“Кумтөр” долбооруна тийиштүү маселелерде И.Кадырбековдун атын атоодон качышканы менен, ал убагында бул алтын кени боюнча башкы келишимдин бирден бир каршылашы болгондугу көпчүлүккө маалым. Азыр аталган кендин тагдыры боюнча кеп кылбаган адам жок. Бирок, убагында канадалыктар менен түзүлүп жаткан келишимди катуу сындап жаман көрүнгөн Ишенбай мырзадай бул маселе боюнча эч ким эксперт боло албайт. Дал ошондуктан, биз бул кишиге кайрылып, “Кумтөр” долбоорунун чыныгы чоо-жайын айтып берүүсүн сурандык. Жыйынтыгында ушул макала жаралды.

"Кумтөр" боюнча калың чекит коюуга жол барбы? 
 
Кыргыз өкмөтүнө биргелешкен ишканадан 50%дан көбүрөөк үлүшкө жетишүүгө эмне жолтоо болууда? Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев образдуу айткандай, “Кумтөр” долбоору боюнча кыргыз өкмөтү жаңы шарттарды көрсөткөн “Кыргызалтын” ААКсы менен канадалык компания "Центерра Голд.Инк" ЖАК, жана "Кумтөр Оперейтинг Компанинин" ортосунда 2009-жылдын 24-апрелинде түзүлгөн келишим азыркы өкмөттүн “колу менен бутун байлап” турат. Бул жагынан өкмөт башчы туура айтты. Аталган келишимдин алкагында 50%ды максимум жетишкендик катары кароого болот. 

Эгер үлүштү мындан көбөйтүүнү кааласак, анда өкмөттүн колун жана бутун чечиш керек, б.а. аталган келишимди денонсация кылуу зарыл. 
Кыргызстандын үлүшүн көбөйтүүгө жылчык барбы? 
 
Эч кандай жылчык жок. "Центерранын" акция бөлүгү мындай факторлордун негизинде жүргүзүлөт: акча каражаттардын жүгүртүлүүсү, ресурстар, акционерлердин активи, карыздар конвертациясы. Бул “Центерранын” козырдык картасы, албетте, андан эч убакта баш тартышпайт. Демек, абал ушундай болуп турганда Кыргызстандын үлүшүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгү жокко эсе. Ошондуктан Жогорку Кеңештин "Центерра" менен өкмөттүн сүйлөшүү жүргүзүүсүн улантуу жана КРнын "Кумтөрдөгү" үлүшүн 67%га жеткирүү боюнча кабыл алган чечими реалдуу болбой калды. 
 
Абалды премьер-министр абдан жакшы түшүнөт. Жогорку Кеңеш өкмөт башчыга ишеним көрсөтө албай чечкинсиздик кылды, ишеним көрсөтпөө - логикалуу кадам болмок. Анткени парламент кабыл албаган Меморандумда премьер-министрдин колу коюлган. Бул анын позициясы, бул анын парламентте күрөшкөн чечими, өз чечими үчүн жооп бериши керек. Депутаттар балким ишеним көрсөтпөөдө жетиштүү добуш ала алышпай калышмак. Бирок добуштардын санынан да ишеним көрсөтпөөнүн өзү таасирдүү болмок. Мындай абалда Сатыбалдиевдин премьер-министрдик постто калышы моралдык жактан караганда татаалдык жаратмак. Кейиштүүсү алтындай убакыттын дагы далайы өттү, аны менен кошо кыргыз тарап алчу пайда да кетти.
 
Денонсация болушу мүмкүнбү?
 
"Кумтөр" кен чыгуучу жеринде Кыргызстандын 67% жана "Камеко Корпорэйшн" компаниясынын 33% биргелешкен активдеринин негизинде коомдук компания түзүлгөн. Бирок реструктуризациялоонун жыйынтыгында кыргыз тараптын үлүшү 33%га түшүп, "Камеко" 67%га чыкты. Бүгүн бул “кылымдын аферасы” экенине жана ири масштабдагы коррупция болгонуна эч кимде шек калбады. Бирок коррупцияга аралашкан жүздөрдү жоопко тартып, "Кумтөр" долбоору боюнча келишимден бир тараптуу чыгып кетүү мүмкүн эмес. Анткени 2009 - жылдагы келишим ратификация болгону үчүн мыйзамдуулугун сактап турат. Бул деген бакиевчилер, "акжолчулар" айнектей "таза" дегенди түшүндүрүүдө, ал эми өкмөттүн мыйзамды оңдоого күчү жетпейт. Билгендер жакшы түшүнүшөт, келишимди денонсациялоо Башкы прокуратуранын байланган колун чечет. Бул деген денонсациялоодон соң 2009-жылы кабыл алынган келишимге карата жана ал келишимди парламентте сүрөмөлөгөн топко тергөө иштери башталат дегенди билдирет. Ошондуктан тиешеси барлар келишимди денонсация кылбоого болгон мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланышат. Факт - сүйлөшүүлөр коррупциялык келишимдин базасында жүргүзүлүп атат, Меморандумга өкмөт башчысынын колу коюлду, а Жогорку Кеңештин кардиналдуу чечимдерди кабыл алууга эрки жетпей атат. Булардын баары жараксыз көзгө көрүнүп турат. Бирок дагы бир "бирок" бар. Эми "Кумтөр" маселесин татаалдаштырып түшүндүрүүгө мүмкүн эмес. Жети - Өгүздө, Сарууда эмнелер болуп атканы бул эл маселенин тамырын билип калганынын белгиси. Элди мындан ары алдап, убакыттан утууга мүмкүн эмес.
 
Денонсация "Кумтөр" долбоорунун токтолушуна алып келеби? 
 
