Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 3031

Бул жагдайды Бекболот Талгарбеков иликтеп чыккан


"Мамлекет - бул мен!"


- Бекболот мырза, 7-апрель окуясына төрт жыл толду. Бийлик кең келечекти убадалап, иш-чарасын аяктады. Сиз 2011-жылы эле "өлкөнү кара туман басты" деп белгилегенсиз. Азыркы абалга баа берсеңиз?


- Учурда экономиканы соода, айыл-чарба, курулуш тармактары гана сактап келүүдө. Өндүрүш кыйроо жолунда. Бир да мамлекеттик ишкана киреше албай калды. Өлкө көбүнесе импорт азык-түлүк, товарларга көз каранды. Он жыл мурда экспорт-импорт теңдеш болсо, өткөн жылы импорттун экспорттон ашыгы 3,5 млрд долларды түздү. Бул - экономикалык катастрофа. Жыйырма жылда тышкы карыз 2,5 млрд долларды түзсө, акыркы үч жылда 3,5 млрд долларга жетти. Эгер 2001-жылдан тарта өлкө бюджети дефицитти унутса, учурда 100 млрд сомду түзгөн бюджеттин дефицити 20 млрд сомду чапчыды. Эгер мурда инфляция жылына 3-5 пайызды түзүп келсе, акыркы төрт жылда 20-30 пайыз болууда. Өлкөдө отун-энергетика, азык-түлүк, чек ара коопсуздугу бүлгүнгө учурады. Өлкөнү банкрот абалынан бийликтин аракетинен тышкары факторлор сактап келүүдө. Алар: "Кумтөрдүн" салык төлөмү, мигранттардын которуулары, чет өлкөлөр бөлгөн гумжардам. Коомчулуктун да пикирин угалы. Ноокат районунун тургундарынын кайрылуусу ("Арена", 20.03.14): "Мамлекетибизде өзгөрүү жок. Айылда турмуш начарлап баратат. Мыйзамдар кагаз жүзүндө, иш жүзүндө аткарылбайт". Бийлик тараптагы "Фабула" гезити (14.07.13.): "Саясатыбыз чирик. Экономикабыз чирик. Бүдөмүк жазылган Башмыйзам чирик". Экс-губернатор М.Айбалаев ("Ордо" 28.02. 14.): "Кыргызстан Африка өлкөлөрүнүн катарына түштү". Россиялык эксперт А.Грозин: "Кыргызстан Борбор Азиялык "Сомалиленд" имиджине ээ болду". Путин да Атамбаевге "Өлкөңөрдү жок болот деп жатышпайбы?" деген суроо узатты. 


- Албетте, суроо туулат: "Оор абалга эмне себеп болду же кимдер жоопкер?" деген. Сөз башкаруу системасы жана жетекчиликтин ролу жөнүндө...


- Алгач жаңы Башмыйзамга ылайык киргизилген мамлекеттик башкарууга токтололу. Авторлору "парламенттик системага өттүк" деп жарыялашкан. Аныгында, тарыхта биринчи ирет анархиялык мамлекеттик башкаруу киргизилди. Анархия идеясы өткөн кылым башында Россияда жаралган. Анархисттер "мамлекетте бирдиктүү, күчтүү башкаруу зыяндуу, бийлик ар түркүн жааттарга (партияларга), уюм, топторго чачырашы зарыл" деп эсептешкен. Алардын көксөөсү акыры кыргыз жеринде мыйзамдуу турмушка ашты. Учурда биздин өлкөдө башаламан, чакчелекей башкаруу, "бардак" жашоо өкүм сүрүүдө. Ал эми "парламенттик өлкө" деген эмне? Парламентаризм монархия сакталган өлкөлөргө таандык жана натыйжалуу. Мисалы, Улуу Британияда (королева), Испанияда (король), Японияда (император). Монархтар экономикага, сот системасына, тышкы саясатка кенедей да кийлигишпейт. Монархиясыз Франция он үч жыл майнапсыз парламентаризмден соң, кайра президенттик башкарууга өткөн. Монархиясыз өлкөдө парламентаризмдин жакшы ролун Сингапур далилдеген. Ал эркиндик алганда парламенттик башкарууга өткөн. Бирок, президент деген кызмат болгон эмес. Качан гана өсүп-өнүккөндө, отуз жылдан кийин, ал кызмат символ катары киргизилет. Премьер-министр Ли Куан Ю эскерүүсүндө "президент кылып досумду дайындагам" деп жазат. Мына, анык парламенттик өлкө. Президентти формалдуу түрдө парламент шайласа да, өкмөт башчысы "дайындагам" деп жатпайбы. Айтмакчы, эки жыл мурда, 28-февралда, Атамбаев КТРдеги маегинде "өлкөдөгү башкаруу парламенттик эмес" деп моюнуна алган. "Президент деле түшүнөт тура" деп коомчулук таңгалган. Бирок, анан кеңешчилери айтса керек, "ызы-чуудан башы чыкпаган парламент, өз алдынча маселе чечпеген өкмөт сизге ылайыктуу" деп. Атамбаев кайра мурдагы ырга өткөн. Жаңы мамлекеттик башкаруунун дагы бир өзгөчөлүгү дайын болду. Эгер мурда коррупция айрым тармактарда (энергетика, бажы, салык ж.б.) орун алып келсе, төрт жыл аралыгында коррупция мамлекеттик башкарууда анархия менен тең катарга көтөрүлдү. Мамлекеттик сая­сый коррупция гүлдөп-өстү. Эми коррупцияга шыгы, таланты жоктор, өзгөчө жаштар, бийлик короосуна жолобой эле койсо болот. Мамлекеттик башкаруу инвестициялык чөйрөгө айланды. А.Бекназаров: "Азыркы мамлекеттик түзүлүш бандит, ууру, мародер, базаркомдордун жыргал заманы" ("Алиби", 07.12.12.). Э.Булекбаев: "Жакында парламентте майлуу, сүттүү министрликтер талашка түштү" ("Алиби", 25.03.14.). Коомчулук өлкөдөгү анархиялык, коррупциялык башкаруунун кесепеттерин, келечеги жогун айта берип, тили тешилди. Эл үнүн көл тургуну М.Абылов таамай билдирди ("Алиби", 22. 03. 13.): "Кыргыз мамлекети кайда баратат? Белгисиз. Дөңгөлөк тескери тегеренүүдө". Ал эми Атамбаев бийлиги анархиянын, коррупциянын кумарына мас болуп, "Моисей деле еврейлерди ээн талаа, эрме чөлдө кырк жыл ээрчиткен" деп моюн толгойт. Биздин "моисейлер" кыргыз элин дагы канча убакыт сандалтары белгисиз. 


