун таап Ата-Журтубуздун  келечеги үчүн баардыгыбыздын  ойлонуубуз  кажет. Маселен, жогорку денгээлдеги  аткаминер чиновниктер өз мүлктөрүн жашырышып,  мамлекетке  төлөнүүгө милдеттүү болгон ыйык салыктарын  төгүүдөн  качышат. Алардын  жашырган  мүлкүн  эмне  үчүн  тартып  алып,  аесуз  жазалоого  болбойт?  Бизде  бул  жагдай  жашоонун,  турмуштун  мыйзамдарына,  талаптарына  теңирден тескери  болуп,  ошолордун  талаптарына  ылайык  түзүлүп  жатпайбы. Анткени  ар кандай  жолдор  менен  өзүнүн  көздөгөн  максатына  жетип  алышкан  чиновниктер, калгандарын  айтпаганда  да  “мени эл шайлады”  деген Жогорку Кеңештин  60-70% депутаттары  жашоодогу  адамдык  сапатты  унутуп,  дүйнөнүн  кулу  болуп, жогорку бийликтин  куурчагына  айланып, жат  десе  жатып,  тур  десе  туруп,  өл  десе  өлүп калуудан  да  тартпаган  кубулма болуп жатпайбы. Мындай  шартка абийири  чыдабаган элдик патриоттор  мандатын  тапшырып  “аларыңды ала бер” деп  чыгып кетип жатпайбы.

Бир  премьер-министрди бийликтен кетире албай парламентте кандай окуялар болуп өттү.  Анын баасы мамлекетибизге  канчага  турат?  Парламенттеги  фракциялардын ыдыроосу  жана кайра  биригүүсүнүн  логикалык  мааниси  барбы  же  жокпу?  Бул суроолорго  жоопту ким  берет?

 

Кыргызстан жердин сорусу, байлыктын, кендердин, мүмкүнчүлүктөдүн өлкөсү. Гүлдөп  өркүндөөчү өлкө, ыйык өлкө, сыймыктанууга татыктуу керемет өлкө!

 

Канткен менен чиновниктер оппозицияда жүргөндө, азыркы президентибиз өзү айткандай  “бийликке ким келбесин желмогузга айлануучу өлкө болуп калат”. Учурдагы мурдунун  учунун аркыны көрө албаган бийлик  мамлекет үчүн өтө чоң өлчөмдөгү  зыяндан башка  эч  нерсе  жаратпай, эч  кандай  пайдасы  жок  болуп  жатат. Буга бир мисал – “экономика  министри Ата-Мекендик  товар  өндүрүүчүлөрдү коргойбуз”,- деп,  өтө  уккулуктуу  кооздолгон сөз менен четтен келип жаткан элге эң зарыл болгон арзан кант жана башка  продукцияларга  бажы  баасын  жогорулатам деп  абалды  эмнеге  алып  келди? 

 

Бажыга  чоң  акча  төлөп  жаткан  соодагерлер  эмне кылды? Өздөрүнүн товарларына  ошол бажыга  төлөгөн сомдорду  кошуп  гана коюшту.  Натыйжада  базарда  кымбатчылык  пайда  болду.  1 (бир)  килограмм канттын  баасы  45  сомдон  85  сомго  жетти, картошка элетте 60 сомго чыкты, доллардын курсу 60 сомго  чейин чыгып, азыр 52-53 сомдун тегереги. Ошону менен  бирге  көптөгөн товарлардын  баасы  көтөрүлдү.  Бул  бийликтин  мамлекетке  келтирген чоң  зыяны эмеспи?  Ошондуктан биз Ата-Мекендик  товар  өндүрүүчүлөрдү  колдоого алышыбыз керек.

