Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 3142
(И.Кадырбековдун макаласынын уландысы)
 
"Кумтөрдүн" Борбордук бөлүгүндөгү 538, 0 тоннадагы запастар жана ресурстар төмөнкүдөй категорияда болушкан:
 
Эксплуатациялык запастар - 101, 2 тонна, геологиялык запастар - 237 тонна. 
 
Болжолдуу запастар - 200, 0 тонна алтын. 
 
Бирок "Центерра Голд. Инк" компаниясын түзүүдө булардын баары көрсөтүлгөн эмес, экспулатациялык запастардын 101, 2 т; геологиялык запастардын 57, 9 т; болжолдуу ресурстардын 21, 1 тоннасы каралган. Баары болуп 180,2 тонна.
 
Бул чак түштөгү тоноо болгондугу талашсыз. Ошондуктан кыргыз тарап аталган маселе боюнча талаптарын коюуга укуктуу.
 
"Кумтөрдү" ким инвестициялаган? 
 
"Кумтөр" долбоорунун тарыхында каражатын салган жалгыз инвестор "Камеко" компаниясы болгон. Башкы келишимдин 3,3 параграфында "Камеко" 45 млн. АКШ долларын "Кумтөр" кен чыгуучу жерин иликтөөгө иштетүүгө кете турган чыгымдарды жабууга керектей турганы көрсөтүлгөн. 3,4 параграфка ылайык алардын 30 млн. доллары Кыргызстандын өкмөтүнүн атына келтирилген.
 
Бирок бардык каражат КМК (КМК - "Кумтөр Маунтинг Компани" "Камеконун" туунду компаниясы) жана КОКту ("Кумтөр Оперейтинг Компани" КМКга тийиштүү, "Кумтөр" долбоорун башкаруу максатында уюштурулган) уюштурууга, жеке керектөөлөргө кеткен. 

Калган 452, 5 млн. доллар каражат насыяга алынган. 
Негизги насыяда коммерциялык банктардын синдикаты көрсөтүлгөн:
1. Чейз Манхеттен Банк - 155 млн доллар.
2. Канаданын Экспорт өнүктүрүү боюнча корпорациясы - 50 млн (ЛИБОР + 3,0%);
3. Эл аралык каржы корпорациясы - 30 млн. доллар (ЛИБОР + 3,0%);
4. Реконструкциялоо жана өнүгүү боюнча европалык банк - 30 млн. доллар (ЛИБОР + 3,0%);
Бардыгы болуп 265 млн. АКШ долларын түзөт.
 
“Кумтөрдүн” борбордук бөлүгүндөгү 538, 0 тоннадагы запастар жана ресурстар төмөнкүдөй категорияда бөлүнгөн:
- Эксплуатациялык запастар - 101, 2 тонна;
- Геологиялык запастар - 237 тонна;
- Болжолдуу запастар - 200, 0 тонна алтын. 
Бирок, “Центерра Голд. Инк” компаниясын түзүүдө булардын баары көрсөтүлгөн эмес, экспулатациялык запастардын 101, 2 т; геологиялык запастардын 57, 9 т; болжолдуу ресурстардын 21, 1 тоннасы каралган. Баары болуп 180, 2 тонна.
 
Бул чак түштөгү тоноо болгондугу талашсыз. Ошондуктан кыргыз тарап аталган маселе боюнча талаптарын коюуга укуктуу.
 
Алынган насыялар төлөнгөнбү?

Долбоордун чыгаша алып келген бөлүгү толугу менен аягына чыккан жана карыздар бардык пайыздары менен кайтарылган. Бардыгын деңиздин ары жагынан келген кайсы бир инвестор эмес, "Кумтөрдүн" алтыны актады. Карыздар кайтырылып болгондон кийин, жемиштерди жыйнай турган учур келгендей болгон. Башкы келишимдин №5 параграфына ылайык бардык насыялар жана милдеттүү төлөмдөр төлөнүп бүткөндөн соң, калган каражаттар 2-3 пропорция менен "Кыргызалтынга", 1-2 пропорция менен КМКга бөлүнмөк. Ошондой эле акционердин каалоосуна жараша бөлүштүрүү валюта менен эмес, алтын менен өлчөнмөк. 

Бирок күтүүсүз жерден ачык асманда чагылган чартылдады: өкмөт Кыргызстандын бардык акциясын канадалыктарга кармата берүүнү чечти!

Инвестициялык келишимдин 2,1 параграфында мындайча жазылган: 

"КПКга жеке менчик укугу. Инвестор (карым-катышсыз, же өзүнүн бир нече туунду ишканалары менен) КГКнын 100% капиталына ээлик кыла алат. Эч кандай өкмөттүк ишкана же акционердик коом тарабынан көзөмөлгө алынбайт, түз же кыйыр үлүшү КГК, КОК же долбоордогу болсо да ээлик кылуу, кармап туруу же алуу талап кылынбайт". 

