Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 5867
15-январда Ысык-Көлдүн Саруу айылында Элдик курултай болуп өттү. Жергиликтүү тургундар тарабынан уюштурулган курултайдын максаты учурда Кыргызстанда орун алган социалдык-экономикалык, саясий, экологиялык кырдаалды талкуулап, тийиштүү баасын берүү болгон. Өлкөнүн оппозиция өкүлдөрү менен кошо бийликтин башында турган президент Атамбаев менен Башпрокурор Аида Салянова да чакырылган. Бирок бийлик тараптан эч ким басып барбады.
 
Башпрокурордун барбагандыгынын себебин ден-соолугуна байланыштырууга болор, ал эми Атамбаев жок дегенде жан-жөкөрлөрүнөн бирди-жарымды жиберип койбогондугу менен элдин пикири менен эсептешпей тургандыгын далилдеп койду. 

Оппозициянын Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Кубанычбек Кадыров, Рамазан Дырылдаев сыяктуу өкүлдөрү барып катышышты. Ошондой эле жаңы гана түзүлгөн "Бирге" саясый партиясынынан Борончу Кудайбергенов да болду. 

Саруулуктар үчүн башкы маселе кыргыздын алтыны экендиги коомчулукка белгилүү. "Кумтөрдөгү" көз көрүнөө сырт жакка ташылып, башкалардын керегине жарап аткан алтын “кыргыздын энчисине калышы керек”,- деген ураан менен айгай салып, бийликке үнүн жеткирүүнү максат кылган жергиликтүү тургундарга өткөн жыл бир топ оорчулуктарды да жараткан. Айласы кеткенде митинг уюштуруп, ошол кадамы менен бийликтин көңүлүн кыргыздын кызыкчылыгына бурууга аракеттенген эл ур-токмокко да, ар кандай провокацияга да, ал турмак темир торго да тушукту. Бирок элдин эрки сынган жок. Күрөшүн дагы да болсо улантууда. 

Элдик курултайдын жакшы жаңылыгы – алдын-ала “15-январда Элдик курултай болот”,- деген кабардын шарапатынан уламбы, өткөн жылдагы митингдин катышуучусу катары камакка алынгандардын ичинен төрт бала эркиндикке чыгыптыр. Бул айылдыктар гана эмес, жалпы карапайым кыргыз эли үчүн кубанычтуу кабар болду. 

Жергиликтүү эл учурда президент болуп турган Атамбаевдин оппозицияда жүргөн төрт жылына көз чаптырышты. Оппозицияда жүрүп, бийликтин кыйыр карашына тушуккан А.Атамбаев ошол убакта колдоону элден издеп, "Кумтөр" маселесине кайрылган экен. “Бизге келип, кыргыздын алтыны кыргыздын керегине жарашы кере”,-" деген пикирин билдирип кеткен. Ал “Кумтөрдү” кыргыз элинин кызыкчылыгына каратууда бел чечпей аракеттенерин убадалаган. Бирок, бийликке жетери менен 180 градус өзгөрүп, канадалыктардын таламын талашып баштады”, - деген эл, кеп баргандын баарын өзгөрткөн бийликте жатканын, же бийликке баргандын баарын өзгөрткөн "таттуу токочтуу" канадалык компанияда экендигин түшүнө алышпай, муну жоопсуз суроо катарында калтырышты. Бирок, буга бир жылдарда “Ак үйгө баргандын баары жети баштуу желмогузга айланып кетип атат “, - деп ачынган оппозиционер Атамбаевдин жоромолун жооп катары карманууга болот окшойт. 

Курултайдын соңунда кыргыздын алтынын коргоо максатында улуттук кыймыл түзүү сунушу киргизилип, бир нече талаптарды камтыган резолюция кабыл алынды. Ага жоопкер жана көзөмөл жүргүзүүчү болуп депутат Равшан Жээнбеков дайындалды. Төмөндө Саруу курултайында чыгып, сөз сүйлөгөндөрдүн пикирлерин бердик.
 
Кубанычбек Кадыров, “Чындык” партиясынын лидери:
“Резина ок жеп көздөрүнөн айрылгандар да болду”
 
- 2010-жылы Бакиевдин бийлигин кулатууда 80ден ашык бала каза таап, ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, азыркы бийликти кармап тургандар "Ата Бейитте" ыйлап турушкан. Калптан болсо да күч менен көздөрүнөн жаш чыгарышып, “биз эч убакта Бакиевге окшобойбуз! Биз эч убакта элге каршы курал көтөрбөйбүз! Элди сабабайбыз!”,- деп убада беришкен. Бирок, Саруудагы митингде элдин абалы кандай болду? Жаш жигиттер сабалмак турсун, резина ок жеп көздөрүнөн айрылгандар да болду. Жалпысынан алганда, ар кандай жарааттары менен 20дай бала ооруканага жаткырылды. Саруу айылынын үстүнөн вертолет учуртту бийлик. Вертолету бар экен кыргыз-тажик чегарасындагы жаңжалда кыргыз жарандарынын тынчтыгын коргоо үчүн эмнеге учуртпайт? Сарууга 500 спецназды алып келген бийлик, ошолорду кыргыздын чегарасындагы кооптуу жерлерге эмнеге алып барбайт?
 
Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер:
“Бүгүнтөн баштап Атамбаев өтө радикалдуу саясат жүргүзүүгө өтөт”
 
- Бүгүн Ош, Бишкек шаарларынын мэрине шайлоо болду. Мелис Мырзакматов Убактылуу өкмөттү колдоп референдум өткөргөн, июнь коогалаңында катуу туруп берген жетекчи эле. Бирок анын ордун алмаштырышты. Кимге алмаштырышканын айта кетейин, учурда Оштун мэри болуп шайланган Кадырбаев Убактылуу өкмөттүн убагында Үсөн Сыдыков менен чогуу каршы иштерди жасап, областтык администрацияны басып алган! Бүгүн тарыхый күн. Бүгүнтөн баштап Атамбаев өтө радикалдуу саясат жүргүзүүгө өтөт. Мен муну Атамбаевдин эски досу катары айтып коеюн. Анткени Ош шаарына өзүнүн адамын койду, Бишкектеги Өмүркуловунун ордун Кулматовуна берди. Калган шаарларды буга чейин эле өзүнө караштуу адамдар башкарып келишкен. Эми жети областтын борборлору толугу менен Атамбаевдин карамагына өттү! Мындан ары радикалдуу күрөшкө барат. 2007-жылкы "Ак Жол" партиясын Бакиев парламентке алып келгендей, өзүнө караштуу партияларды алып келет. Парламентти Салымбеков, Бабанов сыяктуу байлардын парламентине айландырат. Кайсы бийлик болбосун ушуга окшогон байлардын партиясынын эшигин сагалап жүрөөрүн билип деле бүтпөдүкпү. Анан оппозицияны кимге беребиз деген суроо да чечилген. Оппозициянын девизин Мадумаров менен Сатыбалдиевге беришмек болушту. Ылайым, мен оозумдан жаңылайын, бирок Атамбаев кандай болбосун ушуну кылат. 

Равшан Жээнбеков, Жогорку Кеңештин депутаты:
 
“Биз бул бийлик чектен чыгып баратса, эл уулдарын куугунтуктай берсе, ордуна коебуз”

- Бийлик баарыбызды камай албайт. Саруунун элинин баарын, бийликке каршы чыккан саясатчылардын баарын камап, же Кыргызстандан көчүрүп жибере албайт. Баарыбызды президент ойлогондой, же өкмөт ойлогондой ойлонто да албайт. Анткени биз адамбыз. Ар бирибиздин өзүбүзгө тийиштүү көз карашыбыз, пикирибиз бар. Баарыбыз Атамбаев, Сатыбалдиев же дежурный төрага А. Жээнбеков ойлогондой ойлоно бербейбиз. Биз бул бийлик чектен чыгып баратса, Саруунун уулдарын камай бере турган болсо, каршы кебин айткан саясатчыларды куугунтуктай берсе, аларды ордуна коебуз. Менин буга толугу менен көзүм жетет. 
Биз мамлекетти толугу менен өзгөртөбүз. Мен ишенем. Ошондуктан силерге тууган катары, саясатчы, депутат катары айтайын, коркпогула! Аягына чейин бирге болобуз! Мыйзамсыз иш аракеттерге баруудан жалтайлабаган, элдин эмес, өзүнүн кызыкчылыгын жогору койгон бул бийлик менен колубуздун келишинче, акылыбыздын жетишинче күрөшөбүз. Убагында элдин кызыкчылыгы менен эсептешип койбогондугу үчүн Акаевдин, Бакиевдин бийлиги менен күрөшкөндөй Атамбаевдин бийлиги менен да күрөшөбүз! 

Борончу Кудайбергенов, "Бирге" саясый партиясынын өкүлү:
“Келдибеков Соцфондго келгиче пенсия ун, чай түрүндө таркатылчу, ал ушунк токтоткон”
 
- Өлкөдө саясий куугунтук күч алды. Ага таасын мисал, кайда жүрбөсүн чындыкты айтып, эл үчүн курөшкөн Ахматбек Келдибековдун камакта олтурушу. Болбогон жалаа жаап жатышат. А.Келдибековду Соцфондду башкарып жүргөн кезинде мыйзамсыз иш аракеттерди жасаган деген жалаанын негизинде темир торго камашты. Ал киши Соцфондго келгиче пенсионерлер пенсиясын ун, чай түрүндө алып жүрүшкөн. Келдибеков мындай абалды токтотту, пенсионерлерге пенсиясын акча түрүндө бердире баштаган. Мына, Лаврова Соцфондго төрайымдык кылып турган учурдагы акчаны Келдибековдун моюнуна илишти. Себеби түшүнүктүү, чындыктан тайманбаган депутатка кылмыш ишин ачып, түрмөгө камоо зарылчылдыгын жаратып баштаган. Келдибеков парламентте төрага болуп турган кезинде, парламент кадимкидей аброй топтоп, көз карандысыз парламент катары аура пайда кылган. Ал эми азыр парламент кол бала болуп калды.
 
Даярдаган
Гүльмайрам Турусбекова
Булак: “Майдан.kg”, №02 (131), 22.01.2014-ж.