Бирок, башкаруу системасын күнөөлөө пайдасыз. Ал тирүү жан эмес да. Жоопкерчилик бийликте. Кимдер же ким жоопкер? Мамлекетти башкарууда тажрыйбасыз Атамбаев оппозициянын лидерлигине жалгыз критерий менен тандалганы жалпыга маалым. Ал акчалуу болчу. Ошол кездеги оппозицияны­ каржылаган. Ошондон улам, төрт жылдан бери өлкөнү көрүнөө да, көмүскө да жалгыз бийлеп келатат. Бул мезгилде ал өлкөнү башкарууну, образдуу айтсак, "куурчак театрга" айлантты. Өзү "кукловод", көрүүчүлөр - эл, ал эми "куурчактар" тынымсыз алмашууда. УӨ, Отунбаева, техникалык өкмөт, ЖК коалициялары, Бабанов жана Сатыбалдиев өкмөттөрү. "Куурчактар" олуттуу маселе чечүүгө укуксуз, бирок, элдин оор турмушуна алар кезектешип "күнөөкөрлөр". Ал эми мамлекет тагдыры менен топ-таш ойноп, эл тагдырын чүкөдөй калчаган Атамбаев дайыма суудан кургак чыгып келатат. Кошумча эки пикир. Үч президентке жаккан эксперт В.Богатырев ("Обьектив", 27.12. 12.): "Өлкөдө кайрадан президенттик башкаруу. Учурда башкы маселелерди парламент же өкмөт эмес, президент Атамбаев жеке өзү чечет". Ө.Суваналиев "Биздин мамлекетте соттор - бул Атамбаев, парламент - бул дагы Атамбаев, өкмөт дагы Атамбаев". Демек, жыйынтык бирөө эле: Кыргызстанда башаламан башкарууга, экономика кыйраганына, элдин оор турмушуна, өлкө Африка деңгээлине түшүп, экинчи Сомалиге айланганына жоопкер - Атамбаев! 


"Бектер кетет, эл калат" дегендей, көп жетекчилер мекенине кызмат өтөшөт. Айрымдарынын өлкө тагдырында ролу зор. Убагында Черчилль айткан: "Дүйнө тарыхы - бул өзгөчө адамдар жөнүндө баян. Алардын ой-максаты, иши, мүнөзү, жеңиштери, кылмыштары адамзат тагдырын аныктап келет". Тарыхты барактасак, өзгөчө жетекчилер үч топко бөлүнөөрүн көрөбүз. Биринчи топто диктаторлор. Өткөн кылымдын башкы диктаторлору Сталин, Гитлер, Пиночет, Саддам Хусейн. Алар мамлекетти күчтөндүрүп, темирдей тартип орнотушкан. Башкаруу ыкмалары окшош, максаттары ар башка. Сталин, Пиночет артында кубаттуу өлкөлөрдү калтырышты. Ал эми Гитлер, Хусейн элдерин азап-тозокко салып кетишти. Экинчи топто прагматик жетекчилер. Өткөн кылым алардын бир тобун дүйнөгө таанытты: Ататүрк, Рузвельт, Эрхард, де Голль, Хомейни, Дэн Сяопин, Ли Куан Ю, Тэтчер. Жаңы кылым Путинди кошту. Прагматик лидерлердин эмгеги алтын тамгалар менен жазылып калды. Үчүнчү топто волюнтаристтер (өзүм билемдер). Орустар чет тилдеги аныктаманы жөнөкөй, так которуп алышкан. "Самодурлар" деп. Өткөн кылым алардын ири үчөөсүн берди: Мао Цзедун, Хрушев, Горбачев. Алар оюна келген иштерди жасай беришет, убадалары асман чапчыйт, өлкөнү башаламан, чакчелекей абалга жеткизишет. Акыры талкалашат. "Самодурлардын" идея­лык атасы француз королу Людовик XIV болгон. Ал "Мамлекет - бул мен" деген учкул сөздүн ээси. Тарыхка кайрылган себебибиз, президент Атамбаев да өзгөчө жетекчи. Төрт жылда өлкөнү анархияга чулгатып, экономиканын кыр аркасын сындырып, коомдо ынтымактын таш талканын чыгарган Атамбаевди жаңы кылымдын "самодуру" деп атасак болот. Мао менен Хрушев "коммунизм курабыз", Горбачев "демократиялык социализм орнотом" дешип, элди кыялга чөмүлтүшчү. Атамбаев 3-5 жылда эле "Кыргызстанды гүлдөгөн өлкөгө айлантам" деген кыялда. Демилгелери, жасаган иштери өлкөнү талкалап жатканын "самодурлар" такыр моюнга алышпайт. Мактана беришет, алдаганга маш, убадалары учу-кыйырсыз.

