Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 2184

Парламентте башка маанилүү маселе калбай калганбы же бүгүнкү күндүн опурталдуу көйгөйү ушулбу, айтор 23-апрелде депутаттар сойкулукту ооздуктоого арналган “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун 2-окууда карашты. Бул мыйзам долбоорун депутаттар Замир Бекбоев, Кожобек Рыспаев, Каныбек Иманалиевдер иштеп чыгышыптыр.

 

Мыйзам долбооруна ылайык,  бул документ адамдарды сойкулукка тарткан жактардын жоопкерчиликтерин күчөтүү максатында иштелип чыккан. Эл өкүлдөрү тарабынан зомбулук жана алдоо жолу менен сойкулук жасоого тартуу, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун катышуусу менен сойкулук жасоого тартуу үчүн санкцияны жогорулатуу сунуш кылынган.

 

Анда күч колдонуу же күч колдоном деп коркутуу, опузалоо, мүлкүн жок кылуу же алдоо жолу менен сойкулук жасоого мажбурлагандар үч миңден беш миңге чейинки (300 миңден 500 миң сомго чейин)  эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Мындай иштер уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган. Ал эми жашы жете элек адамга карата жасалганда, беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылмакчы.

 

Талкуу учурунда депутат К.Рыспаев тиешелүү мыйзамдын демилгелениши менен телеканалдардын жүгүртмө саптарындагы этикага туура келбеген билдирүүлөр тыйыла баштаганын айтып, сойкулукка тарткандарга карата да мындай чаралар зарылдыгын билдирди. Комитет төрагасы К.Бокоев телеканалдардан порнография, зордук-зомбулук боюнча кинофильмдерди көрсөтпөө керектигин кошумчалады. Ошентип бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер азын-оолак натыйжасын бере баштаптыр.

 

Бул мыйзам долбоору талкууланган парламент жыйынына сойкулукту түздөн-түз көзөмөлдөгөн орган катары ИИМ жетекчиси А.Суранчиев да чакырылып, ал депутаттарга маалымат берди. Анын айтуусунда, бүгүнкү күндө  948 кыз-келин сойку катары каттоодо турат экен. Бирок бул расмий катталгандары гана, ал эми иш жүзүндө бул көрсөткүч 5 миңге чейин жетет. Акыркы жылдары болгону сойкукана иштеткен 18 адам кылмыш жообуна тартылган.

 

Айрым маалыматтар боюнча бүгүнкү күнү Кыргызстандын булуң-бурчтарынан, айрым учурларда коңшу чет өлкөлөрдөн “жумуш иштөөгө” деп алдоо жолу менен борборго келген жаш кыздар сойкулук кылууга мажбурланат. Алардын арасында өспүрүмдөр да бар экенин бейөкмөт уюмдар билдиришүүдө.

 

“948 сойку катары 948 кыз-келин каттоодо турат.  Бей расмий маалымат боюнча беш миңге чукул. Алар менен иштеген 36 кылмыштык топ бар, аларды кармоо иштери жүрүп атат. Азыр 18 кылмышкерди кармадык”,- деди министр  парламенттин жыйынында.

 

Жарыш сөздө депутаттар денесин сатып иштеген сойкуларга өздөрүнө жаза колдонууну айтса, кээ бир депутаттар байыркы кесиптин ээлерин коомдук жумуштарга тартууну сунушташты.

 

Бирок, бир да депутат же министр секелек кыздарыбыздын кантип денесин сатып сойкулук жолго түшүп кеткендигинин себебин айткан жок. Болгону статистика менен жазалоо ыкмалары сунушталды. Эгер бул көйгөйдүн себебин изилдей турган болсок – бүгүнкү коомубуздун “күзгүсү” же социалдык абалы калкып чыгат. Дүйнө жүзүндө да сойкулук маңзат, курал сатуудан кийинки үчүнчү кирешелүү бизнес экендиги белгилүү. Ошондуктан кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү денесин саткан кыздарды же алардын ортомчуларын калкалап, өз “үлүштөрүн” алып турушат. Ал эми биздин Кыргызстанда сойку бизнесин криминалдык чөйрөдөн тышкары укук коргоо органдары, милициялар өздөрү да көзөмөлдөп, тиешелүү суммада акча алып, “кызматынан” бекер пайдаланары жашыруун эмес. Бул пикирге мисал катары жакында Бишкектин жалаң кытайлар соода кылган “Таатан” базарына жакын аймакта жаш кыргыз кыздарын алдап сойкулук кылууга мажбурлап, түнкү клуб ачкан  кытайлык “бизнесмендердин” Бишкек милициясы тарабынан кармалып, бирок ошол эле милиция менен соттун ортосунда кутулуп кетишин келтирсек болот. Айрым маалыматтар боюнча, ошол кыргыздын секелек кыздарынын гана эмес, бүтүндөй кыргыз элинин  намысын тебелеген сасыган кытайлар биздин “гумандуу” милицияларга же сотторго болгону 6 миң доллар берип кутулуп кетиптир.  Эгер алар өз өлкөсүндө ушундай кылмыш үчүн кармалса, түз эле дарга асылмак. Ал эми биздин будуң-чаң түшкөн өлкөбүздө  акча үчүн баарын сатып алса болот.

