Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 2083

Менин Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө камагында жатканыма эки айдан ашты. Өткөндө “Фабула” гезитинде жарык көргөн: “…Саруустан деген мамлекет пайда болду”,- аттуу макаласын окуп чыктым. Өзүм абакта жатсам дагы, “Саруустанга” түздөн-түз тийешем бар болгондуктан аталган макалага жооп жазууга туура келип турат.

 

Урматтуу Баратбай Аракеев, сиз менден улуусузбу же кичүүсүзбү, билбейт экенмин. Ошондуктан”иним” же “авам” дебей эле мындан ары Баратбай мырза деп айта берейин туура көрсөңүз.

 

А дегенде өзүмдү тааныштыра кетейин: атым Жыргалбек, жашым 58ге карап калды, Саруу айылынын тургунумун. Беш балам, беш неберем бар. 7-октябрда Каракол шаарында болгон митингге байланыштуу тергөө камагында жатканыма эки айдан ашты.

 

Баратбай мырза, “Алтымышка жашы таяп калыптыр, митинге аралашпай эле көчүгүн кысып үйүндө жата бербейби”,- дээрсиз, оюңузда. Ошентип деле кысчу жеримди кысып, же башымды ошол жерге катып алып неберелеримдин жанында тынч деле жата берет элем… Бирок тынч жата албай, акыры камалып отурамын. Себеби неберелердин келечек жашоосун ойлогондо тынч жата албайт экенсиң. Манаста Кошой атабыз деле токоснго чыгып алып, үйүндө тынч жата бербей, кыргыздын намысын талашып, Дөө-Жайлоого каршы күрөшкө чыккан экен го?!

 

Азыр мен сизге Саруулуктардун «Саруустанга»  айланышынын себептерин бирден атап берейин, жакшылап угунуз, баардыгы сиз атайылап айткыңыз келбей жаткан “Кумтөр” алтын кенине барып такалат:

 

1. “Кумтөр” алтын комбинаты түздөн-түз Саруу, Дархан айылдарынын үстүндө жайгашкан. Кенден Сарууга чейинки аралык 41 км.,ал эми Ысык-Көлго чейин 48 км. “Кумтөр” алтын комбинаты деңиз деңгеелинен 3500-4000 м бийиктикте жайгашкандыктан, айылыбыздын үстүндө болгону 2000 м бийик турат. Ортосун тоо тосуп турганы менен жер астыбызда тектоникалык жарака бар. Мунун далили катары Жууку, Чоң-Кызыл-Суу, Чычкан капчыгайларындагы жер алдынан чыккан термалдык ысык суулар, ошол жаракалардан сызылып чыгат. Анын үстүнө биздин тоолор сейсмикалык жактан кооптуу болуп эсептелет. Ал эми “Кумтөр” алтын кен комбинатынын уу-калдыктары төгүлгөн уу сактагыч  айылыбыздын тушунда жайгашкандыктан, жалгыз эле  Дархан, Саруу айылдарына эмес, кыргыз бермети деп эсептелген касиеттуу Ыссык-Колго дагы чоң коркунуч туудуруп турат. Себеби Жуукучак суусунун башталмасы менен уу сактагычтын аралыгы болгону 16-17 км. Кашайып канадалыктар уу сактагычты оңдуурак же коопсуз кылып курган эмес. Пленкасы дагы анча мынча жерге төшөлүп, азыркы учурда уу калдыктар коөлүнүн аянты 360 гектардан ашып баратат. Кычкыл реакциянын негизинде астындагы тоң (вечная мерзлота) ээрий баштады. Бул көрүнүштөр биз үчүн аябай эле кооптуу. Эгерде “Кумтөр” кени Өзбекстандын Заравшан алтын кениндей чуңкурда жайгашып, көлүбүз же айылыбыз жогору турганда, мынчалык кооптонбойт элек, бийликке “тезинен чара көргүлө” деп улам, улам митингдерди уюштурбайт элек.

