Саясат кандай чириген болсо, саясатчылардын ичи кандай ириген болсо, дин жаатындагы мыкчыгерлердин да алардан кем калбаганы акыркы окуялардан билинди. Дин жаатындагы чирик саясаттын башталышы тээ Союз мезгили урап, ар ким өз алдынча тал кармап кеткен 1991-95 жылдары башталган. Ал мезгилде Кыргызстандын 1-муфтийи Садыкжан Камалов болчу.Ошол доор басма сөзүн окуган адам Садык каары менен Кимсанбай ажынын абысын айтышууларына жана Кимсанбайдын кланынын жеңип муфтийликти колго кириткенине күбө болот.
 
1996-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы дин комиссиясына (мындан ары Госкомиссия) атагынан чатагы көпЭмилбек Каптагаевжетекчи болуп келди.
 
Ал келээри менен Молдо Сабырдын кланы менен бирдикте Кимсанбай ажыны иштен алып, анын ордуна Баткенде тынч гана карылык дооранын сүрүп жашап жаткан Абдусаттар ажыны алып келип, “такка” отургузушуп, өздөрү көшөгө артында “серый кардинал” болуп турушту.
 
Муфтияттын дүкөнгө айлануусуна Эмилбек Саламатовичтин салымы зор болду. Эгер муфтияттагы кадр маселесинин бир бөлүгүн Молдо Сабырдын кланы калчаган болсо, чарбалык, финансылык жана ажылык иштерин жибинен ийнесине чейин Каптагаевбашкарып, муфтияттын ичинде өзүнүн системасын орнотту. Муфтияттагы ал системанын негизги “тетиктери” каржылык-финансылык иштерди калчаган Марат Усупов, Каптагаевдин жээни, муфтиятта “раис” деп таанылган Жуманалы Олжонов жана Лугмар ажы Гауханов эле.
Молдо Абдусаттар ажыдан кийин азыркы учурга чейин 8 муфти алмашканы менен, Марат, Жуманалы, Лугмар деген “тетиктердин” өз ордунда кыймылдабай турушу Каптагаевдин системасы учурда деле өз ишин улантып жатканынан кабар берет.
 
Ошентип, Каптагаев Госкомиссияны жетектеп турганда не саясатты, не коомдук түзүлүштү түшүнбөгөн 80 жаштагы абышканы алып келип муфтий кылып, иш жүзүндө бардык финансылык иштерди өзү калчай баштаган.
Абдусаттар ажы муфтийликти койо тур, өзүнүн картайган физиологиясын да эптей албай калгандан кийин, ал кишини ардактуу эс алууга чыгарышты.
 
2000-2003-жылдары Дин башына кайрадан Кимсанбай ажы келди.
 
Муфтият деп аталган Диний дүкөндүн пайдасына маарыгандардын арасында ошол учурдагы Ош облусунун казысы, ноокаттык Саипжан Абдувахидов дагы бар эле.
 
Шарияттык илими жана такыбасы менен эч кимди таң калтыра албаган бул адам, пайдалуу фигуралардын коюн-колтугуна кирип, интриганын таенесин “окутканы” менен мен деген жуликтердин миңин чаңында калтырчу.
 
Саипжан өзүнүн шакирти жана Ош казиятындагы жардамчысы, шарият илимдери боюнча ортодон төмөн маалыматы бар, бирок тилинен чаң чыккан чечен бала – Муратали Жумановду муфтий кылуу менен муфтият деп аталган диний дүкөндүн пайдасын өз намянына бурууну каалады жана үч-төрт тарапкерлери менен барбарос планын иштеп чыгышты.
 
1999-жылы Госкомиссиянын жетекчилигине саясат илимдеринин доктору, көз карашы боюнча атеиcт,Муратали Жумановдун тууганы жана жердеши Жолборс Жоробеков келет. Дал ушул адамдын күчтүү колу менен Саипжандын кланы жаш Мураталини оболу Уламалар Кеңешинин мүчөлүгүнө ананАзрети Муфтийдин катчылык кызматына отургузушат. Муратали кызматка келээри менен кошоматка кой союп, атеист Жоробековду Уламалар Кеңешинин мүчөлүгүнө кабыл алуу сунушункиргизип, муну суужүрөк уламалар колдоп берет.
 
2001-жылы Жоробеков кызматтан кетип, анын ордуна дагы бир ноокаттык чиновник Өмүрзак Мамаюсупов келет.
 
