Кыргыз өзү башынан тексизге журт башкарган калк эмес эле. Тилекке каршы, 1917-жылдан кийин Совет доору орногондон баштап. Баягы Калыгул олуя атабыздын: “Уй пул болоор, Кул бий болоор” деген накыл кеби суу кечип, бир кезде уруусунан сүрүлүп чыгып, же тукуму менен кайсы бирөөгө жалданып тирилик кылгандын көбү “кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган” деген “артыкчылык” менен эл башкарып, натыйжада баягы тегин ылгоо деген нерсе бара-бара жоголду. 70-жыл ичинде элдин аң-сезими бир топ өзгөрдү. Элибиз эгемендик алгандан кийин уруу саясаты кайрадан жанданганы менен мамлекетти капысынан ортодон пайда болгон тексиздер башкарып келе жатканы да жашыруун эмес. Мисалга алсак, Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев өзүн кадимки Атаке баатырдын тукуму атаганы менен тарыхый маалыматтар ал киши Сарыбагыштын калмак тектүү Абыла тукумунан чыкканын тастыктайт. Ким кандай айла издесе дагы тарых деген өжөр фактыларды алдыбызга жайып коерун унутпасак.

 

Бийликтеги тексиздер

 

Акаевден кийин бийликке келген Курманбек Бакиевге кайсы бир учурда дунган деген жарлык тагышканы менен эч бир тарыхый маалыматтар аны тастыктай алган эмес. Бирок Бакиевдин теги Кыргыздын Ичкилик урууларынын тутумуна кирген Кыпчак уруусунун Тейит тукумуна кирээрин өзү деле жашырган эмес.

 

Учурда эл башкарып турган “юморист”, “сөгүнчөөк”, “эрке” ажобуз бар Алмазбек Атамбаев деген. Бул киши мамлекетти башкарып келе жатканы 4 жылга чукул убакыт болуп калды. Демек, буга чейин чуулганга айланган анын ата-теги тууралуу маселенин чын-бышыгын тактай турган убакыт келди.

 

Алмазбек Шаршенович премьер-министр, президент болгонго чейин Талас тарапка барганда, же таластыктарды кабыл алганда уруусу Кытай экенин айтса, өлкөнүн түштүк аймагына барганда өзүнүн Кыпчак урууусунан чыкканын айтып, баткендик катары көрсөтүп келген. Анан арадан убакыт өтүп, Атамбаев баягыдай кайсы бир партиянын же оппозициянын гана лидери эмес, а дегенде өкмөттү, анан өлкөнү башкара турган учур келди. Мындайда кыргыз шайлап жаткан баласынын тегин сүрүштүрүп калат эмеспи. Атамбаевге жан тартып, анын президент болушун каалагандар анын кыргыз экенин айтса, ага каршы чыккандар ар кыл, бирок кызыктуу маалыматтарды таратып жатышты. Буга чейин Атамбаев уруусу тууралуу кайсы бир жерлерде, чакан жолугушууларда акырын айтып келсе, эми анысын ачыкташка аргасыз болду.

 

“Мен Ичкиликтердин өкүлүмүн”

 

Биринчи ирет 2010-жылдын декабрь айында Кыргыз парламентинде алгачкы коалиция түзүлүп, ага КСДП, “Республика” жана “Ата-Журт” фракциялары кирет. Натыйжада КСДПдан Атамбаев премьерликти ээлесе, “Республикадан” Бабанов биринчи-вицеликти ээлейт. Ал эми “Ата-Журттан” Келдибеков парламент төрагалыгына отурат. Бул биримдик түзүлүп, кызматтардын баарына тиешелүү адамдар шайланып, өкмөт курамы түзүлгөндөн кийин төрага Ахматбек Келдибековдун Ак үйдүн 7-кабатындагы кабинетине Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов, Ахматбек Келдибеков, Мыктыбек Абдылдаев, Канат Исаев, Алтынбек Сулайманов сыяктуулар чогулушуп, алгачкы ынтымакты майрамдашат. Так ошол жерден кубанычы койнуна батпай, кудуңдаган Алмазбек Атамбаев оң жагына Ахмат Келдибековду, сол жагына Өмүрбек Бабановду кучактап: “Мына, бүгүн кыргыздын 3 канаты бирикти. Кыргыздын оң канатынын өкүлү Ахмат Келдибеков, сол канатынын өкүлү Өмүрбек Бабанов, ал эми ичкиликтен менмин”-деп барпалаңдайт. Ага чейин Атамбаевди Чүй кланынын лидери катары санап жүргөн Канат Исаев, Мыктыбек Абдылдаевдер буга абдан таң калышат. Бул маалымат ошол кездеги ММКлардын көбүнө чагылгандай тездик менен тарайт. Бирок, ар бир маалыматты баса калып актанчу жогорудагы саясатчылардын бири дагы бул маалыматка төгүндөө бере алышкан эмес.

