Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 6279
Биринчиси башка өлкөнүн жараны жана коррупционер, экинчиси соттолгон адамбы?
 
Кыргызстандын эки ири шаары Бишкек менен Оштун мэрлеринин шайланышы бизде экинчи революция менен 90 эр азаматтын каны аркылуу келген Атамбаевдин бийлигинин мурдагы үй-бүлөлүк башкаруулардан айырмасы жок экендигин далилдеп койду.
 
Эгер мурдагы президенттердин бала-чакасы, аялдары башкарса, азыр партиялардын кланы орноп, ошолор карапайым элди эзип жатат. Атамбаевдин эң жакын адамы катары саналган Бишкектин экс-мэри И.Өмүркулов кызматтан кокустан кетишинин себеби эми толук түшүнүктүү болуп отурат. Азыр белгилүү болгондой, ал оппозициянын лидерлери К.Ташиев, А.Келдибеков (А.Мадумаров бийлик менен көмүскө саясый соодалашып, Түркиядан жайлуу кызмат алып жан сактап калды) жана башкалардын үстүнөн кылмыш иши козголуп, түштүк эли түрө көтөрүлгөндө - “мына, биздикилердин үстүнөн деле иш козголуп жатат (бирок, камалбайт, кийин кутулуп кетет)” шылтоосу менен, аларды басыш, алдоо үчүн жасалма кылмыш иши козголуп, “ыктыярдуу түрдө” отставкага кеткен экен. Экинчиден, экс-президент Р. Отунбаеванын тушунан бери “Оштун түшпөс ханы” аталган түштүк борбордун экс-мэри М. Мырзакматовду кызматтан кетирүү үчүн И.Өмүркулов “садага чабылды”. Ошентип оппозицияны алсыратуу, ал эми алардын артында турган калың элди жаш баладай алдоо менен бийлик максатына жетти. Кыскасы, бул ирет Ак үйдүн саясый технологдорунун арамза иши аткарылды. Эми алар Атамбаевдин мөөнөтү бүткөнчө төрт жыл тынч уктай беришсе болот.
 
Кээде арамзалык менен митайымдык үстөмдүк кылганда бүтүндөй коом, эл деле алдастап, алданып калат. Бишкек менен Оштун мэрлерин кызматтан алып, алардын ордуна өздөрүнүн куурчак кадрларын коюу үчүн бийлик бул ирет ушунчалык ыплас оюндарды жасады. Башканы кой, 11-январда кошуна Тажикстандын атайын даярдык көргөн аскерлери Баткенге басып кирип, автомат, гранатомет жана миномет менен аткылап, алты чек арачыбызды жарадар кылып, бир топ материалдык чыгым келтиргендигине, мамлекетибизге сырттан душман кол салгандыгына карабай, ал сасык оюндар же М.Мырзакматовду каралоо токтогон жок.
 
Баарынан да баткендиктер алда кандай заман болот деп чочулап, алсыз армиябызга ишенбей, кошуналардын танкасы менен граната, миналарына каршы көкүрөгүн тосуп, таш, таяк менен “куралданып”, жүрөгү оозуна тыгылып, чек арага “живой щит” катары тизилип турганда атың өчкүр КТР менен бийликтин булбулуна айланган маңкурттардын 5-каналы жарыша М. Мырзакматовду суудан алып жерге, жерден алып ташка урган, башынан жугунду куйган көрсөтүүлөрдү берди. Сыягы, эч кайсы мамлекетте бийлик атаандашын мындай ыплас ыкма менен жамандабаса керек. Алардын пикиринде Мелис мырза “популист, базарком, жалаң сөзү менен элди алдаган” саясатчы экен. Кала берсе, бийликтин идеологдору 2010-жылдагы июнь коогалаңы боюнча да экс-мэрди күнөөлөгөндөн тартынышкан жок. Кудайды карасаңар боло, ошол азыркы бийликтегилер өлкөнүн түштүгүндө толук бийлигин жүргүзө албай, 20 жылдан бери котур ташын койнуна катып келген К.Батыров, И.Абдурасулов, К.Абдуллаева жана башка өзбек сепаратисттерине жең ичинен “добро” берип, түштүктө өзбек автономиясын түзүүгө жол ачканда дал ушул бүгүнкү М.Мырзакматов, А.Келдибеков, К.Ташиев сыяктуу түштүктүн жолборс жүрөк жигиттери көкүрөгүн окко тосуп, от кечип, жаалданган эки тарапты токтотуп, мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактап калууга баатырларча салым кошушпады беле!?
 
Ал каргашалуу, кандуу күндөрү бүгүнкү президент А.Атамбаев бир жума дайынсыз жоголуп, Ошко эки айдан кийин гана барып, шейит кеткен жигиттердин жесирлерине акча берип, калың эл менен жолуга алган эмес. Ал кездеги президент Р.Отунбаеваны жансакчыларына карабай Оштун жакынынан ажыраган энелери аз жерден тытып сала жаздашкан. Ал эми бүгүнкү бийликтин “бабаханы” каршылаштарынын баарын (түштүктүн жигиттерин) каматып, кызматтан алып, жиндегенде парламентте жакалап баса калган Ө.Текебаев да ал күндөрү Ошко бара алчу эмес. Тагдырдын тамашасын кара, эми ошол кездеги кыргыздын башына кыйын иш түшкөндө башын кумганга катып, качып жүргөндөр бийликке келип, ал эми өмүрүн тобокелге салып, мамлекетти сактап калууга салым кошкондор камалып, кызматтан алынып, ал тургай “эл душманы” катары караланууда.
 
