Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 4865
Убакыттын учкулдугун кара, мындан 23 жыл мурда Эгемендүүлүккө жеткен Кыргызстандын алгачкы президенти болуп шайланып,  мамлекетти 15 жылга жакын башкарып, 2005-жылы 24-марттагы элдик революциядан соң үй-бүлөсү менен Москвага кетүүгө аргасыз болгон Аскар Акаев быйыл күздө жетимишке чыгат экен. “Күлүк күнүндө, тулпар тушунда” демекчи, баягы президент кезиндегидей дайыма жадырап-жайнап, күлүп жүргөн курагы жок, ыйламсырап кыргыз элине кайрылыптыр. Чал болбосо да, саамай чачын ак, бетин бырыш басып, маанайы да чөгүңкү...
 
А.Акаев Ала-Тоону, туулган жерин тогуз жыл сыртта жүрүп ушунчалык сагынганбы, юбилейин шылтоолоп бир келип-кетүүгө өтө дилгир экендигин “7-канал” телеканалы аркылуу билдирди. Алгач өзүнө окшоп 1960-жылдары кыргыз элине, Кыргызстанга ак кызмат кылса да (бизде таза иштеп, эл үчүн кызмат кылгандар да куулат) көралбастар тарабынан дал ошол Москвага “сүргүнгө” айдалган залкар инсан Исхак Раззаковдун сөөгүн Ала-Тоо аймагына алып келүүгө салым кошкондугуна абдан сыймыктана тургандыгын эске салып, өзү тууралуу мындай дептир: “Эми өзүм жөнүндө айтсам, (көзүнө жаш алып, мукактанып) аз да болсо Кыргызстанда жактоочуларым бар. Алар сиздин күзүндө 70 жылдык юбилейиңиз келе жатат. Юбилейиңизди Кыргызстанда өткөрсөк, сизди алып келсек, коомдук бир комитет түзсөк деген билдирүүлөрүн айтып жатышат. Менин оюм мындай. Кыргызстанда юбилей десе эле той-тополоңду элестетет эмеспи. Акаевчилер той-тополоң уюштурушкан дешет. Мен жактоочуларыма айтып жатам. 70 жылдыкты илимий бир конференция катары өткөзүп койсоңор деп. Ал жакка жаштарды тартып, эгемендүүлүгүбүздүн чейрек кылымында эмнелерге жетишкенибизди, кандай катачылыктар кетти, ошону талкууга алышса деймин. Анан алдыга бир максат коюшубуз керек. Мамлекет болгондон кийин алдыга бир чоң максат койбосо өсүп-өнүгүшү кыйын”.
 
Албетте, Акаевдин бул айткандарында калет жок. Чындап эле анын 70 жылдыгын шылтоолоп мамлекетибиз кайда баратат, кандай жолго түшкөндүгүн, эмнеге 23 жылдан бери кризис, жердешчилик, коррупция сыяктуу мамлекеттин өнүгүшүнө жолтоо болгон терс көрүнүштөрдөн арыла албай жаткандыгыбызды илимий жыйындын алкагында талкуулап алсак эң сонун болмок. Бирок, ал өзү айткан “аз да болсо жактоочуларынан” тышкары көпчүлүк кыргыз эли Акаевдин Кыргызстанга “Ак боз ат минип” келишине макул болушаар бекен? Анткени 1991-жылдын апрель айында Москвадан бир түндө эле учуп келип (ал кезде Акаев СССР Жогорку Кеңешинин депутаты катары Москвада болчу), жомоктогудай президенттик тактыга отуруп, 14 жыл мамлекетти башкаруусунан Кыргызстан өнүктүбү же артка кеттиби? Менимче, биз эң оболу ушул суроого оң-терс жоопторду алышыбыз керек.
 
Ооба, Акаевдин президенттигинин алгачкы жылдары Кыргызстан эл аралык деңгээлде бир топ ийгиликтерге жетишти: БУУ, Бүткүл дүйнөлүк соода уюму (БСУ, анын үзүрүн азыр да көрүп жатабыз) сыяктуу эл аралык уюмдарга кирип, улуттук валюта – сом киргизилди, “Манас” эпосунун 1000, Ош шаарынын 3000 жылдыгы өткөрүлүп, кыргыздардын байыркы эл экендигин дүйнө жүзүнө далилдей алдык. Адилеттик үчүн айтып коюшубуз керек, ушул иштердин аткарылышында Акаевдин кыраакы саясатчы, көрөгөч, окумуштуу, интеллектуал президент катары өзүн  дүйнөлүк алдыңкы саясатчылардын катарында көрсөтө алды. Ошондуктан кыргыз эли, кыргызстандыктар андан чоң үмүтүбүз бар болчу. Дал ошол үмүт ага үч ирет президент катары добуш берүүгө негиз түзгөндүр? Бирок...
 