"Мен бармын, мен жокмун"


- Сиз "Атамбаевдин баскан жолу, сүйлөгөн сөзү, жасаган иши алдамчылыктын, жүзү каралыктын символу" деп мурда эле баа бергенсиз. Алгач алдамчылыгын тактасаңыз?


- Ал саясаттагы жолун Айтматовду алдоодон баштаган. "Сиз экөөбүз кытай уруусунан болобуз" деп аны жетелеп, Россиядан келген грант акчаны жазуучулар фондуна бөлдүртөт. Ал акчага Атамбаев бир нече заводду менчикке сатып алат. Экинчи курмандыгы А.Акаев. Аны "Бишкектин өнөр жай ишканалары менин колумда, аларды өнүктүрөм" деп ишендирет. Аныгында жабдууларды, уникалдуу станокторду Кытай, Түркияга сатат. Он миңдеген адам жумушсуз калышат. Кийин, 2007-жылы "көпүрө болом" деп, К.Бакиевди, оппозицияны алдайт. Төрт жолку эл депутаты Эргеш Төрөбаев "Атамбаев көпүрө боло албады" деп калыс пикирин айткан. Атамбаев кыргыз чоңдорун алдоо менен чектелбей, дүйнө аренасына чыкты. Ал УӨ мүчөсү кезинде Москвага барып келип, "Кремлден Путин кабыл алды, ал бир ай ичинде ири жардам, грант берүүгө убада кылды" деп жыйын өткөрөт (12.04.10). Эси оогон Кремль расмий жооп жасаган. Путиндин пресс-катчысы Д.Песковдун билдирүүсү: "Путин Атамбаев менен жолуккан жок жана жардам убада кылган эмес". Дагы мисал. Биринчи вице-премьер-министр Атамбаев (25.05.10.): "Күзүндөгү парламенттик жана кийинки жылдагы президенттик шайлоого катышпоону бекем чечтим" деп дүйнө коомчулугунун кулагына "лапша" илген. Премьер Атамбаев 2011-жылы президенттик шайлоого камданып, мугалим, врачтардын айлыгын, карылардын пенсиясын көтөргөн. Өзүн эки-үч ай тынбай мактаткан. "Каражат каяктан?" деп адистер таң калган. Көрсө, ал алдамчылык жасап, 8 млрд 600 млн сомдук баалуу кагаз чыгарып, аны 200 млн сом үстөгү менен банктарга күрөөгө коюп, акчаны алып, айлык, пенсия төлөптүр. Ал көтөргөн айлык кайра төмөндөдү. Депутат К.Осмоналиевдин айтуусунда, "мугалимдер бүгүнкү бийликке нааразы" ("Майдан", 08.05.13.). Атамбаев 2011-жылды жыйынтыктап, "бюджетти профицит менен калтырдым" деген маалымат таратат. Анын калпын Улуттук банктын төрайымы З.Асанкожоева ашкерелеген. Ал жылы бюджет 16 млрд сом дефицит менен аяктаптыр. Атамбаев кийим тигүүчүлөрдү да алдады. Ал үч жыл мурда "Келечекте Кыргызстан бүткүл ЕврАзЭСтин кийим тигүүчү фабрикасы болот" деп ишендирген ("Кереге", 28.09.11.). Турмуш чындыгы кандай? Өткөн жылы Бишкектеги кийим тигүүчүлөрдүн жети жүз ишканасынын жүзү банкрот болуп, жабылды. Атамбаев Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун даңазалап, "президенттик мөөнөтүм бүткөнчө ал курулат" деп дүйнөгө жар салган. "Азаттыкка" маек куруп (23.05.12.), "Кытай менен карым-катнаш жүргүзүүдөн башка жол жок. Ал темир жол экспансияга алып барбайт" деген. Анан эмне болду? Өткөн жылы 16-декабрда Атамбаев, "ал темир жол Кытай менен Өзбекстанга керек. Биз үчүн ал жол эч проблема чечпейт, кереги жок" деп жатпайбы. 


