Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 7630
Бүгүнкү бийликтин чектен чыккандыгын ушундан көр: кайсы маселе болбосун, элдин кескин нааразычылыгына карабастан, өз билгениндей чечүүдө. Маселен, апрель төңкөрүшүнө чейин өзү оппозицияда жүрүп, Алмазбек Атамбаев бир канча жолу эл менен жолугушууларында “Кумтөр” алтын кенин кыргыздын кызыкчылыгына иштетүү керектигин айтып жүргөн. Бийликке келгенде да, элдин бул талабы ошол боюнча өзгөрбөгөндүгүн сонун билип, тилекке каршы, аны бүт калк күткөн жыйынтыкта чечүүгө аракет жасай албады.
 
Кол баласындай болгон парламенти өткөн жумада канадалык инвестор каалаган келишимди мыйзамдаштырып берди. Кыйкыргандар, айыл-айыл болуп каршылык билдиргендер кала берди. Мына ушул кендин келечеги үчүн митингге чыккан саруулук баатырлар Б.Курманалиев менен Э.Жунушбаевди парламент чечими чыгаар замат 7 жылга соттошту. Ушуну менен “Кумтөрдүн” эл кызычылыгына иштөөсүн талап кылгандын көбүнүн оозу жабылды.
 
Акыркы жылдардагы тарыхка кайрыла турган болсок, бийлик дал ушул “Кумтөр” маселесин көтөрүп чыккандыгы үчун далай саясатчылардын сазайын бериптир. Көч башында “ата-журтчу” мандатынан ажыраган депутаттар К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытовдор турушат. Бүгүнкү күндө бул саясатчылар шайлануу укугунан да куржалак калышты. Саруу элин болсо башка айылдарга каршы коюшуп, маданиятсыздыктын туу чокусун көрсөтүштү, буга чейин бир да бийлик өз элин бири-бири менен чабыштырчу эмес. Парламентте өкмөт сунуштаган “Кумтөр” боюнча 50-50 катышында жаңы канадалыктар менен биргелешкен ишкана түзүү жаатындагы келишимге каршылыгын катуу билдирген депутат Эркинбек Алымбековду спикери да, өкмөт башчысы да катуу кысымга алышты, анын саясий жүрүш жасап, “бул долбоор өтүп кетсе мандатымды тапшырам, мындай парламентте олтурган уят”,- дегенин бетке кармашып, акыры Жогорку Кеңештен кетүүсүнө мажбур кылышты. Парламенттин сыртындагы оппозицицялык кыймылдын активдүү мүчөсү, ушул “Кумтөр” маселесин дайым көтөрүп келаткан саясатчы Кубанычбек Кадыровду болсо суракка чакырышып, “жөн жүрбөсөң...” дегендей катуу эскертүү беришти. Өлкө ичинде “Кумтөр” багытындагы бийлик саясатына каршылык билдиргендерди болсо Ахматбек Келдибековду мисалга тартышып, “заматта кылмыш иши табылып, жанына барып олтурасыңар”,- таризинде коркутуу ачык болбосо да, бар экендигин айтып жүрүшөт.
 
Учурда эки оор операцияны баштан кечирип, ооруканада дарыланып жаткан Ахматбек Келдибеков да бир чети ушул “Кумтөр” боюнча канадалыктар менен түзүлгөн келишимди денонсациялоо талабын коюп келгендиги үчүн камалганы жаш балага деле түшүнүктүү. Ак үй ичинде олтурган төбөлдөр колдорун ушалап, “мына эми Ахматты да Түлеев же Ташиевдей тагдыр күтүп турат”,- дешип, күн мурунтан тойлоп жатканы жүздөрүнөн көрүнүп эле турат. Эсиңиздерге салсак, Нариман Түлеевди бийлик көрсөткөн премьер-министрге талапкерге каршы өз талапкерлигин койгондугунан кийин кысымга ала башташкан. Анын үстүнө Бишкек шаардык кеңешине шайлоолор да жакындап калган. А Түлеевдин борбор калаадагы кадыры чынында чоң болчу. Ошондуктан, аны коррупцияга каршы күрөштүн биринчи курмандыгы катары чабышып, “мына чоң чабак кармалды”,- дешип, чоң пиар салышты. Райондук, шаардык соттор Түлеевди 12 жылга соттошту, өзүнүн жана туугандарынын үй-мүлкүн конфискациялоого буюрушту. Саясий айдыңда ага карата катуу кара пиар жүрүп, элге шерменде кылып бүтүштү. Бирок, Түлеев сынбады, учуру келгенде акталып чыгаарын билет.
 