Бирок ал үчүнчү мөөнөттөн же балдары чоңоюп, аялы Майрам Акаева саясатка, бизнеске аралаша баштагандан тартып “бутуна жем түшкөндөй” Кыргызстанды өнүктүрбөй эле артка кетирип, СССРдин тушунда 70 жылдан ашык топтолгон байлыгыбызды: колхоз-совхоздорду, завод-фабрикаларды (ПЕСАК программасын түзүп) өзүнүн тегегиндеги алдым-жуттумдар менен шылуундарга талатып-тонотподубу. Бир сөз менен айтканда мамлекет бир үй-бүлөнүн бизнесине айланды. Анысы аз келгенсип, “принцесса” Бермет казак бизнесмени Адил Тойгонбаевге турмушка чыга калып, Осмонакун Ибраимов ат койгондой “Бүткүл кыргыз элинин казак күйөө баласы” бар байлыгыбызды тоноп, аз жерден курутуп коё жаздады. Кыскасы, акаевдер Кыргызстанда кантип президенттин балдары, аялы, күйөө баласы бизнес жасаса боло тургандыгынын үлгүсүн көрсөтүштү. Анын тушунда кыргыз элинде мурда орун алып келген уруу-урууга бөлүнүү, жердешчилик, паракорчулук рак илдетиндей күч алды. Баарынан да жаманы, бүтүндөй мамлекеттик органдар, чиновниктер туташ коррупциянын сазына батып, ал баткактан азыркыга чейин арылалбай келебиз. Ал тургай бул жагдайды А.Акаев өзү мойнуна алып, “Коррупция 7-кабатка чейин чыгып кетти”, “Бизде ар бир кызмат орундары сатылат, министрлик кызмат 50 миң доллар турат”, - деген сөздөрдү айтпады беле. Сыягы, экинчи премьер-министр Турсунбек Чыңгышев деле “Бизде жалкоолор менен келесоолор гана уурдабайт”, - деген “учкул” сөзүн күйгөнүнөн айткандыр.
 
А.Акаевдин мамлекет башчы катары алгачкы эле кадамы кандуу болуп, 1992-жылы туңгуч премьер-министр Насридин Исанов Бишкек-Ош жолунун Таш-Көмүр шаарындагы аймагынан табышмактуу өлүмгө учурады. Элдин баары эле Н.Исановдун өлүмү “Кумтөр” алтын кенине Бирштейн башында турган эл аралык деңгээлдеги алдамчылардын Кыргызстан үчүн пайдасыз келишимге кол коюудан баш тарткандыгы негизги себеп болгондугун билишет. Балким, мындай жол менен кийинки президенттик орунга башкы атаандаштан арылуу да максаты болгондур...
 
Андан ары  Акаев 7-каналга берген маегинде “...Өзгөчө чек араларда чыр чыгып калып жатат. Менин жүрөгүм ооруйт. Себеби, мен жетекчи болуп иштегем. Баарына жетекчи күнөөлүү. Эгерде өз убагында чек ара маселелери чечилип, такталып калганда бул чатактар чыкмак эмес”, - дептир. Туура айтасыз, Аскар Акаевич, баарына жетекчи күнөөлүү. Азырынча Кыргызстанды сиздей эч кайсы президент узак жана чексиз ыйгарым укук менен башкара элек. Эгер ошол 1991-2005-жылдары эл аралык кадыр-баркыңыз жогору кезде жана кошуна мамлекеттердин башчылары менен тең ата сүйлөшүп жүргөндө кайдыгерлик кылбай, чек ара маселесин чечип койгонуңузда, азыркы алешем бийлигибиз мынчалык кыйналбай, карапайым элиңиз да кошуналардан азап тартпай тынч жашайт белек? Өзүңүздүн да жүрөгүңүз оорубайт болчу. Бирок Сиздин тушуңузда бир райондун аймагына барабар (90 миң кв. километр) Үзөнгүкууш Кытайга “белекке” берилбедиби. Дал ошол жерибиздин кошуналарга бекер кетип жаткандыгына жаны кашайган мекенчил аксылыктар нааразылык билдиргенде ал кездеги бийлик алты азаматты жайрата атып, элдик революция ошондо башталбадыбы! Үзөнгүкууштун Кытайга берилишине бир кездеги досуңуз, кийин куугунтугуңузга кабылган Дастан Сарыгулов “Акаев Үзөнгүкуушту кытайларга берип, калмактардын өчүн алып берди...”, - деп туура “диагноз” койду.
 
