Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевге депутат Исмаил Исаковдун ачык каты
 
Урматтуу
Алмазбек Шаршенович!
 
11-январдагы Баткен областындагы курулуп жаткан Көкташ-Аксай жолдун тегерегинде орун алган чек ара кагылышуусунун чыгышы, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо жөнүндө коомдо, өзгөчө серепчилердин арасында ар кандай пикирлер, негиздер айтылууда. Тилекке каршы, көпчүлүгү, алардын арасында Өкмөттүн мүчөлөрү, юридикалык негиз жок, туура эмес маалыматтарды берүү менен элдин оюн башка нукка бура турган фактыларды массалык маалымат каражаттарынан, жадагалса мамлекеттик телеканалдардан таратып жатышат. Мындай көрүнүш кылымдар бою ынтымакта жашап келе жаткан коңшу өлкөлөр менен досчулукту, ынтымакты, биримдикти бекемдөөнүн ордуна тескери жолго түшкөнгө бүгүн шарт түзүүдө. Бул өтө коркунучтуу жол жана ал эч качан жакшылыкка алып келбегени шексиз.
 
Ошондуктан, чек ара кагылышуусунун чыгышына эбегейсиз зор негиз болгон фактылар, биз тараптан кетип жаткан кемчиликтер, туруктуу эмес укукка сыйбас аракеттер жөнүндө жана кайсыл юридикалык эл аралык укуктук нормалардын алкагында коңшулар менен мындан кийин кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тууралуу, кандай конкреттүү программанын негизинде иш-чараларды алып барууну Сизге сунуштоону туура көрдүм.
 
I. Чек ара кагылышуусунун чыгышына негизги түрткү болгон фактылар жана кемчиликтер:
 
1). Өкмөт өзүнүн улуттук коопсуздукту сактоо, мамлекеттик аймактын бүтүндүгүн коргоо боюнча конституциялык милдеттерине кайдыгер карап, кээ бир Өкмөт мүчөлөрүнүн профессионалдык деңгээлинин төмөндүгү, алардын тажрыйбасынын жоктугу жана өз милдеттерин шалаакылык менен аткарышып, улуттук коопсуздук кызыкчылыгына коркунуч пайда кылгандыгы;
 
2). Чек ара маселелери боюнча коңшу өлкөлөр менен сүйлөшөөрдөн мурун кандай позицияда тураарын, кайсыл документтерге таянаарын, кантип Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоорун жана ар бир участоктор боюнча кандай жүйөлүү негиз-далилдерди колдоноору тууралуу Өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусу менен Премьер-министр атайын жыйын өткөрбөгөндүгү жана биздин Өкмөттүн бирдиктүү позициясынын жоктугу;
 
3). Өкмөттүн чек ара маселелерин тейлеген Вице-премьери (Т.Мамытов) жалпы коомго, депутаттарга (мүмкүн Сизге дагы) чек ара маселелери боюнча эл аралык укуктук күчү бар келишимдер тараптар тарабынан ратификацияланып, аларды аткаруу милдеттери турса дагы «эл аралык келишимдер жок» - деп эң чоң ката кетирип, коңшу өлкөлөргө алардын өздөрүнө ыңгайлуу көз карашты айтканга шарт түзгөндүгү;
 
4). Вице-премьердин парламенттик жыйындагы айтуусунда эки тараптуу сүйлөшүү учурунда «Тажикстандын өкүлдөрү 27-жылкы карталарга таянды эле, ал биз тарапка ыңгайсыз болгондуктан мен 58-59-жылкы карталар (документтер) менен иштейбиз деп макул болбой койдум» - деп өзүмбилемдик кылып, эл аралык келишимдердин алкагында тараптардын биздин алдыбызда алган милдеттерин аткаруусун талап кылбай, ал тараптарга карт-бланш берип, сүйлөшүү процессин туңгуюкка батыргандыгы;
 
5). Жогорку Кеңештин Комитетинин жыйынында: «27-жылкы жана 58-59-жылкы карталар жана документтер канчалык деңгээлде юридикалык күчү бар» деген суроого Вице-премьер «эч кандай юридикалык күчү жок» - деп чындыкты моюнга алып, тараптар менен сүйлөшүүлөргө даярданып барбагандыгы жана тараптар тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимдерди жана ошолордун негизинде алардын биздин алдыбызда алган милдеттерин жана биздин алардын алдында алган милдеттерибизди билбегендиги;
 