 

огорку  Кеңештин  депутаты  Бакыт Төрөбаев  айтып  жатпайбы  “бир-эки  жерде  МТСтерди  уюштуруп  0.01 га жерди эгүүгө даярдоо  үчүн  төлөнүп  жаткан  бааны  60  сомдон  19 сомго  түшүрүүгө  жетиштик”,- деп.  Эмне  үчүн  бул  ишти  мамлекетибиздеги  бийликте  отургандар  колдошпойт? Массалык  маалымат  каражаттары  бийликти  мактап,  кошаматтык  кыла  бербей  ушуга окшогондорду  элге  жайылтуу  өздөрүнүн  ыйык  милдети  экендигин  эстерине  алышса, эмгектенишсе  өздөрүнүн  милдеттерин  аткарган  болот  эле.  Жогоруда  сөз  болгон депутаттар  2011-жылда  өндүрүлгөн  цемент,  шиферлердин  баасы  эки  эседен  артык жогорулап  кеткенде  чуу  чыгарышып, маселени  Жогорку Кеңеште  карамакчы  болуп жатышты  эле,  ал  маселе  эмне  себептен,  кимдин  таасири  менен  каралбай  токтоп калган?  Алардын  баасы  болсо  автоматтык  түрдө  эле  ордуна  түшүп  калган. Ошол жылдары  өндүрүлгөн цемент, шиферлердин  көлөмү  канча  болгон жана  андан түшкөн кошумча  сумма  кайда  сарпталды?  Бул  маселеге  эмне  үчүн  эч  ким  жооп  бербей  келет же  Кыргызстандын  байлыгын  каалаган желмогуздар  уурдай береби?

 

“Кумтөр” маселесинин чечилишин Камчыбек Ташиев, Эркин  Алымбеков,  Садыр Жапаров,  Равшан Жээнбеков  сыяктуу  чыныгы  элдик  патриотторго  тапшырылуусу  эң  туура  болот  эле.

 

Билим  берүү  жана  саламаттыкты  сактоо  системаларынын  тамтыгы  калбады  го.  Буга ким  жооп  берет?   А.Келдибеков  айткандай,  “азыраак  болсо  да  патриот  болбойлубу”, кайдыгерликтин  да  чеги  болушу  керек го.

 

Жогоруда белгиленгендей, колдонуп жаткан Конституциябызда  мамлекетибизде  акысыз билим  алуу,  ооруп  калганда  акысыз  даарылануу  көрсөтүлгөн.  Ошол  эле  жерде  жеке менчик  түрүндө медициналык  кызмат  көрсөтүүгө  да  жол  берилет  деп  айтылган.  Бул системадагылар  толук  түрдө  акысыз  дегенди,  акы  төлөө  менен  бири-бирине атаандаштык жаратып атып  жокко  чыгарып  бүтүштү.  Муну  менен  Гипократтын  анты тебелендиде  калды го.  Медициналык  кызмат  көрсөтүүнүн  бул  эки  түрүндө  да  ошол эле  дарыгерлер  иштеп  жаткандыктан  ушундай  абал  түзүлүп  жатат.  Саламаттыкты сактоо  министринин башы дегеле оорубайт.

 

Азыркы  доордогу  жашоонун бири-бирине  тыгыз  байланышып  кеткен  баардык тармактарынын  “каны-жаны  болгон”  күйүүчү-майлоочу  майлар тегерегиндеги  көз  боёмочулукту ким жөнгө салат?

 

Бир  тонна  бензинди  Орусиядан  орточо  560 доллардан  алып  келип  жатышыптыр. Демек  ошондо  бир  килограмм  бензин  30  сом  болот.  Демек  бир  литр  бензиндин баасы  22.5  сом  болот.  Ар  кандай  чыгымдарды  чыгарып  таштаганда  да  бир  литр бензинди  жүгүртүүдөн  кеминде  он  сомдон  аз  эмес   акчанын калган  суммасы  канча болоорун  ким  эсептеп  чыга  алат,  анысы  да  аз  келгенсип  ага  да  канааттанбаган чиновниктер  өзүнчө  привилегия  менен  Кыргызсттан  алып  келип  жаткан  бензинди үчүнчү  тарапка  ..  тажик  туугандарга  андан  да  кымбатыраак  баа  менен  сатып атканы не деген акмакчылык! “Ууру  бол,  каракчы  бол,  инсабың  менен болбойсуңбу”,  журтташым.  Ушундай  шартта  күйүүчү  майлоочу  майларга  болгон  баа эмне  үчүн  республиканын  бардык  жеринде  бирдей  болбойт?  Мындай  шартта  биздин мамлекеттүүлүгүбүз  кайда  калды...

