Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 3073
Жакында премьер-министр Ж.Сатыбалдиев массалык маалымдоо каражаттары аркылуу “Кыргызалтын” ААК жана “Макмал алтын” комбинаты банкроттук абалга келип жеткендиги үчүн мамлекеттин эсебинен каражат бөлүнүп,  өнүктүрүү зарылдыгын айтты. Бул маскаропоздугу калбаган өкмөттүн элди алаксытуучу дагы бир чарасы болуп жаткандыгы көрүнүп турат. Өкмөттүн буга чейинки саясаты “Макмалалтынды” банкроттук акыбалга жеткирүүгө кириптер кылгандыгы унутулуп калдыбы?
 
“Макмалалтын” комбинатындагы орун алган уурулук  фактылары тууралуу мындан мурда дагы бир нече жолу чагылдырганбыз, бирок, өкмөт жана фискалдык органдар бир дагы жолу чара көргөн эмес! Азыркы тапта Башкы прокуратура эгерде мамлекеттин экономикасын жолго коюу максатын көздөсө, кылмыш ишин козгошу керек. Албетте, дагы деле кеч эмес. Ошентсе да, төө кыядан өткөн соң, өндүрүлгөн алтындын көбү уурдалып бүткөндөн кийин жоопкерчиликтен качып, “өзүбүз өндүрөбүз” деп кайра мамлекеттен каражат каралып жатканы акылга сыйбаган иш. Бул экономикалык уюшулган кылмыштуулук катары саналып, “коррупция” экендги ачык көрүнүп турат.
 
Кабат-кабат үйлөргө ээ болуп, элдин ырсыкысынын эсебинен капчыктарын кампайткан ууруларды жоопкерчиликке тартууга убакыт бышып жетилди. Учурда Тогуз-Торо элине өндүрүлгөн алтындан эч кандай киреше түшпөгөндөн кийин, “Кыргызалтындын” пайдасынан зыяны көп болуп жаткандыгынан улам, жергиликтүү калк өкмөттөн өз алдынча «акционердик коом» кылып берүү талабын коюп жатат. Себеби, “Кыргызалтын” “Макмал” кенин атайын банкроттука жеткирип, тамтыракайын чыгарды. Эң эле жөнөкөй бүгүнкү күнгө чейин казылып бүткөндөн калган алтын корунун көлөмү тактала элек! “Кыргызалтындын” иш программасы дагы жок, “Кумтөр” инвесторлоруна окшогон шылуун инвесторду күтүп олтурушат. Андан кийин, «кайдан көрдүм, кара эшек, жолдон көрдүм, жоор эшек» кейиптенип, жоопкерчиликтен качып баса беришет. Чындыгында, ушу тапка чейин көзгө көрүнөрлүк бир иши жок, жок жомокту айтышып, жеке кызыкчылыктары үчүн уурдап эле келе жатышкандыгына баары күбө. Буга мамлекет башчысынын чечкинсиздиги, “Кумтөр” менен гана алектенген парламенттин көзөмөлүнүн жоктугу өкүнүчтүү. Карапайым элдин күткөн ишеничин ким актайт? Элдин маселесин ким чечип, көкүрөк өйүткөн көйгөйлөрүнө кимиси жооп берет? «Кыргызалтын» коомуна үй-бүлөлүк схеманы киргизип, алтын уурдоого шарт түзгөн А.Муралиев, Д.Жапаров, С.Абдырахмановдорбу же карышкырга кой кайтарткан ууру эргулдарыбызбы!
 
