Ахматбек Келдибековдун саясий портретине штрихтер
 
“Келдибеков  бир эле “Ата-Журт”  фракциясында гана эмес, парламенттеги эң таасирлүү, сөзү жерде калбай турган депутат.  Ал “Кумтөр” маселеси  парламентке коюлган күндө Жогорку Кеңешке “погода” түзмөк. Бийлик ошондой депутатты ооздуктайт да,”- дейт Азимбек Бекназаров.
 
Ошентип, кыргыз саясий айдыңындагы оппозиция күчтөрүнүн чыгаан лидерлеринин бири Акматбек Келдибеков экени талашсыз. Психологдор жана тиешелүү адистер бардык эле багыттардагы (адамдын жеке жашоосундагы ар кандай турмуш-тиричиликтик кыйынчылыктардан тартып, коомдук-саясий турмуштагы жана экономикалык тармактагы ж.б.) кризистердин баарына тең жалпы эле жөнөкөй адамдар кабылдагандай болуп, бир беткей гана, жалаң терс жактан карап туруп, баа беришпей тургандыгы маалым. Алардын көз карашы боюнча алганда, кризистин утурумдук кыйынчылыктарына караганда, анын кийинки алып келе турган позитивдүү жактары жана утуштуу жактары алда канча көп. Кризисти ушул мезгилге чейинки биротоло көндүм болуп, жадатмага айланып бара жаткан айлампадан чыгып кетүү үчүн жаралган жаңы мүмкүнчүлүк, жаңы баскычка көтөрүлүп, дагы жаңы бийиктикке умтулуп, өсүү үчүн пайда болгон оңтойлуу түрткү-себеп, жаңы шарттардын жаралышына карай жол ачып жаткан жагдайлар катары баалоо гана эң соңку чындыкка алып келет деп эсептелет…
 
Бул парадоксалдуу пикир-көз караштардын калыптанышына, алардын тек гана жылаңач теориялык негизде жаралбай, адегенде бардык эле адамдын жашоо философиясына байланышкан кырдаалдар сыяктуу, күнүмдүк турмушта пайда болгон жана болуп келе жаткан окуялар себеп болуп, олуттуу негиз болуп берип, андан кийин гана алардын илимий жалпыланышы, теориялык аныктамалар пайда болгондугу талашсыз. Акматбек Келдибековдун камакка алынышы сыртынан караганда күтүүсүздөн болгондой сезилгени менен, олуттуу ой жүгүртүп, алдыда боло турган окуяларды боолголой билгендер үчүн күтүлгөн эле иш болуучу. Болгондо да, экономикалык, же жүрүм-турумундагы кандайдыр бир кылмыш-жаза кодексине кайчы келген себептерден улам эмес, — дал ошол келишкис (непримиримая) оппозиция лидерине айланып бара жаткандыгы үчүн… Буга макул болушпагандар, контраргумент катары генпрокуратуранын "жүйөөлүү" фактыларын айтышары айдан ачык. Бирок, эмнегедир, алар жыйырма жылдан ашуун эгемендик башаламандык жылдарында ар кандай деңгээлдеги бийликке аралашып, өтө тез жана шектүү жолдор менен абдан байып кетишкен ондогон-жүздөгөн башка шылуун саясатчылардын дээрлик баарына тең, эгерде прокуратура кааласа (ал эми чындыгында, же, тагыраагы — прокуратурага жогору жактан ишарат бериле турган болсо) оңой эле олчойгон компроматтарды таап чыга алары жөнүндө ойлогулары да келишпейт!..
 
