2010-жылдын апрелинде бийлик алмашып, баш мыйзамды өзгөртүп, бийлик бутактарын жаңылап шайлап, «парламенттик өлкөгө айландык» дегенибизге үч жылдан ашты. Бирок, тилекке каршы,биз күткөндөй коомдогу келишпестиктер токтоп, өнүгүү жолуна түшө алган жокпуз. А дегенде катуу бакылдап, парламенттик өлкөнүн элесин туудуруп жаткан Жогорку Кеңешибиз (ЖК) да эки жылга жетпей «жаагы талып», дээрлик көпчүлүгү президентке «ийилип» берип, кайта эле бир адамдын көзүн караган заман орноп, жакпагандар четинен камалып, тажабаган бакырчаактарыбыз баягы, көнүмүш адатына салып, «авторитари-иизм(!)», деп айкайлап, жер-жерлерде жолдор тосулуп, нааразычылык акциялары күч алып, бир жагы өзүлөрүн өзү билип, өзгөчө кырдаал киргизип алышса, дагы бир жагында энелер ооздорун скотч менен чаптап, ачкачылык жарыялашып, эл ичи тынчыбай, эртеңкибиз күңүрт болуп, коопту кырдаал түзүлүп турган кез.
 
 “Мыйзамдарды мыктылап жазып, кабылдасак эле болду, ошондо оң жолго түшөбүз, өсөбүз, өнүгөбүз, бакубат жашоого жетебиз”,- дегенибиз катачылык болуп чыкты. Жыйырма жылдык көз карандысыз турмушубузда “баш мыйзамды жакшыртмайын оңолбойбуз”,- деп сегиз, тогуз жолу бырчалап, чиймелеп, өзгөртүп отуруп эмнеге жеттик? Акыры, ошо жаңы мыйзамдарды урматтап, сактап жашоону үйрөнгөн, тарбияланган коом керек экенин, маңкурттуктан, рухий кедейликтен кутулуп, жакшы менен жаманды айырмалаганды, акты ак, караны кара дегенди үйрөнүшүбүз керек экенин,  андан башка арга жок экенин түшүндүкпү (?), же түшүнө албай жатабызбы? Кандай мыйзам жазбайлы, акыры барып эле кокту-кокту болуп үйгүшүп, жаатташып, алдуусу алсызын басмырлап, алган-алгандыкы, жулган-жулгандыкы болуп, демократиялык нормалар тепсендиде калып жатканы неси? Эмне үчүн кандай айла кылбайлы барып эле жеке басарлыкка, авторитардык ыкмага кабылып калуудабыз?
 
Балким, бул биздин коомубуздун жетиле электигинен, чийкилигибизден болуп жатпасын? Шимпанзени мончого салып, жүнүн кыркып, фрак кийгизип, паспорт жазып берип койсоң эле ал «адам болдум» деп, ажааткана издеп калабы? Жок, ал ошол бакка асылган тейинде ушата берет, шымын да чечпестен. Анын сыңарындай, биздин коомубуз деле байыртадан келе жаткан салт-санаасын унутуп, абдан маңкуртташып, “башың кайсы десе көчүгүн көрсөткөн” деңгээлге түшүп, ЭЛ дегенге караганда үйүр деген түшүнүккө жакын болуп калган жокпузбу? Б.а. мындай жагдайга кептелгенибизге биз күнөөлөп жаткан бийлик эле эмес, өзүбүз, коомубуз күнөөлүү болуп жатпайлы (?) деп неге суроо салбайбыз. Өлкөдөгү болуп жаткан окуяларга тыкыр сереп салып, жакшы-жаманын ажыратып, жаш муунун тарбиялап, келечегин пландап, кооптуу жагдайлардын алдын алып, байлыгын санап, бийлигин тескеп ала турган коомчулук жоктугунан, ар-ким өз билгенин кылып, мыйзамдар тепселип, бийлик элди көзгө илбей жатат да.
 
Ошентип, турмуш өзү кайта-кайта далилдеп жаткан аксиоманы түшүнө албай, кайрадан баягы таз кейпибизге кетип, жашоо көнүмүш нугу менен кетип бара жатат. Бийликке келгенинин үчүнчү жылында тактыга көчүгү көнүп, ал күчкө кирип, «булут минип, муз бүркүп» алам дегенин алып, жойом дегенин жойуп турган Акаев, Бакиевдерге окшоп Алмазбек Атамбаев да бийлигин бекемдеп алдым деп, күчүнө кирип, «айтканым айткандай, дегеним дегендей болсун, болбосо…» деп,  айлана тегерегин кууруп  турган кези.
 