Эгер бүгүнкү бийлик билбесе, көргүсү келбесе, согушта бомбалангандай жарымы кыйраган Ошту М.Мырзакматов үч жылда кайрадан куруп, жаңыртып койбодубу. Түштүк борбор азыр 2010-жылдын июнь коогалаңынан бир топ өзгөргөндүгүн көзү бар адам айта алат. Мурда ыйык Сулайман тоонун асты базарга айланып, көчөлөрдүн чети соода-сатык жайы болуп калса, азыр ал жак эс алуучу, жаштар сейилдөөчү мурдакы калыбына келди. М.Мырзакматовду элге жаман көрсөтүш үчүн Ош шаардык кеңешиндеги бийликтин депутаттары ал тургай мамлекеттен бир сом алынбай курулуп жаткан асма көпүрөнү да туура эмес башталган деп чыгышты (Бишкектегилердин Оштун түйшүгү менен кандай чатагы бар эле). Ал эми жаңы мэр А. Кадырбаев 21-январда журналисттер үчүн уюштурган алгачкы маалымат жыйынында М.Мырзакматов баштаган иштер, ал тургай ушул асма көпүрөнүн курулушу да улантыларын билдирди (өзүнүн план-программасы болбосо, кокусунан бул кызматка келсе, анан эмне десин).
 
Баса, азыркы бийлик партияларында таза же мекенчил кадрлар калбай калганбы же бүгүнкү күндө бизди криминалдар менен башка өлкөнүн жарандары башкарып жаткандыгы чынбы, айтор Бишкектин мэри К.Кулматов тээ 2010-жылы Бажы кызматына ызы-чуу менен келгенде эле анын Россия жараны экендиги айтылган. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары К.Кулматовдун кайсы жакшы иши үчүн шаар башчылыгына көрсөтүлүп жаткандыгы тууралуу коомчулуктун суроосуна КСДПнын депутаттары жарытылуу жооп бере албай, “Ал менеджер, мурдагы кызматтарында өзүнүн иш билги жетекчилигин көрсөттү”,- деп оозу-мурду кыйшайбай айтышкан эле. Ал аралыкта К.Кулматов креслого отура элек жатып Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Бажы тармагындагы автомашина импорттогон ишкерлер менен түзүлгөн коррупциялык схеманын бети ачылып, кылмыш иши козголгонун ачыкка чыгарды. Мына, Кулматовдун “таза, менеджер, иш билги” жетекчи экендигине далил...
 
Ал эми Оштун мэри А. Кадырбаев 2010-жылы 13-майда Убактылуу өкмөткө каршы чыгып, Ош облустук акимчилигин басып алгандардын башында тургандардын бири деп айыпталган.
 
Ошол эле Убактылуу өкмөттүн активисти, апрель окуясы учурунда “Ата-Мекен” партиясынын мүчөсү болуп турган Төлөгөн Келдибаевдин маалыматына ылайык, 2010-жылы май айында, өлкөдө туруксуз абал өкүм сүрүп турган маалда А.Кадырбаев Ошто Убактылуу өкмөткө каршы чыгып, облустук акимчиликти басып алгандардын башында турган. “Ал күндөрү Айтмамат Кадырбаев менен Мамасадык Бакиров баштаган топ облустук акимчиликти басып алып, азыркы губернатор Сооронбай Жээнбековдун жанында менден башка киши калган эмес эле. Ошол 2010-жылы 13-майда болгон окуя боюнча Кадырбаев менен Бакировго кылмыш иши козголуп, булар шаардык сот тарабынан соттолушкан. Кийин акталыптыр деп атышат, бирок анын канчалык так экенин мен билбейт экенмин”,- дейт ал.
 
Ошол күндөрү аз убакытка облустук бийлик имаратын ээлеп алгандар Айтмамат Кадырбаевди өздөрүнчө "элдик губернатор" деп да жарыялап жиберишкен. Бирок, көп өтпөй аларды облустук бийликтин имаратынан кайра кууп чыгышкан.
 
Бул окуяга байланыштуу Айтмамат Кадырбаевге кылмыш иши козголуп, “мамлекеттик төңкөрүш жана массалык башаламандык уюштурган”,- деп айып тагылган. Кийинчерээк Ош шаардык соту аны бир жылга эркинен ажыраткан.
 
Ошол мезгилде Айтмамат Кадырбаев өзүнө тагылган айыптарды мойнуна албай, муну жаңы бийликтин саясий буюртмасы катары баалаган эле.
 
Ош облустук ИИБинин маалымат-аналитикалык борборундагы маалыматка ылайык, Айтмамат Кадырбаевге 2010-жылы “бийликти мыйзамсыз басып алды”,- дегендердин катарында кылмыш иши козголуп, шаардык сот тарабынан бир жылга эркинен ажыратылган. 2012-жылы декабрь айында Ош облустук соту анын ишиндеги кылмыш далилденбегени үчүн актаган чечим чыгарган. Ошондуктан Айтмамат Кадырбаев азыр кылмыш жообуна тартылбаган деп эсептелинет.
 
Бир сөз менен айтканда, Бишкекке Россия атуулдугун алган, Ошко кылмыш жообуна тартылган адамдар мэр болуп шайланышты. Демек, алар “таза, адилет иштейт, кыргыз эли менен Кыргызстанга кызмат кылат, бир кыйынчылык болсо качып кетпейт”,- деп ишенүүгө болобу?
 
А.Жолдошов
Булак: “Майдан.kg”, №02 (131), 22.01.2014-ж.