Эркелетип, АША дейбиз, “Ф.И.О...сун” кыскартып, анткени, кулакка жагымдуу угулат. Океңдер болсо көбүнчө биздин президентти “Эхо Москвы” үналгысына берген маегинде өзү айтып бергенине таянып, “Алёша” аташат. Туурасын айтканда, албетте Алмазбек Шаршенович Атамбаев – Кыргыз Республикасынын президенти.
 
Көз ачып-жумганча бул кишинин тактыда олтурганына 2 жыл, ага чейинки премьер-министрлигин кошкондо 3 жылдан ашып кетиптир. Өкмөт башчысы болуп турганын эстегиси келбейт, ошондуктан, жума башындагы маалымат жыйынын 2 жылдык ишин жыйынтыктоого арнады. А.Атамбаев адатынча бул жолкусунда да кө-өп кызыктарды элге жайды. Биз ошолордун орчундууларын саресепке салдык.
 
А.Атамбаев: КСДП бийликтин партиясы эмес, анткени көпчүлүк жетекечилер бул партиянын мүчөлөрү эмес. Ал жөн гана президенттик партия. КСДП мүчөлөрү парламентте 60ты эмес, 25 мандатты алышкан. Эгерде ЖКда КСДПнын 60 депутаты болсо, тартипти тезирээк орнотмокмун. КСДП оппозицияда 20 жыл болгон. Мен бул партияга ишенем, мени колдогон партия. Ошондой эле мен таяна турган башка партиялар да пайда болушу мүмкүн. Мен буга ишенем.
“Майдан.kg”: “Эмне эле жалаң көпөстөр, магнаттар, завод-фабрикаларды итбекер баага алган КСДПнын мүчөлөрүнө коррупцияга каршы күрөштүн эпкини тийбей жатат”,- десек, бул суроонун жандырмагы ушул жакта турбайбы. Көрсө, КСДП президенттик партия турбайбы. Кечириңиз, билбей калыппыз, жөн эле асыла берген турбайбызбы. Өзүңүз баш болуп чаң жугузбай мактап жатсаңыз, прокуратура тем более бир жерин кысат да. А сизди дагы башка партиялар колдоп чыкса, анда коррупцияга каршы күрөшкө жаназа окуйбуз. Себеби, сизди колдогон партиялардын мүчөлөрүнө прокуратуранын күчү жетмек беле. Мына, Ф.Куловдун деле кылмшыш ишин дароо жаап салганыңызды өзү айтып мактанып жүрбөйбү.
 
А.Атамбаев: Көч бара-бара түзөлөт. Мен ишенем, өлкөбүз оңолот. Мамлекетте атмосфера оңолот. Менин милдетим ошол. Адамдар өзгөрөт, артка эч ким кайтпайт. Биздин өлкөнүн жаркын келечеги бар. Мага ишенип койгула, мен өмүр бою, Кудайга жана жакшы нерсеге ишенип жашап келем. Кудай буюрса, береке берип жатат. Кудай эркелеткен элбиз. Баары жакшы болот.
“Майдан.kg”: Президенттин жашоосу жакшы. Ошондуктан да, саясатчылардын бири айтмакчы, алар түстүү көз айнек тагып алышат. Андай көз айнектен албетте, баары жыргалда жашап жаткандай туюлат. Көз айнекти чечиңиз, Алмазбек Шаршенович! Мамлекеттик резиденция менен Ак үйдөгү жашоо башка, а элдики таптакыр бөлөк.
 
А.Атамбаев Орусиядагы мигранттарыбыз жөнүндө: Жок жегенде ошол аймактын тилин чала-була үйрөнүп, мыйзамдарын билип алып барышса. Орусияда иштөө - курорт эмес. Орусия эмгек мигранттарга көзүн жумуп коюп жатат. Болбосо жарымын айдап жиберишмек эчак эле. Башка жерде султан болгуча, өз жериңде ултан бол деген кеп бар. Анан жакындарын да кыйнап, өздөрү да кыйналбай өз мекенибизде эле бай болсо болот.
“Майдан.kg”: Ооба, Орусияда иштөө курорт эмес. Боордош мамлекеттин тийешелүү кызматтарынан канча кагып-силкүүлөргө дуушар болушса да иштеп жүрүшөт. Депортация кылышса да кайра барып алышат. Биздин мигранттардын абалы эмнеге оор? Анткени, аларды биздин президент коргоого албайт, өзү “жарымын айдап жиберишмек”,- деп олтурса, тийешелүү федералдык кызматтар карап олтурбайт да. Бул президенттин сөзү эмес. Миллионго жакын эл Орусияда аргасыздан иштеп жүрөт. Себеби, өз өлкөсүндө жумуш жок. Президентибиз жакшы иштесе, өкмөт түнү бою уктабай шарт түзүп берсе, алардын да өз мекенинде иштөөгө эки көзү төрт. Аргасыздан гана тентип жүрүшөт да байкуш туугандарыбыз. Дал ошондуктан, Сиз да курулай популизмди коюңуз, урматтуу президент! Жөн эле элге күйгөн адам болбой, реалдуу шарт түзүп койсоңуз, чакырбасаңыз деле ушул жерге келишмек. Сиз колдонгон макалды алар сизден да жакшы билишет. Бир эле сиз патриот, а миллиондогон мигранттар патриот эмес бекен?! Керек болсо, элди ошолор багып жатат, экономиканы да өстүргөн ошолор. Сиздин өкмөт элге эмне жакшылык кылыптыр? Мына ошол мигранттардын эсебинен айыл элинин турмушу жакшырып жатат. Курулуштар болуп атат. Демек, биз аларга сый-урмат менен мамиле кылышыбыз керек, оозго келгенди оттой бербей!
 
