Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 6031
Урматтуу замандаш, биз бүгүн илимий технология күчтүү өнүккөн доордо жашап жатабыз. Айрым  өлкөлөр космоско, алыскы планеталарга жасалма спутник учуруп, ал аркылуу табият сырларын ачып, келечекке пайдалануу камын көрүүдө. Жасалма спутник  “компьютердик программалуу  автоматтык станциясы” аркылуу  адамсыз  эле башка планетага жайгашып, өзүнө тагылган милдеттерди так аткарып калууда. Ушуга эле окшош  ыкмада  “автоматташкан политтехнологиялык программа” аркылуу  жер жүзүндө бузуку геосаясий оюндарды жүргүзгөн айлакер, кара ниет күчтөр пайда болду. Алар мамлекеттик түзүмдү өз өлкөсүнө каршы коюп, өз коомун, өз элин өзү бузуп, өзү жок кылуучу саясий механизмге, саясий системага айландыруучу  “политтехнологиялык программа” даярдап, аны мамлекетке “Конституция” долбоор  катары  каржылоо менен экспорттоп, сунуштайт.
 
Мисалы Америкадагы 350 жылдык тарыхы бар “Дүйнөлүк мафия” (ДМ)  мындай экспансиялык “политтехнологияны”  колдонуу менен жер бетинде жүздөн ашуун өлкөнүн  тарыхый салттуу коргонуу табиятын бузуп,  мамлекеттик түзүм системасын алсыратып, көз каранды кылып, ал аркылуу өлкөсүн, коомун тымызын башкарып алууга жетишти.  ДМнын  заказы боюнча  мындай  “экспансиялык политтехнологияны” футурологиялык “Рим клубу” (конкурстук негизде тандалган 100 футурологдору)  менен  АКШнын Ак үйүндөгү мамлекеттик футурологиялык департаментинин адистери иштеп чыгышат. Футурология  илими боюнча  ар бир эле коом, өзүнчө жашоо-турмушу бар тирүү табигый феномен болуп саналат. Ага  жайгашкан  Конституция – бул коомдогу  мамлекеттик түзүмдүн “жүрөгү”, мыйзамдар – “каны”, ички саясат - “жаны”, өлкө болсо -  “тулку  денеси” катары болот. Улуу Пайгабар Мухаммад САВ: “Адамда муштумдай эт бар, ал жүрөк бузулганда адам өзү да бүт бузулууга дуушарланат”,- деген. Ошондой болуп, ДМ  тараптан  кара ниеттик менен бөтөн мамлекетке салынган “бузуку жүрөк” анын “кан-мыйзамдарын”, “жан-саясатын” бузуу менен бүт “өлкө-тулку денесин”  ар тараптуу “илдетке” кабылтып,  акырындан жок кылып, “өлтүрүп” тынат. 
Андай бузуку  “жүрөк” Конституцияны даярдагандар анын ички жоболоруна ар тараптан  бузгунчулукту ишке ашыруучу, ал өлкө турмушунда мезгили келип, акырындап жарылуучу “бомба”, “мина” жана  уулуу “яд” сыяктуу   либералдык  принциптерди  кадимки эле “статьялар”  катары  жайгаштырып коёт. Мындай “Либералдык Конституция” бөтөн мамлекеттин “жүрөгү” болуп калган  соң,  адам денесине  кирип алган “Жин-шайтан” сыяктуу эле  жашоо-турмушун башкарууга өтөт. Адамдагы “Жин-шайтан” анын жүрөгүнөн  чыгып кеткенче, өмүр бою азгырып, адаштырып, уят-абийирин төгүп, маскарасын чыгарып, адамдык сапаттан улам ажыратып, акыры айбанчылыкка   айландыргандай эле процесстер жүрөт. Натыйжада, “Либералдык Жин-шайтан  Конституциянын”  ички бузуку принциптерине  негизденип чыгарылган  мамлекеттик либералдык мыйзамдар, аларга негизденип сырттан агып келүүчү акчалуу экспанциялык долбоорлор, эл аралык келишимдер аркылуу ал өлкө турмушунда ар тараптуу бузулуулар жүз берет. Андагы “Либералдык-демократия”, “Жеке адам укук-кызыкчылык” ичинен бузуучу башкы саясатка айланып:  “өлкө”, “улут”, “эл”, “мамлекет”, “үй-бүлө”, “элдик нарк, салт, ыйман-ынсап, уят-сыйыт, абийир-намыс”  сыяктуу тарыхый, салттуу улуттук аң-сезимден, асыл баалуулуктардан да  бийик коюлуп, ал дөөлөттөр  кордолуп, руханий кризис келип чыгат.  
 
