2013-жылдын күзгү саясый өнөктүгү 2014-жылдын январь айындагы Бишкек, Ош шаарларынын МЭРлерин шайлоо менен аяктагансыды. Оштун борборуна оппозицияны колдоп, каз-канактап чогулган элди Мелис Мырзакматов өзү келип таркатууга аргасыз болду.  Экс-мэрдин “кайра чогулабыз, күн жылысын, ошондо чечишебиз”,- дегенсиген чакырыгын туура кабыл алгандар да, нааразы болгондор да болду. Бирок, тарап кетишти. Муну менен, буга чейинки кыргыз тарыхындагы чогултуп алып, тарката албай убара болгон, провокацияларга кабылган окуяларга салыштырганда экс-мэрдин аброю бар экени ачык байкалды. Шайлоо күнүнө арналып, моралдык колдоо көрсөтүү максатында гана уюштурулган бул пикеттин айрымдар божомолдогондой узакка созулуучу иш-чаралары пландалбагандан кийин, курулай туруктуулукту бузуп, тополоң салбай тарап кеткени эле туура болду дегендер басымдуу болууда. Ошону менен, ошол күнү күзгү саясый өнөктүккө чекит коюлду. Ошол замат, көнгөн адат боюнча жаңы сезон-2014-жылдын жазы менен күзү тууралу ТЕМА ачылып, ар кандай пландар, жормолдор башталып кетти. Өткөн жылдагы окуялар болсо, адатынча талданып, талданбай кала берүүдө.
 
2013-жыл кандай жыл болду? Бийлик, оппозиция эмне тапты да, эмне жоготту (?), деген суроого кайрыла турган болсок, коомчулукта бул маселе боюнча бирдей пикир жок. Бийликтин да, оппозициянын да айрым аракеттерин колдоп, калган иштерине нааразы болуп жатканына күбө болосуң.
 
Бийлик күчкө салуу, коркутуу-үркүтүү, камап-сабоо, сатып алуу,бөлүп-жаруу ыкмаларын колдонуу менен парламенттеги оппозициянын дээрлик көпчүлүгүн, көчө оппозициясынын да бир даарынын канатын кайрып, бир жагынан күчтөнүп баратса, ошол эле жоруктардын айынан экинчи жагынан коом алдындагы аброю эңшерилип, элдин ишениминен айрылып бара жатканы байкалууда.
 
Оппозиция тараптагылар деле аз болуп, Равшан Жээнбеков, Кубаныч Кадыров, Камчыбек Ташиев ж.б тегерегине чогулууга аракеттенип жатканы байкалат. Азыркы жаңы оппозиция болот дегендердин көбү ар кандай шарттардан улам (тазалануу мажбурлугунан), бириге албай, калың журттан колдоо таба тургандай максаттарды, пландарды  иргеп алып чыга албай, майдаланып, чачкындыгынын айынан “бийлик тегирменинде” жанчылып, жем болуп, элдин боору ооруганынын эсебинен гана рейтинги сакталууда десек жаңылбайбыз. 
 
“Ары болдум, бери болдум, сууга салган тери болдум, жаман-жакшы болсом дагы бир катындын эри болдум”,- деген сыңары, шайланганы үч жылга кеткен Алмазбек Атамбаев деле Кыргызстандын президенттиги кызматын элдир-селдир аркалап, ийининен ыгыра баскан мамлекеттин оор жүгүн бирде оңго, бирде солго чайпалып, эптеп-септеп көтөрүп келет.
 
Эки тизгин бир чылбыр колго тийген кездеги романтизм тез эле турмуш реалдуулугуна чабылып күм-жам болуп,а кездеги «аруу тилек, асыл максаттарды» аткаруу оңойго турбасы билинди. Коом тарабынан колдоо жоктугуна, “эл жүгүн аркалайт”,- деген атка минерлердин дээрлик басымдуу бөлүгүнүн коррупцияга кокосунан малынып, жеке кызыкчылык үчүн гана жашап, коомдук институттарды башкарып, мамлекеттик программаларды аткарууга жөндөмсүз болуп калгандыгы ачыкка чыга келди.
 
Бийлик менен байлык синоним катары кабылданып, байыш үчүн бийликке умтулуп, бийликтегилер бийлигин сактап калуу үчүн бар күчүн салып, кызыл-кыргын болуп чабышмай өнөкөткө айланып калган өлкө башына келген А.Атамбаев ички саясый күчтөрдүн ызы-чуусу менен геосаясый кызыкчылыктарды көздөгөн сырткы күчтөрдүн кысымына кабылып, «бели бекчейип, көзү чекчейип» турган чагы. Мындай жагдай, албетте мамлекеттеги реформалардын, экономикалык проектилердин ишке ашырылышына терс таасирин тийгизип жатат. Бизде кайсы бийлик, кандай өкмөт болбосун ушу кесепеттен жабыркоодо. Бирок, тилекке каршы ушу кесепетти талдап, түздөп-оңдоонун ордуна «тырмоокту басмайды» улантып келебиз.
 
