Карт тарыхтын узак жолуна тигилип отурсаң,  дайыма бир туруктуу көрүнүштү байкайсың. Коом, мамлекет, Мекен, эл дегениңдин эки башка мүнөзү, жосуну бар эки түрдүү баласы, эки түрдүү атуулу болот экен. Томолок жердин үстүндөгү кайсы жамаатты караба, бир боор  мекенинин кучагында бири-бирине карама-каршы тагдыр күткөн, эки башка жолду тутунган эки уулду көрөсүң. Кечээки Россияны карасаң, адаттагыдай мунун да эки баласы бар: биринчиси жазуучу  Кукольник, экинчиси айтылуу чыгаан Чаадаев. Же биринчиси баягы Кремлдик Суслов, экинчиси Сахаров. Мынабу көчмөн кыргыз коомуна келсең, мында да кыял-жоругу  эки башка эки атуул жашап турат, биринчиси ырчы Арзымат, экинчиси акын Токтогул же Санчы сынчы, же Толубай. Көп учурда  мамлекет, бийлик өзүнүн бул эки атуулуна эки башка көз менен карайт. Кукольниктер, Арзыматтар, Сусловдор ар дайым бийликтин сүймөнчүгү, эрке талтаңы. Бийлик өзүнүн мындай балдарын канаттууга  кактырбайт, тумшуктууга чектирбейт, туяктууга  тептирбейт. Анткени кукольниктер, сусловдор, арзыматтар бийликтин көзүнүн агы менен тең айланып турган букаралар, мансаптуунун ырын ырдап, камчысын чапкан жарандар, жүргүзүлүп жаткан саясаттын сакчылары, жашап турган тартиптердин күзөтчүлөрү.

 

Жүргүзүлүп жаткан саясат акыйкатка, чындыкка негизделсе жакшы го. Бирок тарыхта  иштин абалы  көп учурда бир кездеги кыргыздын улуу патриот уулу Жусуп Абдрахмановдун төмөнкү айтканындай болуп келатпайбы:  “Менин мекендештерим үчүн Кыргызстан сүйүүнү, кам көрүүнү талап кылган, ал үчүн иштөө керек болгон мамлекет эмес, тек гана жеке жыргалчылыктын базасын түзүүгө ылайыкталган объект. Элимдин бактысыздыгы мына ушунда”. 

 

Ал эми ошол эле мамлекет, бийлик  өзүнүн жанагы экинчи уулуна келгенде, козусун жериген койго окшош. Ал өзүнүн чаадаевдерин, Санчы сынчыларын, толубайларын, сахаровдорун көп учурда кодулап, өгөйлөп, аларды көргөндө кабагын түйүп, тиштерин кычыратып турат. А түгүл кээде аларды “акыл-эсинен ажыраган жинди” деп да жар салып жиберет (мисалы: Россиянын Чаадаевди “Философиялык каттары” үчүн жинди деп жарыялаганы сыяктуу). Азиз хандын Толубай Сынчынын көзүн чукуп салганын да эстейли. Бийликтин аларга аркасын салып, кыртыштап, кыргый кабак болуп, катаалданып жатканы, анткени эркин ойлонгон атуулдун сынчыл духу жанагы “жеке жыргалчылыктын базасын түзүүгө” умтулган, мамлекеттин атына жамынган каражемсөө кызыкчылыктарга каршы келип жатпайбы.  Дагы бир жолу айталы,  сынчыл, чынчыл букаралар бийликтин тиги “сүймөнчүк” уул-кыздарына  окшоп, өз коомун, өз мекенин көзүн  чылк жумуп алып сүйбөйт, ага аң сезимсиз түрдө сокурлук менен берилбейт, айтканына кың дебей көнүп, айдаган жагына  баспайт. Чаадаевдер, сахаровдор, Санчы сынчылар бийликке,  өз коомуна карата дайыма дистанцияны кармап турат. Алар өз мекенине, эл-журтуна талдагыч, изилдегич акыл-эс менен карайт. Ошон үчүн алар бийлик  менен кучакташып, жытташып, коюн-колтук алышуунун ордуна , оппозицияда турууну артык көрөт. Мамлекетке, бийликке, керек болсо  калкка чучукка жеткизе ачуу сын айтат. Ал эми мамлекет болсо өз оюнда, өзүнүн чаадаевдеринен, толубайларынан, сахаровдорунан, Санчы сынчыларынан көбүрөөк жабыркап жатам деп ойлойт. Буларды “жолумдагы башкы кыскагым”,- деп да түшүнөт. А чын-чынына келгенде, тескерисинче, мамлекет, Мекен, бийлик  өзүнө “айым”, “күнүм” деп жалбарган жанагы сүйүктүү кукольниктер, арзыматтар сыяктуу “патриотторунан” көбүрөөк зыян тартып жатканын аңдабайт. Ырасында эле, түпкүлүгүндө букаралардын аң сезимсиз энөө сүйүүсүнөн, сокур берилгендигинен, анткор көшөкөрлүгүнөн мекенге опаа аз.  

