Урматтуу Алмаз Шаршенович! 2014-жылдын 28-мартында теледен сүйлөп жатып, түптүз эле жерден: “Революция кылам дегендер, революциядан кийин үч этаж үй салып байыгандар” деп, “досуңуздун” атын атабасаңыз да, Азимбек Бекназаровго тийишип өттүңүз. Эмнеге дегенде 17-мартта Бекназаровдун айылдагы үйүн атайын тарттырып келип, КТРден дембе-дем көрсөтүшкөн. Сиз сүйлөгөнгө чейин “муну Адил Сегизбаев кылып жатат го” дегенбиз. Себеби, 2002-жылы ошол эле үйдүн терезесине Бекназаровдун сүрөтүн коюп (өзү түрмөдө эле), Акаевдер да сиз сыяктуу саясат кылышкан. Көрсө, мындай ыплас саясаттын артында Сегизбаевдер эмес, өзүңүз эле турат экенсиз да? Муну өз сөзүңүз менен далилдедиңиз.

 

Алмаз Шаршенович, Бекназаровдун айылдагы “үч этаж” үйүндө революцияларга чейин эле сиз бир нече жолу болгонуңузду эсиңизге салам: 2005-жылы Азикенин апасы өлгөндө батага барганыңызда, ал үйдү көргөнсүз; 2007-жылы жайында сиз премьер-министр элеңиз, Бекназаровдун айылындагы аксакалдар тай союп астыңызга ат, үстүңүзгө чапан, башыңызга бакай калпак кийгизип, так ошол сиз сындатып жаткан үйдө коноктободу беле? 2009-жылы президенттикке талапкер болгонуңузда да, ошол үйдө тай союлуп, Аксынын аксакалдары президент болосуң деп, батасын беришти эле го? “Самсаалы, укмуш бата экен, мындай батаны уга элек болчумун, видеонун көчүрмөсүн жаздырып берчи”,- дегениңизде, ошондогу пресс-катчыңыз Жоомартка (Сапарбаев) жаздырып бергем. Эгер ошол батаны кайра баштап көргүңүз келсе Жоомарттан суратсаңыз, бар чыгаар. Жыйынтыгында сындатып бүтпөгөн бул үй, эки революциядан алдаканча мурда салынганы тастыкталдыбы?

 

2012-жылы 17-мартта ошол үйдүн үстүндө Аксы окуясы боюнча музей ачылганда: “Аксылыктар, Азике досум болбосо президент болот белем, же Акаевдер жок кылат беле...” деп сүйлөгөн сөзүңүздү унуттуңузбу? Сизге бата берген аксакалдар мага телефон чалып айтып жатышат: “Бул президентибиз Кудайды карап калп айтпайбы, биздин иштерманыбыз (Азикени айылдаштары ушинтип аташат) ал үйдү 90-жылдардын ортосунда баштаганын, өз колу менен салганын элдин баары билет. Акаев, Бакиев, эми Атамбаев ушул үйдү көрсөтүп, саясий упай топтобой эле койбойбу? Иштерманыбыз Атамбаевди ушул үйүнө алып келип, досума бата бергиле, колдогула десе, биз, биздин балабыздын досу экен деп, колдоп жүрдүк го? Туз урат деп коркпойбу?! Азимбек айтпаса да сен айтып, жеткизип кой”,- дешти.

 

Бир эле сиз эмес, эгемен Кыргызстандын саясатчылары: А.Масалиев, Д.Садырбаев, Р.Отунбаева, Т.Тургуналиевден тартып, М.Мукашев, Ө.Текебаевге чейин бир нече жолу Азикеңдин ошол үйүнөн туз татышкан. Белгилүү саясатчы М.Мукашев ал үйдү 2007-жылы көрүп: “Эй, Азимбек, сенин бул үйүң менин тоокканамча эле го, телевизордон кантип дворец кылып көрсөтөт?” деп күлгөн. Менин бул сөздөрүм калп десеңиз, ошол кездеги жардамчы, шоопурларыңыз Б.Сүйүмбаевден, Икрам Илмияновдон жана башка жаныңызда жүргөн жан жөөкөр жигиттериңизден сураңыз. Алар сиз менен, а мен Азике менен жүргөм. 2000-жылы Азикебиз Акаевге оппозиция болгондо, ал үйдүн короосуна чейин текшеришкен. Эки революциядан кийин Азике байыган жок. Тескерисинче, башын тобокелге салып, революциянын максаттарын ишке ашырам деп, ондогон уурдалган объектилерди, жерлерди миллиондогон акчаларды элге кайтарды. Акаев, Бакиев, Танаевдерге жана башкаларга кылмыш ишин козгоп, ондогон душман күттү. А сиз жеке эмне иш жасадыңыз?

