Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 8398
Туура бир жума мурда өз үйүнүн жанынан белгилүү жактоочу Икрамидин Айткулов белгисиз адамдар тарабынан токмоктолгондугу белгилүү. Экс-депутаттар К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытов, экс-министрлер Р.Сабиров, У.Ташбаев, “Мегаком” компаниясынын башкы директорунун экс-жардамчысы А.Абеков  ж.б. көптөгөн жогорку даражалуу адамдардын укугун коргоп чыккан жактоочуну кимдердин буйругу менен сабап кеткендиги аликүнчө дайын боло элек. Бирок, анын өтө чуулгандуу иштер боюнча башкаларга жакпаган позицияны тутунуп, күрөш жүргүзүп келе жаткандыгын, айрыкча Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук кызматынын катачылыктарын санап келаткандыгын эске алганда – Икрамидин Айткуловдун душмандары четтен табылат.
 
Жыл башында биздин гезитке берген маегинде Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков: “Бул бийлик дагы ашып кетсе бир жылдын ичинде бандиттик жолго түшөт”,- деген божомол оюн конкреттүү фактыларга таянып айтып берген болчу. Эл депутатынын айткандары жыл өтпөй далилин таба баштады. Журналисттер, жактоочулардын үнүн басуунун бир ыкмасы катары ушул жолду тандап алышканы көрүнүп эле турат. Бул кудум Бакиевдин жүзөгө ашырып келген схемасы. Анда бардык эле журналисттер, укук коргоочулар үйүнө бараткан жеринен башына кирпич түшүп кетишинен кооптонушуп, бийликке катуу айбат көрсөтпөй калышкан. Жанын кымбат көргөндөр чет мамлекеттерге качып кетишкен. Азыркы бийлик да ушундай жол менен журналисттердин, укук коргоочулардын, оппозициялык ишмерлердин жактоочуларын оозун жабууну, жок дегенде Кыргызстандан качыртууну ойлосо керек. Депутаттарды камагандан, жалган жалаа менен таза иштеген министриңди да жазалагандан кайра тартпаган бийлик үчүн бир Айткулов, он чакты журналист эмне болуп калсын?!
 
Айткуловду эмне үчүн токмоктошу мүмкүн? “Ата-журтчу” депутаттардын сот ишин карайлы. 3-октябрдагы окуянын арты менен бийлик “ата-журтчу” үч депутатты 9 ай камакта кармады, анан соттоп, мандатынан ажыратты. Мунун арты менен актоо чечимин чыгарган Бишкек шаардык сотунун судьяларын кызматтан алышты. Аларды коргоп чыгып, Жалал-Абадда жол тоскон, областтык администрация имаратында акыйкаттык күтүп олтурган элдин көч башында тургандарды шарттуу түрдө болсо да соттоого үлгүрүштү. Башкача айтканда, оппозициялык партия лидерлерин колдогондун баарын бийлик четинен жазалап келе жатат. Айткуловдун орду өзүнчө. Себеби, жактоочу катары Икрамидин Айткулов 3-октябрдагы окуялар боюнча кылмыш иши мыйзаммыз козголгондугун, прокуратура органдарынын мыйзам бузуулары боюнча юридика факультеттеринин студенттери үчүн “Мыйзамды кантип бузбаш керек”,- таризинде окуу китебин чыгарса да боло тургандыгын какшап келе жатат. Улуттук коопсуздук кызматынын, Башкы прокуратуранын бийликтин буйругун аткаргандыгын ачык, фактылар менен айтып чыгууга батынды. И.Айткуловду дал ушундай калыстыгы үчүн да “эскертүү” иретинде сабап кетиши мүмкүн. Азыр айтып жатышпайбы, “тоноо максатында сабалыптыр”,- деп. Буга бир дагы адам ишенбейт. Анткени, миллиондорун чөнтөгүнө салып жүргөн сүткорлор эмес, так ушул бийликтин чекесине чыйкан болгон адамдын “тонолуп” жатканы шек туудурат. 
 
