Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 2461
Мындан жыйырма эки жыл мурда кыргыз журтчулугуна кансыз-согушсуз келген эгемендүүлүк пейили кенен Жараткандын тартуусу болгондугун, мамлекетибиздин андан ары кайрадан түптөлүшүнө, өнүгүп-өсүшүнө тарыхый зор мүмкүндүк берилгендигин баалай албаган, ар кайсы убакта бирин-бири кубалап келаткан, алдыга барчу оңдуу жолду таба албай жүргөн, Ак үйдү ээлеп алса эле бийликти узурпациялоого жанын үрөгөн журт башчылары бир жээкте, ал эми канча революция, же төңкөрүш болсо деле, тилекке каршы, өз мүдөөсүнө жетпеген, тилеги орундалбаган, үмүтү өчкөн, акталбаган эл экинчи жээкте калып келаткандыгы кашкайган чындык экендигин бүгүнкү жашообуз көрсөтүп келүүдө.
 
Соңку бийлик 2010-жылдын апрелинде куралдуу аракеттеринин аркасынан токсондон ашуун бейкүнөө шейит кеткендердин өлүмү менен Бишкекте борбордук бийликти басып алып, ар кандай амбициялык кызыкчылыктардын ээси болгон адамдардан турган арсар Убактылуу Өкмөттү түзгөн эле. Ал мезгилдерде бакиевчил делген күчтөргө, жеке инсандарга карата күрөштө негизги план - эң ыплас ыкмаларды, каражаттарды жана технологияларды колдонуп болсо да бийликти республиканын бүт аймагы боюнча толук колго алуу болгондугу белгилүү. Ошондуктан да, банктагы ячейкалардан алынган акчалардын кайсыл багыттарда жумшалгандыгына бүгүнгө чейин жооп жок.               
 
Балким ал акчалардын баары кечээ жакындарда Оштогу өткөн бир катар митингдерде айтылгандай, Жээнбековдор кымтып алган үч миллион АКШ долларынын тагдырына тушуккандыр? Балким Кыргызстандын түштүк аймактарында өзбек автономиясын түзүү аракеттерине жумшалгандыр? А балким, чет өлкөлөрдөгү банктардагы ээлеринин эсебине небак эле которулуп ордун таап кеткендир? Ал эми Бакиевдин өзүн баш кылып, Үсөновун, Суталиновун төш кылып, кийинчерээк сепаратисттер Кадыржан Батыровду, Инамжан Абдурасуловду, Карамат Абдуллаеваны, Жамалидин Салахидиновду ж.б. көптөгөн «үлкөн» фигураларды качырып жиберишкендер кимдер эле? Ошол жылдын июнь айындагы Ошту канга боегон капсалаңдуу окуялардын чыгышына жол берген, туурасы, түрткү берген инсандар азыр деле бийликтин сересинде отурушкандыгы айтылып эле келатпайбы?!    
                                                                      
Тээ эгемендик таңзаарында карапайым элдин башын айландырып, купондорду чыгартып таркатып, аны кайра өздөрү саттырып алып, акцияларга айландырышып, жетимиш жыл бою түптөлгөн завод-фабрикаларды, ири ишканаларды, кол тийгистей сезилген мамлекеттик мүлктү жети жылга жеткирбей сокур тыйындарга менчиктештирип алгандар, «Кумтөр» өңдүү элдин байлыгын четтерге тарттырып жиберип, бүгүн эми аларга адвокаттык кылып жаткандар, баш кесер кылмышкер Батукаевдин алдына килем төшөп өлкөдөн чыгарып ийгендер, Таласта казактарга, Баткенде тажиктерге, Ош, Жалал-Абат жакта өзбектерге жерди бастырып коюп дале болсо элдин үнүн укпай, унчукпай келаткандар кимдер?                                                                                                        
Мына ушинтип, эгемендүүлүк алгандан берки жылдар аралыгында бийлик менен элдин ортосундагы келишпестик, ажырым уламдан-улам кеңейип, ар убак бийликтин сөзү менен айтканда «бир ууч», же бир автобуска толбогон оппозиция пайда болот да, анан эки жээкте туруп алып «Ак терек, көк терек», же саясый акыйнек айтышмай токтобой келет. Өкүнүчтүүсү, канчалык бийлик алмашуу жүрбөсүн, мамлекеттин алсырап бараткандыгы көз көрүнөө байкалып, бийликтегилер көзүн майга бастырып сокурга, кулагын жапырып дүлөйгө айлынап бараткандыгы. Бүгүнкү бийлик тарабынан жасалып келаткан саясый көз боемочулук, оппоненттерине карата Нарын суусундагы «юпи-гейт», Жылкы жылынын башында Үрүмчүдөн келе турган Жаныш Бакиевдин долларлары, 7-8-январда Ошто күтүлгөн төңкөрүш, же 15-январдагы митингдин соңунан чыга турган башаламандык сыңар элдин башын айланткан  мажирөө, улам ашкереленип келаткан алдамчылык качанга чейин уланат? Болбосо канакей, расмий бийлик таркаткан ушундай узун ушактардын жок дегенде бири чындыкка айланганы?          
                                                            
