Улуттук оппозициялык кыймыл кечээ тынчтык митингин жогорку маданияттуу жаңы форматта кандай өткөрүү керектигин көрсөтүп койду. Адамдар майрамдык маанай менен келип митингге катышып, жазгы бакта эс алганча саясий тилектештигин билдирип, кетээр алдында таштандыларын чогултуп кетишти.

 

Эч кандай провокация жасабай, тизме менен чыгып сүйлөп, чыныгы тынчтык митингинде нааразычылыктарын айтып жатышты.  Уюшкандыкта, тартип менен, сылык мамиледе бири-бирин колдоп, эч кандай ичимдик, же мас адамдар катышкан жок, эки-үч адашкан масты өткөрүп беришти.

 

Мындан кийин митингдер оппозициядан үлгү алып ушундай маданияттуу, сабырдуулук менен, ирети менен өтүшсө кандай жакшы болоор эле. Митингге келген элдер эч кандай морадерчулукка, талап-тоноочулукка же башка кылмышка барышкан жок. Алардын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирсе болот.

 

Тескерисинче, кечээги митингде бийлик тарап, өзгөчө милиция кызматкерлери өздөрүнүн маданиятсыздыгын көрсөтүп бийликтин бетин “булгап” коюшту. Митингдин катышуучуларына копол мамиле жасап, колдоруп кайрып, автобустарга жүктөп “приемник-распределителге” камашты. Кыргызстанга эмгеги сиңген Мукар Чолпонбаев аксакалды да бурап, түртүп жүктөп барып камашыптыр. Анын айтымында анын өзүн “скверде отурган жеринен жана жолдо турган эле балдарды кармап барышкан. Милициянын начальнигинин оозунан арак буркурап турган”. Мээ болсо, өзү мас болуп туруп,  ушул аксакал кишини кармап кандай абийир табат эле. Митингге барса эмне болуптур, бара берсин, укугу бар го. “Бөрк ал десе баш алып”, аша чаап кеткендердин айынан мамлекет башчылары жер карайт деген ушул го.

 

Ташиевдин баласы рогатка менен баарыбызды кырып салбасын деп камадык дебегендерине шүгүр. Акыйкатчы менен депутат эмнеге кармадыңар десе, билбейбиз, биз жөн эле протокол түзөбүз дешет, бул жерге тиешеңер барбы десе, жок дешет. Буйрук болгон бирок кайсы же канчанчы экенин билбейбиз дешет. Эки саатта кое бериш керек болсо, качан кое беришти билбей отурушуптур, иши кылса Акыйкатчы аягына чыгаар, депутат да парламентте айтаар, бирок ошолорду укчулар болобу?

 

Кантсе да УОК лидерлери Камчыбек Ташиев, Равшан Жеенбековдор жогорку маданияттуулукту жана улук инсандыкты көрсөтүштү, кыргыз эли мындай кулундары менен сыймыктанса болот. Митингди жакшы өткөрүп, камалгандарды бошотуп, алардын баарынын көңүлүн көтөрүп жакшылап узатып коюшту.

 

Бийликтегилер элге кандай мамиле жасоону оппозициядан үйрөнүшсө жакшы болмок.

bashat.kg