Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 1932

Экс-премьер-министр Ж.Сатыбалдиевдин кызматтан алынышы Ак үйгө чагылган түшкөндөй эле окуя болду. Парламент коалициясынын мындай күтүүсүздөн ыдырашын карапайым эл, жөнөкөй депутаттар, ал тургай президент А.Атамбаев да күтпөптүр. Ал бул тууралуу өткөн жумада “ЭлТР” каналына берген маегинде билдирди. “Мен парламент менен өкмөт иштеше албай жаткандыгын байкагам, бирок жок дегенде күзгө чейин өкмөт отставкага кетпейт деп ойлогом”,- деген мааниде жооп берди А.Атамбаев журналисттин суроосуна.

 

Эгер мамлекет башчы – президент өзү Ак үйдө мамлекеттеги экинчи жетекчилик кызмат үчүн кандай “хансарай оюндары” болуп жаткандыгын билбесе, өлкөнү башкара албай, Англия королуна айланып калгандыгы чын окшойт. Анда Кыргызстанды ким башкарып жатат?

 

Ооба, Ж.Сатыбалдиевдин кемчиликтери бар болчу. Өзгөчө “Кумтөр” боюнча канадалыктар менен келишим түзүүдө Кыргызстандын үлүшүн жок дегенде 51%га жеткире албагандыгы бир топ бүдөмүк суроолорду жараткан. Мындан тышкары Башкы прокуратура “Чубактын кунундай” чубалжытып, же кылмыш ишин козгобой, же биротоло актабаган 2010-жылы түзүлгөн Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү дирекциясынын ишмердүүлүгү боюнча деле отставкага кетирсе болот болчу. Ошондо эл да, депутаттар да ишиндеги кемчиликтери үчүн кызматтан алынды деп ишенип калышмак. Ал тургай жакында Жантөрө Жолдошевич өзү “Кыргыз Туусу” газетасынын окурмандардын суроолоруна жооп берүү үчүн түз байланышка чакырганда: “Менин кызматтан кетүү оюмда жок, ага эч кандай себеп да жок”,- деп кескин ишенимдүүлүк менен айткан. Себеби ал бүгүнкү күндөгү Кыргызстандын алмашкыс премьер-министри экендигине өзү да бекем ишенген. Анткени өндүрүштү билген, чарбачыл жетекчи катары шалдыраган арабадай араң кыймылдаган экономиканы алга жылдырып бараткан. Эң негизгиси президент А.Атамбаев менен мамилеси жакшы болчу жана аны калкалоо менен коргойт деп ишенген.

 

Бирок бүгүнкү күндө Кыргызстандын “бабаханына” айланган, качан болбосун ызы-чуу менен гана аты чыккан  парламенттеги  “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Ө.Текебаев өлкөдөгү абал, президент менен эсептешпей, коалицияны бузуу менен өкмөттүн отставкага кетишине жетишти. Анын максаты эмне? Албетте, мамлекеттин келечеги, өсүп-өнүгүшү эмес, мөөнөтү бүтүп бараткан депутаттык мандатын кантип сактап калуу. Өзүнүн саясый ресурсун эбак түгөткөн саясатчы үчүн элдин, электораттын колдоосу менен эмес, ар кандай административдик ыкма менен келерки парламенттик шайлоодо мандатка жетишүү. Ошондуктан ал негизги административдик рычаг катары өзүнүн “тил алчаак” премьер-министрин алып келүүгө жанталашты.

 

Ж.Оторбаев мына ошол шайлоо жана саясый оюндардын арты менен бактысы ачылып, тескерисинче карьерасына балта чабылды десек да болот. Анткени өзүнүн эне тилинде энтеңдеп араң сүйлөп, “киргизче” ой жүгүртүп, “тепличный” шартта чоңойгон жана батыштын суусун ичип келген адамдын жок жерден эле бактысы ачылып жатса, ал бүгүнкү саясаттагы карт бөрүлөрдүн куралына айланып, келечектеги карьерасынан кол жууп отурат. Болгону алдыдагы 1-2 жылда күтүлүп жаткан парламенттик шайлоодо өзүнүн “кожоюну” үчүн куурчак катары милдетин аткарып берет.

 

Бир чети А.Атамбаев да элди, мамлекетти ойлоп, өзүнүн кара башынан коркпосо, парламенттеги башкаруучу күчү бар кол астындагы КСДП партиясы аркылуу Ж.Сатыбалдиевдин отставкасын талап кылып, ал бул кызматка келгенден бери “үрүп” жаткан депутаттарды тыйып койсо болмок. Бирок ал ансыз деле капчыгы толтура экс-премьер-министрдин эл арасында да кадыр-баркы жогорулап кетишинен чочулап, марага жеткирбей буттан чалды. Кокон хандыгынан бери болуп келаткан мындай бийлик үчүн таймаш кыргыздар үчүн көнүмүш адат. Ошон үчүн эгемендүүлүккө жеткенибизге чейрек кылым болуп калса да өнүкпөй, кайра артка кетип жатабыз. Анткени эч бир бийликке келген адамдын мамлекет, эл өнүксүн деген мекенчилдик сезими жок. Жалаң гана жеке кызыкчылыгын, кантип баюуну ойлошот. Бир эмес, эки президентибиздин куулушунун да себеби байлык менен бийликке өзү тойсо да, көзү тойбогондугуна барып такалат.

 

Демек, Атамбаевдин тушундагы коррупцияга каршы күрөшүүдөгү экс-чиновниктерге тандап кылмыш ишинин козголушу да алдыдагы шайлоолорго байланыштуу. Болбосо эмне үчүн 2010-жылы 7-апрелде борбордук аянтта 86 азаматыбыздын өмүрү кыйылса эски бийликтегилердин байлыгын, банктардагы акчаларын талап-тоноп, марёдорлук кылгандарга козголгон кылмыш иши жабылып, июнь окуясынын күнөөкөрлөрү алиге чейин жазаланбай жүрөт? Себеби азыркы бийликтегилер өздөрү аралашкан көп “операциялардын” ачыкка чыгышын каалашпайт. Булар Ж.Сатыбалдиев сыяктуу күчтүү экономисттерди пайдаланып, “иши бүтүп, эшеги ылайдан өткөн” соң садага чабышат да, андан ары Ж.Оторбаев сыяктуу куурчак премьер-министрлерди алып келишет...

 

Ж.Белеков

Булак: “Майдан.kg”, №12 (141), 02.04.2014-ж