6). Эки тараптуу сүйлөшүү учурунда Вице-премьер протоколдордун жазылышына, аларга кол коюлушуна катуу талап койбой, эч бир документке өзү кол койбой, жадагалса сүйлөшүү стенограммасын жаздырбай, эки тарап сүйлөшүп бүткөндөн кийин кайра келгенде өзүнө ыңгайлуу каалагандай маалымат бергенге шарт түзүп, сүйлөшүүнүн кандай деңгээлде өткөнүнө, кантип кандай негиз-далилдерди келтиргенин, кандай документтерге таянып Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогонун, жок дегенде кийинки сүйлөшүү раунддарга даярданууга, тараптардын позицияларын, далилдерин иликтегенге жана керектүү учурда мамлекеттик органдарга, коомго кандай сүйлөшүү болгонун изилдегенге, окуганга, тарыхка калтырганга мүмкүнчүлүк түзбөгөндүгү, жыйынтыгында мамлекеттин каржысын кетирип, саякатка барып келгендей мамиле кылгандыгы. Бир мисал, тараптар менен сүйлөшүүдөн келгенден кийин 10-январда КТРКга берген маегинде Т.Мамытов: «Тажикстан менен күндүзгү убакытта курал колдонбоо боюнча маселе чечилди, ал эми Өзбекстан менен бул маселе чечилип жатат» - деп жарыялаган. Тилекке каршы, кийинки эле күнү 11-январда эки тараптар бир саат убакытка чейин бири-бирине ок атышып, жадагалса Тажик тарабынан оор жардыруучу курал колдонулуп, биздин чек арачылар жарадар болушуп, анын айтканы чындыкка жатпаганы бүткүл дүйнөгө таанылды. Эгерде ок атпоо боюнча маселе чечилсе анда тараптардан кимдер кандай документке кол коюп, милдеттенме алышкан? Алган милдеттенмелерди кимдер бузган? Эмнеге Өкмөт тараптардын ок атпоо боюнча милдеттенмелерин бузгандыгы жөнүндө Тышкы иштер министрлиги аркылуу Өкмөттүн нотасын жөнөтпөдү?
 
7). Өкмөттүн чек ара маселесин делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эл аралык келишимдердин алкагында бирдиктүү команда болуп иштебегендиги, тараптардын иш жыйынтыгы жана сүйлөшүүлөрдүн кандай жүрүп жатканы боюнча Өкмөт мүчөлөрүнө маалымат берилбегендиги, эң начары өзүнүн милдети боюнча сүйлөшүү процесстерин тейлөөчү Тышкы иштер министрлигинин тараптардын сүйлөшүү процесстери кантип жүрүп жаткандыгы, кайсыл позицияны тактаганы жана кандай макулдашууга кол койгондугу жөнүндө эч кандай маалыматтары жоктугу, билсе дагы билгиси келбегендиги. Экинчи мисал, Аравандагы аянты 100 га болгон карьер жөнүндө, Тышкы иштер министрлиги (А.Бешимов) өзүнүн атайын Өзбекстанга берген нотасынын 2-абзацында «…территория данного карьера площадью 100 га расположена в непосредственной близости к неописанному участку…» деп жазат, тилекке каршы ал карьер биздин аймакта жайгашкан жана эл аралык келишимдин негизинде биздики экендиги таанылган. Ошону менен бирге, эчак эле тараптар тарабынан такталып, биз тараптуу экендиги жөнүндө протоколго кол коюлган. Мына ушундай башаламандыктын, мамлекеттик чиновниктердин шалаакылыгынын, өз милдеттерин так аткарбагандыгынын, мамлекеттин кызыкчылыгын коргобогондугунун кесепетинен бүгүнкү күнгө чейин Өзбекстан тарап ал карьерди иштетип, биздин кендерди колдонуп жатат.
 