Кандай болбосун, элдин нааразычылыгын жараткан азыркы бийликтин кадамдарына каршы бүгүнгө чейин токтобой келаткан митингдердин катарында Ош шаарында 2013-жылдын 7-декабрындагы жана 2014-жылдын 15-январындагы болуп өткөн митингдер масштабы, формасы, маани-маңызы жана максаты боюнча өзгөчөлөнүп, алар бир эле кыргыз журтчулугунун эмес, бир катар башка мамлекеттердин да көңүлүн буруп, Кыргызстанда тынчтык митингдерди өткөрүү үлгүсүнүн, саясый маданияттын деңгээли аз-аздан жогорулап бараткандыгынын белгиси көрүнүүдө деген бааларга арзыды. Ырасында эле, бир ай аралык менен катар өткөрүлгөн бул митингдерде бийликти басып алууга, зордук-зомбулукка, мыйзам бузууларга жол берилбей, эң көп санда чогулган элдин катышуусунда тынч, абийир менен ушундай тынчтык митингдердин өтүшү алкоого арзый турган көрүнүш. Бирок, Оштун борбордук аянтына декабрда отуз миңге жакын, ал эми январда кырк миңден ашуун чогулган эл дүрбөп турганда, качан болсо дежур жолугушуулардан бошобогон, эл менен жолуктук деп ЖОЖ, мектеп-клубдардан чыкпаган Жогорку Кеңештин депутаттары эмнеге келип койгонго жарабады, же иш козготуп жиберет деп Атамбаевден, жемелейт деп  Жээнбековдон, же жакадан алат деп элден корктубу деген суроолор жөндөн чыгып жаткан жоктур дейм!?  
                              
Эки митингде тең: “жоону чаба тургансып, курал-жарактуу миңдеген орган кызматкерлерин тизип,  элди коркутуу жана жарандардын эркин сындырууга багытталган антимитинг уюштуруу максатында ДНД түзүү шылтоосу менен спорт клубдарынын балдарын элге каршы коюу, атайылап провакация жасоо үчүн күч органдары тарабынан даярдалган мыйзамсыз аракеттерди тез арада токтотуу, бүгүнкү бийлик минтип мамлекеттин күч органдарын: милицияны, прокуратураны, коопсуздук жана аскер кызматтарын өзүнүн саясый ыпылас кызыкчылыктарында карапайым калкка каршы колдонуусун токтотуу, «Кумтөрдүн» эл кызыкчылыгында иштеши үчүн адилеттикти талап кылып келген Саруу элинин буга чейин аткарылбай  келген талаптарына колдоо көрсөтүү, аткаруу бийлиги саясат менен ашкере алектенбестен жана от менен ойногонду токтотуп, негизги кыш мезгилинде милдети болгон электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыздоо, газ, отун-суу, жылуулук ж.б., айрыкча, Баткен областындагы  кыргыз-тажик чек арасындагы чыр маселелерди чечүүгө аракетин көрсүн,”- деген талаптар коюлду.      
 