Саипжандын кланы Мамаюсуповду кандай колго алганы белгисиз, бир маалда алар (Саиптин кланы менен Госкомиссия) биригип, Кимсанбай ажыны “тактан” кулатып, ордуна Мураталини алып келүү үчүн иштей баштады.
 
Бийлик (Госкомиссия) жарымынан көбү чаласабат, ал эми бирин-серин сабаттуулары суужүрөк “аалымдардан” куралган Уламалар Кеңешинин мүчөлөрүн ары-бери жулкулдатып, тең жарымын өздөрүнө тарапкер кылып алды. Ал эми жарымы Кимсанбай ажы тарап болду. Анткени, Кимсанбай ажы дагы өзүнүн кланындагы уламаларга Ак үйдөгү бир чоң фигура менен сүйлөшүп койгондугун жана ал аны колдоого сөз бергенин сыймык менен айткан болчу.
 
Госкомиссиянын жана ага сатылган Уламалар Кеңешинин демилгеси менен 2003-жылдын сентябрь айына Курултай белгиленип, ал курултайда муфтийдин маселеси каралмай болду. Белгиленген күнү Саипжан менен Госкомиссияга сатылган уламалар тарых музейинин жыйындар залына чогулушту.
 
Кимсанбай ажы дагы оңой менен “жан берчү” киши болбогондуктан, өзүнүн тарапкерлерин Ысык-Көлдөгү бир пансионатка чогултуп мусулмандар Курултайын баштап жиберди. Бир күндө эки жерде мусулмандар Курултайы өтө баштады. Уламалар тең экиге бөлүнүп, эки тарап тең 50 пайызды түзүп, экөөндө тең кворум болбой калды. Анткени, устав боюнча Уламалар Кеңешинин теңинен көбүнүн катышуусу катталганда гана кворум болуп, курултай мыйзамдуу деп эсептелчү. Эки тарапка тең бир уламанын добушу жетпей турду.
 
Ошондо Мамаюсуповдун көсөмдүгү таразанын ташын Муратали тарапка оодарып жиберди. Ал уламалар кеңешине мүчө аалымдардын тизмесиндеги атеист Ж. Жоробековду алдыртып келип, ушул “уламанын” добушу менен өздөрүнүн пайызын 51 ге жеткирип, кворум жасады жана Мураталини муфтий деп жарыялашты.
 
Эртеси эле күнү анын тарапкерлери бир нече милициялар менен келип, эшиктерди талкалап кирип муфтиятты басып алышты.
 
Жаңы шыпыргы жаңыча “шыпыруусун” баштап, Өмүрзак Мамаюсупов дагы муфтияттын администрация башчылыгына өзүнүн досу, Москвадагы жогорку партия мектебинин бүтүрүүчүсү ошол эле учурда мыкты уюштургуч Юсур Ломаны алып келди.
 
Ооба. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча мамлекеттик орган (Госкомиссия) диний уюмдун (муфтияттын) ишине кийлигише албайт. Бирок, муфтиятта укук тааныбаган, тааныса да ислам менен мусулмандын укугун коргой албаган суужүрөк “уламалар” отурганда, ак үй же көк үйдөгү түктүү колдор аларга өздөрү каалаган жаш баланы же кандайдыр кемчонтой таанышын алып келип башкартып коюшу мүмкүн эле.
Мамаюсупов-Жуманов-Лома үчилтиги акча табуунун ажыдан башка да ыкмаларын ойлоп табышты. Алар жөөттөрдүн эл аралык фонддору менен келишим түзүп, алардан олчойгон гранттарды алып, сүүжүрөк, чаласабат уламаларды айдактап келип, түпкүлүгүндө мусулмандардын санын азайтууну максат кылган “үй-бүлөнү пландаштыруу” темасында бир нече семинарларды өткөрүштү.
 
Ал мезгилде акча чатагы көбүнчө орозо битир маселесинен чыкчу.
 
Ал эми ажылыктан келе турган акчалар көмүскөдө болуп, расмий түрдө ар бир ажыга 20 доллардан муфтиятка жардам деп чогултулгандан башкаларынын эсебин эч ким билген эмес.
 
Көмүскө миллиондор болсо, Сауд Арабиясы акысыз берген ажылык квоталарынын ар бирин 200дөн 1000 долларга чейин жашыруун сатуунун эсебинен табылчу. Квота сатууоперацияларын ишке ашыруудагы негизги фигуралар болуп Мураталинин ишенимдүү адамдары Рахматулла Эгембердиев, оштук Шарабуддин, Бишкектен Искендер ажы жана башка шылуундар эсептелчү.
 