 

Эгер министр А.Суранчиев айткандай, миңге жакын кыз-келиндер сойку катары катталып, расмий эмес маалыматтар боюнча алардын саны беш эсе көп болсо, анда эртең эне боло турган, үй-бүлөнүн очогун тутанта турган жана кыргыздын тукумун улантуучу кыздарыбыз калбай эле калган го? Себеби денесин ар кайсы эркекке сатып, анын астында талпактай жатып берген кыздын аң-сезими да талкаланат. Ал оңой менен түз жолго түшүп, кара жумуш жасап жанын баккысы келбей калат. Эми алардын “кирешесин” дүңүнөн эсептеп көрөлү, күнүнө ар бир сойку жок дегенде “таман акы, маңдай тери” менен 1 миң сомдон эле тапканда, 5 миллион сом акча айланат экен. Албетте, бул акчанын бир бөлүгү же көбү  “кожоюндары” менен  алардын “крышасына” түшөрү белгилүү. Ошондуктан укук коргоо органдарынан тартып, кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрүнө чейин көзөмөлдөп алган. Дал ушул жагдайдан улам депутаттар бул мыйзамын 2-окууда эмес, 7-окууда өткөрсө да сойкулук тыйылбайт. Бир чети жаш кыздарды бузуп, үй-бүлөсүнүн, жубайынын көзүнө чөп салган көпкөн аңги эркектерди да жоопко тартуу маселесин кароо керек. Албетте, сойкулукту тыюу оңой жумуш эмес. 

 

Бишкек ШИИбнин алдында уюштурулган коомдук нравалуулукту бузган  көрүнүштөргө (сойкулукка каршы) каршы күрөшүү бөлүмү түзүлүп, алар канчалык аракет кылган менен денесин сатып иштеген кыздарды тыя албай койду. Себеби эң оболу бул маселенин түпкүрүндө жаштардын, өзгөчө жаш, студент кыздарыбыздын жумушсуздугу, материалдык жактан кыйналгандыгы жатат. Андан тышкары коомубуз узун-туурасынан деградацияланып, адеп-ахлак, уят, намыс деген түшүнүктөр тыптыйпыл жоголгондугу да бир себеп. Кыскасы ата-эне кызына туура тарбия бербейт же алар айткан сөздү укпайт, бир сөз менен айтканда карылар калжаң, жаштар жалжаң болгон заманда жашап жатабыз. Бул бүтүндөй мамлекетибиз менен коомубуздун моралдык жактан кыйрап, жок болуп бараткандыгыбыздын да бир белгиси. Анткени курсагы ач, каалагандай модалуу кийине албаган, телевизор менен интернеттен жалаң батыштын аң-сезимди талкалоочу “боевик” жана эротикалык кинолорун көргөн кыздарыбыз менен балдарыбыз ошондой болуп тарбияланууда...

 

Сойкулук илдети тээ алыскы айылдарга чейин жайылып же ал жактагы эне сүтү оозунан кете элек кыздарыбыздын ар кандай алдамчылык жолдор менен Бишкекке денесин сатуу үчүн “экспорттолуп” жаткандыгы өтө зээн кейитерлик жагдай. Ал тургай кыргыз кыздарын Түркия, Түштүк Корея, Араб  жана башка мамлекеттерге ыктыярдуу же алдоо жолу менен алпарып, сойку болууга мажбурлаган “ортомчу” фирмалар Бишкекте четтен чыгат. Демек, депутаттар чындап эле бул көйгөйдү жоюуну көздөсө, ушул жагдайга да көңүл буруусу зарыл.

 

Материалдык муктаждык жана ачкачылык адам баласын тез эле мыкаачыга же маңкуртка айлантып коёру белгилүү. Демек, ошол 1 миңге же 5 миңге жакын кыз-келиндерибиз “жырганымдан жылкычы болуптурмунбу?” дегендей, жакшы турмуштан сойкулук жолго түшүп жатпаган чыгар. Андыктан жаш кыздарыбызды сойкулукка мажбурлагандарды каттуу жазага тартуу менен эле чектелип калбастан, жаштар арасындагы жумушсуздукту жоюу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сыяктуу комплекстүү иш чараларды кабыл алуу керек. Бир сөз менен айтканда коомубуз моралдык жактан тазаланбаса, сойкулук да жоюлушу кыйын.

 

Бирок бул маселенин ыйык делген парламент жыйынында талкууланып, атайын мыйзам кабыл алынышы уят эле көрүнүш болуп саналат. Ошондуктан депутаттар бир аз жымсалдап, башкача өңүттөн караса болмок. Канткен менен биздин бүгүнкү турмуш чындыгыбыз ушундай болуп жатпайбы.

 

Б.Жапаров

Булак: “Майдан.kg