 

“Менин бабам Шахмурад Чүйгө Кокондон келген”

 

Андан кийинки жагдай, 2011-жылы президенттикке аттанып жаткан Алмазбек Атамбаевдин КТРКдагы түз эфирде өткөн дебатта билдирген маалыматынан кийин пайда болду. Түз эфирди алып барып жаткан Кубат Оторбаев: “Алмазбек Шаршенович, учурда Сиздин тегиңиз тууралуу ар кыл маалыматтар айтылып жүрөт. Сиз Баткенге барсаңыз баткенчил болуп чыгат экенсиз, Таласка барганда таластык болуп чыгат экенсиз, деги өзүңүз кимсиз, каяктыксыз?”-деген сурооо узаткан. Ал суроого Атамбаев минтип жооп берген: “Бул боюнча өткөндө Баткенге барганда суроо беришти: “Сизди Баткендик деп жүрүшөт, каяктыксыз?”-дешип. Менин бабам Шахмурат, бу кишини Шама деп коюшат. Менин бабам Кокон хандыгынан келген. Бир вариант боюнча Коконго Таластан барган, экинчи вариант боюнча Баткенден барган. Ошондуктан мени таластык десе да, баткендик десе да сыймыктанам, анткени мен Кыргызстандыкмын”.

 

Кызыктын баары ушул жерден ачылып жатат. Таластыктар менен жолукканда, же Талас тарапка барып калганда Атамбаев:"Мен Кытай уруусунун ичиндеги Төмөн тамга дегендин Төрдөш уругунан болом деп" айтат экен. Бирок, Талас өрөөнүнө белгилүү, кадырлуу, такыбаа санжырачы Үмөт Молдонун китебинин 369-бетинде Кытай уруусунун Төмөн тамгасынын Төрдөш уругунда Шама деген адам жок экен. Алмаз мырзанын Кытай уруусунан болом деп таластыктарга шыбыраганы курулай калп болуп жатпайбы. Демек, анын бабасы Шахмураддын кытай уруусуна тиешеси жок. Анан калса ал убакта кыргыздар Шахмурад деген сыяктуу аттарды коймок тургай оозанышкан да эмес.

 

Рахматулла датканын өзбек сарбазы

 