Ушул жана башка шылуундар Өзбекстан, Казакстан жана Кытай жарандарына бир квотаны 4000 долларга чейин сатып, пайдасын Муратали менен, ал эми өз кезегинде Муратали бийликтеги “крышалары” менен бөлүшүп турган.
 
Албетте, бул учурда Каптагаевдин адамдары муфтиятта иштеп турганы менен, Бакиев менен түз сүйлөшкөн Муратали аларды тоготпой калган.
 
Каптагаевдин кайтып келиши
 
2010-жыл, апрел төңкөрүшүнөн кийин мусулман жамаатынын жарга такоосунун натыйжасында Муратали Жуманов өз арызын жазып, бийликтен кетти. Бирок, анын чогулткан миллиондору басма сөз аркылуу калың элге тарап кеткен эле. Ошол күндөрү Муратали Жуманов белгисиз адамдар тарабынан уурдалып кетип, айоосуз токмоктолду жана ошол моральдык-физиологиялык оор соккунун натыйжасында жарык дүйнө менен кош айтышты. Ички иштердин тиешелүү кызматтары азыркыга чейин бул кылмыштын бетин ача албай келет. Балким, ачылбай да калышы мүмкүн.
 
Муратали Жуманов өлүмү алдынан бийликти Абдүшүкүр Нарматовго тапшырган эле. Бул чечимди уламалар дагы тастыктап беришти.
 
Бийликке келип калган Каптагаев муфтиятты кайрадан кол бала кылып алуу аракетин баштады. Бирок, бул учурда муфтияттын тегерегинде Каптагаевден башка да азуулуу адамдар пайда болуп, миллиондорду колго киритүүнүн амалын издей баштаган.
 
Каптагаев менен СНБ үчүн өз айтканын бербеген жана эл арасында кадыр-барктуу убактылуу муфтий А. Нарматов “неудобный” адамдардын катарына кирчү. Экинчи тараптан Чүйлүк бир нече “каралар” муфтиятка өз адамдарын алып келүүгө жан үрөп аракет кылгандыктан бир нече жолу Абдүшүкүр Нарматовго телефондук жана түздөн-түз коркутуулар болду.натыйжада Абдүшүкүр Нарматов өз арызын жазып, “тактыны” таштап кетти.
 
Муфтийликке биринчи орунбасар Сүйүн ажы Кулуев көчүк басты.
 
Сүйүн ажы бийликке келээри менен Каптагаевге чуркап барып, анын “ак” батасын алып келди. Бирок, бийликтин алсыздыгынан пайдаланган башка кландар Сүйүн ажыны иштеткени койбоду.Күндөрдүн биринде уламалар менен кеңешме өткөрүп жаткан жеринен Баяс деген бандит аны сабап салды. Суужүрөк “уламалар” кой дегенге да жарабай динбашынын сабалышына тамашакөй болуп турушту.
 
Баяс деген ким?
 
Ошол ызы-чууларга аралашып жүргөн адамдардын айтуусунда Баяс намаз окуган, дааватка чыгып жүргөн мурдагы бандит экен. Аны муфтийликти мелжеп жүргөн дааватчылар ишке салган дешет серепчилер. Дааватчылар менен каралардын байланышта болгону эч кимге жашыруун эмес. Бакиев доорунда ошол эле Рысбек Ак үйдү штурм кылганда тегерегинде бүт дааватчы балдар жүргөнү тарыхый документтерде мөөрлөнүп турат. Дааватчылардын ар бири жаттап алган “20 шарт” деген эрежелеринде “даааватчы мечиттин иштерине аралашпайт” деп кашкайта жазылганы менен, даааватчылар кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрүн ишке салыпмуфтияттын жана мечиттердин ишине эбактан бери аралашып, жер-жерлердеги мечиттерге өз имамдарын дайындап алганы да сыр эмес. Албетте, “каралардын” каалоосуна эч бир казы, эч бир муфти каршы чыга албаган. Диний чөйрөнүн көп бөлүгүн ээлеп алгандан кийин дааватчылардын кийинки кадамы муфтийликти алыш болчу. Ошол максатта аларөздөрүнүн лидери Максат Токтомушевди муфтийлик кызматка түртүп жаткан. Бирок, анын өзү муфтият тармагында чоочун киши болгондуктан, оболу жок дегенде район, облус же шаар кызылык тепкичтерин басып өтүүсү зарыл эле. Дал ушул зарылдык себептүү Баяс-Максат-Руслан тандеми жаралды.
 