Мынча тактыга отургандан кийин “берки экөөнүн кейпин кийбей тарыхта жакшы ат менен калсам”,- деп, көксөгөн президентибиз айласы алты куруп коррупцияга каршы күрөштү жарыялады. “Азуусу айды чапчыган” экс-спикер, депутаттар, министрлер, сот, прокурорлор, акимдер, замгубернаторлор камалып соттолуп, кызматтан айдалышы далайлардын үрөйүн учуруп,  Жогорку Кеңештеги (ЖК) оппозициялык «Ата-Журт», «Республика» фракцияларынын негизги көпчүлүк бөлүгүн бийликке «жатып» берүүсүнө алып келип, иш жүзүндө парламенттик оппозициянын бары жогу деле билинбей калды.
 
Улуттук гвардияга тиешелүү жерлердин жеке тараптарга берилип кетүүсү боюнча козголгон кылмыш иши башкаруучу коалициядагы, ансыз да бириндеп, бийликтин желесин сагаалап кеткен «Ар-Намыс» фракциясынын лидерине катуу таасирин тийгизгенби (?), айтор, аталган фракция дымы чыкпай, майда-чүйдө иштер менен алек болуп, улам бир министрин чакырып алуу менен гана шугулданып, коалицияга кирүү аркылуу алган квотадагы портфелдерин кыска мөнөөттү арендага берип жан багуудан башка айласы калбагандай элес берет.
 
ЖКда А.Батукаевдин мөөнөтүнөн мурун бошотулушу менен “морадерчулук” темасын бетке кармаган коалициалаштар КСДП менен «Ата Мекен» фракциясынын тиреши бир жагынан президент менен анын партиясынын аброюн төмөндөтүп жатса, экинчи жагынан «ата-мекенчилердин» аброюн гана түшүрбөстөн, ар түрдүү кысымдарга кабылтып, катуу жабыркатууда.
 
“Морадер опереттасынан”, тынымсыз асылуулардан жүдөп, чарчаган Өмүрбек Текебаев саясый жүрүштөрүндө тактикалык өзгөртүүлөрдү жасап, «атаандаш-анашынын» Бишкек, Оштогу шайлоолоруна кедерги болбой, толук колдоо көрсөтүп, коррупцияга каршы күрөш алкагында №1-СИЗОдогу беспределди алып чыгып, мүдөөсүнө жетүүнү көздөдү эле, анда да үмүтү акталбай ичинен кан өттү.
 
З.Рысалиевдин тикелей буйругу, анын кеңешчиси Качкыналиевдин (А.Батукаевди аэропорттон кош колдоп узатып атагы чыккан) тикелей аракеттери менен мыйзамдар одоно бузулуп, өмүр бою соттолгондор менен башкалары аралашып, манты жеп майрамдап жатканы, “морадорлук” боюнча “ата-мекенчилерди” айыптап жаткан А.Юсуповдун көрсөтмөсү менен түрмөнүн инпекторлору кызматтан алынганы, ага каалаган убагында кыз-келиндер киргизилип турганы, анын май айынан сентябрга чейин 24 жолу тергөө эксперименти деген шылтоо менен түрмөдөн сыртка чыккандыгы, чындыгында ал тууралуу эч кандай протокол жок болуп, жөн эле эс алууга чыгарылгандыгы, эки ортодо өмүр бою кесилгендердин салам дубайы менен рекеттик кылганга да  үлгүргөнү тууралуу маалыматтарды түрмөнүн 11-12 кызматкерлери (кызматтагылары, кызматтан бошотулгандары) айтып беришкен видеотасма ЖКнын фракция жыйынында көрсөтүлдү.
 
Бийлик башындагылар талкан сугунуп алышкансып, бири-бирин карап не кылаарын биле албай деңдароо болуп «көктү» тиктешип, көпкө чейин чечим кабыл ала албай өйдө жакты эле жалдырап карап жатышканы байкалып турду. Акыры, З.Рысалиевдин башынан бир тал чачы түшпөй, болгону анын кеңешчиси  Качкыналиев гана араң жумуштан бошотулуп, анысы да эртеси эле А Батукаевдин артынан  Краснодарга баса бергени маалым болуп, кыязы “иш козгобосо болбой жатат, сен кете тур дешкен тура –аа”,- деген жоромолдор айтылды.
 