Чүйлүк аксакалдардын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин бабасы Шахмурат чыны менен эле Кокондон Чүй бооруна келген. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Шахмурад аксакал Кокон хандыгынын Бишкек чебинин башчысы Рахматулла датканын ишенген сарбаздарынын бири болгон. Тарыхый так маалыматтарга ылайык, Кокондун акыркы хандарынын бири Кудаяр Шералы уулу тарабынан датка деген наамга ээ болгон Рахматулла 1861-62-жылдарда Кокондун Бишкек чебин башкарып, Кокон ханынын атынан бийлик жүргүзгөн. Ошол жылдары Чүй боорундагы кыргыздар Орус падышачылыгы менен байланыш түзүп баштагандыктан, Рахматулла Чүйдүн Байтик Канай уулу сыяктуу тың чыкмаларын колго алуунун ар кыл айла-амалын ойлоп, акыры анын Байсал деген уулун барымтага алып, өтө уят ыкма менен кордоп, зордуктатып коет. Муну уккан Байик баатыр жаз чыккыча ачуусун басып, чыдап, тилин тишине катып отуруп, акыры жаз келгенде элдешмекке Рахматулланы конокко чакырат. Ошол кезде Алымбек датка Чүйлүк кыргыздардын билермандарына келип жолугуп кеткенден кийин кыргыздардан сактанып калган Рахматулла өзүнө ишенбей, өзбек тектүү 60 сарбазын ээрчитип барат. (Кудаяр хан кыпчактардан чыккан Мусулманкул миңбашыны, ага кошуп миңдеген кыпчактарды мыкаачылык менен өлтүрткөндөн кийин алар кыпчактарга ишенбей калышкан. Ошондуктан Бишкек чебинде бир гана өзбек тектүү сарбаздар Рахматуллага кызмат кылышкан). Кегин ичине каткан Байтик Рахматулланы сарбаздары менен кошо катуу сыйлап, мас болгуча шарап, бозого тойгузат. Ага чейин сыртта байланган аттарынын басмайылдарын тилип, бир манжанын жоондугунчалык жерин гана калтырып коюшат. Акыры ныксыраган коноктор аттарына минип, жолго аттанганда Байтиктин бекинип жаткан даяр жигиттери алардын артынан кууп, тигилер кача баштаганда эле баягы басмайылдар үзүлүп, Рахматулла сарбаздары менен кошо жыгылып, сарбаздарынын дээрлик бардыгы өлөт. Жарадар болгон Рахматулла качып кетип бара жатканда аны Көкүм бий артынан кууп жетип, найза менен сайып өлтүрөт. Мындайда боз-ала чаң болгон жерден сөзсүз бир-экөө качканга үлгүрөт эмеспи. Ошол маалда арасынан бир жигит качып чыгып, Байтик айылы менен катарлаш Арашан (Атамбаевдин туулуп өскөн айылы. Мурдагы аты Стрельников совхозу) тарапка качып барат. Ал жерде Таластагы Кытай уруусунун билермандары тарабынан журттан чыгарылып, Арашандын жакасында калган 12 түтүн жатакчыларга кошулуп, өзүнүн Баткен тараптан келгенин айтып, алардын ичи-койнуна кирип, аралашып кеткен Шахмурад деген адам тууралуу айтылуу “Сынган кылыч” романынын автору, белгилүү жазуучу, КРнын Баатыры Төлөгөн Касымбеков атабыз ачык эле айтып жүргөнү бар. Рахматулланын өлүмү тууралуу “Сынган кылыч” романында дагы кеңири жазылган. Ал эми 2003-жылы басылган «Кыргыз тарыхы: Энциклопедиялык окуу куралы” аттуу китептин 190-бетинде Рахматулла Датка тууралуу төмөнкүчө жазылган:

 

РАХМАТУЛЛА ДАТКА– Кокон хандыгынын аскерлери турган Пишпек (Бишкек) чебинин 1861–62-жылдардагы башкаруучусу. Чүй боорундагы кыргыздарды Кокон хандыгынын таасирине тартууга умтулган. Токмок жана Пишпек чептерин чыңдоо үчүн кыргыздарды зордоп иштеткен. Анын зордук-зомбулук саясаты жергиликтүү элдин нааразычылыгын күчөткөн. Рахматулла датканын Солто уруусунун чоң манабы Байтик Канай уулунун баласы Байсалды кордогондугу чүйлүк кыргыздардын Рахматулла даткага каршы Байтик баатыр башында турган көтөрүлүшүнө түрткү болгон. 1862-жылы Байтик Рахматулла датканы мейманга чакырып, анын жан-жөкөрлөрүн жигиттерине кырдыртып салат. Качып кетүүгө үлгүргөн Рахматулла датканы Көкүм баатыр кууп жетип, найза менен сайып өлтүргөн. Рахматулла датка Кокон хандыгынын Чүйдөгү акыркы башкаруучусу болгон.