Акматбек Келдибеков өлкөдөгү экономикалык кризис түпсүз туңгуюкка кабылып, коомдук-саясий кырдаалдын аба-ырайы уламдан улам тез-тез өзгөрүлүп, алдын ала болжолдоо татаалдашып калган кезеңде камакка алынып жатышы дагы кокусунан эмес. Андан мурдараак, бийлик тарабынан ага карата тымызын коюлган тузагына, оңой эле өзү келип колго түшүп берген Камчыбек Ташиевден (анын тосмодон секиришине, ага чайга кошуп берилген психотроптук дары каражаттары себеп болушу мүмкүн деген ойлор ошол бойдон аныкталбаган, бүдөмүк бойдон кала берди) жана учурдагы саясий кырдаалдан улам (2010-жылдагы өлкө бүтүндүгүнө коркунуч жараткан окуялар, оппозициянын чачкын күчтөрүнүн ыркы жоктугу жана бирдиктүү идеологияга баш ийген коомдук-саясий күчтүн али жарала электиги) бийлик менен эл аралык деңгээлде убактылуу кызматташууга макул болуп, компромисске барган кээ бир саясатчылардан айрымаланып, Акматбек Келдибеков парламент трибунасынан жалпы өлкөдөгү оппозициячыл маанайды чагылдырып, бийликтин кетирип жаткан оркойгон кемчилдиктерин көрсөтүп, көзгө сайып, өз оюн ачык элге угузуу менен, безге сайып, мурдатан алган багытынан тайбай, ишмердигин уланта берди.
 
Дагы бир өзгөчө көңүл бура турган жагдай, Акматбек Келдибековдун түштүк лидери катары дээрлик баары тарабынан кабылданып, ал гана тургай, эгерде зарылдык туулса, жалпы өлкөнүн башын бириктирип кете ала турган фигура катары саясий авансценага чыгып келиши, ээлеген абалдары туруксуз, эртеңки күнгө ишеними жок бийлик ээлерин катуу тынчсыздандыра баштагандыгы жашырын деле эмес. А. Мадумаров, өз сөзүндө “А. Келдибеков ар тараптан тажырыйбасы мол, эл керегине жарай турган сапаттары бар азамат” –деп бекер жеринен айтпаса керек.Мындай жагдайда, албетте, көндүм болгон адат боюнча, расмий бийлик "өтө эле ашынып бара жаткан" оппозиция лидерин ооздуктоого далбастай баштамак. Демек, козголгон кылмыш ишинин чүмбөтүнүн астында "коррупцияга каршы ачылган күрөштүн" эң алгачкы курмандыктарынын бири катары даярдалган Акматбек Келдибековду кандай жолдор менен болгон күндө да, эптеп "сындыруу", өз алдында тизе бүктүрүп, чөгөлөтүү милдети коюлгандыгы түшүнүктүү.
 
Бирок, бийлик бул жерде катуу жаңылышып жатат. Анткени, бардык эле оппоненттерди мындай примитивдүү ыкмалар менен ооздуктоого мүмкүн эмес. Алардын арасынан мокогондун ордуна, кайра тескерисинче курчуй турган, мындай бутка чаап, жыгытуу аракеттеринен улам, ого бетер туруктуу позицияны ээлеп, саясий жылдызы мурдагыдан да жарык жанып, улуттук масштабдагы фигурага айланып кетүү мүмкүнчүлүгү да кошо жаралат. Акматбек Келдибеков камакка алынгандан кийин ага эң алгач жолугушууга киришкен Азимбек Бекназаров баш болгон саясатчыларга билдиргенине караганда, ал өз чындыгы үчүн керек болсо он жыл болсо да түрмөдө отурууга даяр, артка эч качан кайтпай, саясий күрөштү чечкиндүү улантууга дилгир бойдон турат. Демек, утурумдук психологиялык, турмуш-тиричиликтик майда-барат кыйынчылыктар аны эч качан сындыра албайт. Эрки күчтүү, алдына эл жана өлкө келечеги менен байланышкан чоң максаттарды кое билген, ошол изги тилектери үчүн күрөшүүгө, керек болсо бүт өмүрүн да арнап коюуга да даяр турган инсан гана андай жолду тандап алууга батынып бара алат!..
 