Анткор сүйүү тээ эзелки замандан  бери карай кай жерде, кай өлкөдө болбосун бийлик, мамлекет менен күмүштөй оролушуп, жездей чырмалышып жашап келе жатат. Бул өңдүү социалдык илдетке Орто кылымда Алишер Навои кабатырланып,  кайгылынса,  бүгүн Ала-Тоонун публицист атуулу Абдувахаб Мониев санааркап, Асанкайгы болуп отурат: ”Жашоо үчүн ханга кызмат кылдыкпы, сокур болуп, дүлөй болуп тындыкпы, бирок ошол тагдыр кандай кылмыштуу  Навои)”, “Арийне, бийликтеги адамдарды бир тараптуу мактап, ошолор чийген чийинден чыкпай, мамлекеттик бийликтин саясатындагы кемчилик, катачылыктарды элден жашыруу мамлекетке да, элге да, анан калса, дал ошол “бийлик ээлеринин” өздөрүнө да зыяндан башканы тарттырган жок  (Абдувахаб Мониев. “Эркин Тоо”,28.01.2011)”. Кылымдардан бери карай  өзүнө каршы күрөш жүрүп келатса да, эмне үчүн бийликке болгон “Көшөкөр сүйүүнүн”  тамыры соолбой, кайра уламдан-улам күчөп, алоолоп жанат? Анткени кайсы гана заман болбосун киши пендесинин “моторун” айлантып турган жеке кызыкчылык деген нерсе бар. Киши деген өлгөн жок, ошон  үчүн жеке кызыкчылык да өлбөйт. Мамлекеттик, коомдук, элдик мүдөөлөр менен гармонияга келтирип, айла-амалын таппаса,  “жети баштуу”  жеке кызыкчылык бардыгын мойсоп коюшу мүмкүн. Жеке кызыкчылыктын желмогузу араанын ачып, абалды жылмалаган көшөкөрлөр менен коюн-колтук алышып, мамлекеттик деңгээлде үстөмдүк кылган жерде көпчүлүктүн, элдин иши кыйрайт. Тилекке каршы тарыхта көп учурда ушундай болуп келет.  “Украин  ССРине “Эл достугу” орденин тапшыруу салтанатынын Киевдеги жыйынында отурушкандар биринчи катчынын сөзүнө 35 ирээт кол чабышкан экен. Мындан анча деле көп өтпөй Казахстанда дың жерлерди өздөштүрүүнүн 20 жылдыгына карата (1974-жылдын марты) Брежневдин  катышуусу астында чоң маараке өтмөкчү болот. Казахстан  бул  салтанатка өзгөчө дыкаттык менен  даярдык көрө баштайт. Ал кезде  Казахстан коммунисттик партиясынын Борбордук  комитетинин  идеология боюнча катчысы С.Имашев буга карата атайын жыйын  өткөзүп аны урматтуу  Брежневге  көрсөтүү  үчүн украиндыктардан ашса ашып, андан кем эмес өткөрүү тапшырылат. Мындай тапшырманы жүзөгө  ашыруу үчүн област, шаарлар, район башчылары ошол замат ишке киришип, натыйжада Брежневдин сөзүнө 73 ирээт “кол чабууларды” уюштурушат.  Ушинтип жагынуучулук боюнча  украиналык агайындардан  эки эсеге озуп  чыгышат. Ошондо  бечара Брежневдин өзүнүн “даанышман” сөзүн улам-улам угуп , көз  көрбөгөн урмат менен кабыл алган калкка жал-жал карап кемшеңдей берген дешет ошону көрүшкөн көпчүлүк. Муну көшөкөрдүктүн өзүнчө рекорду катары Гиннес китебине  жазып коюуга кантип болбосун (Мухтар Шаханов, “Кыргыз руху”, 17.12.2010)”.