Айткуловдун башка колго алган иштеринде да табышмактар көп. Маселен, жактоочунун айтымында, экс-министр Равшан Сабировдун күнөөсү далилденген эмес. Жада калса мамлекеттик айыптоочулар өлгөн адамдын далилденбеген айтууларына таянганын айтат.
 
Ушундай эле тейде “Мегаком” боюнча Алмазбек Абековдун чоң оюндун “жертвасы” болуп калгандыгын жактоочу айтып жүрөт. Мына ушулардын баарын өзүнүн юридикалык акылынан өткөзгөн үчүн да Айткулов башпрокурор Салянованын кызматтан кетишин талап кылып жатпайбы. Прокуратура органдары башында Айткулов менен мыйзам жүзүндө күрүшкөн. Алар Адилет министрлигине кайрылышып, Айткуловдун адвокаттык лицензиясын жокко чыгарууну талап кылышкан. Бирок, атайын түзүлгөн комиссия Айткулов тарапка чыккан. Бул жагынан ойлору ишке ашпай калгандыктан, эми бандиттерди салыштыбы ортого?
 
И.Айткуловдун айтымында, ага артынан кол салышкан. “Көз ачып-жумганча катуу соккудан кулап түштүм. Канча адам ургулап жатканын сезбедим, бирок, иштин көзүн билген адамдар экенин илгертпей түшүндүм. Боксчулардын кабын уруп жатышкандай иштешти. Ошентип эс-учумду жоготуп коюптурмун. Катуу оорудан ойгондум. Башымды соо жери калбаптыр. Бутум сынып, тери гана кармап туруптур”,- дейт ал. Тоноо максатында кол салышканын жактоочу кескин четке кагууда. Анткени, кол салгандар сырткы чөнтөктөрүндөгү гана акчаларды алышкан. Дагы бир топ акча каражаты бар капчыгы, автоунаанын ачкычына тийишкен эмес. Ошентсе да, Айткулов сынбай тургандыгын, сакайып чыгаары менен мамлекеттик машина менен күрөшүн улантаарын айтууда.
 
И.Айткуловдун сабалышы боюнча коомчулукта негизинен бийликти айыптаган ойлор айтылууда. Маселен, КР Акыйкатчысы Бакыт Аманбаевдин айтымында, адам укуктарын активдүү коргоп келаткан жактоочунун сабалышы мамлекеттин демократиялык имиджине шек келтирүүдө. Акыйкатчы Айткуловдун белгилүү адамдардын, анын ичинде оппозициялык ишмерлердин да укугун коргоп келгенине көңүл бурууда. Дал ошондуктан Б.Аманбаев бул ишти тергөөнү тездетүү жагын талап калды.
 
Депутат Жылдыз Жолдошева Курманбек Бакиевдин учурундагыдай күчтүү инсандарга кысым көрсөтүү болуп жаткандыгын Жогорку Кеңештин трибунасынан билдирди: “Икрамидин Айткуловдун жөн гана күчтүү адвокат эмес, Коопсуздук комитетинин күчтүү чекисттеринин бири. Эмне үчүн Бакиевдин учурундагыдай күчтүү инсандар сабалып жатат? Мунун артында ким турат?”.
 
Ал эми экс-акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымында, Кыргызстанда бөлөкчө ой жүгүрткөндөрдү куугунтуктоо башталды. “Соттордо кызыкчылыктарды коргогон белгилүү адвокатты, анын ичинде оппозиция өкүлдөрүн ур-токмоктоо — жакшы эмес тенденция. Башкача ойлонгондордун артынан түшүү мурдагы президент Курманбек Бакиевдин учурунда болгон”,- деди ал.
 
Байкаган болсоңуз, коомчулук Айткуловдун сабалышын эсил-кайран авторитардык режимдердин кайтып келүүсү катары кабыл алууда. Мындай жолдун аягы эмне менен бүтөөрүн биз бийликке эскерткенбиз, азыр да айтабыз: эртерээк акыл-эске келбесеңер, силер да Минск токойлорунда экс-президентке кошуна болуп калышыңар мүмкүн. Ошондуктан кеч боло электе ойлонгула, ойгонгула...
 
Автандил Белеков
Булак: “Майдан.kg”, №42, 20.11.2013-ж.