Азыркы кезде телекамералардын алдында “патриоттук” манайда сөз айтуу модага айланып кетти. Бирок, биз бир уникалдуу мамлекетте жашап жатканыбызды эстен чыгарбашыбыз керек. Уникалдуулугубуз эмнеде? Азыркы кезде тамга тааныгандын баары эле эксперт болуп кетти. “Байталдын баары жорго болот, аялдын жарымы чечен болот, эркектин баары эксперт болот”,- дегендей, бизде экономистер медицина тармагынын “адиси”, сантехник саясат таанууну үйрөтүп, отставкадагы милийсалар турмуш-тиричиликтин бардык тармактарына эксперт болгон күндөрдү да башыбыздан өткөрүп турган кезибиз.
 
Эми мен журналист катары өз оюмду айтайын. Бир кезде Орозобек Дүйшеев аксакалыбыз гезиттен гезитке макала, маектерин берип, эсперт катары өзүнүн оюн ачык айтып: “Кумтөрдү эл аралык шылуундарга карматып койдук”, - деп чыркырап жүргөнү көп кыргызстандыктардын эсинен кете элек.
 
“Жаны БМ (биргелешкен ишкана) ачып, Кыргызстан 50 пайызын алат”,- деген кеп башынан эле эки президенттин чечими болгонун айтууга себептер көп. Эки президент дегенибиз:  Кыргызстандын жана “Центерра Голд” менчик фирмасынын президенттери тең ата болуп сүйлөшкөнүн айтып олтурам. Бул эки жетекчи өз ара жолукпаса да, кызматкерлери сүйлөшүү жүргүзсө керек. Атамбаевсиз бул маселе чечилмек эмес.
 
“Кумтөр” кени иштей баштап, Акаев жана анын жанында жүргөн кузгундарды байыта баштаган. 900 тонна алтыны бар кенди Аскар Акаев эл аралык шылуундарга берип, алардын “крышасы” болуп берген.
 
Ошол кезде “инвестиция”, “инвестор” деген жаңы түшүнүк пайда болуп, колунда “кокон тыйыны” жок аферист Бирштейн ача койгон фирмага эл аралык финансылык уюмдардан кыргыз өкмөтү кепил болуп, кредит алынган. Бул кредитти мамлекет алган, ал эми Канададан келген аферисттер Кыргызстандын алтын мүлкүнүн эсебинен эки эсе чыгымдарын көбөйтүп, кутулган. Ошондуктан мындай суроо пайда болуш керек эле: Канадалык ишкерлерди инвестор деп атаганга болобу?
 
Жооп бир гана болушу мүмкүн.  Аларды эмне деп атасаңар да, инвестор атаганга болбойт. Биринчиден, өз капчыгынан канадалыктар долбоорго бир да тыйын кошкон эмес. Ушул эле факт алтындын 70 процентин алып койгонго жетишмек. “Кумтөр” тууралуу келишим мамлекет аралык келишим эмес. Кыргыз мамлекетинин жетекчилери өздөрү эле эл аралык деп атап, өз кызыкчылыгын көздөп, келишимдерге кол койгон.  
 
“2009-жылы Бакиевдин мезгилинде бардык балекеттер башталды”, - деп азыркы өкмөт жана президент какшап туру. Бирок, 33 процент алтынды (продукцияны), азыркы билермандар акцияга алмашып, “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” (КОК) 17 пайызын алып жатабыз, деп элди алдап жаткандары бийликтегилерди кийин тынч уктатпайт.  КОКтун акциялары нөлгө барабар. Аны билбейби, бийликтегилер?
 
Көптөгөн мыйзам бузууларды Садыр Жапаров жетектеген комиссия ачыкка чыгарды эле аны колдогон Камчыбек Ташиев, Талант Мамытовдорго кошо түрмөгө камашып, соттоп, мандаттарын бийлик алып койду.
 
“Кумтөрдүн алтынынын убайын кыргыз эли көрүш керек”,- деген дагы бир депутатыбыз Ахматбек Келдибеков да азыркы кезде камакта.
 
“Мындан башка жол жок, канадалыктар эл аралык сотко берет”,- деп жатышпайбы...
 
Биздин мамлекеттин жетекчилиги канадалык аферисттерге адвокат болуп жатса, кандай дейбиз? 2008-2009 жылдары Бакиев К.Исабековго тапшырма берип, эл аралык сотко кайрылганга даярдык көрүш керек дегенде, канадалыктар өздөрү сүйлөшүүгө чакырган. 2009-жылкы келишим 2014-жылга чейин эле күчү бар эле. Эмнеге ал жөнүндө эч ким сөз айтпайт. 2014-жылдан баштап  “Центерра Голд” Кыргызстандан кайра катталып, кыргыздын үлүшү жогоруламак. Ал эмне, жашыруун сырбы?
 
Жогорку Кенештин депутаттары өкмөттүн түзгөн келишимин колдоп койду. Анда эч бир таң калчу нерсе жок. Парламент Атамбаевке көз каранды болуп калды. Атамбаев “70 процент Кыргызстанга калыш керек”,- десе, канадалыктар аргасыз ага деле макул болмок. Эмне үчүн дегенде, келишимдердин көбү мыйзам бузуулар менен түзүлгөн. “Кумтөр” маселесине депутат Алымбеков да күйүп кетти. Бирок, ал Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, Ахматбек Келдибековтордой эл үчүн күйүп жапа чекпестеп, “лох” болуп калганы өкүнүчтүү. Анткени, канча күпүлдөбөсүн, саясий упай топтоого аракеттенип, аягында “ит жыгылыш” болуп, мандатынан ажыраганга аргасыз болду. Депутаттардын көпчүлүгүнө ишенип болбойт, Алымбеков коалициялык көпчүлүккө өзү да кирчү. “Ата-Мекен” фракциясынын депутаттарына ишенген лох болот”-, деп макал-лакап калып кетпесе эле болду...
 
Ырысбек Өмүрзаков,
“Трибуна.kg” гезитинин башкы редактору
Булак: “Майдан.kg”, №05 (134), 12.02.2014-ж.