Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 4870
Кара-Кече көмүр кенинде элементардуу тартиптин жоктугунан ар кандай башаламандыктар орун алып жаткандыгы коомчулукка маалым.  Көмүрдү казып алуу технологиясынын колдонулбагандыгынан, тийешелүү коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгынан адам өмүрүн алган бөөдө кырсыктар көбөйүүдө. Мындан тышкары, дагы кандай шарттар кендин иштетилишине кедергисин тийгизип жатат? Бул тууралуу төмөндө кеңири кеп кылмакчыбыз.
  
Бир эле жагдай - карьердеги көмүр коопсуз ченемден ашыкча казылып жатып, асканын түбү оюлуп, үстүңкү катмары асма жарчага айланып, урап кетчү кооптуу акыбалга жеткен. Дал ошол  жарчанын түбүндөгү машинеге салаңдап турган таштуу жар урап түшүп,  үч адамдын өмүрүн алды. Мындай кырдаалда адамдардын кырсыкка учуроосун объективдүү жана субъективдүү негизде карасак болот.
 
Негизинен таш көмүрдү жүктөө процесстеринде мурдатан кен казуу жаатында кабыл алынып, колдонулуп келинген эрежелер аткарылбагандыктан, миңдеген тонна көмүр көзөмөлсүз калып, жоопкерсиздиктин айынан ири өлчөмдө ит таламайга түшүүдө. Албетте, бул криминалдык чөйрөнүн кулач жайышына ыңгайлуу шарттарды түзүп, кылмышкерлердин үстөмдүгүнө алып келди. Карьерде тартипсиздик өкүм сүрүп, көмүр ташыган айдоочулардын өмүрүнө көп коркунучтарды пайда кылды. Анархиялык маанайдын кесепетинен криминалдык элементтердин өзүм билемдиги күчөп, ал тургай, эки жаат болуп, бычакташып, тапанча менен атышып, эки адам өлтүрүү фактысы катталды. 
 
Мамлекеттик мыйзамдын бузулушуна түрткөн баш аламандык арийне, мамлекеттик “Көмүр” ишканасынын кайдыгерлигинен, шалаакылыгынан келип чыккандыгы айдан ачык. Ишкананын жетекчиси Н.Сатыбалдиев буга түздөн-түз жооп берүүгө тийиш. Анткени, анын мындай ири ишкананы башкарууга иш-тажрыйбасы жетишсиз болуп чыкты. Жалпыга маалымдоо каражаттарына таянсак, Н.Сатыбалдиев бул кызматка О.Артыкбаев аркылуу келген. Айтымда, ал О.Артыкбаевтин бир тууган жээни, ошондуктан, ал кара алтындан өз үлүшүн алып туруу ниетинде өзүнүн карачечекей жээнин көмүр өндүрүшүнө жөндөмү жок болсо дагы, олчойгон кызматка койгондугу маалым. 
 
О.Артыкбаев кызматкерлерин кандай  критерийдин негизинде ишке ала тургандыгы туңгуюк. Кадр дайындоодо О.Артыкбаев Н.Сатыбалдиевтин жетекчилик жөндөмүн, уюштуруучулук, кесипкөйлүк, менеджментти өздөштүрүү сыяктуу сапаттарынын жетишсиздигин эске алып койгон эмес. Ал баарынан мурда туугандык жагына таянып, жетекчиге мүнөздүү зарыл талаптарды унутта калтырган. Мунун кесепетинен беш адам зыянга учурап, набыт кетти.
 
Сатыбалдиевке каза тапкан бул беш адамдын өмүрү аздык кылгандай. “Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет” дегенсип, көмур кенинде Н.Сатыбалдиевдин бийлиги дагы эле үстөмдүк кылууда. 2013-жылдын аягында кыркка чамалуу адамдан турган жумушчу топ Бишкекке Жумгалдан атайын ат арытып барып, министр О.Артыкбаевге кайрылышкан. Анда Н.Сатыбалдиевтин беш адамдын кырсыктап, өлүмгө учурашына толук кандуу күнөөсү бар экендиги тууралуу да айтылган. Ошол эле убакта үч адамдын сөөгү жерге берилип жатса, Н.Сатыбалдиев  Жумгалда жүрүп, маркумдардын арбагына багыштап, куран окутууга жарабай, бир чымчым топурак салууну да ыраа көргөн эмес. Сөөк коюлуп жаткан маалда Н.Сатыбалдиевдин командасы беш ХОВА автоунаасына көзөмөлсүз 180 тонна көмүрдү жүктөп чыгып баратканда жумушчулар токтотуп, көмүрдү түшүрүп калышкан. Ал эми Н.Сатыбалдиевдин уурулугун жумушчулар далилдеп беришкенде О.Артыкбаев Н.Сатыбалдиевди кызматтан алууну убада кылган. Ошентсе да, бүгүнкү күнгө чейин Н.Сатыбалдиев кызматтан алынмак тургай, О.Артыкбаев канатына корголоп келүүдө.
 