Мамлекеттин жетекчилери, адис-кадрлары андай терс ички саясаттын бузуучу таасирине, сезимдерине кабылып, улам азгырылып: паракор, ууру, коррупционер, саткын, чыккынчыга, эки жүздүүгө айланат. Ал эми жарандык коому, жаштары  энбаштыкка, шайкелеңдикке, аракечтикке, бангиликке, сойкулукка, бачабоздукка, зөөкүрдүккө, уурулукка, ж.б. жүрүм-турумдарды “демократия” деп түшүнүп, ошол көндүм жашоодо болуп калат.  ДМнын жөөт жетекчилери мындай  айлакер-куу  коомдук, элдик аң-сезимди бузуучу психологиялык мытайым “политтехнологиясы” менен сыймыктанып, ачык айкын  эле: “башка элдин маңкурт жетекчилери “гои” (кой-мал)  сыяктуу  болот, алар биздин  бул  айлакер саясатка акылдары да жетпейт”,- деп жазышкан. 
 
Чындыгында эле ошондой  болууда, жер бетинде жүздөгөн  мамлекеттин президенттери  ДМнын “либералдык демократиясы” менен “ооруп”, андан болгон кесепеттерди көрбөй, эч нерсе сезбей, туйбай,  элин ошол бузуку жолдо алдап, азгырып, азаптап, шорлотуп келүүдө. Эч кандай: танк, самолёт , бомба, ракета, снаряд колдонбой  туруп, башка мамлекеттерди бузуп, көз каранды кылып, багынтуучу  бул “информациялык - мыйзам согуш” өз масштабынын кеңдигине карата геосаясий  мейкиндикте “3-дүйнөлүк  муздак согуш” катары таанылган. ДМнын бул “3-дүйнөлүк  муздак согушу” 1991-жылы СССРди бузуп, азыр айрым КШМ өлкөлөрүндө: Кыргызстан, Грузия, Украинада катуу  жүрүп жатат.
 
Мисалы, бул бузуку саясат Кыргыз Республикасына: 1993-жылы Президент А.Акаевге Израиль мамлекети тараптан жөөт профессор кеңешчиси Левитин аркылуу сунушталган. 2007-жылы Президент К.Бакиевге УДИ, ВДИПЧ-ОБСЕ, МИСИ тараптан Маркус Мюллер, Кевин Дж.Геш, Масаулов, Елисеев (Максим Бакиев) аркылуу сунушталган, ал эми 2010-жылы  Р.Отунбаевага, Ө.Текебаевге ВДИПЧ-ОБСЕ, ПРООН, “Венециандык” комиссия  тараптан профессор Андерса Фогельклоу, Нил Волкер, Дени Пети, Лилиан Дарий, Пекку Холберг, Анжелику Нуссбергер аркылуу сунушталган. Ошентип бул кабыл алынган  бузуку  “демон\кратиялык”  принциптеги  “Либералдык Жин-шайтан  Конституция” Кыргызстандын саясий бийлик системасын 23 жылдан бери элдик эмес “Либералдык Мамлекетке” айлантып салды. Акыркы “Либералдык Конституция” Ө.Текебаевдин берген интервьюсу боюнча 90% “Венециандык Комиссия” койгон талабы боюнча даярдалып жазылган.  Мындагы  “жеке адамдык укук” деген либералдык саясатка сыйынган биздин  “Либералдык Мамлекет”  кыргыз коомун ээн баштыкка, бузулуу жолго салып, жетекчилерине чыккынчылык, саткындык кылмыштуу, күнөөлүү иштерди кылдырып, өз  өлкөсү  Кыргызстанга, өз кыргыз  элине, өз улутуна, өз жерине  кыянатчылык жасатып, Жараткан Кудай да, ата-бабалар арбагы да кечирбей турган эң күнөөлүү, эң уяттуу  иштерди жасап келди:
 