Дегинкиси, саясий күрөштүн эрежесиз мушташты эске салган мындай булганыч ыкмалары жаңылык деле эмес. Айрыкча, ыпластыктан арылбаган, арам иштерге өтө жакын кыргыз саясатында. Жалпы элге жек көрүнгөн, качкын президент Аскар Акаевдин эң башкы кошоматчысы Осмонакун Ибраимов: "ашууда ат алмаштырууга болбойт" деп улам кайталап айтып жаткан мезгил коомчулуктун эсинен али чыга элек болушу керек. Коомчулук арасында: жок, бул ат чарчап калды, анын үстүнө, кыйын күндө керекке жарай турган, ашуудан алып өтүүгө жарай турган буудан эмей эле, жөнөкөй эле чобур ат окшойт, жаңылган экенбиз деген сыяктуу үндөр ачык угулуп, Феликс Кулов президенттикке бирден бир татыктуу талапкер катары аты атала баштаган. Анын аягы эмне менен бүттү? Дароо химсинтез финансы чатагы, вице-президент кезиндеги аскердик самолетторду сатуу ж.б. иштер боюнча кылмыш иштери ачылып, "коркунучтуу атаандаш" тез арада түрмөгө тыгылып, ошондон кийин гана бийлик тегерегиндегилер жеңилдене дем алышкан… Эң акырында Феликс Кулов триумфалдык маанай менен түрмөдөн эркиндикке чыгып, мурдагы жасалма чүргөлгөн кылмыш иштери боюнча толук акталып, акталып гана тим болбой, премьер-министр кызматына келгенде, ошол эле Аскар Акаев ага Москвадан кемсинип, кор боло, телефон чалып, кечирим сурагандыгы тарыхта такыр өчпөс болуп жазылып калды…
 
Акматбек Келдибековдун ушуга чейинки басып өткөн жолу, саясий ишмердиги, жаш курагы жана азыркы тагдыры жөнүндө ойлор кайра эле баягы жаңы бурулуштун, секириктин жана өсүүнүн негизги түрткүсү, себепчиси боло турган кризисти эске салат. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, 2010-жылдагы Ош жергесиндеги кандуу окуяда коңулга кирип кетишкенде А. Келдибеков, К. Ташиев. С Жапаровдор баштарын канжыгага байлап коюшуп, ок аралап жүрүшүп элди сактап калганы эсибизде. Ошондо үнү чыкпай аялдарынын юбкасында жашынып олтургандар бүгүн баатыр болгондору өтө өкүнүчтүү. Эгерде кайра эле Феликс Куловго салыштыра турган болсок, чындыгын айтканда, эл арасында мурда эле "темир генерал" деген атка ээ болгону менен, олуттуу политологдор жана тиешелүү адистер Куловду демократия желаргысы менен кошо гана, жалпы коомдук агымдын нугу менен саясатка кокусунан келип калган, утурумдук жаралган фигура катары караша турган. Ал эми түрмөгө олтурган (жалпы мөөнөтү беш жылга жакын), психологиялык жактан алганда өтө оор учурларда ал өмүр-өлүм, жеке жашоосунун маңызы, өзүнүн адамдык миссиясы тууралуу ой-толгоолор аркылуу инсан катары жаңы бийиктикке көтөрүлгөндүгү айдан ачык. Ошондон кийинки олуттуу саясатчы катары кадамдары, анын эч кандай эң жогорку, чечүүчү кызматты ээлебей турган учурда деле таасирдүү фигура бойдон кала бериши, дал ушул жагдай менен тыгыз байланышкан. Баса, азыркы атамбаевдик бийлик да саясаттагы бул "карт карышкырдын" күчтүү таасиринен чочулап, өзүнүн саясатка адеп башбаккан, али көздөрү да ачыла элек күчүктөрүн (алар көздөрү да ачылбаган бойдон, биротоло жоголору эч күмөн туудурбайт) пайдалануу жолу менен, анын фракциясына жарака кетирип, коалиция башчылыгынан кетиришкени маалым. Буга Кулов чымын чаккандай да көңүл бурган жок. Жыл айланбай, кайра эле коалиция жетекчиси болуп калды… Келдибековдун да келечек тагдыры — ушундай убактылуу сыноолордон жана саясий күрөштөрдөн эрки күчтүүлүгүн жоготпой, канчалык деңгээлде курчуп, инсан катары жаңы деңгээлге көтөрүлүп, чыга ала тургандыгы менен байланышып тургандыгы талашсыз.
 