Муфтийликке талапкерлердин бири Чүй облусунун казысы, чаласабат молдо Руслан Жумагулов эле.Анын колунда өзүнүн обдулуп, оолукканынан башка “рычагы” жок болгону менен муфтиятта иштеген, керек болсо орунбасар деген суйургалы болгон.
 
Баяс-Максат-Руслан тандеминин планы боюнча, муфтийликке Руслан шайланып, ошол жылдын ажылык “түшүмүн” Баяс экөө бөлүшүп алгандан кийин ордун Максат Токтомушевге бошотуп бермей болгон.
 
Ошентип, тандем куралып, Баяс баатырөз ишин баштаган.
 
Русландын муфтий болушу, Максаттын муфтиятка аралашышы жана Баястын атылып кетиши
 
Баяс муфтиятка бастырып кирип, уламалардын көзүнчө муфтийди (Сүйүн ажыны) көгала койдой сабагандан кийин уламалардын жүрөгү оозуна кептелди. Баяс жана анын бандиттери ошол эле күндөрү уламалардыкоколоп, коркутуп бир кафеге чогултуп, кеңеш өткөртүп, тумшуктарына муштумун кадап туруп ар бирине “Сүйүн ажы бошотулуп, ордуна Руслан ажы шайланды” деген токтом даярдатып, кол койдуруп, ошол жерден Русланды муфтий шайлап коюшту. Бандиттин зордук-зомбулугу менен муфтий болуп отурган Руслан креслого көчүк баскан эле күнү тандемдин келишими боюнча Максат Токтомушевди Бишкек шаарынын казысы жана борбордук мечиттин имамы кылып дайындады.
 
Руслан канчалык оолукпасын, аны өкмөт да, коомчулук да муфтий катары кабыл албай койду. Анан ошол маалдагы Госкомиссия төрагасы Болот Абдрахманов жана башка өкмөт адамдарынын, СНБнын аралашуусу менен кайрадан Уламалар Кеңеши чакыртылып, муфтийликке жаңы адамды алып келүү аракеттери көрүлө баштады.
Ал арада белгисиз бирөөлөр тарабынан Баяс баатыр дагы атылып кетти.
 
Өкмөттүн адамы өтпөй калды
 
2010-жылдын июль айында бийликтин басымы менен Уламалар Кеңешинин кезексиз отуруму чакыртылды. Уламалардын кээ бири Чубак ажыны, кээ бирөөлөр Абдүшүкүр Нарматовдун муфтий болушун каалап турушту. Дааватчылар менен келишими бар Руслан дагы аларга арка кылып кандидатурасын койду. Бирок, иштин уландысы “сен билесиңби сельсебет билеби” дегендей өнүгүп, бир маалда жыйын өтө турган муфтияттын имаратында милициялардын “кардону” менен коштолуп, эч ким күтпөгөн талапкер – Ош шаарындагы бир мечиттин имамы Убайдулла кирип келди! Көрсө, бийликтин талапкери ушул адам экен.
 
Убайдулла арабчаны чала-була билген, эч кандай расмий жогорку илими жок болгону менен өтө уюштургуч амбициясы аттын башынан да чоң личност болуп, дээрлик он жылдардан бери муфтийдин креслосун түш көргөн молдо эле. Жогорку Кеңештин бир депутатынын айтуусунда анын Муратали раматылыктын үстүнөн жаздырган арыздары бир нече папканы түзгөн. Баса, ошол интригалардын башында кийин Чубак ажынын кызматына өтө качкан Базарбай Темишов турган.
 
Өзүнүн жакын санаалаштарынын айтуусунда Убайдулла ушул мезгилге чейин муфтий болуш үчүн бир нече ирет Оштон аксакалдарды Бишкекке жиберүүгө, аларды бул жерде тамак-аш жана жатакана менен камсыз кылууга жана ар кайсы тармактарга тоголок арыздарды жаздырууга жетимиш миң доллардан ашык (!)акча чачыптыр.
 
Ошол акчаларынын арты менен бийликтин да көңүлүнө жол таап, Госкомиссия баш, СНБ менен онунчу отдели төш болуп аны Улама Кеңешине алып келишкен экен.
 