 

Азике Жогорку Кеңештин депутаты болуп туруп, ЖКнын үйүн башка депутаттарга окшоп, “прихватизация” кылган жок. Депутаттык үйүн тапшырган жалгыз депутат Азике болуш керек.

 

Урматтуу Алмаз Шаршенович!

 

Эгерде Азике болбосо, өзүңүз айткандай, сиз чын эле Президент болот белеңиз? Эстеп көрүңүзчү? Оппозиция сизди кошпой, Бакиевге сатылды деп, чекеге түртүп салганда, ушул Азике коштурбады беле? Кийин БЭКке төрага, оппозициянын президенттикке жалгыз талапкери кылып, ээрчитип жүрдү. Биз кошо жүрдүк. Түштүктө, Таласта, Чүйдө жаныңызда ким жүрдү эле? Жалгыз калбадыңыз беле? Партиялашыңыз Ж.Жээнбеков Жалал-Абаддан сизге кошулбай, качып, анан “ууланганыңызда” Азикеге айткан сөздөрүңүз, Азикенин колун коё бербей, “керээзиңизди” айтканыңыз эсимден чыга элек. Эгер Азике сизге теңелип, ал “уулануунун” сырларын айтса жарашат эле. Бирок, өзү эле эмес, бизди да тыйып келет. Ал ууланууну Азике да, Азикенин тегерегиндеги биз да жигиттик кылып унчукпай келебиз. Анткени биз Азикенин эркекче мамиле кылчу тарбиясын көргөнбүз.

 

Урматтуу Президент, Бекназаров сизди Премьер-министр, Президент болушуңузга эбегейсиз зор салым кошту, а сиз Бекназаровго эмне кылдыңыз? Эмгегин баалап кызмат сунуштамак түгүл, өз билими менен өтө турган судьялык кызматты да ыраа көрбөй бут тостуңуз го? Кызмат сунуштаганды жөн эле коеюн, кур дегенде ыгы жок каралатканыңызды азайтсаңыз да чоң иш кылган болот элеңиз. Улам-улам оолугуп, ыгы келсе да, келбесе да Бекназаровго тийишип келесиз. Инилерин, уулдарын, досторун, баарын душман кылып, куугунтуктап жүрөсүз. Акаевдин, Бакиевдердин айланаңызда жүрүшкөн алардын кадрларын дегеле оозуңузга албайсыз. Ооба, Азике да сизди, Президент Атамбаевдин саясатын сындап жүрөт, бирок, ал сиздин саясатты гана сындап атат. Сиздин керт башыңызга, байлык, үйлөрүңүздү, “Форумуңузду”, үй-бүлөңүздү, жүрүш-турушуңузду сындаган жок да. Азикени мазактайм, шылдыңдайм, сындырам деп ойлобоңуз! Азикени мазактайм, шылдыңдайм деген эки президент тең чет элде качып жүргөнүн жакшы билесиз. Азике эч качан, эч кимге жүгүнгөн эмес, жүгүнбөйт. Ошон үчүн ал Бекназаров, баарыңар коркосуңар, анткени чындык Азике тарапта. Өзүңүз айткандай Кудай бар, акыйкаттык бар. Ал элинин алдында таза, бийик. Анын байлыгы, күчү ушунда. Ал бийлик деп эмес, чындык, адилеттик, кыргызым деп саясатта жүрөт. Айырмаңар ушунда. А сиздин саясатты болсо көрүп атабыз... Менин кайрылуумду укса, Азике сөзсүз капа болот, “эмне жазасың”,- деп. Бирок, урматтуу Алмаз Шаршенович, 14 жылдан бери “Бекназаровдун үйү” деп эле каралап келе жатканыңа, мен, Азикенин иниси, жердеши, анын байлыгын билген адам катары калыс сөзүмдү айтып коюуну эп көрдүм. Бул кайрылууну ар ким өз деңгээлине жараша талкууласын. Мен болгону калыс сөзүмдү айттым. Анткени Азикени канчалык каралатсаңыз да "сөз чындыгынан бузулбасын" абдан жакшы билесиз. Кыргыздын бул накыл, улуу сөзүндө калпыстык жок экенин сиз да, мен да түшүнөбүз да.

 

Урматым менен

Самсаалы Четимбаев