Деги эле О.Артыкбаев куру сөзгө курсак тойгузган бир топ утопиялык убадаларды берип, өкмөт жетекчиликтери тарабынан кабыл алынышы, өлкөнү өргө эмес, көргө сүйрөп, пайдасынан зыянынын запкысын көп тартып, жакынкы аралыкта оңолбой тургандыгыбызга кепилдик берип жаткандай. Албетте, кеп Н.Сатыбалдиевдин тагдырында эмес, каза тапкан беш адамдын өмүрүнө жоопкерчилик албаган министр О.Артыкбаевдин ээлеген кызматы талапка жооп бербей жаткандыгында.
 
Кара-Кече көмүр кенин башкаруу системасы уурулуктун чордонуна ылайыкталганы парламенттин комитетинде дагы аныкталып, ырасталып жатат. “Көмүр” мамлекеттик ишканасы өкмөткө тийиштүү, ал эми анын алып барган иш-аракети коммерциялык функцияны аткарат, ошону менен бирге, жоопкерчиликтен четтеп, кырсык болгон учурларда Кара-Кече көмүр ишканасын түртө салат. Демек, бул өтө көз боёмочулук менен жазылган устав экендиги шексиз. Ошондуктан, ишкананын уставы баш аламандыктын башатынын бирден бир себеби десек жаңылбайбыз. Ошентип, өзүн-өзү билүү, көзөмөлсүз көмүрдү ташып чыгуу коррупцияга жол ачып, мышык ыйлагыдай акыбалга жеткирди. Өкмөт мыйзамдуу иш алып барбастан, конкуренциялык жолду таптакыр бууп, көмүскө акчаны жүгүртүү менен алектенип калган. “Балык башынан сасыйт” дегендей, ошол эле өкмөт мамлекеттик көмүрдү сатып алууга акча бөлүп, тендерди жең ичинен өткөрүп, акчаны бөлүштүрөт.
 
Эгерде атаандаштык керек болсо, анда мамлекет жылына көмүрдүн баасын чыгарып, Бишкекке, Караколго, “Жилкомхозго”, мектептерге, ооруканаларга, айыл өкмөттөрүнө “баланча тонна көмүр сатып алабыз” деп жарыялап, көмүр түшкөндөн кийин акчаны ошол замат төлөп берүү системасын киргизиш керек эле, мына ошондо атаандаштык чөйрөсү жаралып, “ким көмүр алат, менин көмүрүм арзан” деп келсе, баа да арзандамак.
Атаандаштыкка шарт түзүлмөк тургай, жыйырма эки жылдан бери бөлүнгөн акчаны жең ичинен жеп, акчанын уурдалышы тууралуу министрлер билсе да, билмексен болуп, бири дагы ачык айтпай, жашырып келишкен. Фискалдык органдар далай жолу кылмыш ишин козгогон, ошентсе да, “карганын көзүн карга чукубай”, кылмыш иштери көмүскөдө калтырылууда. Кылмышкерлер жазасын тартпай, али да жаныбызда жүрөт. Аларды издеп, убара болуунун да кажети жок. Кылмыш жоопкерчилигине тартылбасын билген шылуундар күн санап күчөп жатат, андыктан, алар тез аранын ичинде четинен тазаланмайын, КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТин сактап калуу кыйын.  
 
Өздөрүн “патриот” санаган Орозбек Дүйшеев, Картайбек Мукамбетовтор эксперт эмей эле, “эксперт” атын жамынышып, эксперттик залакалуу пикирлери менен карапайым калктын аң-сезимин бузуп, “дежурлук” менен акча табууга көнүп калышты. Өлкөбүз эгемендик алгандан бери криминалдык элементтер жамгырдан кийинки козу карындай көбөйүп, кадыр-барктары өстү, тилекке каршы, айрымдары мамлекеттик деңгээлге көтөрүлдү.  “Мыйзамсыз мамлекет болбойт, а мамлекетсиз, эч качан коопсуздук болбойт. Мыйзамдуу мамлекетте жарандардын коопсуздугу корголот. Криминалдашкан мамлекетте теңсиздик орун алат,”- деп бекеринен айтылбаган. Эгерде өлкө башчылары эсине келбесе, карама-каршы күчтү өздөрүнө кабыл алышат. А.Атамбаевтин жалпы элге кайрылуусунда “мамлекеттик кызматта  иштеп жүргөндөр бюджеттин акчасын ири суммада  уурдап жатышат” дегени бар, ушундан улам “кылмышкерлерди ичинен тандап, камакка албай, эң биринчи кезекте, жанында жүргөн кой терисин жамынган чиновниктерди камаса болбойбу” деген ой келет.
Айтмакчы, Темир Сариев бакандай экономика тармагын тескеп жатып, “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасындагы көз боёмочулук фактыларын көргөн жокпу? Аталган ишкананын ишмердүүлүгүн текшерип, ачык-айкындыгын тактап, кылмыш иштерине шектүү адамдар кыска мөөнөттө кызматтан четтетилбесе, көпчүлүк элге залакасы катуу тийди. Мамлекеттик сатып-алуу дээрлик жыйырма эки жылдан бери кылмыш чордонуна айланды. Бул багытта Антимонополиялык комитет карап чыгып, керек болсо, ушул күнгө чейин экономикалык кылмышка жол берип, кылмыш иштерине аралашкандыгы үчүн мыйзам алдында жоопко тартылышы керек.
 