А.Атамбаев: Кимдир бирөөлөр менен диалогго чыккыдай менин убактым жок. Жөн эле курулай сөздөргө убакыт жок, иштеш керек. Эл көчөлөргө чыккан эски мезгилдерди унутушу керек. Парламентте толтура оппозиция, мындай диалог парламентте жүрөт. Мен ким менен диалогго чыгайын? Мотуев мененби, Акун же Бекназаров мененби? Алардын максаттары башка, мен болсо иштешим керек.
“Майдан.kg”: Парламентте каяктагы оппозицияны айтып жатасыз? Жалгыз Ж.Жолдошевадан башка ким калды ал жакта? К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытовдун мандаттарын тартып алдыңар. К.Осмоновго иш козгоп, оорукчан кылып, ал чет мамлекетте дарыланганга аргасыз. А.Келдибековго жасалма иш токуп, аны да камадыңар! Н.Түлеевдин иши да саясий буйрутма, ал байкуш премьер-министрликке талапкер боло коём деп, түрмөдө чирий турган болду, дагы жакшы атасына топурак салганга уруксат бердиңер. Булардын баары кайсы партиянын өкүлдөрү? “Ата-Журттун”. Жалгыз оппозициялык фракция болчу, болушунча “зордуктадыңар”. Аталган фракциянын калгандарын болсо башпрокурор сөөмөй кезеп, тили чыкса камаарын кыйытып, коркутуп олтурат. Башка фракциялар болсо эч качан сизге каршы чыккан эмес! Оппозициянын катарында парламентте эркин депутаттар Р.Жээнбеков менен Ө.Абдырахманов бар. Алардын бири Р.Жээнбековду каралап, камаоого даярданып жатасыңар! Бул депутат туура айтат: “Атамбаев президент да, премьер-министр да, парламенттин төрагасы да”,- деп. Бүт бийлик колуңузда турганда албетте, Бекназаров сыяктуу саясатчыларды тоготуп койбойсуз. Он миңдеген адамдар митингге чыкса, талаптарын уккандын ордуна шылдыңдап, бандит, террорчу атайсыз. Ачыгын айтуу зарыл – бул жол жакшылыкка алып келбейт. Акаев, Бакиев баскан тырмоочту сиз да басып жатасыз. Алардын кейпин кийгиңиз келбесе, бул жолдон кайтыңыз, Алмазбек Шаршенович! Бийлигин бекем, өтө күчтүү эсептеп олтурган Акаев да, Бакиевдин да элге күчү жеткен эмес...
 
А.Атамбаев: Менин өмүр бою эле бийликте отурайын деген оюм жок, мен үчүн бул жетишээрлик оор жумуш. Мен жана менин балдарым, неберелерим кийин уялбагыдай болуп, мен азыркы президенттик кызматымда татыктуу иштегим келет. Көпчүлүгү бийликтин күчү адамдардын ишениминде экенин унутуп калышат. Эгерде ишеничтен кетишсе, анда автомат менен дагы бийликти кармап калууга болбойт.
“Майдан.kg”: Сиз ойлойт окшойсуз, “дагы эле эл мени колдойт”,- деп. А сиз муну каяктан билесиз? Бир жолу кошоматчылардан алыстап, карапайым адамдардын арасына барып көрдүңүзбү? Тегерегиңизди угуп гана жыйынтык чыгарып, катуу жаңылышасыз. Сиз ишенген Абдил, Даниярлар мурунку режимдерде да ушундай кошоматчы болушкан, аягы аңга түртүп ийишип, өздөрү суудан кургак чыккан. Аларды уксаңыз, адашасыз. А чындык ушул – бүгүнкү бийликке карата элдин ишеничи кетип баратат. Мурда президентти эч нерсеге аралашпаган арбитр катары санашса, азыр баарын былгыткан дал ушул ажо экенин айткандар көбөйдү. “Кетсин”,- деген сөздөр чыга баштады. Бул жаман илдет. Ошондуктан, элди да ойлоп жүрүш керек. Болбосо, өзүңүз айткандай, автомат менен да бул бийлигиңизди коргоп кала албай каласыз.
 