Бул өкмөттүн жомогу. 

Денонсация "Кумтөрдү" токтото албайт. Ким алтын өндүрүүнү токтото алат экен?

Денонсация - бул бизди коркуткандай улутташтыруу эмес, а болгону узакка созулган күрөштүн башталгыч этабы. Аферисттер "Кумтөр" долбоору боюнча юридикалык тарапты ырааттуу түрдө, узакка чыйралтты. Биздин маңкурт-чиновниктер алардын мындай таасиринен бошонуп чыга алышпады. Ошондуктан бизге да ырааттуу түрдө, этаптуу, бирок тездетилген темп менен маселени тескери тарабына жандыруу зарыл. 2009-жылдагы келишимди денонсациялоо менен биз башкы маселени чечебиз - бакиевчилер жана "акжолчулар" таштап кеткен келишимдин мыйзамдуулугун жокко чыгарабыз. Денонсациялоо келишимди ратификация кылгандай эле парламенттин укугу, ага кимдир бирөөнүн нааразычылык билдирүүсү пайда алып келбейт. Өзгөчө "Центеррага".
 
Андан ары кандай болот?
 
Денонсациялоодон кийин “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАКга КР өкмөтү биз көрсөткөн шарттардын негизинде тез аранын ичинде келишим түзүүнү сунуштоосу кажет. ("Кумтөр Оперейтинг Компани" компаниясы реструктуризацияга чейин "Камеко Корпорэйшндин" 100% туунду компаниясы болгон жана рекструктуризациядан кийин "Центерра Голд.Инк" компаниясынын 100% туунду компаниясына айланып, "Кумтөр" долбоорун башкарууну бүгүнкү күнгө чейин улантууда. Көрсөткөн кызматы үчүн тийиштүү акысын алат). Аны менен бирге бардык каржы маселелерин, алтын тагдырын көзөмөлгө алуу зарыл. 

Эгерде баш тартуу болсо, бирок бул реалдуу эмес, (түшүндүрмө иретинде: 2004-2006 - жылдары долбоорду башкаруунун гонорарынын суммасы 26 миллион 204 миң АКШ долларына тең келген) "Кыргызалтынга" же башка субьектке оператордун функциясын бардык боло турчу кесепеттери менен бирге алууну тапшыруу керек. Бул Кыргызстанга карата акыйкаттуулукту калыбына келтирүүнүн кийинки этабына айланат. 

Буга "Центерра" сөзсүз түрдө нааразы болот, бирок сотко эки себептин негизинде кайрылбайт. Биринчиден, кыргыз тарап аларга биргелешкен ишмердүүлүктүн вариантын сунуштайт. Алар макул болууга мажбур болушат жана консультациялык процедураларды башташат. Анткени, алтынга тийиштүү бардык операциялар Кыргызстан тарабынан көзөмөлгө алына баштайт. Мындай иште кечеңдетүү - "Центерранын" акция номиналынын ылдый түшүүсүн шарттайт, алар үчүн ар кандай кесепеттерди жаратат. Экинчиден, алар реструктуризация боюнча келишимдин бир калыпта турбастыгын жакшы билишет. 
 
"Центерранын" акционерлери арбитраждык териштирүүгө барышабы?
 
Премьер-министр аларды инвесторлор деп атап атат, бул кезектеги жаңылыштык.
 
Биринчиден, биз дагы акционербиз. Эгер кыргыз тарап "Центеррадан" бардык активдери менен чыгып кете турганын жарыялай турган болсо, анда дүйнөлүк келишимдин же арбитраждык териштирүүнү предмети (бул да болсо эптеп-септеп) болуп кыргыз тараптын кен чыгуучу жердеги активдеринин көлөмүнө келип такалашы мүмкүн. Иштин баары 2004-жылы кыргыз өкмөтү Торонтонун фонддук биржасына саткан 7,5 млн. акцияда турат. Жыйынтыгында Кыргызстандын пайыздык үлүшү 15, 66%ды түзүп калган, "Камеко Корпорэйшндики" 52, 68%, башка акционерлердики 31, 66%га тең келген. 

Эгер "Центерра" ар кандай нормативдик - укуктук актыларды пайдалануу менен кыргыз тараптын өзүнүн активдери менен компаниядан чыгышын мүмкүн эмес деп тапса, биз алардын бүтүмүнө каршы чыгууга укуктуубуз. 

Аны менен катар бизде парламент өзүнүн баасын берүүгө милдетүү болгон бир катар маселелер бар. Эмнеге "Кумтөр" кен чыгуучу жериндеги геологиялык ресурстарды эсептөөдө биздин Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин тизмеси эмес, канадалык Тоо-кен, металлургия, нефти институтунун стандарты менен саналган тизме колдонулган?
 
Кен чыгаруучу жердин запастарын жана божомолдонгон ресурстарын кабыл алууда кыргыз тарап калыбына келтирилгис зыянга учурады. Эгер "Кумтөр" кен чыгуучу жердин Борбордук бөлүгүндөгү запастарын жана болжолдуу ресурстарын эле ала турган болсок, 1992-жылдагы башкы келишимге 716, 2 тонна запас тиркелген, андан 1997-жылдын май айынан 2003-жылдын декабрь айына чейинки өчүрүлгөн алтындардын саны 178, 0 тоннаны алганда, "Кумтөр" кен чыгуучу жердин запастары жана ресурстары "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоо боюнча чечим кабыл алган убакта, 2003 - жылы 538, 0 тонна алтынды түзгөн. 

(Уландысы бар)
Ишенбай Кадырбеков,
Жогорку Кеңештин экс-спикери
 
Булак: “Майдан.kg”