Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 19412
Биздин кыргыз саясатына кокустан келген сабатсыз, көчө адамдары көбөйүп кетип, саясаттын өзөгү болгон "демократия" түшүнүгүн бир тарап карап келүүдө. Алар бир эле "демократия" бар деген түркөй абалда элди адаштырып сүйлөшөт. Чыныгы турмушта "демократиянын" типтери, түрлөрү көп. "Демократия" гректин "демос", "кратос" деген сөзү, бизче которгондо "элдик бийлик" болуп которулат. Бирок, саясий турмушта "демократия" сөзүнүн мааниси таптык же мамлекеттик кызыкчылыкка карап бурмаланып, натыйжада "демократиянын" бузулган, бурмаланган көптөгөн түрлөрү: "советтик демократия", "батыштык демократия", "буржуазиялык демократия", "аскердик демократия", "либералдык демократия", "локалдык демократия" ж.б. келип чыкты.
 
Ошентип, алгачкы таза "элдик демократия" түшүнүгү саясатта бурмаланып өзүнүн алгачкы табиятын, тарыхый баалуулук, чыныгы элдүүлүк маңызын жоготту. Учурда масондук "Дүйнөлүк Мафия" кара ниеттик менен жер жүзүнө өз үстөмдүгүн орнотууда автономдуу, суверендүү, эркин, өз алдынча түзүмдөгү салттуу улуттук өлкөлөрдү, эркин мамлекеттерди бузуп, көз каранды кылууда "жеке адамдын укукту" баарынан эң жогору коюучу, өлкөлөр коопсуздук иммунитетин, салттуу баалуулуктарын талкалоочу "либералдык демократия" деген экспансиялык политтехнологияны ойлоп таап, каржылоо менен жайылтып келүүдө. Алардын бул бузуку "либералдык демократия" саясатына алданып, аны өз Конституциясына башкы саясат катары кийирген мамлекеттер бул бузуку "анархиялык" жолдо улам-улам өз өлкөсүн өзү тымызын талкалап, кыйроого барууда. Анткени бул "либералдык демократия" аркылуу ал өлкөдө "бир жеке адамдын, жеке жарандын укугу" коомдогу тарыхый салттуу башкы иммундук баалуулуктардан: "өлкө", "мамлекет", "эл", "улут", "жамаат", "үй-бүлө", "ата-эне" укуктарынан да жогору, бийик коюлуп, алардын баа-баркын, нарк-баасын тепсеп бузуу менен коомдук аң-сезимди маңкуртташтыруучу "башкы, ички саясатка" айланып калууда. Ошондуктан, масондук "Дүйнөлүк Мафия" мындай экспансиялык бузуку "либералдык демократия" политтехнологияны өзүнө көз каранды кылууну каалаган, көздөгөн мамлекеттердин Конституциясына каржылап сунушташып, кабыл алдырып келүүдө. "Бекер кепин болсо өлмөк бар!" деген кайдыгер, "гои" (кой сымал элдер) "алардын долларына" азгырылып, эл-жерин саткан саясий жетекчилери алардын саясатына "сыйынып", экспансиялык кызматын аркалап калууда. "Дүйнөлүк Мафиянын" мындай экспансиялык "либералдык демократия" делген бузуку саясатынан сактануу үчүн Англия менен Израиль өзү мамлекеттерин Конституциясы жок эле, тарыхый укуктук салттуу негизде түзүүгө жетишкен. АКШ бул бузуку "либералдык демократияны" башка сырткы өлкөлөргө экспансиялык саясат катары гана колдонуп, андагы экспансияны үгүт, үлгү (модель) катары көрсөтүү үчүн гана өз федералдык Конституциясына кийирген. Ал эми өз ички саясатын жүргүзүүчү 50 ички штатында, штаттык Конституцияларында болсо салттуу тарыхый иммунитети күчтүү болгон "локалдык демократия" үлгүсүн (моделин) кабыл алышкан. Штаттык Конституциялар "жеке адам, жеке жаран укугун" "штаттык", "элдик", "үй-бүлөлүк" укуктардан жогору койбойт. Айрым штаттар өз коопсуздугун сактоо үчүн "өздүк жарандык паспортторун" чыгарса, айрымдары мамлекеттик жетекчи кызматтардын "саткындык, чыккынчылык кылмыштары үчүн атууга өкүм" жоопкерчилигин мыйзамдаштырган. Бизде да алардан биротоло үлгү алып, биздеги саналуу жооптуу жогорку кызматтар үчүн б.