А.Атамбаев: Апрель окуялары боюнча айрым адвокаттар ишти атайын создуктуруп жатышат. Бул сот процесси аягына чыгат, анткени мындай иштер кечирилбейт.
“Майдан.kg”: Таң калыштуу. Ташиевге же Түлеевге келгенде соттук процесстер чагылгандай тездик менен аягына чыгат да, ушул апрель сотуна келгенде, үч жылдап соузулуп, бүтпөй калат. Оппозиционерлерди соттоого келгенде Данияр Ильичи баш болуп, сотторду тейлеген Индира Жолдубаева төш болуп, Жогорку сот төрайымы Феруза Жамашева жанын аябастан чуркашат. Ушунчалык кыйын экен, эмнеге ушулар апрель сотун аягына чыгаруунун үстүндө иштешпейт? Же мунун себеби азыркы бийликтин билинбеген былыктарынын чыгып калышынан чочулообу? Кайсы бир корпорацияны мисалга келтирип, 17 жыл соттук териштирүү болуп жактанын мисал келтирет Атамбаев. Демек, Ажо үчүн апрель соту кайдагы корпорациянын териштирүүсүндөй эле турбайбы. А апрелде эл кырылып кеткенинен кабары жокпу? 90го жакын эр-азаматтын өлүмүнө ким жооп берет? Эми түшүндүк эмнеге сот кечеңдеп жатканын. Бийлик кызыкдар болбогондон кийин, үмүт этпей эле коёлу.
 
А.Атамбаев: Эгерде айтылып жаткан, коюлуп жаткан айыптар далилденсе, албетте жоопкерчиликке бардыгы тартылат. Кыргызстанда коррупция жасап, жаза албай калган киши болбойт. Керек болсо менден баштап жазасын алышат. Эгерде Ж.Сатыбалдиевдин Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясындагы иши боюнча күнөөлөрү далилденсе, ага да чара көрүлөт.
“Майдан.kg”: Оңдоп айтканда, Кыргызстанда камалыш үчүн коррупционер болуштун деле кажети жок. Кылмыш ишин козгоого бир гана себеп түрткү боло алат – сөзсүз оппозиционер болушуң керек. Миң жеп-ичсең да, башкысы бийликке килем болуп төшөлүп турсаң, сага эч ким көңүл бурбайт. Ж.Сатыбалдиев, Т.Сарпашев эч качан камалбайт, бийликтин сүймөнчүктүү балдарына ким тийишсин!
 
А.Атамбаев: Экс-депутат Камчыбек Ташиев камалып, соттолуп чыкты. Бул ага белек эмес да, жетиштүү деңгээлде оор жаза алды. Жалал-Абадда болсо Ташиевдин обладминистрацияга кирип барган жактоочулары 3 жылга шарттуу соттолушту. Булардан тышканы Саруу айылында тополоң уюштургандар камакта олтурушат. Акыркы жолу Ошто да аракеттер болуп, таш ыргыткандарга карата кылмыш иши козголду. Мындан кийин да аракеттер болот, бирок, түрмөлөрдө жана СИЗОдо бош орундар бар.
“Майдан.kg”: Ташиев азыркы ажонун тамагына тыгылган кылкан болуп калды окшойт. Ага асылбаса, Атамбаевдин бир да маегинен көркү чыкпайт. Ажо катары ал Кыргызстанда өзүнө реалдуу түрдө ким каршылаш боло аларын мыкты билет. Ошон үчүн өчү бардай өзүн соттотту, андан кийин жактоочуларын соттоого барды. Ал да аз дедиби, Ташиевдин ишин калыс карап, акыйкат чечим чыгарган Бишкек шаардык сотунун эки судьясын да кызматтан алды. Сарууну, Ошту айтып атат. Логикалык жактан алып караганда, кайсы жерде, ким бийликке каршы чыкса, ажо аларды камоого даяр экен. Бирок, түрмө менен элди коркута албастыгын тарых далилдебеди беле. Бакиевдин учурунда өзүн да камаганы барганда бүжүрөп, “Азаттыкка, Оторбаевге айткыла, мени куткарып алсын”,- деп ыйлаганын унуттубу? Саясий куугунтук эч качан жакшы жыйынтыкка алып келбейт.
 
Булак: “Майдан.kg”, №46, 18-декабрь, 2013-ж.