Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 3481

Жылдын жаңырышы менен президент  А.Атамбаев тарабынан эки жакшы кадам ташталды. Бири дин маселесинин мамлекеттик денгээлде талкууланышы. Экинчиси 2014- жыл “Мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөнүн жылы” деп аталышы. Кудай калыстык үчүн экөө тең өтө  орчундуу маселелер экендигин айтып коюшубуз керек. Аталган эки маселе эгемендүүлүктү алганыбызга 20 жылдан ашкандан кийин эмес биринчи эле күнү башкы маселе катары каралышы керек эле. Тилекке каршы андай болбоду. Демек бизде мамлекет жана мамлекетүүлүк деген эмне экендиги так түшүнүккө айланган эмес. Бийлик башына келгендердин бул эки түшүнүктү айрып так билүүгө дареметтери жетпеген.

    

Биз, аты боюнча алганда мамлекет бар, бирок, мамлекеттүүлүгү калыптанбаган, ал түгүл дээрлик жокко эсе мамекетпиз. Сөзүбүз кургак болбошу үчүн мамлекеттин малекеттүүлүгүнүн бекемдигин далилдеген жөнөкөй мисалдарды келтирели:

 

1. Мамлкекттин толук  аныкталып,такталган, бекем  кайтарууга алынган чек арасы.

 

2. Мамлекеттеги ички жарандары үчүн да, сырткы мамлелеш мамлекеттер үчүн да белгилүү болгон туруктуу башкаруу системасы.

 

3. Мамлекеттин жарандарынын толук баш ийүүсүнө жана сый мамилесине туруктуу ээ болгон, калыптанган, жашоо көнүмүшүнө айланган, сырткы мамилелеш  мамлекеттер да кабылдаган мыйзамдык базасы.

 

4. Мамлекеттин мамлекеттүүлүгүнө коркунуч келсе коргой ала турган куралдуу күчү.

 

5. Ар кандай табигий болобу, сырттан арессордук болобу күтүүсүз кырдаал түзүлсө мамлекет катары өзүн белгилүү убакыттка чейин багууга жеткидей сактоодогу экономикалык потенциалы болушу зарыл.

 

Эми ушул беш белгини карап көргүлө. Чек аралырыбыз тактала элек. Бекем кайтарууга качан жетээрибиз белгисиз. Он боевик Баткенге кирип келсе эсибиз ооп бүт куралдуу күчүбүз чаң тополоң болгон. Бүгүн деле абалыбыз жыргап кеткен эмес. Өткөн жылы эле Аксыдагы тообуздун башына коңшу өзүбектер кирип келишип туу сайып алышты эле, акелеп жакелеп атып араң кетирдик.  Баткенди болсо көрүп турасыңар.

 

Мамлекеттик  башкаруу системабызды өзүбүздү кой чет өлкөдөн менмин деген эксперттерди алып келсек да түшүндүрө албайт. Баш мыйзамыбыз башкача. Күнүмдүк жашообуздагы башкаруу башкача. Бир эле мисал, баш мыйзамдагы өкмөт башчынын милдетин жана аткарар ишин карагыла. Ички жана тышкы саясат экө тең өкмөт башчынын макулдугусуз кыймылдабашы керек эле. Бизде кандай болууда? Өкмөт башчы коммунистик мезгилдеги колхозчуларды жумушка чыгарган бригадирдей болуп жүрөт. 

 

Мыйзамдык базабыз жөнүндө кеп кылбасак да түшүнүктүү. Мыйзам  карапайым калк үчүн бар. Бийликте отургандар үчүн жок деген түшүнүк эл арасында эчак калыптанып калган. Ошондуктан демократтарга караганда коммунистердин  учурунда чындык демократия бар эле. Азыр бийликте турсаң же акчаң бар болсо чындык сеники деп айтып жүрүшөт. Башкы прокурор түшүп бараткан машинаны токтотом  деп иштен куулуп таксист болуп калган жол кайгуул кызматкерлеринин тагдыры ага ачык мисал болот.