а. "Президенттик, Премьер министрлик, министрлик, Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөгө, элге, жерге чыккынчылык кылганы үчүн атууга өкүм кылуу мыйзамын, механизмин" иштеп чыксак жакшы болмок. Бул иш-чара бизге зарыл болуп калды, Элдик Конституцияны да сатып, ордуна "Либералдык Конституция" кабыл алып жатабыз, ал аркылуу бүт өлкөнү сатууга жол ачылды. Ошондо биздеги бул чексиз укуктуу жогорку саясий кызматтардын жоопкерчилик жагы күчөп, тең салмактуу абалга келип, татыктуу, таза адамдар гана бул кызматтарга батынаар эле. Антпесе, биздин өлкөдө бул өтө пайдалуу, укмуш укуктуу кызматтарда жоопкерчилик жок болгондуктан, уурдаган коррупционерлер кайрадан чоң жогорку кызматка көтөрүлүп, өсүп жаткандыктан, бул "сыйкырдуу саясий бизнести" өз көзү менен көргөн кыргыздын баары эле, баласынан чалына чейин эле президент, министр, депутат болууну эңсеп, уктабай калышты. Дагы бир нерсе, АКШда мамлекет "светтик" аталып, динден бөлүнбөй эле руханий коопсуздук "рецепти" катары мамлекеттик мектептерде дин сабактары окутулат. АКШда "Элдик Курултай" менен башкаруу бар десек болот, бул элдик институт аларда "Шайлоочулар Коллегиясы" деп аталып, саны 558 делегаттан турат. Алар жалпы эл тараптан шайланып келишип, кайра АКШнын Президенттин шайлашат. Ошондой эле 50 штаттын ар биринде "Элдик Курултай" сыяктуу эле "Элдик Сенат" шайланып, алар штаттык Конституцияларды, социалдык мыйзамдарды, элдик салттык турмуш кодекстерин ыратташтырып, укуктук-системанын элдик базасын негиздешет. Ошондуктан, Президентке "Элдик Сенаттар" гана импичмент жарыялап, АКШнын ички саясаты, ички элдик демократиясы боюнча штаттык бийликтин туткасы – жалпы эл болуп эсептелет. АКШда штаттык, мамлекеттик, элдик, салттык, үй-бүлөлүк мындай баалуулуктарды, ички коопсуздукту кепилдөө максатта, аны мыйзамдуу коргоо үчүн 49 штатта кош палаталуу парламент бар. "Либералдык демократия" тууралуу АКШнын экс-госсекратары Кондолиза Райс да ички сырын ачык билдирип: "АКШ — бул кош демократиялуу (саясаттуу) мамлекет, анын сырткы демократиясы башка, ички демократиясы башка”-, деп билдирген. 1991-жылы ошол "Дүйнөлүк Мафиянын" кара ниет тапшырмасы боюнча АКШнын президенти Р.Рейган, Англия Премьер Министри М.Тетчер СССРге "либералдык демократияны" М.Горбачёвду алдап, сатып алып, кабыл алдырып, бул экспансиялык бузуку саясат аркылуу союзду кыйратып, жок кылды. Ал эми 1993-жылы А.Акаев Израилге барып келип, жөөт кеңешчиси Левитин аркылуу каржыланып сунушталган ошол эле экспансиялык бузуку "либералдык демократияны" бизде мамлекеттик Конституция катары кабыл алып, анын 43 статьясында "жеке адам укугун" ички башкы саясат кылып киргизип салган болчу. Бул 1993-жылкы сырттан келген Конституциянын бузуку "либералдык демократиясы" Кыргыз Республикасынын ички башкы саясаты катары, коомду, элди, экономиканы, чарбаны бузуп, 2005-жылкы башаламан төңкөрүштү, кыйроону шарттады. Бул экспансиялык "либералдык демократия" бузуку саясатты президент К.Бакиев 2007-жылы кайра эле Конституцияга кийирүү менен 2010-жылкы 7-апрелдеги төңкөрүштү, кыйроону шарттады. Биздин Эл "либералдык демократия" делген анархиялык бузуку саясатты, ээнбаш саясий түзүмдү каалабай, эки жолу анын бийлик режимин талкалады. Бирок бул бузуку саясаттын апаатын сезбеген, маңкурт болуп түшүнбөгөн, кайдыгер биздин жетекчилер 2010-жылы Ө.Текебаев аркылуу "Дүйнөлүк Мафия" эксперттери даярдаган, экспансиялык "либералдык демократияга" негизденген Конституцияны элди алдап референдум менен дагы 3-ирет кабыл алдырышты.
 
