Алардын жарымына коррупция боюнча иш козгоп, камаса болот...
 
Дүйшөмбү күнү президент Атамбаев жаңы жыл алдындагы маалымат жыйынын өткөрдү. Бул жолу дагы президент өз оозунан жаңылды. Ал айтты: “Бир партияда Бакиевдин куйруктары менен коррупционерлер топтолгон, ал эми дагы бир партияда 20 жыл бою оппозицияда бийлик менен күрөшкөндөр топтолгон” деп. Бир партия дегени түшүнүктүү. Анысы “Ата-Журт” партиясы. Ал эми “дагы бир партияда” дегени өзүнүн КСДПсы.
 
Эми 20 жыл бою оппозицияда жүргөндөр топтолгон КСДПнын парламенттик фракциясынын курамын карап көрөлү. А дегенде эле Чыныбай Турсунбековдон баштайлы. Бул кишинин Акаев, Бакиев бийлигине каршы күрөшкөнүн эч ким деле көрбөптүр. Ал эми ыраматылык Мелис Эшимкановдун айтымында, “Асаба” гезити төлөй турган чыгымды Турдакун Усубалиевге төлөп берип, Акаев бийлигине жагымпоздонуп чуркап, кийин “Асабаны” бийликке кызмат кылдырам деп, анысы “мал” болбой калган жайы бар. Ал эми “Кыргызтудей” сайтынын жазганына караганда, 2009-жылы Нарында “Бакиевди колдоп койгула” деп ун тараткан. Анысын тастыктап берчүлөр арбын. А түгүл 2009-жылы Нарындагы Бакиевдин жолугушуусунда Накен Касиев, Аскар Салымбеков, Кемелбек Ашыралиевдер болушуп президиумда отурганын тастыктаган фото да бар. Ошондой эле өзүнүн “Азаттыктагы” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүндө Бакиевдин “Ынтымак курултайында” биринчи эмес, экинчи катарда отурганын айтканы тасмада жазылып турат. Танып кетсе тасманы көтөрүп чыгабыз.
 
Ушул эле фракцияда Мамат Орозбаев деген бар. 2005-жылы Өзгөн шайлоо округунан Жогорку Кеңешке ат салышып, Акаевдердин жардамы менен “Алга, Кыргызстан!” партиясы аркылуу депутат болгону калганда төңкөрүш болуп кетип, Мадумаровго утулганга аргасыз болгон. Андан кийин деле Орозбаевдин оппозиционер болуп, жок дегенде Атамбаевдин жанында илгери бир да жолу сүрөткө түшкөнүн көрбөптүрбүз. Бакиев бийлигинин тушунда дымын чыгарбай чээнде жаткан.
 
Эми эки күндүн биринде кыргызга акыл үйрөтүп кыйынсынган Галина Скрипкина деген айым Аскар Акаевдин адвокаты болуп жүргөнүн бүт Кыргызстан билет. Ал эми Акаев маалында бары-жогу белгисиз болучу. Бүгүн болсо ажосуна жагалданып журналисттерди кылмыш жоопкерчилигине тарта албай убара.
 
Ушул эле фракцияда Бахтияр Кадыров деген депутат бар. Бул киши өзү жакшы адам. Бирок, Бакиев маалында Бишкек шаарындагы 29-мектептин директору  болуп, “Ак жол” партиясы аркылуу Бишкек шаар кеңешине депутат болгонун балким Атамбаев билбейт чыгар, бирок эл унуткан жок да.
 
Ал эми кайсы бийлик келсе да ээрден түшпөгөн Салымбековдордун агасы Маамытбай Салымбеков Бакиев маалында жок дегенде бир жолу трибунадан “бакылдап” койгонун укпаптырбыз.
 
Данияр Тербишалиевдин мурда кайда жүргөнүн эч ким деле билбейт экен. Ошентсе дагы эпчилдигинин айынан 2010-жылдын 7-апрелинде “Элдик кошуун” дегенди уюштура коюп, бийликке жагып калган экен, азыр кыргызга акыл айтып, ажосуна кошомат кылгандан башка иш жасаганын көрө элекпиз.
 
Мындан тышкары Акылбек Султанов, Замирбек Алымбеков, Гүлнара Жамгырчиева, Турсунтай Салимов, Алла Измалкова Төрөбай Зулпукаров, Ыргал Кадыралиева, Заирбек Жоошбеков, Токтогул Туманов дегендерди Акаев, Бакиев заманында “бир ууч” оппозициянын катарынан эзели көрбөптүрбүз. Анан биздин ажо кайсы оппозиционерлери менен мактанып жатат? Эгерде жападан жалгыз Исмаил Исаков менен мактанса, анда сөзү жүйөөлүү болмок. Бирок бу киши деле ал жерде “чоочун” катары кабылданып калганы айтылып жүрөт.
 
Эгерде “арты таза эмес” деген жүйөө менен камакка алууга негиз бар болсо, анда КСДПдан дагы бир канча депутат камакка алынып, дагы бир нечесине кылмыш ишин козгоого негиз бар. Жогорудагы тизмедеги бир катар депутаттарга “салыкты жашырган”, “кызмат абалынан кыянат пайдаланган” деген беренелер боюнча четинен иш козгой берсе болот, Дамира Ниязалиеваны баш кылып.
 
Президент Атамбаев өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев эгерде Ош-Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысы болуп тургандагы ишмердигин текшерүүдө акча жегендиги аныкталса, ал жоопко тартылаарын айтты. Эгер ажо дагы калп айтпаган болсо, анда ушу таптан эле Сатыбалдиевдин эки колуна кишен салдыра берсе болот. Себеби, Эсеп палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча 54 миллион сом максатсыз жумшалып, кайра ордуна коюлганы айтылган. Демек, 54 миллион сом каражат убактылуу болсо да уурдалган. Ал эми Жантөрө Сатыбалдиевдин Бишкек-Ош жолун куруу маалында КРнын транспорт жана байланыш министри болуп тургандагы былык иштерин иликтесе, азыр деле бир топ нерсе чууруп чыгат. Ошол учурда Бишкек-Ош жолу боюнча мамлекеттик дирекцияны жетектеген Нурлан Сулайманов чет жакта качып жүргөнү да бекеринен эмес.
 
Мунун баары бизге чет-бучкагы белгилүү болгон маалыматтар. Ал эми бизге белгисиз, далилденбей калган канча коррупциялык иштер бар. Анан жалгыз Ахматбек Келдибековду камап, “баланча мүлкү бар экен, түкүнчө машинеси бар экен” деп жок калпты жобурап КТРК аркылуу кара пиар менен алектенгенден көрө мамлекеттеги коррупциялык схемаларды бузуш керек эле. Андай кылганга болбойт. Себеби, булар да ошол системалар аркылуу байып алыш үчүн бийликке келишкен. Май-талкандын баарын бузуп салышса ачка калышпайбы. Так что, болбо-ойт...
 
Адилет Айтикеев
Булак: “Майдан.kg”, №46, 18-декабрь, 2013-ж.