 

Мына  ушундай чектен ашкан  көшөкөрлүктөн улам, мамлекеттик сусловдук пропагандалык машинанын кемчиликтерди жашырып, советтик коомдун ичи -тышын жаркыратып көрсөтүп, кызыл-тазыл сөздөргө ороп, идеалдаштыра бергенинин айынан, бир жагынан айтканда СССР кулабадыбы. Ушундай өзүн-өзү идеалдаштырып даңктаган коомдун кучагында биз кыргыздар да “Кайгысы жок жапжарык, нурга баткан биздин эл, ырыс-таалай бак конуп, жыргап аткан биздин эл, рахмат тоолук кыргызга, колу жетти жылдызга,”- деп ырдаганбыз. Ошол кезде Кыргызстан баланча жагынан Турцияны, Грецияны артка таштады, түкүнчө жагынан Италиядан, Франциядан озуп кетти деп мактана берген кыргыздар өздөрүн телегейи тегиздей сезип, горбачевдук кайра куруунун жана 90-жылдардын башындагы эркиндиктин эйфориясынын жылдарында  алды жактагы келечекке төш кагып, элирген кыял, эргиген романтика менен караган эле. Айтылуу КДК баш болуп, өзүбүз жөнүндөгү жалган пропагандалык шаңданган көтөрүңкү элестерге алданып,  биз ошондо бат эле демократиялык кереметти курарыбызга, тез эле Азиянын «жолборсторун» (Түштүк корея ж.б.) кууп жетерибизге, тоолук пенденин демократия жаатында тоону томкороруна ишенгенбиз. 

 

Тилекке каршы Ала-Тоодо 20 жылдан ашык өкүм сүргөн кризистик кырдаалдын тарыхы кечөөкү “кызыл кыргыздардын”, иллюзияларга чулганган утопист экенин ашкерелеп койду. Биз реалист эмес экенбиз. Биз бооруна Швейцарияны курабыз деген Тянь-Шань тоолору, польшалык журналист жазгандай «сейсмикалуу» болуп чыкты. Өзүбүздү өзүбүз  терең  үйрөнүп, өзүбүздү  өзүбүз  терең таанып, өзүбүздүн  тарыхый даярдыгыбызды жана ресурстарыбызды, менталитетибизди ар тараптан өлчөп, алды жакка реализм менен караган социум катары сахнага чыгууга  чабалдык кыларыбыз ачыкка чыгып калды. Мына минтип бүгүн “сынык тепшинин” жанында турабыз. Мынакей, бир кездеги проблемалардан, кемчиликтерден арылгансып, шаңдангандыктын кесепети.

 

Шакирт менен устаттын  ортосунда төмөнкүдөй суроо-жооп маеги болуп өткөнүн жаздым эле:

- Неге ар дайым мансаптуунун ардагы,

Арсыз саткын, кошоматчы алдагы?

- Билбейсиңби чоңдун чолок экенин,

Кошоматчы анын таяк-балдагы.

 

- Неге күлөт бизди карап жылдыздар,

Түн киргенде баары тегиз ойгонуп?..

- Неге күлбөйт, жер бетинде жатса эгер,

Эң бир кызык комедия ойнолуп...