Генпрокуратура койгон айыптоолор боюнча, Акматбек Келдибеков бир кезде Соцфондду жетектеп турган кезде ири өлчөмдөгү жемкордукка барыптыр. Ал эми депутат Исмаил Исаковдун айтымында, Келдибеков 3 (үч) млрд сом карызга баткан Соцфондду кабыл алып, кетеринде ал карызынан кутултуп, 600 млн сом кирешеси бар мекемеге айландырып туруп кеткен экен. Демек, жогорку айыптоо — бери эле болгондо — абсурд!
 
Ал эми Келдибековдун "Дело №.." жана башка маалымат каражаттарында тизмектелген байлыктары жөнүндө айта турган болсок, эгемендик, прихватизация доорунда кимдер гана шектүү, ал тургай арам жолдор менен байышкан жок?! Келдибеков алардан айрымаланып, эч кандай ири объектилерди менчиктештирип албаптыр. Баса, бир кездеги элдик, коомдук жана мамлекеттик менчиктерди итбекер менчиктештирип алып, тез арада байып кетишкендердин анабашчыларынын бири — азыркы президент Алмаз Атамбаев өзү экендиги жалпыга белгилүү.
 
Бизде Акматбек Келдибеков сыяктуу күчтүү финансист, экономист адистер (жалпы өлкө, эл аралык масштабда ой жүгүртө билген) эсептелүү эле. Алардын айрымдары жеке бизнеске жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып, эркиндик берилген жылдарда, башкалар иштегенди билбей, эстери ооп, же тек гана уктап жатышкан чакта, өздөрүнүн баштарын иштетип, таза жол менен эле байышкандыгы маалым. Ошондуктан, бардык бай адамдарга мамлекет байлыгын уурдап алган кылмышкерлер катары карай берүү туура эмес. Дегеле, менчиктештирүүдөн баштап (аларды кайра улутташтыруу үчүн эмес, тек гана канчалык мыйзамдуу болгондугун тактоо максатында), азыркы миллиондогон көмүскө байлыктарды ачыкка чыгарып, алардын мыйзамдуулугун аныктоо — укук коргоо органдарынын негизги милдети болууга тийиш.
 
Кайрадан Акматбек Келдибеков жөнүндө айта турган болсок, азыркы жогорку бийликтен абдан көз каранды болушкан сот органдары, укук коргоо органдары өз чечимдерин алыскы келечекти ойлоп туруп гана кабыл алуулары керек. Антпесе, бийлик алмашкан соң (бардык бийлик убактылуу эмеспи!), алар жасалма жол менен соттоп жиберген адамдар, айрыкча саясатка тыгыз айланышкан кылмыш иштери боюнча, кайрадан толук акталары эч күмөн туудурбайт…
 
Азырынча бир гана нерсе айдан ачык — Акматбек Келдибековдун жеке тагдырына туш келген сыноолор, анын инсан катары турмушунда жана саясий ишмердигиндеги өтө мерчемдүү бир чек, жаңы бурулуш болуп калары талашсыз. Ал өзгөрүүлөр жалпы өлкө, эл тагдыры менен байланыштуу болобу, жана келечекте таасир эте алабы — бул Келдибековдун жеке тандоосуна гана байланыштуу болот.
 
Булак: "Жаңы Ордо"