1). Либералдык Мамлекет  Кыргыз элинин ата мурасы болгон, эң мөнгү-сууга бай, көк асман тиреген  “Үзөңгү-Кууш” кереметүү кооз жерин Кытайга элине жең ичинен сатты.                                                                                                                                                        
2). Либералдык Мамлекет Кыргыз элинин  ата-мурасы болгон, таза кооз  табияты бар “Каркыра” жайлоосун, Ысык-Көлдөгү улут  байлыгы болгон чоң 3 пансионат-санаторияны жең ичинен казак элине сатты.                                                                                                                  
3). Либералдык Мамлекет Жараткан Кудай кыргыз  элине кылымдык ырыскы кылып берген, 860 тонна таза алтын  байлыгы, кору бар “Кум-Төр” алтын кенин  кыянаттык менен  канадалыктарга  сатты, азыр да аны саткан ууру акцинерлерди ачыктабай, жашырып олтурат.                                                                                                                                                                                  
4). Либералдык Мамлекет 1 миллард АКШ долларлык  таза алтын кору бар “Иштенберди” алтын кенин кытайлыктарга 40 миллион АКШ долларына,  Кыргызгазды” Россияга 1 АКШ долларына, “Манас”  аэропортун  ДМга, Канты Россияга карматты, бул  дүйнөлүк геосаясий оюндар дагы кызыктуу улануусу бышык.
 
5). Либералдык Мамлекет Улуттук стратегиялык курулуш болгон Нарын ГЭС каскаддарын  өзү татыксыз, алсыз, жөндөмсүз  саясий түзүм  катары  кура албай коюп, эми өлкөнүн  бул стратегиялык аймагын  чет өлкөлөргө инвестициялык көз каранды  зонага айландырып, Россия менен Кытайга түбөлүк өктөм-шериктеш болуу шарты менен ыйгарып жатат.
 
6). Либералдык Мамлекет Кыргызстан элинин ата мурасы болгон бүт эл чарба-байлыгын талап,  уурдап, бөлүп алды, чачып талкалады, элдик айыл чарбада эле: 291 совхозду, 175 колхозду, 500дөй адистешкен чарбаны, 1205,2 миң баш бодо малды, 9972,5 миң кой-эчкини, 312, миң баш жылкыны, 393,4 миң баш чочкону, 13914, 5 миң тоокту мамлекеттик  атка минерлер  либерал-коррупциялык күчтөрү аркылуу дайынсыз жок кылды. 
 
7). Либералдык Мамлекет Кыргызстанды  ичи баш аламандыкка толуп, байлыкка, мансапка,бийликке көзү тойбогон, адамдык уят-абийири, ыйман-ынсабы жок, “7 баштуу ажыдаарга” айланган 200 чакты  чиновник коррупционер менен  экс-коррупционердин  эле “ит жыгылыш”  бүтпөс митингине,  саясий  сасык  “көкбөрү” оюндарынын “полигонуна”  айлантты. 
 
8). Либералдык Мамлекет өзүнө  кудай кылып алган, сыйынган “Либералдык Жин-шайтан Конституциясына” негизденип чыгарып жаткан  либералдык (майда-шайтан) мыйзамдары кесепети менен биздин коомду ар тараптуу  бузду, жүздөгөн диний  сектага, 500дөй саясий партияга, ондогон батыштык “субкультурага” ыңгайлуу, мыйзамдуу шарт түзүп берип, элдик, коомдук таза аң-сезимди, салттуу, нарктуу элди  кескин деградациялап: 20 миңден ашуун жаштарды (анын ичинде 67% мектеп курагында) баңги, 30 миңден ашуун кыздарды сойку, 30 миңден ашуун жаштарды бачабоз, 100 миңден ашуун жарандарын аракеч-бомж, 50 миңден ашуун балдар жетим, көчө селсаягы кылып, 5000 адамын ВИЧ\СПИДке кабылты,  ар жылы 500дөн ашуун мектеп рекетине кылмыш иши козголууда, 2 миңге жакын мектеп кыздары “партада тууп” же боюнан алдырган “туубаска” айландырып,  4000ден ашуун аял- кыздар, наристелер чет элге акчага сатылып, 7000ден ашуун үй бүлө расмий ажырашып, 500 миңден ашуун үй бүлө ит минген жакыр болуп калды.
 