Кеңеш башталганда өтө сырдуу бир маанайда Чубак ажы менен Абдүшүкүр Нарматов өз кандидатураларын алып коюшат. Муфтийликке талапкер катары дааватчылардын талапкери Руслан менен бийликтин талапкери Убайдулла гана калат. Он жылдардан берки көргөн түштөрү оңунан келгенине жана чачкан акчаларынын акыбети кайтканына сүйүнүп турат Убайдулла дегени. Бирок, ошол жерден ишти сырттагы мусулмандар жамаатынын атынан өкүл болуп кирген Бакыт Нурдинов бузуп койот. Анын мусулмандар жамаатынын атынан курч талаптарды коюп: “Биз – мусулман жамааттарынын өкүлдөрү бир нече жылдардан бери реформа деп какшап келебиз. Акыркы учурларда биз менен муфтияттан бир гана Чубак ажы иштешип жатат. Эгер силер азыр Убайдулланы шайлап койсоңор, сыртта турган эл толкуп кетиши мүмкүн” деген сөзүнөн кийин бийлик сценарийин бузуп, кандидаттар кайрадан катталып, оюн кайрадан башталат.
 
Бийликтин тайсалдаганынан пайдаланган уламалар өмүрүндө биринчи жолу болсо керек, эч кимге көз каранды болбой добуш беришип, натыйжада Чубак ажы муфтий болуп калат.
 
Чубак ажынын күнгөйү менен тескейи
 
Чубак ажынын аалымдыгына шек жок. Бирок, муфтийлик үчүн өзүнүн жеке көз карашы, күчтүү командасы жана программасы болгон, эч нерседен коркпогон, эч кимге көз каранды болбогон жана бардык ишти ашкере жасаган адам керек эле.
 
Программа маселесинде ал ошол учурда бир нече реформалык идеяларды алдыга жылдырып, муфтияттан фундаментальдык реформаны талап кылып келе жаткан Мусулмандардын демилгечи тобунун идеяларына таянды.
 
Элкинбек Аширбаев, Акин Токталиев, Бакыт Нурдинов, Дүйшөн ажы Абдылдаев, генерал Кубатбек Кожоналиев, Базарбай Темишов сыяктуу коомдук ишмерлер жана Кадыр Маликов, Шамсуддин Абдыкалык уулу сыяктуу ислам аалымдарынан куралган демилгечи топ ошол учурларда муфтияттын уставын кайра жазып, Уламалар Кеңешин кайра түзүп, муфтияттын жетекчилигин муфтийдин колунан алып, Уламалар Кеңешинин төрагасына берүү, муфтий баш болгон муфтият кызматкерлерин финансылык иштерден ажыратып, жалаң диний-тарбиялык иштерге багыттоо, көз карандысыз Ажы-Умра борборун түзүп, ачык иш алып баруу сыяктуу идеяларды илгери сүрүп жаткан жана Чубак ажы булардын отурумдарына бир-эки ирет катышкан эле.
Демилгелүү топ өзүнүн туруктуу позициясы жок, кээде бийликтин, кээде бандиттердин куурчагы болуп калган сойку мүнөз уламалардын чечимин урматтабаганы себептүү Чубак ажынын алдына мусулмандардын чыныгы Курултайын чакырууну жана ошол Курултайда муфтийди альтернативдүү түрдө кайра шайлоо талабын коюшту.
 
Темишов Чубак ажыны кантип багынтып алды?
 
Чубак ажы креслого көчүк баскандан кийин Базарбай Темишовду өзүнө кеңешчи кылып алды. Анткени, Темишов ага өзүн демилгелүү топтун орток идеяларынын автору катары көргөзгөн. Ошентип мурунку көзү ачык, азыркы көз бойогуч Темишов демилгелүү топ менен бир ооз кеңешпестен, тескерисинче, анын абройун пайдаланып, атын сатып муфтияттагы башкаруучу рычагды колуна киритип алат.
 
Ал ошол күндөрү “учурдагы муфтият мыйзамсыз” деген мааниде документ даярдап Чубак ажыга кирет жана “сиз мобул кагазга кол коюп берсеңиз, алдыдагы курултайда демилгечи топ сизди колдойбуз” деп, кол койдуруп алат. Дал ошол күндөн баштап Базарбай Темишов Чубак ажыны тизгиндеп, муфтиятты өзү каалагандай калчап, керек болсо, Уламалар Кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмесин да өзү түзүп калат. Чубак ажы бир нерсе дечү болсо, жанагы кагазды көргөзүп оозун басат.
 
Каалаган максатына жеткен Темишов реформаторлордун он жылдардан бери, бир нече чогулуштарда калыптанган орток идеясын өзүнө менчиктеп алып, ал идеяларды өзүнүн арам максатын ишке ашырууга пайдалана баштайт.
 
Реформаторлор эң алгач Курултай чакырып, жаңы уставды кабыл алып, жаңы муфтий менен иш баштоо талабын койгон эле. Бирок, бул жол Базарбайдын планына жолтоо гана болмок. Ал азыр Чубактын колу менен каалаганын жасай алат. Ушундай учурду кантип колдон чыгарсын?!
 