190-бет «Кыргыз тарыхы: Энциклопедиялык окуу куралы. Бишкек, 2003»

 

Мына ошентип Байтиктин кылыч-найзасынан аман качып кутулган адам Шахмурад, же болбосо кыргыздар Шама деп атаган адам. Андан 5 бала төрөлгөн. Алар: Асанбай, Атамбай, Өтөмбай, Тойгонбай, Толкунбай. Биз билгени Асанбай аксакал кадимки Асанбай кичирайонуна аты коюлган Алмаз мырзанын атасынын агасы. Кезинде Асанбай аксакал ошол тарапка арык тартып, суу алып келип, багбанчылык кылып Баткендин өрүгүн эккенин айтып жүрүшөт. Асанбайдан Муртаза, Муртазадан Болот тараган. Ал эми Шама аксакалдын Асанбайдан кийинки баласы Атамбай. Атамбайдан Шаршен, андан кадимки бүгүнкү теманын чуулгандуу баш каарманы Алмазбек Атамбаев. Шаманын төртүнчү баласы Тойгонбайдан Акмат, андан Жусупбек тараган. Ошондой эле Шама аксакалдын калган Өтөмбай жана Толкунбай деген эки баласынан тукум калбаптыр.

 

Атамбаевдин 3-атасы өзбекпи?

 

Агасы Калийбек Шаршенов Самаркандда жашайт

 

Жогорудагы маалыматтардын аргументтүүлүгүн, тактыгын эске ала турган болсок, Алмазбек Атамбаевдин түпкү теги, тагыраагы 3-атасы Кокон ханынын өкүлү Рахматулланын сарбазы болуп жатат. Демек, эч буйдалбастан Атамбаевдин 3-атасы өзбек болгондугун айтсак болот. Анан калса Атамбаев уруу маселесин көп козгогону менен өзүнүн 3-атасынан башкасын толук айта албайт. Буга кошумча, төмөндөгү сүрөттөгү адам Алмазбек Атамбаевдин бир тууган агасы Шаршенов Калийбектин Өзбекстан Республикасы тарабынан алган паспортунун көчүрмөсү. Бул киши учурда Өзбекстандын Самаркан шаарында жашайт. Шаардагы кесиптик-техникалык окуу жайлардын биринде сабак берет. Бул киши кандайча ал жакта жашап калганы түшүнүксүз. Бирок Атамбаев өзү деле агасынын Өзбекстанда жашаганын жашырбай айтып жүрөт. Премьер-министр кезинде 2001-жылы бир ирет журналисттер менен тар чөйрөдө жолугушуп, ошол жерден: “Мени Ош окуясынын убагында качып жүргөнсүң дешет. Мен качпай эле Бишкекте 15 мүнөт сайын Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзияев менен сүйлөшүп, кырдаалды талкуулап турдук. Ал киши мени ачык эле урушуп: “Силер ачык эле геноцид кылып жатасыңар” деп күнөөлөп жатты. Мен болсо бир тууган агам ошол жакта жашайт, мага ишенбесеңер ошол кишини залогго алып алгыла”-деп айттым”- деп бир топ сырын айтып бергени бар.

Агасынын Самаркандда жашаганынын да жөнү бар. Баарыбызга белгилүү болгондой, өзбек эли дагы индустарга окшоп касталарга бөлүнөт. Тагыраагы өзбектер арасында 3 каста бар. Негизгилери Кожолор жана Төрөлөр. Булар Казакстандагы казактардын ичинде да бар. Өзбек калкынын негизги өзөгүн мына ушул эки каста түзөт. Ал эми теги төмөн, ар кайсы жактан жыйналган Карача деген уруу бар. Мына ошолор Самарканда жашашат. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Атамбаевдин Өзбекстандагы туугандары Самаркандда жашашат экен. Тээ союз маалында ачарчылык болуп, ал кезде өзбектерде жашоо бизге караганда бакубат болгондуктан, Шаршен аксакал мына ошол улуу баласын Өзбекстандагы туугандарына жөнөтөт. Ошону менен Калийбек аксакал Өзбекстанда калып калат. Демек, Атамбаев Самарканддагы Карача уруусунан болот. Ал эми анын бабасы Шама баткенчи экени, же Таластан Коконго барганы курулай шылтоо жана кыргыздардын көзүн жазгыруунун аракети.

Мына, урматтуу окурман. Жогорудагы маалыматтардын баары тарыхый булактардан жана аксакалдардын айтып жүргөн баяндарынан алынган. Биз мына ушундай даректүү далилдерге таянабызбы, же Атамбаевдин ар кайсы жерде ар башка айтып жүргөн “жомокторуна” таянабызбы?