“Ата-Мекен” фракциясынын депутаттарынын акыркы эки айдагы, Ысык-Көл, Талас, Жалал-Абад региондорундагы эл менен жолугушуулардагы: “2015-жылкы парламенттик шайлоо алдында биздин партиянын аброюн түшүрүп, электораттын ишениминен ажыратуу максатында президент З.Рысалиевди атайылап тукуруп, бизди жаманаттылатып жатат. Буга чейин морадерлук темасында бизди А.Келдибековго, Ө.Бабановго, анын НТС телеканалына жамандаткан. З.Рысалиевди жоопкерчиликке тарта албай жатышынын дагы бир себеби А.Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу. З.Рысалиев “президент өзү буйрук берген”- деп айтып салаарынан чочулайт”,- деген билдирүүлөрү чындыкка шайкеш болуп, “ата-мекенчилерге” эл ишеним арта баштаганы, “ыпластыкка баруудан кайра тартпаган неме тура”,- деп президент тууралуу коомдук пикир кескин өзгөрө баштаганы байкалууда.
 
Президенттин кеңешчилери менен спичрайтерлеринин башка оппонентерге карата курулган кара пиарлары деле оңчулуктуу натыйжа алып келбестен теңирден тетири натыйжа берүүдө. Алыска барбастан акыркы эле окуяны, Ош шаарынын мэрин шайлоону эле алалы. М.Мырзакматовду шайлатпай койгону эле болбосо эмне пайда тапты? Кимдер менен табакташ болуп калды?
 
Элге эмгеги сиңип, кадыр-баркка ээ болуп, өсүп келе жаткан жаш кадрды, «тилалчаак болуп, бийликтин алдына ийилбейсиң» деген шылтоо менен кызматтан кетириш үчүн, кечээ эле бийлик-байлык үчүн, контреволюция жасап, областтык администрацияны басып алган, наркобарон, коррупционер бажычы, бийлик-байлык дегенде эл эмес энесин сатууга даярлар менен коюн колтук алышыш керек беле. Анчалык пас деңгээлгелге чейин чөкпөй туруп эле чечүүгө боло турган маселени мынчалык татаалданып, тетири нукка кетиши «бийлигимен ажырап калсам кантем(?)» деген коркуу сезими күч алып мандраж болгондон улам чыгып жаткан жокпу? Канткен күндө дагы, “президент окуяларга обьективдүү баа бере албай, элдик кызыкчылыктарга жат күчтөрдүн таасиринде калып, коомчулукка жакпай турган олуттуу каталарды кетире баштады”,- дегенге толук негиз бар.
 
“Акаев, Бакиевдердин көчүгүн жалап жүргөндөр меникин деле жалай берсе эмне экен (?)”,- деген ой, Алмаз Шаршеновичтин көнүлүн жубатканы менен кечээ эле кан кечип, жексурун бийликти кубалаган КСДПчыларга, революционерлерге, демократиялык принципти карманган коомчулукка, адилеттүүлүктү көксөгөн элге түк да ынаган жок. Айрыкча КСДПчыларга жаман болуп, депрессияга кабылышып, кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болушуп, лидерлерин жаман көз менен карап турган чагы..
 
Анча-мынча маалыматы барлардын айтымында, Оштогу шайлоонун алгачкы жыйынтыгын укканда бийлеп жиберип, аздан соң “бийлигимди тааныбай жүргөн Адахамды кандай ырдаттып койдум, ыя”,- деп ыржалактамыш болуп, анан алты ай мурун жатып берген немени эбак эле ырдатса болоорун эстеп сумсая түшүптүр.
 
Акыры, “ар дайым биригип алып, борбордук бийликке тынчтык бербей коколоп, алчусун алмайынча тынбай турган регионалистердин ордосун, Оштуктарды кандай жайладым (?), эки-үчкө бөлүп, колдоруна көсөө карматып,чабыштырып,койдум эле, карагылачы бири-биринин көчүктөрүн канжалатып чукуп жатышат”,- деп кудуңдаса да күлкүсү бетине жарашпаптыр. Себеби, акыркы аракеттердин аркасында түштүктүк туугандар катуу капа болуп президентти көргүсү келбей калганынан кабардар болсо керек.Түштүк түгөл «КЕТСИН!» деп, Саруулуктардын ураанын колдоого алганга даяр болуп калганын айтпаганда да, офисине бир «гавновоз» бок куюлуп кеткенсип мурдун кысып, араң турган КСДПчылардын фонунда кантип жарашсын. Жарашпайт да!
 
Сабыр МУКАНБЕТОВ
Булак: “Майдан.kg”, №03 (132), 29.01.2014-ж.