Атамбаевдин экономикадагы алдоо фокустарын көпчүлүк түшүнбөй калууда. Өткөн жылы ноябрда КСДПнын сьездинде ал: "Эгер бажы төлөмдөрү 2009-жылы 14 млрд сом болсо, азыр 2013-жылы 36 млрд сомго жеткиздик. Ички резерв таап, 2,5 эсеге көтөрдүк" дегенде делегаттар туруп кол чабышкан. Лидер фактыны айтып жатат да. Туура, экономиканы түшүнбөгөн Атамбаевдин мактанганы кечиримдүү. Бирок, ал сурап албайбы? Мисалы, илгерки досу А.Жапаровдон. Ал чечмелемек да: "Досум, экономиканы өлтүрдүң. Эгер он жыл мурда импорт 500 млн доллардан ашпай, экспортко теңдеш болсо, азыр импорт 5,5 млрд долларга жетип, экспорттон 3,5 млрд долларга ашып калды. Бажы төлөмдөрү "ички резервден" эмес, кескин өскөн импорттон көбөйдү. Аны эч ким билбесин, мактанба. Экономиканы көтөрсөң салык көбөймөк, ал азайып жатпайбы". Кошумча айтсак, Атамбаев бийлиги өндүрүштү таштап, салыктын түрлөрүн көбөйтүүгө өткөн: дары-дармекке кошумча салык жана соода жүргүзүүгө салык киргизилген. Кыймылсыз мүлккө салык жогорулаган. Жаңы өкмөт ишин жер салыгын көбөйтүү мыйзамын ЖКга сунуштап баштады. Айтмакчы, биздин өлкөдө салыктын 50 түрү бар. Грузияда - 18, Швецияда болгону - 2. 


Атамбаевдин алдоо таланты инвестиция маселесинде өзгөчө ачылды. Бийликти алганда эле, 2010-жылы июлда Бишкекте эл аралык донорлор менен жыйын уюштуруп, Атамбаев, Отунбаевалар "үч жыл ичинде 1 млрд 160 млн доллар инвестиция, грант келмей болду" деп сүйүнчүлөгөн. Болгону 260 млн доллар жардам келди, анын көбү кайда жумшалганы белгисиз. Инвестициядан дайын жок. Сөз жүзүндө укмуш. Атамбаев президент болоору менен чет өлкөлүк ММКларга маек куруп, "Кыргызстанды инвесторлордун бейишине айлантам" деген ("Известия", 17.11.11.). Кийин айтып жатты: "Биздин өлкөгө келебиз деген инвесторлор толтура. Казак бизнеси. Кытайлар. Түрктөр. Орустар. Европалыктар. Америкалыктар" ("Дело №", 18.04.12.). Иш жүзүндө кандай? Атамбаев 2012-жылы январда Азербайжандын нефти компаниясынын башчысы Р.Абдуллаевди кабыл алып, кийинки жылдын аягына чейин жылына 2 млн тонна кара май чыгаруучу завод курулуп, ишке кирээрин жарыялаган. "Өрдөк" экен. Атамбаев эки жыл мурда Кытайга барып келгенде "сапары жемиштүү болду" деп арзыматтар миң айтып түгөтө албай коюшкан. Бир-эки жылда трактор, жер семирткич чыгаруучу, цемент өндүрүүчү, мунайзат иштетүүчү (НПЗ) заводдору курулмак. Баягы эле "өрдөктөр". Болгону Кара-Балтада НПЗ курулду. Анын чыры толгон-токой экен: экология эрежеси бузулган, жер мыйзамсыз берилген ж.б. Азыр токтоп турат. Негизи "самодурлар" улуу иштерди таңуулаганга маш. Хрушев айыл-чарбаны "жүгөрүлөштүрөм" деп элди эзген. Атамбаевдин темир жолдон кийинки "улуу иши" түндүк-түштүк экинчи автожолу. Аны курууга 800 млн доллар керек. Бир сому жок. Кытайдан 400 млн доллар карыз алып баштаганы турат. Жол адистери нааразы. Алар К.Султановго кайрылып ("Алиби", 15.11.13), өлкөдө биринчи кезекте салына, оңдоло турган жолдорду санап беришиптир. Жол абалы начар. Аны министр түшүнүп эле турат. Айла жок. Атамбаев кыстап жатпайбы. Атамбаевдин кошумча ГЭСтерди куруу "улуу долбоорлору" да коомчулукта кайчы пикир жаратып келүүдө. Ал Путин менен сүйлөшүп, Россия 12 ГЭС кураарын айткан. Анын төртөө төрт жылда курулуп бүтмөк. Атамбаев жана "РусГидронун" башчысы 2012-жылы октябрда Нарында курулуш болчу жерге капсула коюшкан. Кийинки жазда күркүрөгөн иш башталарын айтышкан. Башталбады, бу дагы "өрдөк" экен. Орустар мөөнөттү атайын созуп, ал кезде 500 млн долларга бааланган төрт ГЭСтин куруу наркын кийин 727 млн долларга көтөрүп алыптыр. Андан көп болсо деле Атамбаев "добросун" аябайт да. Ошондой эле, мурда куруу наркы 2 млрд долларга бааланган "Камбар-Ата-1" ГЭСин орус тарап былтыр 4 млрд долларга көтөрүп койду. 


