Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 3541
Жаз келди. Буюрса күз да келет. Адатта ушул мезгилдерде туташ саясатташкан кыргыз коомчулугунда “оппозиция” аталган күчтөрдүн “оромпой” тепмейи башталат. Жыл сайын эле ушундай. Буга да көнүп бүттүк.
 
“Алибинин” кожоюну Бабырбек Жээнбековдун уулу Равшан Жээнбеков катуу кетти. Кыш күрөөдө жылуу Бишкекте жата бербей, ызы-чуу түшүп жаткан Украинага чаап барып келе калды. Ал жактан эмнени “окуп” келгенин ким билсин, келе калып эле “БУК (Бириккен Улуттук Кыймыл)” аталган кыймылды түзө салды эле, үзөңгүлөштөрү “эмгегиң бар” - дештиби, айтор анын лидерлигине шайлап алышты. Баса, булар башында “Бириккен Оппозициялык Кыймыл” болобуз деп жатышкан. Анысы кыскартып жаза келгенде “БОК” болуп калып, баарыбыз күлкүдөн жыгылып кала жаздаганбыз. Анан эстерине келе калып “БУК" болуп чыга келишти.
 
Деген менен “кайсы гана мамлекетте болбосун оппозиция керек”- деп жүрөбүз. “Жок, болсо түзүш керек” - деп айтышат. Атургай, дүйнөлүк практикада мамлекет тарабынан толук каржыланган учурлары бар. Башкача айтканда, атайы эле “бизди сөгүп тургула, анпесе, көзүбүздү май басып кетет” - дегендей кылышат. Мындан келди бурчтан чыга калгансыган, Р.Жээнбеков лидери болгон “БУКтан” коркуп-үркүүнүн кереги деле жок болчу. Чындап келгенде, көрбөй жүргөн оппозиция беле?! Бирок, бийлик эмнегедир үркүп кетти. Үрккөндө да тонун аңтара жамынган Р.Жээнбеков Атамбаевдин астынан чыга калып, атын үркүтүп, анысы жазып-тайып ажону жыгып кетчүдөй катуу чочуду.
 
Быякта туруп эле эси чыккан премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин үлкөн бир ат кошчусу ошону элестетип алдыбы кандай, Р.Жээнбековдун атасы, өкмөткө караштуу монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Бабырбек Жээнбековду чакырып алып, “уулуң ат үркүтөр болуп баратат, болгондо да ажонун атын үркүтчүдөй болуп калды, кокус жыгып кетсе эмне болот?” маанисиндеги шылтоосун айтып, “кызматтан кетиңиз” дептир. Б.Жээнбеков “тонду андай кийбей, мындай кий, аягынан эмес, быягынан чыгып үркүт деп, мен үйрөтүп жатыпмынбы, 18ге чыга эле болсо бир жөн, ал өз көз карашы бар, килейген эле киши, өзүнө өзү жооп берет” - десе керек.
 
Ошону менен Б.Жээнбеков “ат-аа, ишимден кемчилик таап, ишти алпара албай жатасың десе эч капа болбойт элем, уулуң “ажонун атын үркүткөн” жатат дегендей кылып, кызматтан кет дешкени катуу тийди” – деген маанайда азыр ооруканада.
 
Оппозий көз карашы үчүн үй-бүлөсүн кысмакка алуу Акаев, Бакиев заманында да болбоптур. Муну байкаган депутат Т.Мадылбеков ЖК жыйынында “баласы үчүн атасын кызматтан алганды кайдан көрдүңөр эле?” - деп катуу айтты.
 
Ошону менен бийлик “оппозициянын отун өчүрөм” - деп жатып, тескерисинче май куюп алганын өзү да билбей калды. Себеп дегенде, Б.Жээнбековдун жеке өзү аз убакыт мурда бийликти көзүнө түшкөн чөптөй жүдөтүп турчу. Мурда өзү уюштурган “Алиби” гезити аркылуу Бакиев бийлигине каршы такаат көрсөтүп келсе, бул жолу  республикадагы оппозий маанайдагы гезиттердин башын коштуруп (КГБ), Атамбаевдин бийлигин сынга алган материалдарды Ак үйдү көздөй замбиректей аттырганда, шаштысы кеткен бийлик антимонополия кызматынын жетекчилигине кайра койгончо шашкан. Б.Жээнбеков өкмөткө караштуу монополияны жөнгө салуу агенттигине ушуну менен экинчи жолу келип отурат.
 
Баягы “бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз” дегендей бийликти сындап жүрчү Б.Жээнбеков өкмөткө караштуу монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жетекчилигине кайра келгенден бери  “эмнени кыйратты экен” ошого көз салып көрөлү.
 
Эң биринчи эле көзгө урунганы – монополия мыйзамын бузгандардан айып пул өндүрүү 2012-жылы болгону 47 млн. сомду түзсө, Б.Жээнбеков иштеген 2013-жылы 113 млн. өндүрүлүп, бюджетке кириштелиптир. Баарынан да энергетика жана өнөр жай министрлиги энергиянын баасын көтөрбөсөк болбойт деп, бийликтин кулагына күндө шыбырап, элдин кулагын да бышырып келаткандары белгилүү. Аталган мамлекеттик агенттиктин катуу турган позициясынан улам гана былтыркы жылы электр энергиясы кымбаттабай, өз жайында калган. Энергетика министрлиги бул оюнан кайта элегин эске алсак, бул тема али жабыла элек. Мүмкүн, бийлик уулуна шылтоолоп Б.Жээнбековду кетирүү менен дал ушул энергетиканын баасын “эптештирип” жиберүүнү көздөп жаткандыр.
 