А.Акаевдин алгач таза, жакшы иштеп, кийин мамлекеттин байлыгын бала-чакасынан тышкары эл аралык алдамчыларга талатып-тоноткондугун анын “Масон ложасына” же жүүттөрдүн жашыруун “Дүйнөлүк өкмөтүнө” мүчө экендигине да байланыштырып жүрүшөт (баса, бул уюмдардын катарында экс-президент Р.Отунбаева да бар).
 
“Ууруну каракчы тоноптур” демекчи, 2005-жылы 24-мартта Акаев элдик толкундоонун натыйжасында бийликтен кулатылган менен анын ордун баскан К.Бакиев да калктын үмүтүн актай алган жок. Болгону мамлекет башчы менен анын тегерегиндегилердин аты-жөнү өзгөрүп, “Айдар жокто Максим бар” деген сөз жаралды. Чындап эле Айдардын байлыктарын, бизнесин Максим өзүнө өткөрүп алды. Ошентип кайра эле үй-бүлөлүк башкарууга кабылган элибиз беш жыл чыдап, экинчи президентти да тактан кулатты. Кашайып экинчи революция болгон 2010-жылдын апрелинен кийин да карапайым калктын үмүтү оңунан чыккан жок. Бүтүндөй Кыргызстандын түштүгүн өз алдынча автономия кылып бөлүп кетүүнү 20 жылдан бери пландаштырып жүргөн ала допу сепаратисттер койнундагы котур ташын чыгарып, Ош, Жалал-Абадда кызыл кыргын салды. Ал тууралуу өзүнчө сөз кылабыз.
 
Ал эми мурдагы үй-бүлөлүк башкаруу ыкмасынын ордуна партиялык кландар келип, деңгээли төмөн, алдым-жуттумдар “куурчакка айланган” парламенттик башкаруу аркылуу мамлекеттик майлуу-сүттүү кызматтарды, депутаттык мандаттарды ээлеп отурушат (булардын Акаев менен Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруусунан кандай айырмасы бар?). Ал тургай 2010-жылы 6-апрелде 90го жакын эр азаматыбыздын каны аркылуу бийликке келгендер ошол эле күнү “морадёрлукту” башташты.
 
Бул жагдай тууралуу журналисттин: “Аскар Акаевич, Кыргызстандагы окуялардан ар дайым кабардар болуп келсеңиз керек. 2010-жылы апрель окуялары болуп өттү. Карапайым калк бийлик адамдарына ишенип, көптөрү курман болуп кетишти. Ошол эле учурда морадёрлук болуп, банк ячейкаларынан акчаларды уурдап жатышты. Телефондук сүйлөшүүлөрдө мындай көрүнүш ачыкка чыгып кеткени маалым. Элде дале болсо суроо көп”, - деген  суроого А.Акаев мындай пикирин билдириптир: “Демократия өнүп-өсүп жаткан өлкөлөрдө имиш эле чыкса кызматынан отставкага кетиши керек. Ал эми сен айтып жаткан жанагылар булар чындык, далили барлар. Мен аларды сөзсүз эле отургузуш керек дегенден алысмын. Чет мамлекеттерде Жогорку Сот, прокуратура болобу имиш болгондон кийин тиешелүү жыйынтык чыгарышып кызматтан кетүүгө аргасыз кылышат. Ошентип тазаланып турбаса мындай нерсе күчөй берет. Кечээ эле банктын сейфинен Бакиевдин мүлкү дешип, ондогон, жүздөгөн миллион долларларды бөлүп алышты. Ошонун баары эле өкмөттө жана башка кызматтарда иштеп жүрүшпөйбү. Мунун өзү демократияга да туура келбейт. Акылга да сыйбай турган нерсе. Ошолордон тазаланбаса иш алдыга жылбайт. Мына жаш кадрлар Кыргызстанда көп”. Бул жообу менен А.Акаев азыркы кыргыз бийлигинин жүзүн толук ачып бериптир. “Мен таза болсом, сен таза болсоң, анда коом да таза болот”, - деген бүгүнкү кыргыздарга, айрыкча жогорку кызматтагыларга эскертүү иретинде айтылган учкул сөздүн автору, улуу инсаныбыз Исхак Раззаков “Кылмыш сөзсүз жазаланыш керек, эгер жазаланбаса, кесепети жаман болот”,- деген дагы бир накыл сөздү өткөн кылымда эле айткан экен. Демек, бүгүнкү күндө А.Акаев айткан Кыргызстандагы жаш, таза, мекенчил, келечекте бийликке келе турган кадрлар 1991-жылдан берки Эгемендүүлүк жылдары мамлекетти башкарган төрт президенттин (Р.Отунбаева да) ишмердүүлүгүнө таза баа берип, жакшы, жаман жактарын “ревизиялоого” тийиш. Ансыз тазаланбайбыз жана жеке өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлогон, инсандык, интеллектуалдык деңгээли төмөн шылуундар менен шумпайлар, уурулар менен кескилер бийликтен кетпей, элдин шору арылбайт. Бул көрүнүш Кыргызстандын келечегине өтө чоң коркунучтуу жагдай.
 