 

“Мени шайлабасаңар Ташиев менен Мадумаров Бакиевди алып келет”

 

Анан калса Атамбаев кыргыз элин ачыктан-ачык эле бөлүп, ар кайсы региондогу элдин намысына тийип, оозуна келгенин айтып жүргөнүн кантип түшүнөбүз? 2011-жылы президенттик тактыга отурганга чейин тымызын ушакчылар аркылуу пиар кампания жүргүзүп, өлкөнүн түндүк аймагындагыларга: “Эгер силер Атамбаевди шайлабасаңар анда Ташиев менен Мадумаров Бакиевди алып келет” деп элди козутуп, анын мындай ушагына ишенген эл регионалдык принциптер менен Атамбаевди түп көтөрүлө колдоп чыгышкан. Бул сөздөрдүн чындыгын Атамбаев өзү да кыйыр түрдө тастыктап: “Эгер мен болбосом түштүктөн Ташиев, түнтүктөн Сариев 10 пайыз добуш алышы мүмкүн.  Бүгүн элди бириктирүүчү бир гана Атамбаев”-деп балдыраганы бар.

 

Өзбек сепаратисттерине шыкакчы...

 

2010-жылы Убактылуу өкмөт бийликке келгенден кийин Баткенге барганда: “Улутка бөлүнүүнү токтотолу, керек болсо өзбек болсо да эгер мыкты болсо облуска губернатор, районго аким болсун,”-деп өзбек туугандарга жан тартып, анын сөзүнө ишенген Кадыржан Батыровго окшогон сепаратисттер ачык эле а дегенде бийлик, андан соң автономия талап кылып чыгышкан.

 

Кыргыз бечараны Атамбаев эмне деп гана кемсинткен жок. “Таластыктар эл эмес, Манас атабыз кыргыздарга ишенбей, Каныкей апабызды Ташкентке качырган”-дегенде күйбөгөн жерибиз күл болгон. Кыязы өзүнүн тегин эстегенби, айтор Каныкей апабызды да өзү сыяктуу өзбек деп элестетип алса керек да.

 

Атамбаевдин “жаргондору”

 

Бир ирет Жалал-Абадда облакимчиликти басып, Ташиевдин боштондугун талап кылган Баатыр энелерди ОБОНчу аялдарга теңеди. Мындан тышкары: “Көлдүн эркектерине караганда саан уй пайдалуу”, “Это не народ, они козлы, бараны”, “К...тани”, “Экологияны Кумтөр эмес, нарындыктардын канализациясы бузуп жатат”, “Нарындыктар малчысыңар” ж.б Алмазбек Шаршеновичке тиешелүү ондогон “кызыктуу” фразаларды уктук. Ошого карабастан бүгүн баарына чыдап, Атамбаевди колдоп жүргөндөр бар. 2010-жылы парламенттик шайлоо алдында Ахматбек Келдибековго: “Мага десең Камчы (Ташиевди айтып жатат) экөөң түштүктү бөлүп, бириң президент, бириң премьер болуп алгыла!”-деп кыйкырганын “Жаңы Ордо” гезити жазып чыккан.

 

“Усубалиев уйгур”

 

2009-жылы президенттик шайлоодо кыргыздардын намысына шек келтирип: “Кыргызстанды кыргыз башкара элек. Усубалиев уйгур 24 жыл башкарды. Акаев калмак 15 жыл башкарды. Эми Бакиев кыпчак силерди алдап дагы башкарам деп жатат. Мен шайланып калсам кыргызды акыры бир таза кыргыз бийлеп калат”-деп Нарындагы жолугушууда айтканын тастыктап берчүлөр бар. Бул боюнча Кыргызстандын ошол кездеги Боршайкому Атамбаевге атайын эскертүү да жасаган. Бул киши башкалардын уруусун, тегин сүрүштүргөнү менен өзүнүн теги чатак экен. Анан да хан тукумунан чыккан Усубалиевди уйгур атап, өзүн таза кыргыз катары көрсөткөнүн кантесиң.