Ошентип, Темишов муфтияттын алдында бирок, муфтиятка көз каранды болбогон (!) Ажы-Умра Борборун (АУБ) түзүп, ага Чубак ажыны директор (?!) кылып койот.Реформачылардан Акин Токталиев менен Бакыт Нурдиновду өзүнө тартат. Бардыгы ачык болушу кажет деген жалган ураан менен ЖК депутаттарын чакырып, АУБ менен тааныштырып, бир-экөөсүн АУБга мүчө кылып алардын алкышын, ак батасын алат. Жасаган иштерин кызылдай акча төлөп басма сөзгө байма-бай чагылдыруу менен коомдо Чубак ажыны реформатор муфти деген пикир жаратууга жетишет.Тарыхта алгачкы ирет ажылыктын эсеп-кысабы (калькуляциясы) басма сөз беттерине ашкере жарыяланат. Базарбай Темишов жалаң популисттик жана эптеп эле жол киренин баасын көтөрүп, акчаны көбөйтүү максатындатарыхта алгачкы ирет ажылыктын калькуляцасына “Соцфондго салык төлөө үчүн” деп ар бир ажыдан 11 доллардан кошумча төлөм киргизет.Шариятка да, мыйзамга да туура келбеген бул популисттик кадам акырында Чубак ажыны соттун кара отургучуна алып келет. Анткени, бардык кагаздарга АУБдун директору катары Чубак ажы кол койгон жана өздөрү пиар кылган эсеп барагындагы 49 500 (кырк тогуз миң беш жүз) доллар акча мамлекеттик казнага түшпөй калган. Эми мамлекет ошол акчаны төлөп койгула деп Чубак ажыны сотко берсе, ал мындайча актанып жатат:
 
«Бул акчадан эч кандай салык төлөнбөйт. Зекет дагы берилбейт. Бул 20 жылдан бери төлөнгөн эмес, мындай кийин да төлөнбөшү керек. Биз Кудайдын шариятын аткарганга аракет кылдык. Эгер мени азыр соттой турган болсо, анда Кудай Тааланы да, пайгамбарды да соттошу керек болот»
 
Темишовдун командасы (бул жерде Чубактын командасы дегенге болбойт. Анткени, кландын башкаруучусу Базарбай, а Чубак анын колундагы фигура эле) крокодиль деп атаган Муратали ыраматылык муфтият үчүн ар бир ажы башчыдан 20 доллардан ыктыярдуу түрдө алса, булар 100 доллардан мажбур түрдө алышты. Ошондо булардын капчыгына 4500 ажыдан 450 000 (төрт жүз элүү миң) доллар нак акча түшкөн. Бирок, Базарбай элге берген отчетунда гезиттерге “муфтиятка 70 000 доллар пайда түштү” деп жазган.
 
Темишовдун пиар машинасы (ал машинанын ардактуу айдоочусу Чубак ажы баш болуп) “тарыхта алгачкы ирет” деген сөздү көп колдонушчу.Алар тарыхта алгачкы ирет ачыктык деген жалган ураан менен ажыдан 3-4 ай мурун ажылык жол кирелерин тааныштарынын банктарына чогултушту. 4500 ажынын ар биринен 2600 доллардан чогулган 11 миллион 700 миң доллар акча, ишенимдүү банк аркылүү түнү-күнү айлантып турулду. Чубак ажы “биз акчаларды ячейкаларга койгонбуз. Алар кыймылсыз турат” деп элдин башын айлантканы менен, банктардагы акчалар 24 саат бою бүт дүйнө боюнча айланып (биздеги банктар түндөсү өз активдерин башка географиялык параллелдеги, ал жакта күндүз болгон мамлекеттеги өнөктөштөрүнө которуу менен пайда таап турушат) пайда келтирип турду жана 3 айдын ичинде үч миллион долларга жакын пайда тууду. Ушул үч миллиондун дарегин бир Кудай, Чубак ажы жана Базарбай Темишов гана билет.
 
Чубак ажы ушул чуулуу иштин акыбетинде 2012-жылы июль айында муфтийликтен кетүүгө аргасыз болду. Учурда өзү кол койгон жана Соцфондго чогултуп берем деп милдеттенме алган иши боюнча жоопкер деп табылып, соттон-сотко сүйрөлүп жүрөт. Бул дүйнөнүн сотунан балким кутулаттыр. Бирок, ажылардын адал акчасын банктарга салып айлантып арам кылганы үчүн Аллахтын сотунун алдында кандай жооп берээр экен?
 