Мамлекеттик сатып алуу өтө ири бизнестин бири болуп эсептелет, ошондуктан, кыйыр иретке салуу инструменти катары карап, экономиканын натыйжалуу рычагы сыңар пайданалышыбыз зарыл.  Мамлекет бизнеске ачык-айкын шарт түзүп берип, калыс, тең салмактуу атаандаш чөйрөнү жаратууга тийиш эле. Ачык-айкын иш тартиби уюшулуп, калыс, сергек атаандаштык өкүм сүрүп, арзан жана сапаттуулугу бааланган аянтча ортого коюлушу зарыл болчу. Мына ушундан кийин бизнестин өнүгүшүнө ишеним артылып, мамлекет менен тыгыз иш жүргүзүү жөнгө салынмак. Бул программа ишке ашырылса, мамлекеттин кандай гана  тапшырыгы болбосун, аткарылбай коймок эмес, жең ичинен сүйлөшүүлөр токтотулуп, пара жана кайра акча берүү сыяктуу терс жагдайлар жоюлмак. Ишкер адамдар тааныш, тууган, “крыша” издебей, профессионалдуу иштөөгө өтүп, пайда таап, таза киреше көрмөк жана  мамлекетке да үнөм болуп, сарпталган акча башка тарапка жумшалмак. Албетте, ушундай тартип менен иш алып баруу коомчулуктун мамлекетке ишенимин жогорулатмак, маданияттулукка жол коюп, ишкерликтин таза үлгүсүн көргөзмөк. Бул үчун мамлекет так, сапаттуу, күчтүү мыйзамдарды кабыл алышы зарыл, тилекке каршы, бизде бардык мыйзамдар жогорку чиновниктердин ыңгайына жараша токулуп, уурулукка жол бергени өкүнүчтүү. Жол бербеген күндө дагы шалаакылык кылып, коррупцияга кош колдоо кылып, өркүндөткөн мамлекет болуп жатпайбы. Базар экономикасы өнүккөн, демократиялык корпоративдүү башкарылган өлкөлөрдө сапаттуу башкаруу системасы орчундуу орунду ээлейт.
 
Эмне үчүн биздин мамлекетке дагы сапаттуу башкаруу системасы киргизилбейт? Эмнеге өлкөгө, элге зыяны тийген системадан арыла албайбыз? Мамлекеттин карызга батышы, элдин  жакырчылыгы айтыла берип, көк таштай көкөйгө тийсе да, иш алып баралбаган жегич, ичкич ууру министирлер бет тырмарлык кылып, дагы деле мамлекетти мите курттай соруп жаткан кези. Мамлекеттин экономикасын сарамжалдуу пайдаланып, сапаттуу, заманбап механизм менен иштеген кадрлар кызматка келмейин, өнүккөн мамлекеттин катарына кошула албайбыз. Бир дагы алгоритмдик иш тартиби жоктугунан ушундай туңгуюкка такалдык. Буга О.Артыкбаевдин сабатсыздыгы күбө. Көпчүлүк: “Аптекарь болсо да, иштин көзүн таап иштей алат” деген үмүттө эле, эл алдында убада берип, аткарбаган министрге айланып, ишеничтен кетти. Жетекчи тургай,  кыргызда, жөнөкөй эле “жигиттин сөзү өлгөнчө, өзү өлсүн” дейт. Кадрларды туугандыгына карата тандап алып, адам өмүрүнүн зыянга учурашына жеткирип, жоопкерчиликти чымын чакканчалык көрбөгөн О.Артыкбаев жигит болсо кызматын өзү эде бошотуп кетип калмак...
 
Качкынбек БУЛАТОВ,
«Эр Айдоочу» коомдук бирикмесинин жетекчиси
 
Булак: “Майдан.kg”