Атамбаев элди алдоонун туу чокусун, "Эверестин" өткөн жыл аягында көрсөттү. КТРден өлкөдө 5 млрд доллар инвестиция ишке киришип жатканын жарыялады. Эл, "баракелде, Атамбаев азамат турбайбы" деп таңыркады. Арзыматтар чуру-чуу. Аз эле күн мурда (09.12.13.) Ж.Сатыбалдиев ЖКга келип, "эки НПЗдан башка таш балакет инвестиция жок" деп кеткен. Биз Атамбаевдин инвестициясын талдап көрөлүчү. Кытай өзүнө чейин Түркмөнстандан газопровод куруп, аны Баткен жактан алып өтмөй болуптур. Кытайдын чыгымын (1млрд 400 млн доллар) Атамбаев "биздин инвестиция" деп жазып алыптыр. Кытайларды күлдүрөйүн десе керек. Россия биздин армияга гумжардам бермей болгон. Келе турган танк, мылтык, дүрбү, өтүктөрдүн баасын өздөрү эле 1 млрд доллар деп баалашыптыр. Ал гумжардамды да Атамбаев "инвестицияга" кошуп алыптыр. Келген орус жоокер өтүгү, эгер ал "инвестиция" экенин билсе, кубанып, шолоктоп ыйлайт го. Кирешелүү "Кыргызгазды" банкрот кылып, аны орустарга бир долларга сатып, "алар келечекте 665 млн долларга иш жасайт" деген жоромол да "инвестиция" тура. Анан да, Атамбаев экономикалык ири ачылыш жасаптыр. Мамлекеттик карызды, кредитти "инвестиция" деп баалаптыр. Кытайдын "Датка-Кемин" электр линиясын курууга, Бишкек ТЭЦин оңдоого, Бишкек-Ош жолун курууга карыздары, орустун ГЭСтерди курууга жумшалчу кредити да "инвестиция" экен. Европада карызга баткан Греция, Кипр өлкөлөрү, Атамбаевдин ачылышына ылайык, "инвестицияга бейиш" орнотуп алышыптыр. 


- Анда Атамбаевдин жүзүкаралык сапатын да эл билсин да?..


- Тажиктердин дастанында "Тулат" деген каарман бар. "Мен бармын, мен жокмун" деген. Атамбаев да байлык, бийлик бар жерде "мен бармын" дейт да, жооп берчү жерде "мен жокмун" деген сыйкырдуу үн чыгарат. Фактыларга өтөлү. Премьер Атамбаев 2007-жылы "Кумтөр" боюнча Түркияда "Центерра" менен өзү сүйлөшүү жүргүзүп, 33 пайыз үлүш үчүн 2012-жылы аяктай турган келишимди 2026-жылга чейин узартканга макулдашкан ("Деньги и власть", 19.10.12.). Ал "эрдигин" унуткан го, президент болуп шайланганда Түркияга жөнөп, парламентте, "Канадалыктар бизди 10 млрд долларга тоноп кетишти" деп айгай салган. Тогуз айдан кийин Россиянын ОРТК каналына маек куруп: "Кумтөр" боюнча баардык маселелер 2009-жылы так чечилген. Аны талашуу - майнапсыз" деп билдирген. Кыргыздын "Тулатынын" кайсы сөзүнө ишенебиз?


Атамбаевдин регионализмге "каршы" экенин көрөлү. Анын президенттик шайлоодогу ыплас технологиясы өлкөнү түндүк-түштүккө бөлгөн. Анткени, "алар колдобойт" деп түштүк кыргыздардын 20 пайызы гана тизмеге киргизилген. Ошентип, А.Мадумаров айткандай, Атамбаев компьютер аркылуу "шайланган". Мындай жүзүкаралыкка каршы Ош, Жалал-Абад, Баткен эли митингке чыккан. Ошондо Атамбаев атаандашы Ташиевге айткан сунушу: "Мен түндүккө эле президент болом. Түштүктүн мага кереги жок. Ал жакты бөлүп, Түштүк Кыргыз республикасын жарыялагыла". Атамбаевдин анык жүзүн журналист А.Айтикеев да ашкерелеген ("Алиби", 14.09.12.). Президент ЖКда жаңы бекиген министрлерге кайрылып, "аяшыңарды, жердешиңерди, классташыңарды, дагы башкаларыңарды ишке алуу сыяктуу терс көрүнүштөр кайталанбасын" деп эртең менен зекип, түштөн кийин өзүнүн кан кудасы, ардагер А.Султановду наркозаттарды көзөмөлдөө агенттигинин жетекчиси кылып отургузган. Ал үлгүдөн кийин бийлик секисине министр, депутаттардын тууган, куда-сөөк, жек жааттары быпырап толгонун жаза берип, журналисттер чарчашты. Атамбаев тышкы саясатта да өлкөнүн беделин түшүрдү. "Россия менен доспуз" дейт. Кыйын кезеңде далысын салат. Президенттик инаугурацияга Саакашвилини чакырып, орустарды бозала кылган. Эми Кремль "Украинада мамлекеттик төңкөрүш болду" деп жатса, Атамбаев бийлиги украин жаңы бийлигин колдоп, Россиянын далысына бычак урду. Атамбаевдин жеке жүрүм-турумунан коңшулар менен мамиле начарлады. Ал Назарбаевди "диктатор", "суу бербей казактарды чөгөлөтөм" деп мазактады. Кыргыз элин сыйлаган Нураке сыртынан сыр билгизбейт. Бирок, "бажы биримдигине жалпы шарт менен киресиңер" деп Атамбаевди катуу какты. Атамбаевдин "Каримов үч-төрт жылда өлөт, анан кыргыз-өзбек чек ара маселесин чечебиз" деген позициясына жооп кылып, өзбек тарап чек араны жаап салды. 

