Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 1054

Биз, оппозициялык маанайдагы саясатчылар, саясатты жакшы түшүнгөн адамдар Атамбаевдин Бакиевден көп деле айырмасы жок экенин, Бакиев салган жол менен эле кетип атканын кайра-кайра айтып келебиз. Анын далили катары Атамбаев Бакиев сыяктуу эле саясий атаандаштыкты муунткан, коом үчүн жабык, аны (Атамбаевди) оппозициянын дагы, коомдун дагы көзөмөлдөбөшүн каалабаган фактыларын айтсак болот. 

 

Буга чейин бардык негизги кадр маселелерин ал чечип келген. 100 миллиондогон салыкчылардын акчасын кандай жок кылып атканын эч кимге билгизгиси келген эмес. Эч кимге президент катары отчет бергиси келбейт, керек болсо 2 жылдын ичинде бир дагы жолу Жогоку Кеңешке басып келип, ойлорун, кетип аткан багытын, жасаган иштерин айта алган жок. Бир дагы жолу!

 

Бирок, коомдогу күчөп келе жаткан нааразычылык, Улуттук Оппозициялык Кыймылдын пайда болушу - Атамбаевди бир аз косметикалык, имидждик, жалган өзгөрүүгө барууга мажбур кылууда...

 

Ал эгер коалицияны түптөп, Өкмөт башчысынын атын атагыча, күтүлбөгөн эле окуялар болуп кетип, анын планы өзгөрүп кетпесе, ал ойлогон спектакль төмөндөгүдөй. 


Спектакль эки көшөгөдөн турат.

 

Биринчиси,премьер-министрдин ким боло тургандыгын КСДП эмес, “Ата-Мекен” чечет.

 

Экинчиси,көз караш, болочок премьер-министр Кремлге жакын адам болбошу керек. Бирок, биз баарыбыз билебиз, спектаклде кимге кандай роль берилишин, кантип ойноо керектигин дайыма режиссер чечет. Ал режиссер, мурдагыдай эле - Атамбаев. Премьер-министрдин кандидатурасын ким сунуш кылбасын, ал адам Атамбаевдин адамы жана президенттин көзөмөлүндө кала берет.

 

Эмне үчүн режиссерго мурдагы эле спектаклге жаңы шарттарды киргизүүгө туура келди?

 

Коом, саясатчылар, Атамбаев калп эле "демократия", "парламентаризм" деп сүйлөгөнү менен, анын Бакиевдей эле узурпатор, авторитар экенин түшүнө баштады. Эл ага деле макул эле, бирок анын авторитаризми жумушсуздук, коррупция, экономикалык кризис, адилеттүүлүк маселелерин чече алган жок. Эми жок дегенде, "авторитар", "узурпатор" атынан арылуу үчүн, а мүмкүн ылайыгы келсе жаманаттыны аларга түртө коём деген максатта, “Ата-Мекенге” премьер-министрлик кызматты берүүгө бел байлады. Атамбаевдин дагы бир коомдогу азабы - анын кыргыз байлыгынын баарын, Кыргызстандын эгемендүүлүгүн, тышкы саясаттагы маанилүү чечимдерди Кремлге кармата бергенинде. 


Атамбаевдин бул спектакли ага убактылуу, “Көрдүңөрбү, мен демократмын жана парламентаризмди бекемдеп жатам”- дегенге шарт түзөт. Убактылуу... Экинчиси, ал адам аркылуу араң жан бюджетке жана экономикага батыштан каражат издөө аракети болот. Майнап чыкпаган...


Ушул жол аркылуу Атамбаев, имиджин, убактылуу өзгөртүп, коомду алдоо аракетин кылууда . 

 

Равшан Жээнбеков,

Улуттук оппозициялык кыймылдын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты

Булак: “Майдан.kg”, №11 (140), 26-март, 2014-ж.