8). Кээ бир чиновниктер, өзгөчө чек ара кызматынын жетекчиси, анын орун басарлары жалпы сүйлөшүү процесстеринин маанисине түшүнбөй же болбосо сүйлөшүүгө бараарда тийиштүү түрдө даярданбай, мамлекеттин кызыкчылыктарын, чек ара чектерин жүйөлүү негиздер менен коргой албагандыгы, тараптардын мыйзамдаштырылбаган негизсиз ноталарын конкреттүү далилдер менен четке каккандын ордуна аларды аткаруу үчүн милдеттенме алышып, протоколго кол коюшуп, мурунку сүйлөшүүлөрдү жокко чыгарышып, укуктук-нормативдик актыларды одоно бузуп, мамлекеттен атайын бөлүнгөн каражаттарды колдонуунун ордуна колдонбой турган шарт түзүп, чек араны бекемдөөнүн ордуна кайрадан чек ара мамычаларын алдырууга милдеттенме алгандыгы. Үчүнчү мисал, 2013-жылкы Чек ара кызматынын жетекчиси Т.Мамытов Фергана областынын Кувасай шаарында түзүлгөн протоколго (3-пункту: «Воздержаться от проведения каких-либо инженерных работ по обустройству Государственной границы до полного завершения процедуры международно-правового оформления кыргызско-узбекской Государственной границы, за исключением на взаимно согласованных и описанных участках Государственной границы»)  кол коюп жатып, ал тараптын узундугу 61 км чек арага участоктун аныкталбаганына (неописанный) карабай инженердик жабдууларды орноткондору жөнүндө бир да сөз айтпай же «аларды аласыңар анан кол коем» дебей туруп милдеттенме алат. Андан башка, 11-январдагы чек ара кагылышуусуна бирден-бир негиз болгон «курулуу иштери жүргүзүлбөсүн…» деген документке дагы жогорудагыдай кол коюп, милдеттенме алганын 18-январда КСДП фракциясынын жыйынында моюнга алып, Тажик тараптын «сөздөрүнө турбагандыктан, убадаларын аткарбагандыктан ушуга бардык» деген сөздөрүнүн чындыгын далилдеп, бизди негиздүү күнөөлөгөнгө шарт түзүп, дүйнөлүк коомдогу аброюбузду төмөндөттү.
 
9). Өкмөт, Өкмөттүн региондогу өкүлдөрү, жергиликтүү органдар өз жерлеринде айылдын, айыл өкмөттүн эл аралык келишимдерге ылайык тараптар тарабынан таанылган жерлердин чектерин, жок дегенде жер карталарын билбегендиги, өздөрүнүн айылдарында жерлердин чектерин тактабагандыгы, жадагалса чек ара кызматчыларынын жетекчилеринин өздөрү кайтарган чек аранын чектерин билбегендиги. Төртүнчү мисал, Жогорку Кеңештин жыйынында «биринчи атышуу кайсыл өлкөнүн аймагында болду, эгерде биздин аймакта болсо куралдуу чек арачыларды ким өткөрдү, ким руксат берди, эмне үчүн чек ара көздүн карегинде кайтарылбайт» деген суроого жыйынга келген Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары (Т.Усубалиев) биздин жерди «ал жер такталбаган» - деп жооп берип, өзүнүн профессионалдык деңгээлинин төмөндүгүн көрсөтүп, кол алдында иштегендердин эмнени, кайсыл чекти кайтарганын билбегендигин ырастады.
 
Эми 1927-жылкы жана 1958-59-жылкы документтер боюнча.
 
1927-жылкы документтер, булар - улуттук бөлүштүрүүдөн кийин паритеттик комиссия түзүлүп, ал комиссия улуттар тыгыз отурукташкан жерлерди ошол республикаларга киргизүүгө аракеттенген, андан кийин толугу менен карап көргөндө башаламан болуп кеткендигинен, кайрадан бир чекиттен экинчи чекитке чейин түз сызышып, анын ортосунда кандай жерлер кимге кирээрин жазбай коюшкан. Мындай бөлүштүрүүнүн туура эместигинен 1958-59-жылы дагы паритеттик комиссия түзүлүп тагыраак аныктаганга аракет кылышкан. Бирок, ал паритеттик комиссиялардын иштери юридикалык жактан бекитилбей ошол паритеттик комиссиялардын гана материалдары бойдон калган. Азыр жогоруда айтылган эл аралык укуктук күчү жок документтерге таянуу бул Акаев менен Бакиев учурундагы Аламановдун жолуна түшүп, Үзөнгү-Кууштан, Каркырадан кол үзгөн жол. Бул Кыргыздардын илгери Энисейде жайгашкан аймактарын биздики деп Орус өлкөсүнө же Кокон хандыгына кирген Кокон шаарын Өзбекстанга биздики деп доомат койгонго барабар. Бул дудук менен дүлөйдүн сүйлөшкөн жолу.
 