 

Куралдуу күчтөрүбүз жөнүндө эмне айта алабыз. Жакында эле Баткен чегинде коңшу тажиктер каалашынча аткылашып байкуш чек аралачыларыбызды корголотушту. Чыр эмгиче басыла элек.

 

Мамлекеттик резерв жөнүндө сөз деле кылбайлы. Кудай андай кырсыктан сактасын.

 

Макул мамлекеттүүлүгүбүз жокко эсе экен. Мамлекет дегенди кандай түшүнсөк болот?

 

Аты болсо эле аны мамлекет экен дешке болбойт. Анын да өз букараларынын алдында жөнөкөй милдеттери бар.

 

Биринчиси, букараларынын укугун коргоо. Бул эки бөлүктөн турат: а). тышкы кайсыл бир мамлекетер өз үстөмдүгүн ар кандай жолдор менен жүргүзүп мамлекеттин букараларынын укугун бузууга жол бербөө; б) ички мыйзамдардын туура так иштелип букаралардын укугу президенттен баштап кайырчыга чейин бирдей сакталышын камсыздоо жана аны туруктуу көзөмөлдөө.

 

Экинчиси, букаралардын ден соолугуна кам көрүү. Ар кандай жугуштуу оорулардын жайылышына жол бербөө жана астына ала сактануу. Букаралардын ден соолугунун таза болушуна жана генефонунун таза сакталышына кам көрүү. Ден соолукка зыяндуу ар кандай азык түлдүктөрдү колдонууга жол бербөө. Ден соолукка зыяндуу иштерди чектөө ж.б.у.с.

 

Үчүнчүсү, мамлекеттик денгээлде билим берүүнү колго алуу. Букаралардын мезгил талабынан артта албай билим алуусун шарттоо. Дүйнөлүк билим билим багыты кайда баратканы менен кабардар болуу жана өз букараларына туура багытта билим берүү.

 

Төртүнчүсү, илимдин өсүшүнө кам көрүү. Ар кандай илимий ачылыштардын жаралышына кам көрүү жана ал багыттагы иштеген окумуштууларды камкордукка алуу.

 

Бешинчиси, букараларынын туруктуу туура багытта руханий маданий азыктануусуна, руханий өсүп өнүгүүсүнө кам көрүү. Адамдарга руханий маданий азык даярдап берүүчү жаратмандарга жана жайылтуучуларга камкордук көрүү. Алар: жаратмандар - адабиятчы акын жажуучулар, композитор - музканттар, сүрөтчүлөр, кино тартуучу режисерлор. Жайылтуучулар – артистер, аткаруучулар, маданият ишмерлери, китепканачылар.

 

Алтынчысы, экономикалык  туруктуу өнүгүүгө кам көрүү. Салыктардын туура калыс алынышын жөндөө. Экономикалык сырткы ички алакаларды жөндөө.

 

Жетинчиси, социалдык калыстыкты көзөмөлдөө. Жөлөк пул, пенсия, ж.б.у.с. тармактарды башкаруу.

 

Ошентип мамлекеттин өз букараларынын астындагы эң башкы жөнөкөй жети милдетин атадык. Эми булар бизде кандай аткарылууда, карайлы.

 

Букаралардын укугун коргоо. Бизде дээрлик калыптана элек түшүнүк. Эмне себептен биринчи укукту койдук? Адам адам болуп жаралгандан бери өз ара мамиледеги укуктун корголушун жөнгө салуу үчүн көрөшүп келатат. Жашоо биринчи кезекте укуктан башталат. Эгер укук коргоо туура жолго коюлбаса алдуу алсызын эзе берет. Бийлиги бары бийлиги жогуна үстөмдүк көрсөтөт. Андайда адамдагы жашоо кызыкчылыгы өчөт. Адам укугун мыйзамдуу коргоону жолго кое албаган мамлекет алсыз, кандайдыр бир уюшкан топтордун кызыкчылыгына кызмат кылган мамлекет болуп калат. Бизде азыр ошондой. Партиябыз деген ширмага жамынган уюшкан топтор каалаганындай тайраңдашып калган букаралардын укуктарын тебелеп жатышат. Бул узакка деле созулбайт. Калыссыздык орнобогон жерде дайыма каршылык болуп кыйроолор, революциялар боло берет.  Азчылыктын эмес, көпчүлүктүн, демек элдин укугун коргоо кызыкчылыгы жогору коюлганда гана мамлекетте тынчтык болот.