Кыргызстанда дагы бир көйгөй бул цементтин наркы. Эсибизде күн жылып курулуш иштери башталганы цементтин баасы асмандап, ызы-чуу түшүп эле жатып калчу. Б.Жээнбеков башында турган монополияны жөнгө салуу агенттиги цементтин 1 тоннасынын наркын (маркасына жараша) 461 сомдон 946 сомго чейин түшүргөнгө жетишиптир.
 
Ошондой эле, спирт монополисти болгон “Кара-Балта” спиртинин 1 декалитринин наркы 130 сомго чейин түшүрүлгөн. Мынча болду паспортко байланышкан дагы бир фактыны келтире кетели. 2012-жылга салыштырмалуу жалпы атуулдук паспортту тез даярдап берүү наркы орточо алганда 910 сомго төмөндөтүлгөн. Эми мындай фактыларды келтире берсек цифрага көмүлүп калабыз.  
 
Мунун баары Б.Жээнбековдун жетекчи катары мыкты иштеп жатканынын далили. Кеп, уулуна байланыштырган саясый кадамдарда болуп жатат. Саясат демекчи, бийлик үчүн Б.Жээнбековдун ач кулактан тынч кулак, ушул эле кызматта иштеп турганы (болгондо да жакшы иштеп атса) дурус болмок. Болбой эле иштен кетирип ийсе Б.Жээнбековдун дегеле жогото турган эч нерсеси жок. “Алибисине” кайра барып, жаагы тыйылып бараткан КГБсын кайра жандантат. Бул ар кандай оппозициядан “опасно” экендигин бийлик баштан өткөргөн. Андыктан, азырынча “абайла бийлик “опасно” деп туралы...
 
Ошону менен Б.Жээнбеков ооруканада жатат дедик. Алда-немедей иштеп жаткан адамды ооруканага жатканга чейин жеткиргендин өзү да саясый кысым. Болгондо да уулунун саясый көз карашы үчүн. Эсибизде бар, ушул эле А.Атамбаев Акаев, Бакиевдердин заманында азыркы бийликте отурган муршаптары менен “саясый куугунтукка албоо жөнүндө” көп сөз кылчу. Азыр деле ошону айтып жаткансыйт. Эгерде саясый куугунтук болбосо, Б.Жээнбековду ооруканага чейин жеткирип, кысмакка албай эле, премьер-министрдин этегине баш калкалатып койгон муршабын жумшабай эле, өзүнө чакырып алып, өктөсү болсо Б.Жээнбековдун өзүнө айтса көп сөз чыкмак эмес. Себеп дегенде, А.Атамбаев Бакиев бийлигинин үй-бүлөлүк режимине каршы балта көтөрө чуркап жүргөндө, Б.Жээнбеков ошол балтанын сабын кармашкандын бири эле.
 
Аттарын атап отурганда эмне, бүгүнкү бийликтин бурчун чоюп отургандардын, ошол эле депутаттардын бир далайы кезегинде Б.Жээнбеков менен үзөңгүлөш жүрүп, Бакиев бийлигине каршы “Алиби” гезити аркылуу тиш кайрап турчу. Бирок, ошол “үзөңгүлөштөрү” Б.Жээнбековду Атамбаев бийлиги саясый кысымга алып киргенде эмнегедир “сүйлөшүп алышкансып”  унчукпайт. Бир гана жогоруда айтканымдай депутат Т.Мадылбеков гана сөздүн чындыгын айтканга жарады.
 
Баса, тектирлеш болуп жүрүп Текебаевден жугузуп алганбы, деги кимден жуктурганын ит билсинби Равшан Жээнбековдун оппозий ооруга чалдыкканына оголе көп болду. Айрыкча, бул оорусу 2007-10-жылдарда “ашынып кетип”, Бакиев өзү баш болуп бийликтин килейген машинасына тебелетип айыктырмак  болгондо, атасы Б.Жээнбеков төшүн тосуп, уулу Равшан Жээнбеков үчүн башын канжыгага байлап катуу күрөшкөн. “Үйрөнгөн адат калчубу” учурда да Р.Жээнбеков оппозицияда. Болгондо да, БУКтун башына келди. Айрыкча, жаз келгени ошол эски оппозий оорусу козголуп кетип, Атамбаев бийлигине акаарат кылып турат. Анысында кеп жок. Бирок, ар кандай оппозиция саясый куугунтукка кабылган ким гана болбосун коргогонго милдеттүү эмеспи. Бул жагынан Равшан Жээнбеков башканы кой, өзү үчүн куугунтукка кабылган атасы Б.Жээнбеков тууралуу, кум сугунуп алгансып, ЖКда бир ооз сөз айтканга жарабады. Башкача айтканда, бийликке дайыма чындыкты айтып келген, ошол үчүн күрөшкөн Жээнбековдордун фамильярдык ар-намысын коргогонго дарамети жетпеди. Мунусу менен жеке керт башынын саясый кызыкчылыгын атасынын ар-намысынан жогору койгондугу сокурга деле дайын болуп калгандай.
 
Кыргыздын “ала кушту атынан ата” деген кеби бар. Демек, Атамбаевдин бийлигинин Б.Жээнбековду уулунун саясый көз карашы үчүн “кызматтан кет” - деп кодулап жатканынын өзүн түздөн-түз эле саясый куугунтук деп атасак болчудай... Коомчулук эмне дээр экен?    
 
Башат.kg