II. Сүйлөшүү процессинде негиз боло турган бардык тараптардан ратификацияланган эл аралык укуктук келишимдердер жана документтер:
 
1. 1991-жылдын 8-декабрындагы «КМШгин (СНГ) түзүү боюнча» Келишим.
Келишимдин1-беренесинде Советтер Союзу эл аралык укуктун субъекти катары жоюлуусу, анын ордуна КМШги түзүлүүсү белгиленет. 5-беренесинде «Жогорку деңгээлдеги тараптар бири-биринин аймактык бүтүндүгүн жана шериктештиктин алкагындагы ушуга чейин болгон чек аранын колтийбестигин тааныйт жана урматтайт» деп бекитилген. Тажикстан, Өзбекстан жана башка КМШгине кирген өлкөлөрдөй эле Кыргызстан дагы 1992-жылдын 6-мартында ушул Келишимге кирүү жана милдеттенмелерди алуу боюнча Алма-Ата протоколун ратификациялап, ошол учурдагы болгон биздин чек аранын кол тийбестигин таанышып, Тажикстан, Өзбекстан, Казахстан биз менен бирге урматтоо боюнча милдеттенме алышкан.
 
2. Ушул Келишимдин негизинде КМШ өлкөлөрү үч декларация кабыл алышат.
Биринчиси, 1992-жылдын 14-февралындагы «КМШнин алкагындагы кызматташтыктын принциптерин сактоо боюнча» Минск Декларациясы. Анда «эл аралык укуктун жалпы таанылган нормаларына жана принциптерине өздөрүнүн умтулгандыгын ырасташып, Шериктештиктин алкагында өздөрүнө кабыл алган эл аралык милдеттенмелерди кыйшаюусуз аткарууга жана аймактык бүтүндүк менен мамлекеттик чек аралардын колтийбестигин урматтоону салтанаттуу түрдө камсыз кылууну милдеттенишет».
Экинчиси, 1991-жылдын 1-декабрында кабыл алынган Алма-Ата Декларациясы. Анда «бири-биринин аймактык бүтүндүгүн жана ушуга чейин болгон чек аранын бузулгустугун таануу жана урматтоо менен, шериктештиктин катышуучулары ушул декларациянын принциптерин кынтыксыз сактоого милдеттенишет».
Үчүнчүсү - аймактын бүтүндүгү жана чек аралардын кол тийбестиги боюнча эң негизги декларация. Ал 1994-жылдын 15-апрелиндеги «КМШнин катышуучу-мамлекеттеринин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана чек араларынын кол тийбестигин сактоо жөнүндө» Москва Декларациясы. Анда «… КМШнин катышуучу-мамлекеттеринин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана чек араларынын кол тийбестигин сактоонун маанилүүлүгүн эске алып... бири-биринин эгемендигин, жана дагы аймактык бүтүндүгүн, чек аралардын кол тийбестигин,  укукка сыйбас аракеттер менен аймакка ээ болуудан баш тартууну ырастоо менен КМШ өлкөлөрү:
- өздөрүнүн мамилелеринде эгемендик, аймактык бүтүндүк жана чек аралардын кол тийбестик принциптерин камсыз кылууну тастыктайт;
- аймакты күч менен басып алууну таануу мүмкүн эмес экенин бекитет...».
 
3. 1996-жылы 12-июлда Душанбе шаарында кол коюлган «Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын ортосундагы негизги мамлекеттик мамилелер жөнүндө» Келишим. Ал Келишимде «… тараптар өздөрүнүн мамлекеттер ортосундагы мамилелерин эгемендүү теңдик принцибинде өнүктүрүүгө ниеттенүү менен…  эл аралык укуктун жалпы таанылган нормаларынын жана принциптеринин негизинде төмөнкүлөр тууралуу макулдашышкан: «… Жогорку тараптардын ортосундагы мамилелер эгемендүү теңдик жана эгемендикке таандык укуктар принцибинин, күч колдонбоо, күч менен коркутууну болтурбоо, экономикалык жана башка ыкма басымдарын колдонбоо, аймактык бүтүндүк жана чек аралардын бузулгустугунун негизинде түзүлөт…».
 