Кыргыздын душманы ким?


- Өлкөдө азыр мамлекеттик идеология барбы?


- Бар. Аны Атамбаев өзү жар салган. "Кыргыздын душманы кыргыз" деп. Чын эле ошондойбу? Анда өзүнүн иш-аракетин көрөлүчү. Президенттикке талапкер Атамбаевдин максаты коомчулукту таң калтырган. Ал "кыргыз улутун жок кылалы", "өлкөдөгү кыргыз, орус, өзбек, башкалар улутубузду унутуп, кыргызстандыкпыз (!) деген жалпы улутка өтөлү" деп үндөп жатты. Дүйнөдө андай прецедент бар. АКШга отурукташкан англис, француз, башкалар улутун унутуп, америкалыктар болушкан. Атамбаевдин максатына эч ким унчуга албады. Ким каяша айтып, мындай чыккынчылыкты ашкерелеш керек эле? Аны илимпоздор менен талкуу­ладык. Бул жагдайда кыргыздын ар-намысын улуттун элитасы коргошу керек экен. Ал эми мекенчил, улутка күйгөн элитабыз ири үч окуяда кырылыптыр. Алгач 1916-жылы Үркүндө, анан 1930-жылдардагы репрессияда, кийин Улуу Ата Мекендик согушта. Соңку элитабыз өз кызыкчылыгын, бейпилдигин элдикинен жогору койгонго кыныгыптыр. Кошоматчы, суу жүрөк, саткынчы элитабыз өлкө кожоюну бийликтен кеткенде гана башын көтөрүп, ачуу сын-сөздөрдү үстөкө-босток удургутат экен. Ошондон улам Атамбаев тартынбай, коркпой-үркпөй, кыргыз улутун жок кылууга белсениптир. Анын кийинки чабуулу Манас атабызга өттү. Бирок, суу жүрөк элитадан айырмаланып, манасчылар Атамбаевге сес көрсөтүп, кайра тап берип жатышты. Апрель окуясынан кийин ал: "Манас айткан, "Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым". Биз курама журтпуз" деп кыргыз улут болбогонун айткан. Манасчылар Манас атабыздын антип айтпаганын далилдешти. Атамбаев кийин "Манас - этникалык россиялык" деп Манас атабызды Россияга белекке тартып ийди. Манасчылар дүрбөлөңгө түшүп, Манас атабыздын түпкү теги Сары-Колдон экенин, ата-жотосу Опол тоону мекендегенин тактап чыгышты. Атамбаев жаңы дем менен, "мына, керек болсо ошол эле чоң казатка ким башкарып барат, Манас ата башкарган жок да? Алманбет башкарган" деп, кыргыздарды дагы мазактады. Айкөл атабыздын энеси Чыйырдыны булгар кылып, "мать (Манаса) была булгарской царевной. Жена тоже не кыргызка" деп Атамбаев улутка көө сүйкөдү. Кыргыздын руханий дүйнөсүнө согуш ачкан Атамбаев, "Манас атабызды кыргыздар өлтүргөн" деп улуттун жүрөгүнө канжар уруп, моюнуна оор айып илди. Манасчылар, илимпоздор архивди аңтарып, Манасты кытайдын ханы Коңурбай өлтүргөнүн далилдешти. 


Каргашалуу июнь окуясы боюнча СССР КГБ полковниги И.Кушматов терең изилдөө жүргүздү ("Деньги и власть", "Ачык саясат", "Трибуна" гезиттери, 2012-13.). Анын фактыларына таянсак, кыргыз-өзбек согушу алдын-ала Атамбаев жана өзбек лидерлери тарабынан чогуу даярдалганын, Атамбаев согушту баштоого жеке "добро" бергенин, кооптонгон сепаратисттерге ал "убийство пяти-шести идиотов кыргызов ничего не значит, родственникам окажем денежную компенсацию, рот закроем" деп колдоо көрсөткөнү белгилүү болду. Түштүктөгү абалга биринчи вице-премьер-министр Атамбаев, өкмөттүн атайын токтомуна ылайык, башкы жоопкер болсо да, согушту баштатып коюп, өзү үйүндө жашынып жатканы ачыкка чыкты. А ошол күндөрү түн ичинде жаш балдарды чогултуп, "Форумун" курчатып, бияктагы бийлигин сактап калуунун амалын кылганын кантип жашырабыз?..


