Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 956

Кааласак да, каалабасак да Жоомарт Оторбаев премьер-министр боло турган болду. Ал орунга көз салгандар бир топ болчу. Өздөрү “Мен” дебесе да, кимдир бирөөлөргө айттырып дегендей. Мисалы, биринчи кезекте Бишкек шаарынын мэри К. Кулматов, парламенттеги КСДП партиясынын лидери Ч.Турсунбеков, анан дагы бир топ кыймылдардын катарында аты аталып жүргөн С. Дыйканов ж.б.

Эми “Жоомарт Оторбаев премьер-министрликке татыктуубу?” деген суроо алдыга чыккандай. Бул суроого коомчулук кандай жооп берет?  

 

Мурат Жетимишбаев, коомдук серепчи:

 

-          Кыска убакытта Жантөрөнүн жанын койбой жатып жалмап тындык. Калп айткан менен болобу ал деле “оозун ачып” отуруп алган жок. Эптеген аракетти менен атка мине албаса да, качырга “учкаша” алды окшойт. Учкашып алды дегеним, ал деле мажирөөстүгүнөн ошол качырдын тизгинине ээ боло албагандыгынан, аргасыздан артына учкашып алып эле “каап, тигиндей бурсак жакшы болмок”, деп кейигенден башка эч нерсе деле кыла алган жок окшойт. Өзүнүн кемчиликтери дагы өтө көп болгондуктан, бул анын “жумурткадан кыр издеген досторуна” алмашкыс аргумент, чоң чокмор болуп берди.

 

Ал эми азыр жаңы орунга талапкер катары көбүрөөк аты айтылып жаткан Жоомарт Оторбаевдин билими, иш тажрыйбасы, жогорку адамкерчилиги менен кесипкөйлүгүндө эч маселе жок. Мындай кыйын адистер  стабилдүү, мыйзамдар толук иштеген,  биримдиктүү, интригалары жок мамлекетке башчы болуп келсе өлкө үчүн өз жемишин берээри шексиз!  Бекеринен, көпчүлүгүбүз А. Акевди “мезгилинен өтө эрте келип калган президент”,- деп айтып жүргөн жокпуз да. “Киши жумшагын киши жейт”.  Жоомарт инибиз азыр ошондой эле АААнын ахыбалда калат. 

 

Эми бизге кандай Баш бакан керек? Албетте билимдүү, иш билги, адамкерчиликтүү, сабырдуу, калыстыгы сөзсүз болуусу абзел. Бирок ал сапаттарга кошумча, - эң негизгиси  чечкиндүүлүгү, өзүнүн оюн жалтанбай тик айтып, көздөгөн максаттарына башка бирөөнүн “шыбыроосу, жетелөөсү менен эмес”, өзүнүн күчтүү эрктүүлүгү, керек болсо тайманбас баатырлыгы менен ишке ашыруучу Көк жал керек. Бирок, ошондой идеалдуу “көк жалдар” азыр бизде барбы? Албетте биз ойлогондой “көк жалдар” болбосо да, ага жакыныраак “жаалдуу бөрүлөр” бар экендиги чындык. Бирок, андайларды  “өз көлөкөсүнөн корккон” бийликтегилер  жолотпогонго жан талаша аракет кылышаары шексиз.

Ошон үчүн аларга Ж. Оторбаевден өткөн кандидаттын кереги жок.

 

Медер Алиев, Демократия жана укуктук үстөмдүк институтунун кызматкери:

 

-          Менин жеке пикиримде Ж. Оторбаев тажрыйбалуу, билимдүү адис. Бирок, эмнегедир чечкиндүүлүк сапат жетишпегендей туюлат. Ал эми ишинин жыйынтыгы кандай болот, аны турмуш көрсөтөт.

 

Турат Бектенов, Журналист:

 

-           Жоомарт Оторбаев татыктуу киши деп ойлойм. Билими жетиштүү. Тааныгандар бой көтөрбөгөн, жөнөкөй киши катары мүнөздөшөт. Ишеним көрсөтүлсө аны актайт го деген ойдомун...

 

Эмил Үмөталиев, коомдук ишмер:

 

-          Анын билими жетиштүү. Тажрыйбасы да канча жылдан бери топтолду. Эгер өзүнүн оюна койсо кылган иштери жаман деле болмок эмес. Бирок, азыр анын колу буулуу. Бул жерде азыр альтернатив деле жок.

 

Шайырбек Абдырахманов, журналист:

 

-          Кимдин эмнеге татыктуу же татыктуу эмесин деле билбей калдык... Канча жолу татыктуубу ушул премьер деген суроого “ооба” же “жок” деп жооп берип дагы, жооп алып да жүрдүм жана жүрөм... Азыр сиздин сурооңузга "билбейм" деп гана жооп бергим келип турат. БИЛБЕЙМ.

 

 bashat.kg