 

Оо, бу төшү түктүү жердин үстүндө  бийлик ээсинин колтугуна балдак болгон арзыматчылыктан улам кандай гана трагикокомедиялар  ойнолбоду. Жогоруда Абдувахаб Мониев  катачылыктарды, кемчиликтерди жаап-жашырып, бийлик ээлеринин алдында абал-жагдайды төгөрөгүн төп кылып көрсөткөн жагынуучулук, түпкүлүгүндө өзүнө астыртан комфорт түзүүгө умтулган сырты жалтырак, ичи калтырак амалкөйлүк акыры келип ошол өкүмдарлардын өзүнө зыян алып келээрин айтып жатпайбы. Бийликке  арналган анткор “сүйүүгө” ишенип алып, көзүн май басып, бир күнү  тагынан ажыраган  ажонун трагикокомедиясын төмөнкү ыр саптарында чагылдырууну көздөдүм:

Кубулма экен кудай урган бу дүйнө,
Жылмышма экен жылас баскан куу дүйнө.
Оозумду ачып, айран калган мен болдум.
Тактан ыргып, «талп» деп түшкөн сен болдуң.
Мактоо, даңктоо ураандарга ишенип,
Кечөө өзүңдү укмуш сезген шер болдуң.
Тактан түшүп, эми мына ким болдуң?
Кечээ эле гений дешкен, пир дешкен,
Бүгүн мына “тарс” жарылган жел болдуң.
Күндөйсүң  деп, кечээ өбүшкөн бетиңе,
Түкүрүшсө, айлам куруп дел болдум.
Тебелешип жакшылыгың  көргөндөр,
Арстан эмес, чычкан менен тең  болдуң...
Пирим дешкен көшөкөрлөр мынакей,
Азыр ушул эшектерге  жем болдуң...

Амалкөйлөр колтугуңа киргенин,
Учурунда көрбөй неге көр болдуң?
Ачып жүрсөң болмок экен көзүңдү,
Жаңы Ажого жагыш үчүн ошолор,
Бөрүлөрдөй талап жатат өзүңдү...

 

Арзыматтарды, Сусловдорду, Кукольниктерди тирегим деп алчактатып эркелеткен өкүмдарлар көп учурда ошол өзүнүн “сүйүктүүлөрү” колдуу болуп жастым болгондугу тарыхта көп кездешип келет. Тактан кулаар менен  өздөрүнүн “айын”, “күнүн” жарадар аркарды топ тайган талагандай, арзыматтардын басып калганы кызык. Тарыхтын мындай таалиминен бүгүнкү бийлик ээлери көздөрүн чоң ачып, сабак алганы оң.

 

Чыныгы атуул, нагыз интеллигент өз элинин адашууларын, иллюзияларын эмес, калктын тагдырын тең бөлүшөт. Ушундай атуулдардын чыргоолонуп, күйүп- бышып айткан сөздөрүнө  кулак төшөп, андан сабак алуу акылгөйлүктүн иши.  Жанагы көздөрүн чылк жумуп алып, өпкө-жүрөгүн садага чапкан” ляппайчыларга” караганда, Ата Журтка, мамлекетке каяша кылып, моюн толгоп, “чындыктын чечекейин жара сайып” турган сынчыл букара бийликке, коомго көбүрөөк керек да, көбүрөөк пайдалуу. Оппозициячыл, чынчыл букара - бул бардыгын жөнү жок эле чычая тана берген нигилист эмес. Анын Ата Журтка, мамлекетке, бийликке  айткан ачуу сыны, каяшасы менен талаш-тартышы мекенимдин ийрисин түзөйм, кыйшыгын оңойм деген атуулдук абийиринен чыгат. Ал чын жүрөгүнөн минтип айта алат: ”Элимди аябастан сындаганым - калкымды ошончолук  сүйгөндүгүм, түзөймүн деп бу турмуштун кыйшыгын, жоготкомун жан дүйнөмдүн тынчтыгын, жамандардын жалган, арам, кынтыгын , көзгө мээлеп атып турат «мылтыгым», өз элимдин кайгы-муңун, кырсыгын, мойнума алам суугу менен ысыгын, кемтик менен келишпеген сынчымын, ошон үчүн бүтпөйт менин «ыр-чырым», таалайы ушул, тагдыры ушул сынчынын , мекенимдин бүтөйм тешик – жыртыгын!.. ”. Сынчыл, чынчыл атуулдун адеп-ахлагы ушундай. (Ал эми бүгүнкү кээ бир оппозиционерлердин түпкү көздөгөн эл-журттун аёолуу кызыкчылыктары эмес, карьера, кресло, байлык экендигин да эске түйүп коюшубуз керек. Мындайлар өздөрүнүн түпкү маңызы боюнча жанагы арзыматтардан анча деле айырмачылыгы жок).