Сырткы душмандардын биздеги "либералдык демократияны" ишенимдүү түрдө экспансиялык саясат катары колдонушкан себеби бар. Анткени илимде аныкталган, ачыкталган так чындык боюнча деле "либералдык демократия" деп аталган бул аты бурмаланган саясат ички өз маңызы болгон 4 принциби боюнча илимдеги "жекелик анархизмдин" так өзү болуп саналат, ал анархиялык принциптер төмөнкүлөр:
 
1. Жеке адамдык укук-эркиндиги толук берилет.
 
2. Жеке адамга сөз эркиндиги толук берилет.
 
3. Жеке адамдын укук-эркиндиги мамлекет тараптан кепилденет, чектелбейт.
 
4. Жеке адам укук-эркиндиги улуттук, элдик, диндик салттуу чектөөдөн эркин болот.
 
Демек, бул жерде Улуу саясатчы В.И. Ленин көсөмдүк жана көрөгөчтүк менен айткан: "Саясатчылар менен мамлекеттер ар бир “термин, "түшүнүк" артында турган тигил же бул таптын, тараптын (мамлекеттин) алдамай кызыкчылыгын көрө билбесе, анда алар саясый алдамчылыктын аңкоо курмандыгы боло берет”- деген эле көрүнүш болууда.
 
Ошондуктан, Кыргызстандагы "либералдык демократия" — бул илимдеги "жекелик анархизм" саясатынын нак гана өзү болгондуктан, биздин өлкөдө 20 жылдан бери анархиялык баш-аламандык өкүм сүрүп: бүтпөгөн митинг, ызы-чуу, бийлик талаш, зөөкүрлүк, уурулук, кылмыш, коррупция, партия (мафия), секта, аракечтик, сойкулук, баңгилик, бачабоздук, рекеттик, адам сатуу, ажырашуу, жетим калуу, майып туулуу, партада төрөө — сыяктуу коомдук, улуттук деградация, бийликте: жер сатуу, кен сатуу, крим. дүйнөгө баш ийүү, пара менен кызмат сатуу, арам акча менен депутат, министр болуу ж.б. ээнбаш жапайылык коомдук турмуш мыйзамына айланды. Ал эми биздин эптеп шайланып алган мамлекет башчылар, депутаттар мындай 20 жылдык тарыхый деградациялык бузулууну, бузуку "либералдык демократия” (анархия) кесепеттеринен болгон бузулуулар, кыйратуулар экенин көрбөй, тескерисинче "Дүйнөлүк Мафия" өкүлдөрүнө, элге, эл аралык уюмдарга биз "сиздердин демократия" менен өнүгүп жатабыз!”- деп отчет берип, мактанып, элин алдап, ооз көптүрүп келүүдө. Ушул бузуку "жапайы демократиянын" либералдык принциптерине таянган мамлекеттик бийлик бузуку "анархиялык" шайлоо өткөрүү менен кайра эле бузуку "коррупциялык" бийлик система түзүп, түптөп, бүтпөгөн убаракерчилик жолдо келе жатат.
 