 

2. Айылыбызда Саламаттыкты сактоо кызматынын отличниги, кесиби хирург, 45 жылдык медициналык стажы бар Киров Султанов деген пенсионер агабыз бар болчу, азыр көзү өтүп кетти. Ошол адам райондун элинин 1998-жылдан 2004-жылга чейинки ден-соолугун изилдеп чыгып, ооруга чалдыккан адамдардын саны кескин жогорулап кеткенин, буга “Кумтөр” алтын комбинатынын таасири бар экенин жарыялаган. Жеке эле адамдар эмес малдын дагы майып болуп туулуп жаткандарын сүрөткө жана видеого тартып алыптыр. Биз ошол 2004 жылдары агабыздын аракеттерине маани бербегенибизди эми түшүнүп жатабыз. Көрсө, абдан чоң ишти аткарган экен. Каза болоордун алдында жыйнаган материалдарын азыркы Жогоку Кенештин депутаты Эркингул Иманкожоевага бериптир, “Кумтөр” алтын комбинати боюнча чара көргүлө деп, бул иш аягына чыкпай калды.

 

3. 2011-жылы Саруу айылынын тургуну, «Кыргыз Чоролору» коомдук бирикмесинин мүчөсү Токтобаев Бейшендин таанышынын келини эки баштуу өлүк бала төрөйт. Бейшен “бул кандайча болуп жатат”,- деп төрөт үйүнүн кызматкерлерине кайрылса жогорудагыдай мүчөсү кем же ашык балдар төрөлө баштаганын айткан. “Кагаз жүзүндө маалымат бергиле”,- деп суранганда акыркы үч айда төрөлгөн балдардын справкасын берген. 112 бала төрөлүп, алардын 72 наристеси адаттан башкача төрөлгөндүгү тууралуу справка берген. Бейшен тиги буту, колу жок төрөлгөн баланы сүрөткө тартып алыптыр, андан кийин эки баштуу баланы сүрөткө тартып алыш үчун, көрдү казганга уруксат сураса, ата-энеси макул болбой коюптур. Мен Бейшен экөөбүз 2011-жылдын декабрь айында Бишкекке барып справканы Жогорку Кенештин депутаты Р.Төлөгөновго берип, “Кумтөр алтын кенинин таасири ушундай болуп жатат, чара көрүңүз”,- деп суранганбыз. Ал киши ошол кездеги министр Д.Ниязалиевага тапшырып, текшерте тургандыгын убада кылган. Бул справка тууралуу эч бир чара көрүлгөн жок, тескерисинче төрөт үйүнүн кызматкерлерин коркутуп коюшуптур, кийин Бейшен кайра барып төрөлгөндөр тууралуу 2012-жылга маалымат сурап барса, справка бербей коюшкан.

 

4.2012 жылы Дархан айылындагы малчынын 32 жылкысы “Кумтөр” алтын кенинен башталган суудан ичип кырылып калган. Райондун жергиликтүү ветврачына кайрылса, справка жазып берүүдөн баш тарткан. Канадалыктар дагы “биз төлөп бербейбиз, билгениңди кылып ал”,- деп койгон.Малчынын мойнуна 240 000 сом чыгым түшүп, элге карыз болуп калган.

 

5.Бизде бак-дарактардын түрлөрүнүн ичинен эң бийик жерде өскөн жапалак арча бар. Миндеген жылдан бери 2500-3200 м бийиктикте, таза абада өскөн арчалар, белгисиз себептер менен куурап баштады. Бул абанын булганганын билдирген индикатор.