 

Учурда Атамбаев бийлиги тарабынан атайылап өлкөнүн аймактарын кагыштыруу, тирештирүү саясаты жүргүзүлүп жаткандай. Президент болгонуна 4 жылга чамалап калса дагы ушул кезге чейин Таласка бара элек. Бир нерсе болсо: “Эми таластыктар 4 эле процент. Аларсыз деле проблема чечилет” деп коймою бар. Мунусун бери эле дегенде 10 жерде айткан.

 

Манас атабыздыы орустарга барганда этникалык россиялык деп атай коюп шылдыңга калган.

 

Кыргызстанды четинен сатып...

 

Эң кызыгы, Бакиев маалында Кыргызстан Кокон хандыгына айланды деп кедлсе, эми ошол саясатты өтө терең, жаман ыкма менен улап бара жатат. Бакиевдер канчалык Кокон ханына окшошпосун, алар эч качан мамлекеттик маанилүү объектилерди чет өлкөнүн пайдасына чечип берген эмес. Азыркыдай орустарга жата калып жүгүнүү болчу эмес. Ал эми Атамбаев не кылып жатат? Кыргызстандагы эле эмес, Орто Азиядагы эң ири ГЭСтердин бири деп эсептелген Токтогул ГЭСинен 2 эсе чоң жана кубаттуу Камбар-Ата-1 ГЭСин жана ага чейинки Нарын дарыясынын бассейнин бойлото курулмакчы болуп жаткан 8 ГЭСтин тагдыры кошо чечилип, бүгүнкү күндө 75 пайыз акциясы Орусиянын “Русгидро” ишканасына берилди. Биз ал объекттердин 25 пайызын эгерде кудай аман койсо бери дегенде 25 жылда араң алышыбыз мүмкүн, албасак жок. Ал эми 50 пайызы түбөлүк берилди. Ошондой эле Кыргызстанда газ тармагы өтө баалуу жана маанилүү тармактардын бири. Бул тармак “Кыргызгаз” ишканасы менен кошо Кыргызстандагы газ түтүктөрү, ондогон имараттары, кадрлары жана башка баалуу ресурстары менен кошо Орусиянын “Газпром” ишканасына кечээ жакында биротоло өттү. Эми болсо жан талашып, жападан жалгыз абага учуучу дарбазабыз. Болгон “Манас” Эл аралык аэропортун 9 объектиси менен кошо Орусиянын “Роснефть” ишканасына өткөрүп берүүгө далбас уруп жатат.

 

Албетте. Азыр бул маселени чөнтөк депутаттар аркылуу чечип, Атамбаев өзүнүн “арам” миссиясын аткарып кете бериши мүмкүн. Бирок, учурда Баткендеги анклав, чек ара маселелери кандай баш оору болсо, келечекте жогорудагы объектилердин сатылышы Кыргызстандын эли үчүн андан 100 эсе көйгөй жаратышы мүмкүн.

 

Атамбаев мамлекетти талкалаганы келгенби?

 

Мына ушунун баарын иликтеп отуруп Атамбаев кайсы бир сырткы күчтөр тарабынан кыргыз элин тентитип, талаалатып, мамлекетти ыдыратуу үчүн келген жок бекен деген ойго аргасыз жетеленет экенсиң. Биз кайсы бир улутту басмырлап, же кыргызды көкөлөтүп мактайлы деген ойдон алыспыз. Бирок, Атамбаев өзү баскан-турган жеринде улуттар аралык ынтымакты оозанганы менен башка адамдардын тегине асылганынан улам биз анын тегине кызыгып, окурмандарга так маалыматты жеткирип коелу дедик. Бардык улуттар бирдей. Ошентсе дагы бул мамлекет Кыргыз Республикасы деп аталат. Бул жер кыргыздардын түпкү мекени. Демек, жакшыбы-жаманбы бул мамлекетти башкарган адам Атамбаев өзү айткандай “таза, тектүү кыргыз” болушу абзел. Ал эми Атамбаевдин бал сөзүнө алданган көпчүлүк анын кыргызга жасаган кыянаттыгын эртели-кеч аңдап билет деңизчи. Аттиң, бирок ошондо кеч болуп калып кашайбасак болду.

 

Акмат Асанов – www.maalymat.kg