1. Кыргызстанды 23 жылдан бери бузуп жаткан "либералдык демократия" деп кооз аталган политтехнология илимий чындыкта "жекелик анархия" экенине айрым илимий далилдерди келтирип кетели:
 
1) Улуу орус философу Н.А.Бердяев: "батыштык либерализм, "либералдык демократия”–бул "жеке адамдык укук-эркиндик" деген жагымдуу сөз менен кооздолгон "абсолюттук ээнбаштык", "анархизм", — деген;
 
2) Германиялык "Хоэнхайма" университетинин профессору Гюнтер Розмозер:“либерализм – бул өлкөнүн, коомдун, улуттун, элдин тарыхый маданий дөөлөтүн, баалуулуктарын "консерватизм" менен бирге биротоло талкалап жок кылуучу курал болуп саналат", — деген;
 
3) АКШнын профессору Лоуренс Дж.Херсон "Кошмо штаттын идеологиясы" деген эмгегинде: "либералдар ою боюнча мамлекет жарандарына эч кийлигишпейт, жарандары кааласа: банги, аракеч, сойку, бачабоз, паракор, коррупционер ж.б. болуусу керек", — дейт.
 
4) К. Маркс, Ф. Энгельс: "Мамлекеттин "жеке адам укук-эркиндигин”- либералдык демократия саясатты кабыл алуусу –бул мамлекеттин кул ээлөөчүлүктү кайра кабыл алуусу болот ", — деген;
 
5) Аврам Линкольн "либералдык демократия" боюнча: "Карышкыр менен козуга берилген бирдей эркиндик, козунун өлүмү менен бүтөт", — деп таамай айткан;
 
6) Томас Джефферсон: "демократия – бул аптеканын дарысындай нерсе, көп ичсең ууланасың, аз ичсең айыкпайсың (ар бир өлкө өз демократиясын табуусу керек)", — деген.
 
7) Англис философу Жон Локк: "кеп мамлекеттик башкаруунун формасында эмес, кеп эл ыйгарган бийликте, ал элдин укук-эркиндигин камсыздабаса, андай бийлик лигитимсиз болот", — деген;
 
2. Кыргызстандын 23 жылдан бери "либералдык демократия" деп кооз атаган "анархиялык" бузулуу жолдо экендигине турмуштук далилдер:
 
1). АКШнын экс-мамкатчысы Кондолиза Райс бирде: АКШ ички, сырткы демократиялуу, кош саясаттуу мамлекет, "либералдык-демократия" анын дүйнөгө таасирин арттыруучу, үстөмдүгүн орнотуучу б.а. "адам укугун" жайылтуучу геосаясаты гана, ал эми ички саясаты штаттык конституциялар негизденген "локалдык демократия" болоорун билдирген.
 
2). Экс-президент К.Бакиевдин уулу Максимди колго алган Эл аралык МИСИ өзүнө мүчө болгон Дүйнөдө 87 мамлекетти башкарууга жетишти.
 
3). "Өз элдик демократиябыз бар!”- дешип: Россия, Кытай, Түркмөнстан, Өзбекстан ж.б. мамлекеттер "либералдык-демократияны", анын эл аралык институттарын өлкөлөрүнө кийирген жок, эл аралык уюмдар алардын лидерлерин "диктатор" десе да арданган жок, алданган жок, моюн сунган жок!
 
4). ПЕСАК, ФИНСАК чарба менен экономиканы талкалап бүттү, 40 жылга кыянаттык менен келген ХИПК элдин коргоосу менен гана кире албай араң кетти;
 
5). ЭВФ, ДБ, УДИ, МИСИ, ОБСЕ, ПРООН, Евросоюз, Европарламент, Англопарламент, Венециалдык комиссия Өкмөт менен Жогорку Кеңешти каалагандай калчап келүүдө, дайым Мамлекеттик Башмыйзамды, Жогорку Кеңештин Регламентин, Өкмөттүк, коомдук, диндик мыйзамдарды башында туруп жазып, жаздырып, кабыл алдырып келүүдө. Аракеттеги Конституция да Ө. Текебаевдин маалыматы боюнча 90% алардын талабы, койгон шарты боюнча жазылып, кабыл алынды.
 