 

6. Нарын суусунун башы деп эсептелген “Кумтөр” алтын комбинатынын айланасынан агып чыккан сууларда балыктар кырылып калган. Кенди иштеткенге чейин малчылар же балыкчылар бул суудан 10-15 метр жерден эле тор менен бир чакадан ашык балык сүзүп алып турган. Азыр сууда балыктар жок болуп кетишти, суунун таза эмес экендигин билдирген индикатор. (Ведостволор аралык коммисиянын отчету, 2011-2012-жыл)

 

7. Дүйнө жүзүндөгү эң таза мөңгүлөр катары эсептелген Лысый, Давыдов мөңгүлөрүн талкалап, машинага жүктөп жок кылып жатышат. Талкаланып жок кылынган 77,9 млн куб мөңү - 60 миллиард литр даарылык касиетине ээ суу болот экен. Акчага айландырганда 180 млрд доллар болорун тоо-кен инженери, өзү кыргыз, Канаданын жараны, тоо-кен комбинаттарында ар кайсы өлкөлөрдө иштеп 26 жылдык стажы бар Теңгиз Бөлтүрүк жазып чыкты (“Деньги и власть” газетасы, 4-октябрь 2013-жыл). Президентибиз Алмазбек Атамбаев Туркияга барганда “Канадалык компания Кумтөрдү иштетип 10 миллиард доллар киреше тааптыр, эми биз аны Кыргызстандын пайдасына иштетишибиз керек,”- деп айтканы бар. Эсептеп көрүңүзчү: 10 млрд. долл киреше алып, 180 млрд. долларлык мөңгүбүздү жок кылып жатканы бизге карата туугандук мамилеби же душмандык мамилеби? Дагы 200 млрд долларлык мөңгүбүздү талкалап жок кылып кетишсе, ичерге суусу жок калышса, небелерибизге эмне деп жооп беребиз?

\

Соңку сөз ордуна

 

Баратбай мырза, балдарыбыз өлүк же мунжу болуп төрөлө баштаса, өзубүздө оору көбөйүп, малыбыз кырыла баштаса, сууда балык жок, арча-карагайларыбыз куурап баштаса, мөңгүлөрүбүз талкаланып жок болуп атса, биз унчукпай жата береликпи? Жер силкинип, же жарылып уу сактагыч бизге, Көлдү карай жылса, биз кайда барып жашайбыз? Ушуга жооп бере аласызбы?

 

Баратбай мырза, бир мисал келтирейин, Украинда 1986-жылы 26-апрелде Чернобль атомдук станцияда катастрофа болгондо, шаардын элдери үйүндөгү эмерек, буюмдарын таштап көчүп кетишкен. Токойдун арасындагы шаар болгон. Бир айдан кийин солдаттардын тоскоолуна карабай, токойдун ар жак, бери жактарынан цыгандар кирип буюмдарды ала берген. “Радиация бар, кирбегиле”,- десе болбой кире беришкен,эки-үч жылдан кийин ошол цыгандар катуу ооруп, асты өлө баштаганда гана, ал жакка барбай калышкан, кийин айтышат дейт, “биз билген эмеспиз”,- деп.

 

Баратбай мырза! Биз дагы өлүп кырыла баштаганга чейин билмекесендике салып унчукпай жата береликпи?    Жергиликтүү бийлик менен жогорку бийлик элди укса, митинг кылсаң сабап, камап жатса, чындыгың чыркырап үнүңдү укпаса, аргасыздан сиз жазгандай «Саруустан» болуп жатпайбызбы?

 

А чынында, Саруулуктарды “Саруустанга” айландыргандар бийлик ээлери. Элди бөлүп-жарыш үчүн аткаминерлер үч амалды ишке ашырышты.