 

Эгерде биздин замандашыбыздын арасында  адамдык наркы, адеп-ахлагы туура өнүккөн сергек адамдар өтө аз кездешсе, анда мунун себеби кыйла даражада мобу менен түшүндүрүлөт деп ойлойм. Биз коомго карата сынчыл оппозицияда туруп, ушунубуз менен коомубузду илгери өркүндөөгө умтулууга шыктандырган күч болуунун ордуна, өзүбүздү бийликке  көшөкөрлөнө садага чаба беребиз.     

                                          

Кыскасын айтканда, биз өзүбүздүн Чаадаевдерибизге, Сахаровдорубузга, Санчы сынчыларыбызга, Толубайларыбызга жол ачышыбыз керек. Мамлекет мына ушундай уул-кыздарга оң көз менен карап, алардын конструктивдүү сынчыл бүтүмдөрүнөн дамамат оң жыйынтыктарды чыгарып турганда гана бийликтин жана  кыргыз коомунун социалдык, маданий, рухий саламатчылыгы мыкты болмок. Ушул жерден жанагы орус уулу атактуу П.Я.Чаадаевдин төмөнкү сөзүн эске түшүрсөк артыкбаштык кылбайт: “Мен өз  мекенимди көздү жуумп алып, эрдимди бекем кымтып, колумду куушуруп сүйгөнгө көнгөн эмесмин. Мен минтип түшүнөм: адам өз  Ата-Журтуна аны ийне-жибине чейин жакшы билип, апачык көрүп турса  гана пайдалуу боло алат. Сокур сүйүүнүн мезгили бүттү деп ойлойм. Эми биз өз мекенибизге акыйкат, чындык менен гана жөлөк-таяк боло алабыз”. Чаадаевдин логикасын улап, сөзүмдү төмөнкү ыр саптарым менен аяктайын:

О мекеним, өстүр эркин уулунду,
Эркин жашап, мен жалбырттап күйөйүн.
Урааныңды коркконумдан жаттабай,
Жүрөгүмдөн чыккан сөздү сүйлөйүн.

Жалтактабай башымды өйдө көтөрүп,
Сыймык менен шаңдуу басып жүрөйүн.
Мекен сага сокурларча берилбей,
Сүйсөм сени көзүм ачык сүйөйүн!..
Мээримиң төк мендей эрктүү уулуңа,

Назар бургун  мендей сынчыл кулуңа,

О мекеним, түбөлүктүү түнөгүм!
Билсең– менмин сенин соккон жүрөгүң!.

 

Советбек Байгазиев

 

Редакциядан: Акыркы кезде кыргыз интеллигенциясына нааразычылык күч. Анткени, караңгыда көз боло турган ушулар болчу. А булар туура сөздү айткандын ордуна, ар дайым бийликке кол чаап гана тим болушат. Булардан Советбек агабыз эмнеси менен айырмаланат: азыркы макаласындагыдай ачуу кебин эч качан жашырган эмес. Биз деле агабызга атайын кайрылып, “абал оор, улут жоголуп кетүү коркунучунда, сөзүңүз бардыр?”- десек болмок. Бул суроо менен ырасында интеллигенциянын, биз ардактаган жазуучусу, композитору, академиги, айтор далайына кайрылганбыз. А бирок Советбек Байгазиев кайрылбасак деле, “элге жеткизип турсаңар”,- таризинде макаласын бизге салып жибериптир. Көп жашаңыз Советбек агай.

 

Булак: “Майдан.kg”, №12 (141), 02.04.2014-ж.