6). Алар элдин кен-байлыгына кол салган бизден чыккан саткын, чыккынчы акционерлер менен бирге Кумтөрдөн эле 245 тонна таза алтынды сыртка ташып кетишти;
 
7). Мамлекеттик коррупциянын ана-башчылары болгон биздин экс- президенттер элин алдап, "миллиарддаган доллар" байлыкты уурдап качып кетишти;
 
8). Коомго "адам укук –эркиндиги" деген ээнбаштыкты окутуп, анархизмди үйрөтүп, "жеке адамдардын өз укугун" өз атасы, энеси, эли, мамлекети, улуту, жамааты, үй-бүлөсүнүн укугунан бийик коюуга үйрөттү. Алардан ээн баш "анархисттерди" даярдап, коомдук тартипти, элдик салтты, наркты бузду. Коомдогу мындай ээнбаштык айынан 10 миңден ашуун "коомдук", 2 миңден ашуун "диний" уюшмалар, 500дөн ашуун партия (мафия), "миңдеген укук коргоочулар", "масон юристер", "миссионерлер" пайда болуп, алар бузуку Эл аралык уюмдардын ээнбаш "эрке балдарына" айланды;
 
9). Алардын мында кесепеттүү "анархиялык" геосаясатынан, сунуштаган "либералдык конституциясынан", ага негизденген ээнбаш мыйзамдар, сырттан келген долбоорлор менен биздин коом улам бузулуп, деградацияланып, мамлекет, өлкө, коом, улут, эл коопсуздугу начарлап барууда:
-расмий басылмалар жазган маалыматы боюнча, "анархизмдин" кесепетинен бизде: алкаголиктер саны 100 миңден, баңгилер саны 20 миңден, сойкулар саны 30 миңден, бачабоздор саны 30 миңден, ажырашуу жылына 7 миңден, кароосуз балдар 50 миңден, адам сатуу жылына 4 миңден ашты, адеп-ахлак кетип, партада тууган кыздар жылына 2 миңге жетип, мектеп рекеттерине 500дөн иш козголуп, ата-энесин өлтүргөн, тууган баласын саткан айбанчылык, ташбоордук, жырткычтык күчөп, ал тургай өлгөн адамдардын органдарын жиликтеп, бочкаларга салып, Германияга самолёттоп саткан Кыргыз Медакадемиясы да колго түштү;
-моралдык бузулуу, коррупция, уурулук, чыккынчылык, саткындык чектен ашып, элин-жерин саткан чиновниктер чыгып, алар жаза алуу ордуна даңкталып, "ууру адам сыйга, тууру адам ыйга" кабылган бузулган принциптеги коомдук түзүм курулду;
 
Биздин турмуштагы бул болгон бузулуулардын баары жетекчилерге сабак болбоду, ойлонтподу, ойготподу, тескерисинче кадимки көнүмүш жашоого айланып, аны аңкоолук менен "демократиянын жемиши", "батыштын туура жолу" катары саясаттап, "биз оңолобуз" деген наадандык саясый ишенимде, адашкан, алданган жолдо турабыз. "Дүйнөлүк Мафиянын" мындай айлакер куу бузуку саясатын токтотуучу, Кыргызстанды сактап калуучу өздүк ички-саясатты, улуттук идеологияны, "Элдик Курултай-шайлоосу" институтун түзүү менен 23 жылдан бери бузулган коомду салттуу ыкмада тазартып, таалимдей турган "Улуттук Идеология" жүргүзүүнү кризистен, бузулуудан биротоло "айыгуунун" рецепттери катары колдонбой келүүдөбүз. Элдик: "таалими жок үйдө тартип жок, тартиби жок үйдө келечек жок!" деген сөз бешиктеги балага белгилүү болсо да, биздин жетекчилердин мээсине жетпей, жетсе да буга кайдыгер болуп жатканы өкүнүчтүү!
 

Базарбай Темишов, Футуролог (өлкө, коом, мамлекет келечеги, тагдыры боюнча адис),

Философия илимдеринин кандидаты, Дүйнөлүк илимдеринин докторанты,

"Улуттук Идеология" боюнча республикалык конкурстун 1-даражадагы дипломанты,

"Патриот" медалынын ээси