Мунун эмнеси, же кай жери туура эмес жана мыйзамсыз? Бирок ошого карабастан, бийлик балыкчасынан унчукпай, же ак, же көк дебестен, элдин үмүт кылып оңдуу жооп күткөнүнө, сабырына, чыдамына, мыйзамды сактоосуна чайкоочулук кылып, «көзүм көрбөсө көчүгүмдү бөрү жесин, бир күн болсо да бийликте отурганыбыз эсеп, аны колдон чыгарбасак болду”,- дегендей мамиле кылып келаткандыгы уят иш болууда. Болбосо канакей, буга чейинки көптөгөн митингдердин катышуучуларынын атынан келген кайрылууларга жана резолюцияларга жооп бергени? Деги мындай чайкоочулугун  бийлик качандыр-бир токтотобу деген суроо мээни жыйырма жылдан бери жаргыдай болуп келатпайбы!
 
“Эмне эле бийлик битке өчөшүп, ансыз да тамтыгы кеткен көйнөгүн отко салгысы келип жатат» деген суроо туулбай койбойт экен. Көрсө кыргыз эли байыртадан эле сөз багып, анын маани-маңызына баа берип келгендиги, жакшы сөз менен көңүлдү көкөлөтүп, жылаанды ийинден чыгарып, ал эми жаман сөз менен сөөк-чучукка чейин наалат, же болбосо жети атасына жеткидей каргыш айтып келгендиги азыркы бийликтегилерди ныпым да ойлондурбай калган тура. Болбосо, «арстан, жолборс, кабылан, элдик, кожоюн» деген сыяктуу сөздөргө атамбаевдик бийлик эмнеге арданат да, эмнеге чычалайт? Алтургай, кээ бирөөлөргө «келемиш, ит, сойку» деп деле баа берилип жүрбөйбү эл арасында. Минтип эле «жумурткадан кыр издей берүү» журт башчыларыбызга асти абийир алып келбешин даанышмандык, көсөмдүк, айкөлдүк, улуулук кылып түшүнүп коюшса болмок.
 
Ошто мэрди шайлоо одоно мыйзам бузуу менен өткөнү, айрым тараптар белгилегендей спецтехника пайдаланылып, кээ бир депутаттар кийген көйнөктөрүнүн жакаларына билинбес видеокамераларды тагып кирип ким-бирөөлөргө отчет берүү менен шайлагандыгы видео  жана фотоматериалдар, түзүлгөн актылар жана документтер менен тастыкталып ачыкка чыга баштады. Коомчулук жана көптөгөн эл аралык уюмдар депутаттар бюллетенди шаардык кеңештеги азыркы көпчүлүк коалициясынын жетекчиси Арфидин Алановго ачып көрсөтүп, же болбосо шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылыч Жолдошевдин шайлоо өтүп жаткан залда депутаттардын артынан сая түшкөнү, чындап эле мындай компаниянын артында Сүйүн Өмүрзаковдун турганы ачыкталып жатпайбы деп белгилешүүдө. Мурда соттолгондор: бири Жаныш Бакиевдин шилекей алышкан досу, экинчиси Убактылуу Өкмөттү кууп чыгып бийликти басып алып өзүн “элдик губернатор” деп жар салдырган, үчүнчүсү чоң муштум болгон - Арфидин Аланов, Айтмамат Кадырбаев, Камчы Мамбетовдор бүгүнкү бийликтин куралы катары пайдаланылып жаткандыгы, атамбаевдик бийликтин ушуларга, накта бакиевчилерге күнү калганы бул – шерменделик экендигин, минтип күн көргөн бийликтин келечеги оор болорун эл-журт баамдап турат. Мунун баары бүгүнкү күндөрдө аянттардагы, көчөлөрдөгү митингдерде да, эл чогулган жерлерде, жамааттарда-базарларда да, шаарларда-кыштактарда да айтылып келаткан ачуу чындык! Мына ушинтип адилеттикти, акыйкатты талап кылган эл бир жээкте, ал эми элди алдап өз арбайын согуп, элдин улуулугуна, асылдыгына, касиетине чайкоочулук кылып келаткан бийлик экинчи жээкте турат. Чындап эле, эми жакында чилде чыкса эмне болот?...
 
Абдыжапар Аккулов,
Ош шаары
Булак: “Майдан.kg