“Макмалдын” азыркы директору Нурлан Исаков: «Жантөрө Сатыбалдиев мени өзү кабыл алып,өзү ушул ишке койгон»- дейт. Көрсө, Ж.Сатыбалдиев дагы алтындан куру калбайын дегенби, айтор, ишкананын жетекчилигине өзүнүн ишеничтүү кишисин алып барыптыр. Көпчүлүктүн айтымында, Н.Исаков эчак эле комбинаттын кудайы болуп алган. Кимге болсун: “Колуңардан келгенин кылып алгыла,”- деп кеп-сөзгө келбей, ай деген ажо жок, өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип олтурганын көп жолу эшиттик. Ал тургай, республикалык гезиттерге алтын комбинатындагы жетекчилердин өзүм билемдикке салып, бир далай одоно мыйзам бузууларга жол берилгендиги тууралуу бир нече жолу чагылдырылды. Анда, алтын уурдоонун схемаларынан өйдө жарыяланса да, эч кандай жыйынтык болгон жок. Кызматка келгени бир жылга жетпей Н.Исаков 3 бөлмөлүү квартира сатып алганын Тогуз-Торонун эли кенен-кесири сөз кылып жүрүшкөнүн бийлик “карга карганын көзүн чокубайт”,- дегенчелик кылып эске дагы алган жок. “Макмалдын алтын ылгоо комбинатына туугандарынын түздөн-түз алтынга байланышы бар” деп жазылып келе жатат. Көрсө, комбинатта иштегендердин көбү Н.Исаковко ага-ини,таяке-жээн, эже-карындаш, куда-сөөк экен, тууган-уругун жыйнап алганына эл нааразы болуп, жогорку жетекчиликке кайрылса да, майнап чыкпай келүүдө. Ошол эле убакта иштин көзүн билген кесипкөй адистер кызматсыз калууда. Н.Исаков “туугандуу бийде ыйман жок” дегендей, жакын туугандарынын баарысына штат ачып, баарын жумуш орундары менен камсыз кылып койду.  Ошентип, “Макмалкомбинаты” Н.Исаковдун “менчигине” айланса, “Кыргызалтынды” А.Муралиев эле жеке ээлеп алган! «Кыргызалтын» ААКнунбашкармалыгы: Дилгер Жапаров, өндүрүш тармагын тейлеген Сагынбек Абдрахманов объективдүү жана субъективдүү түрдүү шарт түзүлгөндүктөн, колдорунан эч нерсе келбей калган. Кыргызда “Калк айтса, калп айтпайт” – деп бекеринен айтылган эмес. Президент А.Атамбаевдин коррупцияга каршы күрөшүн А.Муралиев чымын чакканчалык да көргөн жок.  Өткөн жылдары Эсептөө палатасынын текшерүүсүнөн кийин коомчулукка маалым болгон дайын-дареги белгисиз 45 кг алтындын уурдалуу фактысы боюнча жыйынтык али күнчө чыга элек. Мындай ири көлөмдөгү алтынды жаап-жашырган А.Муралиевге мыйзамдын күчү жетпей, ууруларды көрмөксөнгө салып отурганы өкүнүчтүү, болбосо, Муралиев далдалчы болуп жашырган акчаларды бөлүштүрүп бергенине, бийлик ыраазыбы?   Кылмышты жашыруу жетекчи үчүн да кылмыш болуп эсептелет. Тогуз-торолуктар “Макмалкомбинатынын” желип, көз көрүнөө да, көмүскө да  тонолуп жаткандыгы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарына эки, маалымдоо каражаттарына үч жолу кайрылышып, ушул күнгө чейин акыйкаттыкты издеп жүрүшөт, таңгөрү,бийлик мактанган АКС деген кайда?
 