Рахматулланын жеңиши менен жеңилиши
 
Чубак ажыны иштен кетирүүгө “Адеп башаты” нуржулар (нурсия) коомунун лидери, учурдагы Госкомиссиянын төрагасы Абдуллатиф Жумабаев чоң аракет жасаганы талашсыз.
 
Мурда бир дагы мамлекеттик кызматта иштеп көрбөгөн Абдуллатиф Жумабаев бул кызматка президенттин дин иштери боюнча кеңешчиси Абдүшүкүр Нарматовдун сунушу менен келген. Президент администрациясы тараптан келген кабарларга караганда Алмаз Атамбаев бул орунга Кадыр Маликовду болжоп, аны менен маектешкенде, Кадыр “иштесем өз командам менен келемин” деген экен. Президент ойлонуп жаткан учурда Абдүшүкүр анын багытын Абдуллатиф тарапка бурган дешет билермандар. Бул окуядан Абдүшүкүр менен Абдуллатифтин максаты жана пландары бир экени ашкере болот.
 
Чубак ажы кеткенден кийин жанагы ойномо уламалар президенттин кеңешчиси Абдүшүкүр Нарматовго кошоматтанып, аны муфтийлик тизгинин колго алууга үндөйт. Бирок, Абдүшүкүр: “Мен курултайда алтернативалык шайлоодо гана атаандашымды жеңип муфтий болушум керек” деп керсейип койот. Анткени, ал президенттин бир ооз сөзү менен бардыгы чечилип калат, ал эми сойку мүнөз уламаларды бийликтин күчү менен багынтып алам деп ойлогон.
 
Уламалар нары-бери чайпалгандан кийин муфтийлик кызматка Рахматулла Эгембердиевди убактылуу муфтий кылып отургузушат.
 
Рахматулла маркум Мураталинин убактысында анын финансылык операцияларын жүргүзгөнү себептүү өтө байып калган эле. Анын үстүнө 2012-жылкы ажылык компаниясын өткөрүү дагы анын энчисине туура келип калат. Ошентип, ал уламалардан кээ бирин сатып алып, кээ бирине ажылык квоталарынан оозуңа батканча беремин деген убадалар менен азгырып, 2012–жылдын 15-декабрында өтө турган Кыргызстан мусулмандарынын IV курултайына чейин уламалардын үстүнөн “иштеп” койот.
 
Абдүшүкүр болсо уламаларга айткан “грандиозный” билдирүүсүн “унутуп”, муфтийликке кандидатурасын коюудан тайсалдап калат. Анткени, ал Рахматулла уламаларды “ийлеп” жатканынан кабар табат жана эгер уламалар сатылып кетсе, курултайда өтпөй калып, абройу түшүп, уят болуп калуудан коркот. Натыйжада Абдүшүкүр-Абдуллатиф тандеми муфтийлик орунга Абдүшүкүрдүн жакын адамдарынан бири, Кара Балта ислам университетинин ректору Садыбакас Дооловду ылайык көрүшүп, аны президент менен жолуктурушат.Президент ак батасын бергенден кийин Ак үйдүн серый кардиналы, Абдүшүкүр-Абдуллатиф тандеминин досу жана жердеши Икрам Илмиянов СНБнын жигиттерин чакырып, кандай жол менен болсо да Рахматулланы курултайга катыштырбоо керек деген тапшырманы берет. СНБ Рахматулланы кысмакка алып “курултайга катышпаймын” деп жаздыртып алат. Бирок, куу Рахматулла Акипресстен “мени СНБ куугунтуктап жатат” деп басма сөзгө билдирүү жасап, Курултай күнүнө чейин жашынып жатып алат.
 
Эгер мындай кадамга барбаганда күч органдары бир шылтоо менен аны камамак дагы, ойноок уламалар Курултайда бийликтин кандидаты Садыбакас Дооловду муфтий кылып шайлоого мажбур болушмак.
 
2012-жылдын 15-декабры. Тарых музейинин жыйналыштар залы. Кыргызстан мусулмандарынын IV курултайына делегаттар чогулду. Бирок, Рахматулла жок... бир маалда ондогон дене сакчылардын курчоосунда ал дагы кирип келет. Күч органдары эч нерсе жасай албай калат. Курултай жараянында ар кандай ойлор айтылып, ар кайсы кандидаттар сүйлөгөнү менен аыр-акыбетте алкымы булганып калган уламалар Рахматулланы муфтий кылып шайлашат.
 