Ал эми “Ата-Журт” мекенчил саясий партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиевди болсо күлкү келерлик, “бийликти күч менен басып алууга аракет”,- беренеси боюнча коллегалары С.Жапаров жана Т.Мамытовго кошуп камап, эч нерсени далилдей алышпаса да, соттоп, мандатынан акыры ажыратып тынышты. 2012-жылдын 3-октябрында митингге чыккан элге провокация жасалып, Ак үй короосунан ок атылгандыгы белгилүү. Ошого жаны ачыган 30дай адам Ак үй короосун ашып түшкөн. Эң кызыгы, ошол Ак үйдүн короосунан ашып түшкөн адамдардын көп бөлүгүн ээнбаштык кылгандыгы үчүн эле жеңил жаза беришип, Ташиев баш болгон депутаттарга оор берене коюп, сотко сүйрөштү. Бул кайсы логикага сыят? Ташиев мандатынан ажыргандан кийин анын партиялаштарына, туугандарына куугунтук уланды. Баласын болсо “дөңгөлөк уурдаган”,- шылтоосу менен жоопко тартууга аракет жасашууда. Бишкек шаардык сотунун “ата-журтчуларды” актаган судьяларын кызматтан алышты. Жактоочусу Икрамидин Айткулов сабалып, эми гана өзүнө келип жаткан учуру. Айтор, бардык жагынан бийлик өзүнүн күчтүү саясий оппонентин жүдөтүп жаткан маалы.
 
Эми болсо жогоруда сүрөттөлгөн Түлеев менен Ташиевдин тагдырын депутат А.Келдибековдун башына салганы турушат.
 
Депутат Ахматбек Келдибековдун камалышынын бир себеби катары “Кумтөр” келишимин денонсациялоо талабын катуу койгондугун айттык. Мындан тышкары, А.Келдибеков “Кыргызгаз” ишканасынын орусиялык компанияга 1 долларга сатылышына да каршы чыккан. Эки тараптуу бул келишим парламентте талкууланып жатканда А.Келдибеков ачуу чындыкты айтып, көпчүлүк депутаттарды ынандырууга жетишкен болчу. Бирок, канча ирет тергелип, далили жоктугунан жабылган иштерди кайра ачышып, ошонун шылтоосу менен камакка алышты. “Колдобосоңор ушуну көрөсүңөр”,- дегендей башка депутаттарга эскертүү болду. Жыйынтыгында, парламенттен бул маселе өтүп, “Кыргызгаз” 1 долларга сатылды.
 
А.Келдибеков “Кыргызгаздын” сатылышын Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун сатууга теңеген. Бийлик бул компанияны сатып алган “Газпром” Кыргызстандын Өзбекстанга газ үчүн 30 миллион доллардык карызын төлөөнү өзүнө алгандыгын айтып, элди алдап келет. Ошол эле учурда, эмнегедир, сатылар алдында “Кыргызгаздын” активи 142 миллион доллар экендигин өкмөт жаап-жашырып койгон. Келишимге ылайык, “Газпром” ишкананы мүлкүн өзү каалагандай пайдалана берет. Башкача айтканда, ошол 1 долларга бааланган ишкананы Өзбекстанга асман тиреген баага сатып жиберсе да биз эч нерсе дей албайбыз. Келдибеков ушул маселени кабыргасынан койгондо, ал жетектеген комитеттин жыйынына келген чиновниктер талкан сугунуп алышкансып, жооп бере алышкан эмес. Андан тышкары, россиялык компания газ баасына ички муктаждыктарды да кошору айтылган, бул 12 пайызды түзөт, албетте бизге келген баанын. Андан тышкары киреше да көрүүлөрү керек эмеспи. Ушуну ойлогондо газ баасы кандай болот? Келишимде айтылгандай, кыргыз тараптын башка жактан газ сатып алууга укугу жок. Демек, толугу менен аларга көз карандысызбыз. Бюджетке болсо таза кирешенин 10 пайыздан ашпаган бөлүгү түшөөрү болжонууда. Ал албетте, салык, Соцфондго чегерүүлөр менен аныкталат. Буга салыштырмалуу, Бакиевдин тушунда “Кыргызгаздын” 49 пайызы 500 миллион долларга бааланган. Ошондо газ тармагы өзүбүздүн колубузда калмак. Камактагы депутат Ахматбек Келдибеков мына ушул ачуу чындыкты айткан. Чынында эле, бул бийлик келгени стратегиялык ишканаларды сатуу өнөкөт ооруга айланды. “Дагы эмнени сатсак экен?”- деп эле турушат. Таппай жатсаңар маалымат берип коёлу – сатыла элек дагы 2 стратегиялык объектибиз калды: Ош-Бишкек жолу менен Ак үйдүн имараты. Ак үйдү ошол көз карандысыздыгыбызды карматып жаткан орустар, кытайлар, түрктөргө ижараге берсеңер да боло берет. Ал эми Ош-Бишкек жолун сатсаңар, ага да акча төлөп жүрүп калабыз. Эчтеке болбойт, эл чыдайт?!
 