 

“Бардыгы  шайланууга  тең  укуктуу”  деп  элдин  башын  айландырууга  аябай машыгышты.  Анын  бардыгы  жалган,  көз  боемочулуктан башка  эч  нерсе  эмес.  Анткени шайлоонун  жыйынтыгын  бийликтин буйругу  боюнча  участкалык  шайлоо  комиссиясынын протоколу  аткарат.  Аны БШК  бекитет,  иш  бүттү,  мына  сага  “адилеттүү  шайлоо”. Өткөндөгү  президенттик  шайлоодо  бирөөнүн  алган  261  добушу  1 (бир)  деп көрсөтүлгөн.  Үч  шайлоо  участогунун  жыйынтыгы  жокко  чыгарылган.  Ошондо  да шайлоо  өткөрүлдү деп  эсептелген.  Мындай  адилетсиздиктерге  тиешелүү  адамдар жоопко  тартылбай  кала  берсе, коом кантип өнүкмөк эле.  Аларга  байланышы  болгон “адам  эместерди” эч  аёосуз түрдө жазалоо зарыл.

 

Деген  менен  ар  бир  адамдын  жекече  өзгөчөлүгү  болот  го.  Ар  кимдин  өзгөчөлүгүнө, жөндөмдүүлүгүнө  жараша  өз  ордун  тапса  талапка  жооп  болмок.  Мисал  үчүн: мурдагы  “Азаттык”  радиосунун  экономика  боюнча  баяндамачысы  болуп  жүргөн  Сапар Орозбаков  сыяктуу  экономисттерди  экономика  министрлигине  коюнун  жолу  табылса коомубуз  алда  канча  тез  өнүкмөк.

 

Люстрация – полиграфтык  тестирлөө  апараты  дүйнөдөгү  өнүккөн  өлкөлөрдө  АКШ жана  башка  ийгиликтүү  колдонулуп  жатканда  бизде  да  башталып,  бирок  тып  токтоп калды.  Себеби  биздин  аткаминер чиновниктерге ал туура келбейт  экен.  Андан  булар өтө  албай  шерменде  болушат  тура.  Аны ошол эле замат мурдагы акыйкатчы Турсунбек  Акун,  убактылуу  өкмөттүн  мурдагы  мүчөсү  Азимбек  Бекназаров  да “бул бизге  туура  келбейт”,- деп  ошол  кезде  эле  айтышкан.  Булардын  пикирлери мамлекетибиздин  өнүгүшүнө  каршы  келет.  Эмне  үчүн  элден  ички  дүйнөсү  таза чиновниктер  табылбасын, сөзсүз  табылат.

 

Мамлекетибиздин  өнүгүшүн  артка  тартып  жаткан  факторлордун  негизгилеринин  бири баш  мыйзамыбыздагы  чоң  кемчиликтер.  Президенттикке  талапкер  кезинде  учурдагы президент Алмазбек  Атамбаев: “бүгүнкү  күндө Кыргызстан иш жүзүндө парламенттик эмес, парламенттик – президенттик  республика.  Анткени  президенттин бир  топ  ыйгарым  укуктары  сакталып  калган. Идеалдуу  болот  деп  күтүүнүн  өзү туура  эмес. (Баш  мыйзам  бир  айдын  ичинде  жазылып  чыкты).  Албетте  баш  мыйзамда чийки,  талаш-тартышты  жараткан  учурлар  көп.  Ошондуктан  ушундай  учурларды  жана бүгүнкү  чыныгы  турмуштун  талаптарына  төп  келбеген  баш  мыйзамды  карап чыгуубуз  зарыл”,- деп  “Россия 24” телеканалына  2011-жылдын 30-августунда берген  маегинде айткан. Баш мыйзамдын атасы  эсептелип  жүргөн Өмурбек  Текебаев  да  “эгерде бул  башмыйзамды  мен  өзүм жазган болсом, башкача жазмак  элем”,- деп  айткан. Демек,  аны өзгөртүү учуру келип жетти окшойт. 

 

Шарабидин Мамажанов,

80 жашта, пенсионер,

Сузак району,  Бек-Абад  кыштагы

 

Булак: “Майдан.kg