 

Букаралардын ден соолугуна кам көрүү. Коммунистик доордон калган системанын негизинде ден-соолукту коргоого кам көрүлгөндөй түс берүүдө. Бирок толук кандуу иштеген жок. Бул тармакта корупциялык  иш аракеттердин жаралышына жол ачылып калгандыктан, азыр букаралар медицинанын кайсынысы бекер, кайсынысына акы төлөп дарылануулары керек, билбей деле калышты. Дарыланууга барсаң бүт дарыларды өзүн сатып аласың. Босогону аттагандан баштап алакандай казаз жаздырсаң да төлөй баштайсың.Мамлекеттин иш аракетинде “бизде медициналык тейлөө бекер” деп турат.  Мамлекеттик талап бул тармакта да туура жолго коюлбагандыгы мамлекеттин алсыздыгын көрсөтөт.

 

Мамлекеттик денгээлде билим берүү. Бул тармак да сыртынан караганда коммунистик доордон мураска калган калыбында сакталгандай көрүнгөнү менен ичинен ирип такыр көңдөй боло баштады. Билим берүү талабы ушунчалык төмөн түшүп кетти, бир класста 45-50 бала окуган мектептер четтен чыгат. Мындай абалда кайдагы билим. Жогорку окуу жайларындагы абалды айткың да келбейт. Комерциялык деп коюп студентти каттоого алып, беш жыл акча төктүрүп анан диплом берүүгө өтүштү. Беш жыл окуп журналистик кесипке ээ болуп чыккандардын ичинен Аалы Токомбаевдин ким экенин билбегендер бар. “ Аалынын ким экенин билбей кантип диплом алдың”- десең, “Дипломго анын кандай тиешеси бар.Аалыны билиш зарылбы”- дешип күйгүзүшөт. 

 

Илимди өстүрүү такыр унутта калды. Сөз кылбасак да түшүнүктүү.

 

Букараларга руханий маданий жактан туура багыттагы азык берүү деген сөздүн өзүнө түшүнгөндөр барбы  ынанбайм.

 

Экономикалык жактан мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнө кам көрүү. “Кумтөрдү” сатканда эле бузулган. Бүгүн “Мегаком” компаниясы мамлекетке жылыга канча салык төгүшү керектигин так айта албай муунуп турушат. Демек бул тармак да букараларга  эмес кайсыл бир кызыктар топторго кызмат өтөйт.

 

Коммунисттик мезгилде мамлекетке жан аябай тер төгүп кызматы өткөндөр бүгүн кара курсагын тойгузууга да жеткидей пенсия ала албай кайырчы кейпинде. Жөлөк пул жагында да дайыма нааразычылыктар.

 

Кыскасы, изилдей келсек мамлекет букараларынын алдындагы өзүнүн жөнөкөй жети милдетинин бирин да туура аткара албайт экен. Демек бизде мамлекет бар деп батыл айта алабызбы (!) мамлекет дебей, “Бизде кызматчы чиновниктердин чоң армиясын баккан жана алардын элдин эсебинен ченемсиз  байышына шарт түзгөн мамлекет деген атка жамынган корупциялык уюмдашкан система бар,”- десек туура ат берген болот окшойбуз.

 

Дайыма талаш болуп келатат. Мамлекеттик идеология жок деп. Мамлекеттүүлүктүн беш белгисин, мамлекеттин жөнөкөй жети милдетин туура аткарууга жетиш. Мындан башка  идеологиянын кереги барбы?.