Атамбаев кыргыз элин жек көрөөрүн Нарындагы сапарында нөшөрдөй төктү ("Алиби", 14.06.13.). Алгач Жалал-Абаддык баатыр энелерди каарыды. Алар "катындар", "ОБОН мүчөлөрү" деген наам алышты. Анан көлдүктөргө баа берди. Алар "каракчылар", "бандиттер" экен. Көлдүктөр "айткан сөзү үчүн жооп берчү күн келет" деп ызырынып турушат. Атамбаев нарындыктарды "силер заараңар менен дарыяны булгап жатасыңар", "малсыңар" деп мазактады. Менин момун, айкөл туугандарым баштарын ийкегилеп, кол чаап жатышты. Губернатор "майлуу эт, ысык шорпо берем" десе керек. Акыры кезек таластыктарга келди. Алар менен Атамбаевдин эзелтен эсеби бар да. Бакиевдин премьери кезинде Таласка барып, эл менен чатакташат. Ачууланган жаштар Атамбаевдин машинасын талкалап, ал тоо таянып качып кутулат. Кийин Бакиевге каршы президенттикке талапкер Атамбаев Таласка келсе, эл колдобой коет. Ал "таластыктар катынсыңар, жоолук салынып алгыла" деп сөгүнөт. Ошол өчүн эстеп, Нарында "Таластын эли эл эмес" деп "заочно" кемсинтип жатпайбы. Бул сөзүн Таласта айтса, аман-соо кетмек эмес. Аксы районунун тургуну А.Кенжебаевдин пикири ("Азия Ньюс" 05.12.13.): "Атамбаев кыргыз улутуна, кыргыз элине, кыргыз мамлекеттүүлүгүнө каршы саясат жүргүзүп жатат". Демек, кыргыздын душманы кыргыз эмес. Кыргыздын душманы - Атамбаев! Ал кыргыз элине миң жылда бир келе турган кырсык! 

"Өзүмдү-өзүм өлтүрөм"


- Коррупцияга каршы күрөштү карасак. Атамбаев "мен баймын, ууруларга аеосуз күрөш жүргүзөм" деп келатпайбы?..


- Атамбаевдин күрөшүнүн эки жагы бар: иш-аракети жана идеологиялык максаты. Дүйнө практикасына кайрылсак, алгач күрөштүн кеңири укуктук базасы түзүлөт. Ал иш жасалдыбы? Жок. Кийинки шарт: өлкөдө көз карандысыз, күчтүү сот системасы болгондо гана коррупция иштери адилет каралат, чечилет. Ал эми анархиялык өлкөдө сот абалы кандай? Атамбаев төрт жылда сот системасын кандай өзгөрттү? Коомчулук, адистерди угалы. Граждандык коомдордун кайрылуусу: "Эгер мурда сот системасына болгон ишеним 80 пайызды түзсө, азыр сотторго 99 пайыз калк ишенбейт" ("Деньги и власть", 24.05.13.). Депутат Р.Жээнбеков: "Сот, прокуратура, атайын кызмат - баардыгы Атамбаевдин колундагы оюнчук" ("Ачык саясат", 01.11.13.). Активист Р.Карасартова: "Сот системасын дээрлик өлтүрдүк, бир гана топурак таштамай калды". Атамбаев айтылган шарттарды эске албады. Адегенде эле беш баланын атасы, МАИ кызматкери А.Эшбаевди "жүз доллар пара алды" деп өлтүртүп тынды. Күрөш орган анан "Мегакомдун" жетекчиси А.Мурзалиевди камайт. Ал коркуп, 1 млрд 700 млн сомду Атамбаевге которгонун айтат. Эстери оогон "күрөшчүлөр" аны кийин үй камагына чыгарды. Эки жыл мурда Атамбаев КТРден "банк кутучалары", "мародерлук", "Мегаком", "ууланган көмүр" афералары жеке көзөмөлүндө экенин, жыл аягына дейре сотко өтөөрүн жарыялаган. Баары жым-жым жабылды. Экс-башкы прокурор К.Байболов ачык айткан: "АУБда жаткан 200 млн доллар россиялык кредит, 35 млн доллар гранттык акча, 1 млрд сом кайда?" ("Учур", 04.04.13.). Кийин "Деньги и власть" гезити да ири коррупция ишти көтөрдү: "Атамбаев, как глава правительства КР, своим распоряжением № 463-р от 08.11.07 совершил тягчайшее преступление, передав китайцам рудник Иштамберди. Обездолил Кыргызстан на 4 млрд долларов. Преступления данной категории относятся к измене Родине" (28.09.13.). 


Жакында А.Акаев 7-каналга маегинде Атамбаевдин Россиядан келген 50 млн рубль грант акчаны (50 млн долларга барабар) өзү кымырып, бир нече завод сатып алганын элге жарыялады. Тактап айтсак, ал: "Атамбаев Кыргызстандын тарыхында башкы, ири коррупционер" деп расмий билдирүү жасады. Эгер биз укуктук өлкөдө жашасак, анда кандай реакция болушу зарыл эле? Ал билдирүү боюнча Башкы прокуратура дароо кылмыш ишин козгоп, териштирүү башташы керек болчу. Аны менен катар, Атамбаев өз актыгын далилдөө үчүн сотко доо арыз менен кайрылса, коомчулук туура көрмөк. Экөө тең болбоду. Демек, элде мыйзам ченемдүү суроо турат: "Башкы, ири коррупционердин коррупцияны жеңем дегени - бул өзүмдү өзүм өлтүрөм дегени эмеспи?"
Атамбаевдин күрөшүнө коомчулук кандай баа берүүдө? Эки-үч пикир. Эмгек сиңирген юрист С.Касымов: "Коррупция менен күрөшүп жатат деп айтпай эле койсок болот" ("Ачык саясат", 01.03.13.). Мурда СССР Госпланда иштеген К.Исаев: "Атамбаев жар салган коррупцияга каршы "өчөшкөн катуу согуш" элдин ишенбестик күлкүсүн же кыжырын гана келтирет" ("Арена", 24. 01.13.). Эксперт В.Богатырев: "Атамбаевдин күрөшү Дон Кихоттун жел тегирмендер менен согушун элестетет. Коррупцияга тандалма күрөш жүрүүдө" ("Обьектив", 11.12.13.). Кадыр-баркы бийик "Транспаренси Интернэшнл" агенттигинин ("ТИ") рейтингин көрөлү. Кыргызстан он жыл мурда дүйнөдө 118-орунда болсо, өткөн жылы 150-орунду ээлептир. Коррупция качан гүлдөптүр? Мурдабы же азырбы? Атамбаев бир жыл айгай салып, беш баланын атасын өлтүртүп, жакпаган саясатчыларды каматса да "ТИ" тырмак учундай көтөрбөптүр. Эгер 2012-жылга биздин өлкөгө 24 балл берсе, өткөн жылга дал ошол баллды кайра коюптур. 