 

Биринчи амал: 2013-жылдын 27-май айына бир жума калганда райондун жаштары чогулуп, Жети-Өгүз районунун борбору Кызыл-Суу айылында митинг өткөзүү чечими кабыл алынып, 27-майда саат 10до митинг өткөзүү тууралуу милиция кызматына, акимчиликке билдирүү (уведомление) жиберишкен. Баардыгы Кызыл-Суу айылына чогулушмак, аны милициянын начальниги К.Жудоев, аким Ж.Дүйшөмбиевдер жашыруун сүйлөшүп, эч кимге айтпайт. Орустун “Разделяй и властвуй” деген принцибин колдонушкан. Алар 27-майда райондун активисттерин чогултуп, саат 9да Сарууга келишкен. “Митингди Кызыл-Сууда өткөзгөнгө уруксат жок, Сарууда өткөзгүлө”,- дешет. Губернатор дагы кишилер менен келип, клубдун алдында жыйын өткөзүп жиберишкен. Бул убакта Кызыл-Сууда чогулуп жатышкан балдарга “Саруулуктар бөлүнүп кетти”,- деген ушак таратышкан. Бул амалдын натыйжасында Кызыл-Сууга жыйылып жаткан жаштар Саруулуктарга таарынып тарап кетишкен. Саруулук жаштардын ачуусу келип, чогулуштан кийин Барскоонго барып жолду жапканынын бирден-бир себеби да ушул амалга каршы иш-аракет болгон. Эртеси Барскоонго Дархан, Жеңиш, Оргочор,  Ак-Терек, Жаргылчак,  Жалгыз-өрүк айылдарынын жаштары келип кошулган. Кийинчерээк Тамга айылынын жаштары кошулду. Кызыл-Суу менен Каракол шаарынын ортосундагы айылдар ошол бойдон митингге аралашкан жок. Бирок жыйындарга келип катышып турушту.

 

Экинчи амал: Биринчи амал иш жүзүнө жакшы ашпай калгандан кийин, бийликтегилер лидерлерди элден бөлүү үчүн экинчи амалды жасашты. УКМК кызматкерлери “Кумтөр” компаниясы менен сүйлөшүп, компаниянын коргоо кызматынын жетекчиси Турумбек Дүйшөналиев жана канадалык жетекчи Дуглас Гриер менен жашыруун план түзүшөт. Т.Дүйшөналиев Сарууга байма-бай каттап, лидерлер талаада дыйканчылык кылып жүрүшсө талаага барып, астындагы автоунаасын балдарга айдатып, алдап, сүйлөшүүгө барууга аргасыз кылышкан. Натыйжада: “3 млн. доллар акча доолады”,- деген шылтоо менен видиеотасманы 4-5 кун теледен тынбай көрсөтүп атып, балдарды камашты. Ал видеотасманы сиз деле көрсөңүз керек. УКМК бул амалы менен бир топ ийгиликке жетишти. Элдин көпчүлүгү: “Бул жигиттер элди ойлобой эле, өз чөнтөктөрү үчүн митинг уюштуруп жүргөн турбайбы,”- деген пикирге ооп кетишти.

 

Бүгүн Б.Курманов менен Э.Жунушбаевге карат соттук териштирүүлөр улантылып жатат, Себеби, алар райондук инстанциянын чыгарган чечимине макул болбой, шаардык сотко кайрылган. Дуглас Гриер болсо ал балдарга так күнөө коё албай айласы кетип отурат.

 

Үчүнчү амал: УКМК кызматы Саруунун эки лидери элге жаман көрүнүп калса, “Кумтөргө” каршы митингдер токтоорунан үмүт артышкан, бул иши да жакшы натыйжа бербей, жаштар кайра көтөрүлө берди. Эмки амал боюнча “ошол жети айылдын лидерлеринин баарын камаса токтойт”,- дешти. 7-октябрдагы  митингге Каракол шаарына эки миңге жакын ИИМ, УКМК кызматкерлери, спецназдар чогулушту. Митингди таркатып кубалап, 60тан ашык адамды кармашкан. Митингге Түп, Ак-Суу, Тоң районунун, Каракол жана Балыкчы шаарларынын жаштары дагы катышкан эле. Камалгандарды бир жактуу карап, Түп, Ак-Суу райондорунун, Каракол жана Балыкчы шаарларынын  балдарын кайра камактан чыгарып, Саруу, Оргочор, Талап айыларынын балдарын камашкан. Бүгүн 7-октябрда камалган 8 баланын төртөө Саруулук, экөө Оргочордон, экөө Талаптан болот. Сот кандай чечпесин, башыбызды ийген жокпуз, адилеттүүлүк үчүн аягына чейин болобуз.