Кантип жетишебиз!? Ишти мамлекеттик башкаруу системасын туура жолго коюдан баштоо керек. Сааттын бир эле механизми туура эмес иштесе, ал саат убакытты туура көрсөтпөйт же такыр иштебейт. Мамлекет да так ушул саат сыяктуу так иштеши үчүн ички механизимдерин оңдоп туура коюш керек. Менин көз карашымча биздей чакан мамлекет үчүн президенттик-парламенттик башкаруу системасы туура дейт элем. Өкмөт деген сокур ичегини жок кылыш керек. Өткөн 23 жылда 20га чукул өкмөт алмашты. Себеби эмнеде? Башкаруучу уюшкан топтун элдин көзүн таңып, күнөөкөр көрсөтүүчү каракчысынын милдетин 23 жылдан бери өкмөт аткарып келатат. Ким күнөлүү? Өкмөт күнөлүү. Кетириш керек. Жаңысы келет. Абал мурункудан жаман болбосо оңолгон эч нерсе жок. 100 өкмөттү алмаштырсак да абал өзгөрбөйт. Өкмөт алмаштыруу огороддун четиндеги каракчыны алмаштырсаң эч нерсе өзгөрбөгөндөй эле кеп.

 

Бүт жоопкерчилик президенттин өзүнө жүктөлүшү керек. Өкмөттүн килейген аппаратын жоюп президенттик аппарат бүт жоопкерчиликти алсын. “Жакшы иш болсо президент, жаман иш болсо өкмөт күнөөлүү”,- деген көз таңмай оюн токтошу керек.

 

Парламент эки палатадан: мыйзам чыгаруу жана эл өкүлдөрүнөн турушу керек. Мыйзам чыгаруу жыйыны 35 депутаттан партиялык система менен шайланышы керек да, мыйзам чыгаруу жана анын аткарылышын көзөмөлдөө менен гана алектениши керек. 35 депутат мамлекеттик бюджеттен каржыланышы керек. Эл өкүлдөрү 700 депутаттан туруп бир мандаттык окуругдан шайланышы керек. Эл өкүлдөрүнүн 12ден ашпаган жогорку уюштуруу аппараты болуш керек да ушул 12 адам гана мамлекеттик бюджеттен каржыланышы керек. Калган 688 депутат  мамлекетик кызматта иштөөгө жана мамлекеттен айлык маяна алууга акысыз болушу керек. Эл өкүлдөрү жылына бир жолу чогулуп Президенттин, Жогорку соттун, Генпрокурордун, Эсептөө палатасынын отчетун угуп ишине “канаттандырарлык” же “канаттандырбайт” – деп жашыруун добуш менен баа берилиши керек. Канаттандырбайт деген баа алса Президенттен башкасы кызматтан кетиши керек да ордуна башка талапкер коюлушу керек. Эгер Президентке “канаттандырбайт” – деген баа коюлса жалпы элдик референдумга коюлушу керек.

 

Биз макаланын талабына ылайык мамлекеттик башкаруу системасынын кыскача гана негизги багыттын атадык. Бул багыт баш мыйзамга киргизилип укуктук күчкө ээ болууда толук иштелип чыкмакчы.

 

Эң башкысы Жогорку сот, Генпрокурор, Эсептөө палатасы өз алдынча болуп бийликке эмес элге көз каранды болууга тийиш. Эл аларды Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасы аркылуу көзөмөлдөгөн система оруномоюн калыстык болбойт.

 

Туура, “кантип оңолобуз жана туура жолго түшөбүз”,- деген маселеге жооп айтыш өтө оор жана талаш маселе. Бирок талашкан, тактаган жакшы. Бүгүнкү мамлекеттик системабыз кайра-кайра революциянын чыгышына жол ачуу менен түбү мамлекеттибиздин такыр кыйроосуна чейин жеткирүүчү система. А.Атамбаевди иштебейт деп күнөөлөп атабыз. Ал чынында системанын курмандыгы. Эртең кубалап ийип башкасын алып келсеңер деле башкаруу системасы туура жолго коюлмайын бүгүнкүдөн да жаман болбосо оңолбойбуз.

 

Чолпонбек Абыкеев,

жазуучу

Булак: "Майдан.kg"