 “Кыргызалтындын” Президенти Д.Жапаровдун режим жана күзөт боюнча кеңешчиси кызматы ачылып, мурдакы УКМК адамы иштейт, ошол эле учурда мамлекетти талкалоого жол берген УКМК экендигин унутпасак. “Макмалдын” башкы директору Н.Исаковко карата дооматтар болсо, ал түз эле А.Муралиев менен акылдашып, Жапаров, Абдрахмановду тоготуп да койбойт. ММК аркылуу коомчулукка Макмалдын былыктары билине баштагандан бери айына 45-50 кг алтын алынып, пландары аткарыла баштады десек жаңылбайбыз.Жылына 450-500миң тонна алтынды иштетүүчү комбинат, ушундай эң ылдыйкы көрсөткүчтү көргөзгөнү алдамчылык да, акылга сыйбаган да иш. Комбинаттагы ушундай былык көрүнүштөн кийин, карапайым элдин айласы кетип, жол тосуу,пикетке чыгуулар пайда болуп жатпайбы! Жаш муундар, жаңы кадрлар патриот атуулдардын арасынан тандалып алынып, кызмат орунга сынактан өткөрүлүп коюлушу мезгилдин талабы. Өкмөт ырасында, мындай талапты оозеки колдомуш болуп келгени менен 20 жылдан бери иш жүзүнө ашкан жок. Мекен үчүн ак эмгеги менен таанылган М.Айбалаев, А. Рыскулова сыяктуу кадрларды куугунтукка албай, колдоо керек эле.
 
Өнүккөн мамлекетте “сапаттуу башкаруу” деген термин жокко чыгып, мамлекеттик башкаруу акыркы убакта келечектеги өнүгүү факторун эл алдына иллюзия, фантастикага жакындаштырып көрсөтүп башкаруу системасын өздөштүрүп алышты. Өкмөттүн терең анализ кылган структурасы жок, болсо дагы жең ичинен өткөргөн программаларды алып чыгышат да, убакыт өткөндөн кийин баягы кабыл алган программасы ишке ашпай калганда, “о, кокуй, мындай эмес беле” деп кайра элди күнүгө алдашат. А.Муралиев дагы “Кумтөр”, “Макмалдын” көрүнгөн уурулугун жаап-жашырып, көмүскө акчаларын уучтап, манчыркап олтурат. Өлкө үчүн иштейин деген ниети ишинин жүрүп жатканынан, ачыктан ачык көрүнүп турбайбы. “Кумтөрдөгү” афёралык чыгымдарды жаап-жашырып, таразадан тыйын жеген базардагы далдалчылардай болуп, мамлекетти, парламентти алдоо жолуна буруп жатканы көрүнүп турат. Ошентсе да, А.Муралиев алган акчасын эл алдында актаса болмок, эл ишенимин, эл алдындагы атуулдук парызын ойлосо, ал “Кумтөр”, “Макмалдын” ишин ачыкка чыгармак. “Кыңыр иш кырк жылда билинет” дегендей, “Макмал” кениндеги кылмыштуу иштердин бети акыры коомчулукка билинүүсү кажет.
 
 Гезиттин кийинки санында бул фактылар тууралуу кеңири кеп болмокчу. Мисалы, Д.Жапаров бир эле убакта «Кумтөр голд компани» кеңешчи башкармалыгын жетектеп келет, мунун артында эмне бар? Анын бул кызматта турушу “Кумтөрдөгү” кызыкчылыкты коргоп, мыйзам бузууларды жаап-жашырып келгендигин тастыктап жаткан жокпу? Өкмөт ушундай оркойгон кылмыштуу иштерди көрүп-билип туруп, Д.Жапаровду жоопко тартуусу керек эле. Ал эми “вице-президенти Кылычбек Шакировтун «Центерра Голд инк» компаниясынын кеңешчилик мүчөсү экенин өкмөт башчысы Ж.Сатыбалдиев “жаңы эле билип атам”,- десе,  К.Шакиров: “Мен ал жерден акча алуудан баш тарткам” деп чыкты. Бүгүнкү күндө “Кумтөрдүн”, “Макмалдын” тегерегинде паракордук, уурулук өкүм сүрүп,  криминалдык чөйрө бийлик башындагыларды сатып алып жаткандыгы далилденсе дагы, чара көрүлбөй жатканы таң калыштуу. Жакында экс-мэр М.Мырзакматов: “келерки 2015-жылда боло турган шайлоодо СДПК менен “Эмгек” партиялары орунду бөлүштүрөт” деп жарылып алды. Анын сөзү чын болсо, анда дагы деле уурулардын заманы келет турбайбы.
 
Качкынбек БУЛАТОВ,
укук коргоочу
Булак: "Майдан.kg"