Ал эми Өзбекстан боюнча Тажикстан менен өзүнчө келишимден тышкары кошумча дагы эки келишимге кол коюшуп, келишимдер убагында ратификацияланган:
Биринчи келишим – «Достук жана кызматташтык жөнүндө» 1991-жылы 14-мартта Ошто А.Акаев менен И.Каримов экөө кол коюшкан. Келишимдин 3-беренесинде жазылган: «Тараптар Кыргызстандын жана Өзбекстандын аймактык бүтүндүгүн  СССРдин алкагында түзүлгөн эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек араны тааныйт жана сактайт жана кол тийбестигин так сактаганга милдеттенет» деп. Тилекке каршы, бул келишимди Акаев, Бакиев, Аламановдор дагы жетекчиликке алган эмес жана колдонгон эмес.
Экинчи Келишим чек ара маселеси боюнча чекитти койгон, ал «Түбөлүк достук жөнүндө» Келишим 1996-жылдын 24-декабрында Ташкенде А.Акаев менен И.Каримовдун ортосунда кол коюлган. Анын биринчи эле беренесинде:  «эки өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана чек аранын бузулбастыгын ырастайт» деп жазылган.
 
Жогорудагылардан башка,
 
1. Советтер Союзу тараардын алдында 1990-жылдын 26-апрелинде «СССР менен федерация субъектеринин ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү жөнүндө» СССРдин Мыйзамы кабыл алынган. Мыйзамдын 1-беренесинде «Союздук республикаларэгемендүү советтик социалистик мамлекеттер» деп, ошол учурдагы административдик чек араны мамлекеттик чек ара деңгээлине көтөрүшкөн. 3-беренесинде «Союздук республиканын аймагын анын макулдугу жок өзгөртүүгө жатпайт… союздук республикалардын ортосундагы чек аралар СССР тарабынан бекитилген алардын өз ара макулдашуусу менен өзгөртүлүшү мүмкүн» деп баса белгиленет. Ушул мыйзам кабыл алынгандан кийин жадагалса ага чейин Тажикстан, Өзбекстан, Казахстан жана биз тараптан СССРдин Жогорку Советине эч кандай чек араны өзгөртүү же болбосо тараптардын талаштары жөнүндө арыздар түшкөн эмес. Баардыгы ошол учурда ээлеп турган республикалардын аянттарын жана ортосундагы чек араларын таанышкан.
 
2. СССРдин Конституциясынын 73- жана 78-беренелеринде «… Союздук республикалардын ортосундагы чек аралар алардын өз ара макулдашуусу менен жана СССР тарабынан бекитилген учурда өзгөртүлүшү мүмкүн...» деп бекитилип, ошону менен бирге союздук республикалардын конституцияларында да жогорудагы «республикалардын аймактары алардын макулдугу жок өзгөртүүгө жатпайт, алардын ортосундагы чек аралардын өз ара макулдашуусу менен гана СССР тарабынан бекитилген учурда өзгөртүлүшү мүмкүн» деген нормалар белгиленген. Союз тараганда Тажикстан, Өзбекстан, Казахстан Кыргызстандай эле жогоруда бекитилген чек ара алкагында эч өзгөрүүсүз калышкан жана ага чейин макулдашуулар болсо дагы Жогорку Советтен бекитилген эмес. Ар бир өлкө ошол ээлеген янттарында жана бири-бири менен болгон чек ара алкагында калышкан.
 