Бул саптарды ошол учурда кайра-кайра окуп, өз көзүмө ишенген эмесмин. Сыягы бул келишимге кол койгондор акыл - эсинен ажырап калышкан окшойт. 

Ошондо азыркыдай эле премьер-министр менен президент бул Кыргызстан үчүн пайдалуу деп жарыялашкан!
А бирок бизге эмнеси пайдалуу болду? КГКнын толук кандуу кожоюу инвестор болду. Келишимде ага "Кумтөрдүн" аймагындагы 7,5 радиуста жайгашкан ар кандай пайдалуу кендерди иштетүүгө укук берилген. А биз айлана-тегерекке келтирилген зыянга төлөнүүчү 310000 доллар өлчөмүндөгү төлөм жана хвостохранилище бизде калат деген дегенден башка алгылыктуу кандай пайда көрө алдык? Ошондой эле Башкы келишим боюнча бүтүп калган салык жеңилдиктердин мөөнөтүн узартышып, муну жетишкендик катары көтөрүп келишти. А ошол убакта салык жеңилдиктеринин мөөнөтүн узартуу укугу бир гана Жогорку Кеңеште бар болчу.
 
Айтылгандарды жыйынтыктоо менен бир гана нерсени айтууга болот: бизди, кыргызстандыктарды талап-тоношту жана кезектеги жолу уятсыздык менен талап - тоноого аракеттенишүүдө. Анан дагы өзүбүздүн бийликтин колу менен, жүздөгөн эмес, миллиарддаган АКШ долларына.
 
Эгер "Центерра" инвестор болбосо, эгер компаниянын акционерлери, кыргыз тараптан башкасы, "Кумтөр" кен чыгуучу жерин иштетүүнү инвестирлебесе, анда алардын арбитраждык териштирүүсүндө кандай маани жатат? 

Мен алар тараптан болуучу арбитраждык териштирүү болот дебейм. Бул алар үчүн ийгиликсиз, көп зыян алып келет. Ал турмак "Центерраны" банкроттукка алып келиши да мүмкүн. А эгер кокус бул боло турган болсо, анда арбитраждык териштирүүнү предметине көзгө көрүнгөн себептердин баары айланышы мүмкүн. Эгер алар бул процессти башташса, көптөгөн жылдарга созулат. Соттук териштирүүнүн келечеги алар үчүн да, биз үчүн да белгисиз. Алар бул жагдайды жакшы түшүнүшөт, ошондуктан өкмөттөгү жана Жогорку Кеңештеги пикирлештери аркылуу коркутууга аракет жасап атышат. Кандай болгон учурда да аларга биз менен компромисстик чечимге баруу пайдалуу, анткени "Кумтөрдө" биз өзүбүзчө иштете ала турган борбордук участоктон башка да участоктор бар. Советтик кезден калган маалымат боюнча алтын Түштүк-Батыш, Сарытөр, Түндүк-Чыгыш, Давыдов мөңгүсү, Акбел боору, Акбел-Түштүк, Кумтөр-Ирташ өзөндөр арасында жайгашкан. Бардыгы 304 тонна. Мындай шартта запастар жана болжолдуу ресурстар 2003-жылдын 1-январында 793, 4 тоннага бааланган, запастардын калдыгы эсептөө боюнча контур карьерасында 898, 3 тонна. Анан арбитраждык териштирүүгө баруу менен ким эле мындай таттуу кесимден куру калгысы келсин? 

Анын үстүнө Кыргызстан арбитраждык териштирүүгө "Камекону" да тартышы мүмкүндүгүн алар жакшы билишет. Бул опурталдуу. Мен ойлойм, алар биздин шарттарга, ал турмак 95-5% менен болсо да макул болушат. 

Кокус компромисске жете албасак, "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоодогу коррупцияны ачыкка чыгаруу боюнча кеңири маалымат кампаниясын баштообуз зарыл. "Центерра Голд. Инктин" акционерлерин чакырып, тийиштүү эрежелерди кармануу менен соттук териштирүүгө даярданууга туура келет. 

Бирок бул болушу күмөн. Жогоруда айтып кеткендей арбитраждык сот узакка созулат. Андан соң биздин доо арыз менен кайрылууга укугубуз бар. Мында маселени кеңири кароого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Соттук процесс аягына чыккыча "Кумтөрдү" кыргыз тарап иштеткенге туура келет. А бул канадалыктарга пайдалуубу? Анын үстүнө соттук чыгымдарды "Центерранын" кайсы акционери көтөрөт, бул да өзүнчө маселени жаратат. 
 
Ишенбай Кадырбеков,
Жогорку Кеңештин экс-спикери
Булак: “Майдан.kg” гезити