Эмне себептен Атамбаев майнапсыз күрөшкө баш-оту менен киришип алган? Жооп арбын, тарыхты барактасак табылат. Ал күрөштүн идеологиялык максаты бар. "Самодур" жетекчилер мамлекеттин башкы маселелерин (коопсуздук, экономика, эл ынтымагы, адилет коом ж.б.) жакшы чечүүгө кудуретсиз. Ошондон улам, элдин көзүн будамайлоо, өзүнүн чабалдыгын жашыруу үчүн илимде кеңири изилденген "массовый психоз" ыкмасын колдонушат. Мао бийликти алганда ишин "трех против" деген саясаттан баштаган (коррупцияга, бюрократияга, ысырапчылыкка каршы). Өлкөдө террор жүргөн. Төрт жылда коррупция күнөөсү тагылып, эки миллион адам кырылган. Мао да Атамбаевдей экономиканы түшүнчү эмес. Хрущев Сталинди каралап, "культ личностко" каршы кампаниясын жүргүзгөндө интеллигенция "оттепель келди" деп кубаттаган. Ал эми экономика кыйрап, эл нанга жетпей калган. Горбачев "гласность", "новое мышление", "перестройка" деп элди мээ кайык кылды. Арты эмне болду, белгилүү. Атамбаевге экономиканы көтөрүп, эл көйгөйлөрүн чечип, өлкөнү чыңдагандын ордуна "коррупциянын таш-талканын чыгарам", "митингдер тоскоол болууда" деп мөөнөтү бүткөнчө ач айкырык, куу сүрөөн менен жүрүп туруу ыңгайлуу. Атамбаев "мен баймын" деп мактанганды жакшы көрөт. "Деньги и власть" гезитиндеги байлардын тизмесинде ал үчүнчү орунда экен. Байлыгы 600 млн доллар. Кайдан тапканы кийин текшерилээр.­ Бирок, кытайдын улуу акылманы Конфуцийдин эки миң жыл мурда айткан сөзүн укса болмок: "Эгер сен кедей өлкөдө жашап, бай болсоң - ал уят, эгер бай өлкөдө жашап, кедей болсоң - ал да уят".

Эл Атамбаевден канткенде кутулат?


- Оор абалдан чыгуу жолдору барбы?


- Коомчулук негизги эки маселени чечүү зарылдыгына көзү жетти. Атамбаевден кутулуу жана Башмыйзамды өзгөртүү. Бирок, "Атамбаевден оңой кутулабыз" дегендер жаңылышат. Тарых тастыктаган. "Самодур" жетекчилерден кутулуу азап иш. Кытай эли Маонун көзү өткөнчө чыдашкан. Шүгүр, бизде бул окуя мүмкүн эмес. Хрущевду өз соратниктери "тынч төңкөрүш" жолу менен кызматтан алышкан. Азыр Атамбаевдин тегерегинде эл үчүн андай кадам жасоочу кимдер бар? Горбачевду кызматтан кетириш үчүн СССРди жоюшка туура келди. Айрым эксперттер Атамбаевден үчүнчү революция аркылуу кутулса болоорун боолголойт. Мында эки кемчилик, же коркунуч бар. Биринчи. Эгер жаңы революция ишке ашса, анда кезектеги "самодур" бийликти ээлеп албасына ким кепилдик берет? Экинчи. Эл ичинде Атамбаев өз бийлигин согушуп болсо да коргоору айтылууда. Ички иштер органында реформа жүрүп, митингдерге каршы "Шумкар" спецназы түзүлдү. Машыгып жатышат. "Кыргызгаздын" жетекчиси Т.Кулмурзаев "саясатчылар бийликке тийишпесин. Тийишсе эмне кылабыз? Тийишсе акесин Үч-Коргондон көрсөтөбүз" деп катуу эскертүү жасаган ("Ачык саясат", 19.10.12.). Ошондой кызматынан улам, ал "Кыргызгаздын" 50 млн долларын дайынсыз жоготсо да ("Деньги и власть", 20.12.13.) Атамбаевдин калкалоосунда. Жакында Бишкекте элдик кошуундар бирикмесинин (СНД) сьезди өткөн. Делегаттар: "Эгер алайлыктар келсе, биз алардын сазайын беребиз" деген пикирин ачыкташты ("Деньги и власть", 20.12.13.). Демек, Улуттук оппозициялык кыймылдын революция жолун тандабай, 10-апрелде тынчтык митинг өткөрүү чечими колдоого арзыйт.


Калыгул Бейшекеев

Булак: "Азия Ньюс"