Бирок ошого карабастан, «азыркы президент жыргап атат» деп деле айта албайсың. Ким болбосун бийлик башына келгенден кийин, албетте элдин жүгүн аркалап, адилет жетекчи катары тарыхта калууну көздөйт эмеспи. Андыктан, А.Атамбаевдин “Кыргызстанды өнүктүрөм, өстүрөм”,- деп аракеттенип жатканынан шектене албайсың. Керек болсо, ага өтө оор эле болуп жатат, десек да болот. Айлана-тегерегиндеги, командасындагы кызматкерлердин көбү ууру-кески болуп, кимге ишенээрин, кантип мамлекетти өнүктүрүү жолуна алып чыгаарын биле албай катуу кыйналууда.
 
Айрым саясатчылар айтып жаткандай, “экономика менен ишим жок, кимди өкмөт кылаарын парламент өзү билсин, өзү башкарсын, мен конституциялык укуктарымдын чегинде гана иш алып барам”,- деп, “кумга башын сайып”, сыйлык таратып коюп жатып да ала албайт. Эрки жок, айдама, сатылма депутаттардын топтору «демократиянын нормаларын туу тутуп, казынаны талап-тонобой, мамлекетти өнүгүү жолуна салат» деген кепилдик жок. Бийлигин сактап калуу үчүн, кийинки шайлоонун камын жеген партиялар, мандаттарга ээ болуу үчүн сарптаган акчаларын кайтаруу, капчыгын толтуруу аракеттерине берилип алган депутаттар, министрлер экономиканы эңшерип салса эмне болот? Ким жооп берет анда? Мындай жагдайда, биздин чийки коомдун менталитети боюнча үйүр башчыны гана күнөөлөй турган адаты бар калкыбыз албетте жоопкерчиликтин баарын бир кишиге, мамлекет башчысына оодара салаары шексиз.
 
Анан, минтип, тагдырдын буйругу экен Кыргыз мамлекетинин башчысы болуп калды. Эми бир эл оозуна алаарлык өзгөрүүлөрдү жасап, калктын турмушун оңолуусуна шарттарды түзүшү кажет болуп турат. Аны аткарыш кыйын болууда. Мамлекеттик чиновниктердин 90 пайызы коррупциянын сазына батып, жеке чөнтөгүнүн гана кызыкчылыгын ойлогондор болсо кантет? Айласы куруп, жаны кашайгандан кийин коррупцияга аёосуз күрөш жарыялап, коррупционер чиновниктерди коррупционер чиновниктерге каматып, жел тегирмен менен алышкан Дон Кихоттун эрдигин кайталоодо.
 
Деген менен, экс-спикер, депутат, министр, сот, прокурорлордун камалышы бир далай саясатчылардын жүрөгүнүн үшүн алып, мен-менсингендердин баарын мандраж кылууда. «Кокус үзөңгүдөн бутум тайыса булар мени соо койбойт» деген ой келгенде камоочунун өзү да мандраж боло калып жатса керек?
 
Көптөгөн жылдардан калктын канынан бери калыптанып калган: “бийликтегилердин баары коррупционерлер, алар эч качан элдин, мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүн ойлошпойт, өз чөнтөктөрүнүн, жеке кызыкчылыктарынын гана камын жешет, булардан жакшылык жок, колдон келсе баарынын көзүн курутуш керек”,- деген сыяктуу ишеним менен жашаган элибиз жанданып, табасы канып, “дагы камасын, баарын камасын”,- деп А.Атамбаевди колдоого алып, президенттин рейтинги кескин жогорулап турганын да танууга болбойт.
 
Оппозициянын: “а тигини эмне камабайт, муну эмне камабайт, өзүмдүкү дегендерге тийбей жатат”,- деген сыяктуу дооматтары да КСДПнын белдүү чиновниктерине иш козголгондон кийин басаңдай түшүп, ЖКнын акыркы жыйындары дымып эле калды. Президент болсо, “эмне, кезекке тизип кама деп аралашышым керекпи (?), колго түшкөнүнө жараша камала берсин”,- дегендей позицияны карманып, ЖМКларга айткан акыркы сөзүндө “эч кимге айоо болбойт”,- деген сөзүн дагы бир ирет тастыктап, “Жантөрө Жолдошев менен Тайырбек Сарпашев туураалу айыптоолор далилденсе алар да камалат”,- дегенсиди.
 