Рахматулла оппоненттеринин көзүн кызарта-кызарта ажылыктын 2013-жылкы сезонун дагы өзү өткөрүп, миллиондорду капчыкка урат.
 
2013-жылдын 31-декабрь күнү Азрети муфтий Рахматулла Эгембердиевдин жаш аял менен жыныстык ышкынын кучагында балкып жатканы чагылдырылган видеоролик Bulbul.kg сайтынан жарыяланды. Муфтий “ал менин аялым болчу” деп актанды. Бирок, Горбачев айткандай “процесс пошел” болуп калган эле.
 
Рахматулла Эгембердиев өзүнүн аласын аңдыган айбанчылыкты Абдүшүкүр менен Абдуллатиф буйрутма берген деп билдирүү таратты. Буларактанышты. “Бул иштерге эч кандай тиешебиз жок” дешти. Бирок, юулар үчүн дагы “процесс пошел” болуп калды. асмандагы абройлор ылдыйлады, жаркыраган жүздөргө көлөкө түштү. Адамдын аброюу куруп кетсин, эң жаманы ИСЛАМ ДИНИНЕ чоң көлөкө түштү.
Бул “ыймандуу” акча талаш күрөшүндө Абдуллатиф дагы, Абдүшүкүр дагы, даааватчылар менен Максат ажы дагы жеңе алган жок. ДИН-ЫЙМАН жеңилди.
 
Бул уят иштин болуусуна негизинен эки себеп бар:
 
1. Муфтияттын дүкөнгө айлануусу, молдолордун сөөк аңдыган иттердей ошол дүкөнгө көз кызартуусу
2. Уламалар Кеңеши деген сойку мүнөз аалымдар кеңешинин туруксуздугу жана суу жүрөктүгү.
Эми ушул ойномо уламалар дааватчылардын лидери Максат Токтомушевди убактылуу муфтий кылып шайлашты. Каруселдин ичинде ак чычкан чуркагандай эле, бардыгы дагы мурдагы кейпинде улана берет: Максат ажы нече жылдык план менен келген орунду колдон чыгарбаш үчүн болгон ресурстарын ишке салат. Албетте, андай ресурстар анда бар.
 
Атап айтканда:
1. Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков анын жердеши
2. ЖКтин беш маал намаз окуган дааватчы-депутаты, төраганын орун басары жана Атамбаевдин көздөй кишиси Төрөбай Зулпукаров – досу.
3. Кылмыш дүйнөсүнүн көп атамандары дагы бул кишинин досу.
4. Өзүнүн илими жана ораторлук касиети.
 
Кээ бир маалыматтарга караганда Токтомушевдин мыйзамсыз убактылуу муфтий болуп калышына дал ушул Төрөбай Зулпукаров түздөн-түз кийлигишкен экен. Эмесе, муфтияттын уставы боюнча муфтий иштен алынганда, курултайга чейин анын милдетин муфтийдин биринчи орун басары аркалаш керек болчу. Рахматулла иштен кетээрин билип, өз кадры – Чүй облусунун казысын биринчи орун басарлыкка бекиткен экен. Басма сөз беттеринде убактылуу муфтийликке Абдуллатиф Жумабаевдин кадры Максат Каңкыбаев келет экен деген сөздөр да жарыяланып кеткен эле.
 
Уламалар Кеңеши 2014-жылдын 8-февраль күнүнө мусулмандар курултайын чакырышты. Курултайдын делегаттарын Уламалар Кеңеши тандайт. Ага чейин убактылуу муфтий Кеңешти өзүнө “удобный” кылып кайра түзөт. Рахматулла иштегендей ар бирин “ийлейт”. Ак үйдөгү жана кылмыш дүйнөсүндөгү досторунун таасири менен кааласа төө жасайт, кааласа маймыл жасайт. Бечара, суужүрөк уламаларга ар кандай чиновниктерден телефон чалуулар, сунуштар, коркутуулар болот.
 
Бул жактан Абдүшүкүр-Абдуллатиф тандеми да карап отурбайт. Икрам Илмияновдун колу менен күч структуралары ишке тартылат. Уламаларга “биз айткан кандидатты көрсөтөсүң” деген басым-кысымдар болот.
Мусулмандар болсо, эч нерседен кабарсыз, дин эркиндиги, ишеним эркиндиги, тандоо эркиндиги, шайлоо эркиндиги деген жомокторго ишенип жашап келишет.
 
Каруселдин ичинде ак чычкандар чуркап бара жатышат...
 
Көз карандысыз эксперт Зулпукар КЫЛЫЧ