3. Союз учурунда ар бир жылы жалпы СССР жана союздук республикалардын аймактары жана чек аралары боюнча ар кандай масштабдагы граждандык жана аскердик карталарды чыгарып турган. Ошол картадагы чек аралар менен бардык республикалар бирге макул болушуп, ошол карталар аркылуу ар бир союздук республика өзүнүн аянты жана чек арасы менен дүйнөлүк коомго таанылып, изилденип турган жана республикалык китептерде өзүнүн элине, окуучуларга, студенттерге окуу китеби катары колдонулуп, ошол китептер аркылуу ээлеген жалпы аянты, чек арасы менен жана башка маалыматтар берилип турган. Жогорудагы келишимдердин негизинде жалпы аянты менен чек арасын таанышып, милдеттенме алышкан, чек ара өзгөрсө сөзсүз жалпы аянты да өзгөрмөк. Биз кимдерге «жалпы анятты азайттың» - деп доомат койдук же алар бизге ошондой доомат менен кайрылганбы? Андай эч качан болгон жок. Ал эми аскердик карталар боюнча машыгууларды өткөрүшүп жана аскер бөлүктөрүн колдонуу боюнча республикаларда жайгашкан аскер бөлүктөрү мамлекетти коргоодогу тапшырмалары аныкталып, сыр менен сакталып турган. Ошону менен бирге, республикаларда жайгашкан областтардын карталары дагы чыгарылып турган. Ал карталарда областтардын аянттары жана алардын ортосундагы чек аралары так көрсөтүлгөн.
 
4. Бүгүн да жогорудагы айтылган ратификацияланган эл аралык келишимдердин жана мурунку Конституциялардын нормаларындай эле азыркы колдонуудагы 2010-жылы кабыл алынган Конституциянын 8-беренесинде Кыргыз Республикасынын азыркы чек арасындагы аймагы бүтүн жана колтийгисдеп баса белгиленген. Тажикстанды, Өзбекстанды, бизди да дүйнөлүк коом ошол аянтыбыз, чек арабыз менен таанышкан. Ошол аянтыбыз, чек арабыз менен БУУга мүчө болгонбуз.
 
III. Эмне кылуу керек?
 
1. Тышкы саясатты аныктоо. Сиздин ыйгарым укуктарыңызга киргенине байланыштуу чек ара маселелерин делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Коргоо кеңешинин жыйынын өткөрүп, жогорудагы келишимдердин, документтердин алкагында мамлекеттин бирдиктүү бир позициясын жана тараптар менен сүйлөшүү стратегиясын иштеп чыгуу;
 
2. Өкмөт жогорудагы келишимдерден жана документтерден тышкары архивдерден, өзгөчө мурунку СССР картографиясынын архивинен 90-жылдардагы граждандык, аскердик ар кандай масштабдагы карталарды, ошону менен бирге ошол жылдардагы окуу китептерине жана башка массалык маалымат каражаттарына чыккан тараптардын аянттарынын көлөмүн, чектерин терең иликтөө менен мамлекеттин бирдиктүү позициясынын жана сүйлөшүү стратегиясынын негизинде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча конкреттүү программасын иштеп чыгып, ошол программанын негизинде иш алып баруу;
 
3. Өкмөттүн Жогорку Кеңеште бекитилген чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо программасынын негизинде профессионалдуу, дипломатиялык деңгээли жогору ар кандай тармактан кирген күчтүү адистерди кошуп, атайын сүйлөшүү тобун түзүү менен анын жетекчисине эл аралык авторитети бар, профессионал, патриот инсанды коюп, анын статусун коңшулардын топ-жетекчисинин статусуна теңөө;
 
4. Мындан кийин сүйлөшүүлөрдү бир гана мамлекеттин бирдиктүү жана сүйлөшүү стратегиясынын алкагында ратификацияланган кынтыксыз далилдене турган фактыларга, документтерге таянып, эл аралык келишимдердеги милдеттенмелердин негизинде жүргүзүү. Ар бир сүйлөшүүлөрдүн протоколдору түзүлүп, кол коюлуп, сүйлөшүү процесстердин стенограммасын, протоколдорго кошумча аудио, видео документтери менен отчеттук материал катары Өкмөттүн жалпы маселелерди тейлеген бөлүмүнө (кийин иликтегенге, кызыкдар болгон жарандар таанышканга, студенттерге, окумуштууларга иликтөө документ катары колдонгоного) тапшыруу менен тийиштүү маалыматтар банкын түзүү;
 
5. Чек ара маселесин делимитациялоо жана демаркациялоону тездетүү үчүн өзүңүз, Жогорку Кеңештин төрагасы, Өкмөт жетекчиси, Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттери коңшу өлкөлөрдүн президенттери, спикерлери, өкмөт башчылары менен өз алдынча жекеме-жеке сүйлөшүү, ал өз жыйынтыгын бербесе, анда маселени КМШтин, ЖККУнун жыйындарынын күн тартибине киргизүүнү сунуштап, укуктук ченемде чечкенге аракет кылуу;
 