Коррупцияга каршы камакка алууларды колдогондордун аркасында президенттин аброю бир жагынан көтөрүлүп жатса, жер-жерлердеги нааразычылыктардын айынан бир жагынан кадыры түшүп жатканын да байкабай койууга болбойт. Баягы, «күндө туусам күндө жок, күндө жылаан жеп койот» дегендегидей болуп, президент топтогон рейтингди, анын өзүнүн жер-жерлердеги өкүлдөрү жеп коюп жатат. Буга бир жагынан ылгабай кадрларды колдоно берген өзү, ошондой эле ылгай турган кадрларга болгон чукактык күнөөлүү.
 
Мисалы, «катын Бугу» деп китепке жаздырып, көлдүн элине жек көрүндү болуп калган Э.Каптагаевди Ысык-Көлгө алып баргандан эмне тапты? “Эмне кылсам да эптеп кресломду сактап калайын”,- деп далбастаган Каптагаев криминалды жалдап, жергиликтүү элди коркутуп, сабатып жатып маселени абдан курчутуп, натыйжасында эл А.Атамбаевди жек көрүп калганга чейин жеткизди. Же эмне президент “криминалды алпарып элди сабат”,- дептирби?  Каптагаев болбогондо Саруудагы абал да азыркы деңгээлге жетмек эмес. Керек болсо, көлдүктөр колдоп турчу эмес беле А.Атамбаевди. А азыр эмне болду?
 
Ошондой эле иштер жер-жердин баарында болуп жатат. “Алмаз Шаршенович Ошту бизге ишениңиз, биз баарын жайкап, Мелис Мырзакматовду жоготуп, Оштуктардын добушун алып беребиз”,- дегендердин аракети эмне болду? Түштүктүктөрдүн баары президентти адилетсиз жетекчи катары баалап, жек көрүп, бириге башташына алып келип отурат. Кечээ “Курманбек Салиевичке каршы чыккандарга өлүм”,- деп тост көтөрүп жүргөн Аалы Карашев менен, наркобарон атка конгон Сүйүн Өмүрзаков президент үчүн жүгүрүштүбү (?), же жүгүрүмүш болуштубу? Балким, «ОШ деген майталканга ээ бололу» деп, өзүлөрү үчүн жанталашкандыр? Кандай деген күндө да алардын жандалбастоосунан жергиликтүү элдин маанайы бузулуп, жогорку бийликке нааразычылык күч алып, тиги эки эргулдун үйүн өрттөйбүз деген кеп чыкты го.
 
М.Мырзакматовдун акыркы Ахматбек Келдибековду колдогондордун митингисинде чыгып сүйлөгөн сөзү анын мэрдин милдетин аткаруучулуктан бошотууга алып келди дешүүдө. Балким А.Карашев менен С.Өмүрзаковдун акыркы эки айдан бери ачыктан ачык М.Мырзакматовго «көр казып» жаткандарынан улам ал ошондой кадамга барып, жарылып сөз сүйлөөгө мажбур болгондур. “Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт”,- дегендей, буга чейин элдешкис деңгээлде каршылашып жүргөн А.Келдибеков менен М.Мырзакматовду бир лагерден чыгарып, президентке каршы кылганга жетишкен эки эргулдун эмгегин кимдер баалап баасын берээр экен? “Атамбаев алсын деп жатат”,- демиш болуп, жылма тукуруп, эки иштен бир иш кылып орто жерден Сооронбай Жээнбековду да митингичилерге талатып ийип жаткан Жантөрө Сатыбалдиев берээр бекен. “Президент ачынып калды, аянбайт, керек болсо мени да камап жибериши мүмкүн, ошондо баары бир таянаарым түштүк болот”,- деп, тымызын регионалчылардын биригүүсүнө салым кошуп, түштүктөгү Атамбаевге каршы нааразычылыкты күчөтүп жаткан серый кардинал Ж.Сатыбалдиевдин аракетин көз жаздымда калтырып, кадрдык саясаттагы алешемдиктерине көз салбаса азабы кайра өз башына тийееринде шек жок.
 
Сабыр МУКАНБЕТОВ
Булак: “Майдан.kg”