Өйдөдө келтирилген аргументтердин өзүнөн эле Ахматбек Келдибековдун саясий туткун экендиги көрүнүп турбайбы!
 
Баса, ага карата козголгон кылмыш иштер тууралуу.
 
Биринчиси, А.Келдибековду Социалдык фонддун төрагасы болуп турган учурунда “Ротак” фирмасы менен мыйзамсыз келишим түзүп, мамлекетке ири суммада зыян келтиргендиги айтылды. Бирок, ошол эле фирма менен иштеп келген Соцфонддун А.Келдибековдон кийинки төрагалары тууралуу эмнегедир эч ким ооз ачпайт. Андан тышкары, А.Келдибековду аталган фирма боюнча келишимдердин биринде да колу жок. Адилеттүүлүк үчүн айта кете турган нерсе, Келдибековдун тушунда Соцфонд жакшы эле көтөрүлгөн. Ага чейин пенсия, пособиелер 3-4 айлап кечиктирилип, ун, кумшекер, туз, май, консерваланган бадыраңдар менен берилип келгени дайын. Келдибеков бул кенемтени жаап, социалдык төлөмдөр өз учурунда, акчалай түрүндө бериле баштаган. Карызы жоюлуп, киреше менен чыгып турчу.
 
Экинчиси, Салык кызматын жетектеп турганда А.Келдибеков мыйзамды биринчи коюп, Максим Бакиевдин буйруктарын аткарбай койгондо ушул кылмыш иштерин козготкон. Мына ошол Максимден калган кылмыш ишин азыркы бийлик колдонуп жаткан учуру. Аталган кылмыш иштери канча ирет тергелип, далилденбей, жабылган. “Бизнес партнер” фирмасын мыйзамсыз салык чогултууда ортомчу кылып киргизгенин айтып жатышпайбы. Кеп ыктыярдуу патент салыгы боюнча жүрүп жатат. Аталган фирманын салык төлөөчүлөргө кызмат көрсөтүүсү мыйзамга да шайкеш келерин муну иликтеп чыккан Башкы прокуратура учурунда белгилеген. “Бизнес партнер” иш алып барган 2009-жылы 2008-жылга салыштырмалуу “Дордой” базарынан 116 миллион сом, “Аламүдүн” базарынан 3 миллион сомго, жалпы Свердлов району боюнча 125 миллион сом көп салык чогултулганын белгилеп кетүүгө тийишпиз. Келдибековдун Салык кызматын жетектеп турган учурундагы кылмыш иштери канча ирет тергелбесин, эч кандай мыйзам бузуу табылган эмес. Дал ошондуктан, азыр да Башкы прокуратура бул жерден жеңилип чыгуусу турган иш, албетте күчкөп салышпаса...
 
Үчүнчүсү, Жогорку Кеңештин Россиядагы атайын өкүлчүлүгүн ачуу маселесин Эсеп палатасы кылдат текшерип, эч кандай мыйзам бузуу таппагандыгы белгилүү. Аталган өкүлчүлүктү ачууга өз макулдугун 80 депутат парламенттин жыйынында беришкен. Ага каражат бюджеттен каралган, өлкө башчысы, өкмөт колдогон. Бул кылмыш иши боюнча да прокуратурага “нечего ловить” болуп жатпайбы.
 
Жалпылап алганда, аталган үч кылмыш иши тең саясий буйрутманын негизинде гана козголгондугун ачык жана даана көрүнүп турат. Бул жагынан алып караганда, Ахматбек Келдибековду саясий туткун атоого толук негиз бар. Ал эми азыр башынан оор күндөрдү өткөзүп жаткан Ахматбек мырзага айтаарыбыз – башты бийик көтөрүңүз! Эртедир-кеч акыйкат жеңет!
 
Автандил Белеков
Булак: “Майдан.kg”, №05 (134), 12.02.2014-ж.