Маегин А.Акаев мындай жыйынтыктаптыр: “2005-жылы Кыргызстандан бул жакка келгенде Москва университетине чакырышкан. Бул илимде саясат, улут болбойт. Профессор болуп иштейм. Материалдык мүмкүнчүлүгүм деле жок. Кыргызстандын саясатчылары менен жолугушпайм. Мен үчүн эмес ошол саясатчыларга залакасы тийип калбасын дейм. Ар кандай сөздөр болот. Акаев менен жолугушуптур деп канчасын куугунтуктап жатышат. Төрөмырзаев мыкты кадр. Мындан башка өзүмдүн жакын адамдарым Кубанычбек Жумалиев окуучум, академик. Россия менен илимий жактан тыгыз иштейт. Ал киши келип-кетип турат.
 
Биз бир эле костюмубуз менен Россияга чыгып кеткенбиз. 2005-жылы шарт ушундай болду. Болгон байлыгыбыз ошол жакта калган. Биздин негизги байлык китепкана болчу. Майрам эжеңердин саясат менен иши жок. Бирок, Кыргызстанды компьютерлештирүү боюнча көп иштерди жасаган. Жаш талантарды көтөрөм деп жүргөн. Экөөбүздүн Ленинграддан баштап жыйнаган 5 миңден ашык китебибиз бар эле. Ошо библиотеканы бергиле дегем. Тилекке каршы көп китептерди өрттөп жиберишти. Акаев милларддарды басып кеткен дешет. 2005-жылы Акаевдердин мүлкүн бүт дүйнө изилдеген. Атайын өкмөттүк комиссия түзүлүп, анын башында премьер-министр Д.Үсөнөв жана Башкы прокурор А.Бекназаров турушуп, республикадагы баардык ишканаларды текшерип чыгышкан. Канча адамдарга зыян келтирилди. Ишканалары тартылып алынды. Бирок, ошол өкмөттүк комиссиянын чыгарган жыйынтыгында Данияр Үсөнов парламентте Акаевдин мүлкүн тапкан жокпуз деген. Бирок, алар Акаевдин мүлкүн издешкен жок. Ишканаларды каттоого алабыз дешип, өздөрүнүн кызыкчылыгын ойлошкон. Чет мамлекеттен Либерман деген белгилүү алдамчыны Данияр Үсөнов жарым миллион долларын, мамлекеттин бир миллион долларын берип, издетишти. АКШга кайрылышып, ФБРга беришти. Кийин Бекназаров Акаевдин бир да центин тапкан жокпуз деди. Кыргыздар таппаса да ФБР тапмак. Мен Бекназаров менен Үсөновдун комиссиясына ыраазымын. Себеби, алар Кыргызстанда Акаевдин мүлкү жок экенин далилдеп беришти. Россияда болсо мени илимий коомчулугу абдан жылуу тосуп алышты. Университеттин ректору менен биргелешип бир китеп жаздык. Илимдеги иштеримдин баарын көтөрүп чыктык. Илим менен эле жүрөм. Саясатка кийлигишкенге убактым да жок. Кийлигишпейм да. Биздин Бишкек шаарындагы квартираларыбыздын баарын тартып алышкан. Ал жерде 2005-жылы эле криминалдар жашап калышкан. Криминалдар революция, төңкөрүш жасашты. Анан ошолордун лидерлерине бөлүп беришкен. Кийин кимдерге сатып жиберишти билбейм. Ошондо мен Россиянын жетекчилиги аркылуу китепкананы эле сурангам. Турмушубуз жакшы. Москвада профессор, Санкт Петербургда илимий борбордун жетекчисимин. Мындан башка илимий иштерим көп. Эл аралык чыгармачылык академиясында биринчи вице болуп иштейм. Байлык жыйнабайбыз. Мага ушактан башка күнөө кое алышпайт”. Анын бул айткандарына ишенүүгө болобу?
 
Ж.Болотов
Башат.kg