6. Ар бир кварталда Өкмөттүн жыйынында, парламентте, Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттеринде сүйлөшүү процесстердин жыйынтыгын, түзүлгөн топтордун отчетун угуу менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан областтын, райондун аймагында жергиликтүү органдардын, айылдын өкүлдөрүнүн катышуусу менен маалымат берүү үчүн көчмө жыйын өткөрүү. Кыскача айтканда, чек ара аймактарында жашаган жарандардын билимин өзгөчө укуктук жактан бийик деңгээлде көтөрүү жана «талаш жерлер» деген терминди колдонууга тыюуу салуу;
 
7. Мамлекеттик органдардын жетекчилерин, орун басарларын профессионалдуу, тажрыйбасы зор, эл арасында чоң авторитети бар, билимдүү кадрлар менен тез аранын ичинде алмаштыруу;
 
8. Ратификацияланган эл аралык келишимдерди одоно бузган, билбеген, билүү үчүн аракет да кылбаган жана тараптар менен сүйлөшүү учурунда негизсиз тараптардын сунушун кабыл алып, жүйөлүү фактылардын, негиздердин чегинде четке кагалбай, сүйлөшүү процессин туңгуякка алып келип, чек ара кагылышуусунун чыгышына «салымын» кошгон мамлекеттик органдардын жетекчилерин, орун басарларын кызматтан четтетүү жана аларга укуктук баа берүү;
 
9. Жер маселесин туруктуу тейлөө жана Өкмөттүн бирдиктүү жер саясатын жүргүзүү үчүн ар кандай министрликтерге бөлүнүп кеткен мамлекеттик органдарды бириктирип, жер маселесине жооп бере турган бир мамлекеттик уюмду тез арада түзүү;
 
10. Тажик Республикасы менен 2005-жылдын 18-майында түзүлгөн Келишимди биз тарап 2006-жылдан тартып толугу менен Келишимдеги милдеттенмелерди аткарганыбызды карабай, Тажик тарап өздөрүнүн милдеттенмелеринин бирин дагы аткарбагандыгына байланыштуу Өкмөт тарабынан Келишимди денонсациялоо маселесин көтөрүү (Кыргыз тараптан узундугу Келишим боюнча 19 чакырым (иш жүзүндө 20,88 чакырым) “Айгүл-Таш-Канибадам” ЛЭП-220 курууга 90 га (иш жүзүндө 100,4 га) жер участогу бөлүнүп берилип, ал эми Тажик тарап Келишимде милдеттенилген 3,5 чакырым узундуктагы жолду курууга бөлүнгөн 5 га жерден баш тартышып, кийин анын ордуна бизге ыңгайсыз болгон узундугу 275 м колдонуп жаткан автожолун берүү менен ага чек ара постторун койбоого эки тарап кол коюшуп, аны дагы бүгүнкү күнгө чейин аткарбай келишет. Бул маселе Жогорку Кеңештин коргоо жана коопсуздук Комитетинин 2011-жылдын 10-майындагы чечиминде көрсөтүлүп, Өкмөткө Келишимди денонсациялоо жана Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү иштери тапшырылган);
 
11. Түштүк аймагында жайгашкан чек ара айылдарынын статусу жөнүндө, алардын инфраструктурасын түзүү, социалдык маселелерин жеңилдетүү, чек аралардын инженердик жабдууларын толук камтуу менен чек араны бекитүү боюнча кабыл алынган мыйзамдарды, Жогорку Кеңештин токтомдорун толук аткаруу;
 
12. Өзгөчө Баткен областын өнүктүрүү, калкты жыш жайгаштыруу, элдин демографиялык маселелерин чечүү боюнча конкреттүү программаны иштеп чыгып, кыйынчылыктарга карабай керектүү каражаттарды бөлдүрүп, керек болсо кошумча аскер бөлүктөрүн жайгаштырууну Өкмөт тарабынан этап-этап менен ишке ашыруу.
 
Урматтоо менен,
И.Исаков,
Жогорку Кеңештин депутаты