 

Баратбай мырза! Укук коргоо кызматкерлеринин ушундай амалдарынын негизинде  Саруулуктар “Саруустан” болуп калды. Билип-билбей, же сизге окшоп атайын буюртма менен бир тараптуу бизди жамандагандар көбөйүп кетти. Чындык чыркырап, тебеленип, тепселенип жатат. Бишкекке келип чындыкты айталы десек, айтканга жеткизбей, четинен кармап, сабап, камап жатышса, аргасыздан “Саруустан” болобуз да.

 

Баратбай мырза, макалаңызга акыркы сөз. Макаланызды бир беткей кылып жана “Кумтөр” компаниясына бир дагы сөз айтпаганыңызга караганда, алардын буюртмасын аткарып жаткандайсыз. Саруустан менен Кыргызстандын ортосунда жото жиликти коюптурсуз. Билишимче Канадалыктар кара-пиар үчүн жакшы төлөшөт. Жиликке сатылбаңыз, алсаныз валюта менен алыңыз, себеби аз беделиңизди огобетер түшүрбөңүз. Сиздин гезиттин 12-бетинде Меңдибек Асылбековдун “Кыргызстан-Саруулуктардын каяшасы” деген макаласы бар экен. Ушул жигиттен кичине сабак алып анан жазсаныз жакшы болчудай. Тааныбасам дагы түз жазганына ыраазы болуп калдым.         

 

Баратбай мырза, ойноп жазсаңыз да, акча алып жазсаңыз да ойлоп жазыңыз, өзүңүзгө-өзүңүздөй жооп:

 

1.”Элдин атынан аракет кылып жатабыз дегендерин миллиондогон доллар талап кылып жатса…” Буга жооп: Тергөө ушул жаатта айып тага албай, эми “милиция кызмтакерлерин сабаган”,- деген башка айыптарды тага баштады.

 

2. “Кайдагы бир немелер, мамлекет ичинде бир айылды мамлекет кылып турганын...” Жооп: Былжырак сөз, эч кимдин мамлекет кылалы деген ою жок, жаштардын күч органдары тарабынан сабалышына каршы аракет.

 

3. “Карыган энеси менен атасын карылар үйүнө өткөрүп жаткан наадандарды жоопко тартуу боюнча эмне митинг уюштурушпайт?”. Жооп: Биринчи сырткы душманыбыз болгон жана эң коррупциялашкан канадалык компаниянын ишин бүтүрөбүз, анан сиздин сунушуүузду аткарууга кепилдик беребиз.

 

4. “Жок, бугунку кебете-кешпирибиз менен биз жанакы жылдарда дурус делген турмушка жете албасбыз…” Жооп: Эң туура, а дегенде бузук системабызды оңдойбуз, анан кебете-кешпирибиз өзү оңоло баштап, дурус эмес, андан да мыкты жашоого келебиз. Ага чейин далай запкы көрөбүз.

 

5. “Митингге катышкандар акча алып турса…” Жооп: Келип далилдеп бериңиз. Акча алды деп сизге окшогондор жамандашкан. Барскоондо акчабыз жок, ачка болуп, сындырым токоч менен арыктагы сууну ичип жатканда,телевизордон жыргап атышат деп казан-казан кайнаган эттерди көргөзүшкөн.

           

Баратбай мырза! Менин макаламды гезитиңизге басып чыгарбайсыз го? Эми адвокатым  бөлөк гезиттер аркылуу жарыя кылаар. Мен камакта өмүр бою отура бербейм, акыры бир күн чыгармын. Ошондо жолугушуп дагы сүйлөшөрбүз...

 

Саламым менен,

Жыргалбек Мажитов,

“Саруустандын” тургуну

 

Булак: "Майдан.kg"