9). Эл, улут, адам - бул ар бир өлкөнүн эң кымбат байлыгы. Бирок, биздеги Либералдык Мамлекет ДМнын “золотой миллиард” экспансиялык саясатын мыкты аткарып, биздин өлкөнүн тарыхый, табигый эң кымбат байлыгы болгон  1 миллиондон ашуун элин, эмгекке жарамдуу  атуулдарын кор-зар кылып, сыртка тентитти, анын 300 миңден ашууну Россияга жаран болуп кетти, бул миграциялык өтө чоң коопсуздук күн сайын өсүүдө.
 
10). Либералдык Мамлекет  Кыргыз коомун  моралдык кризиске алып келди: өз ата-энесин урган, өлтүргөн, өз баласын саткан, роддомдон ымыркай уурдап саткан, Медакадемиясы  Германияга  адам өлүктөрүн жиликтеп саткан, өз кызын зордуктаган, эркек-эркекке, аял-аялга үйлөнгөн, “үйүр” болуп  үй-бүлө күткөн,  ташбоор,  маңкурташкан “жапайы айбандар” либералдык коомун түптөп жатат. Бул коомдо: “уурулар урматта, туурулар түрмөдө” болуп калды.  
 
11). Либералдык Мамлекет  элден жыйналган бюджеттен каражат берип, элдин келечегине каршы идеология жасап, 2000ден ашуун “светтик” мектеби  аркылуу динсиз-ыймансыз (атеист), абийирсиз (чала жыңалач), өз тилин унуткан (маңкурт), кыздары эркекти минбесе олтура албаган (уятсыз), мектепте толготуп, партада тууп жаткан, балдары баңги болуп, рекет болуп эже-агайын урган жаштарды  либерал-атеисттик бактысыздыкка даярдап жатат. Ал эми жаштарга диний окутуу, таалим аркылуу адамдык асыл алты сапатты: ыйман-адеп, уят-сыйыт, абийир-намыс, акыл-эс ыйгаруучу диний билим берүү системаны сындап, уят-абийир жерин жаап, жоолук салынган, ороно кийинген ыймандуу жаштарды маскаралап, мектепке кийирбей шылдыңдап калды.
 
12). Либералдык Мамлекеттин элден жыйналган бюджетинен каражат алган коомдук илимдер  институттары: МИСИ, ОБСЕ, ПРООН, УДИ аркылуу сунушталган ДМнын  каражаттуу долбоорлору негизинде биздин өлкө  үчүн бузуку  экспанциялык “дүйнөлүк саясат” болгон “либералдык Жин-шайтан  демократияны” чыныгы реалдуу коомдук саясат, чыныгы илим катары диссертациялап, өлкөгө  мындай кыянаттык кылгандарга  илимий даража ыйгарып,  элдик  каражаттан айлык, сыйлык төлөп жатат. Бул кандай гана келесоолуктун чеги, эмне деген акмакчылык саясат?! Ал эми чыныгы илимий  философиялык теория боюнча аныкталган: “өлкөдөгү коомдук илимдин, саясаттын  реалдуулук принциби –бул  изилденип үйрөнүлүүчү башкы  өз предмети катары өз улуттук коому аймагында, айланасында  жана ошол коомдук аймактын аң-сезими мейкиндигинде, ошол учурдун мезгил-убактысында шартталып, функцияланып  аныкталуучу турмуштук керек  баалуулуктарды табуу болчу. Муну унуткан биздин улуттук илимдер Академиянын окумуштуулары  азыркы биздин кыргыз коому, улуту, эли, өлкөсү үчүн зарыл типтеги, формадагы, мазмундагы биздин жерге реалдуу чыныгы элдик, коомдук жана  саясий илимдерди жазуу ордуна,  анын  кылымдык кымбат нарктуу жоболору бар, ата мурас “Кыргыз улуттук идеологиясын”, “Кыргыз улуттук демократиясын” изилдеген, диссертациялаган, практикалаган, даңктаган  коомдук жана саясат илимдерин  жазуу ордуна,  сырттан келген,  акчалуу, бизге душман  бузуку  саясат болгон  “либералдык демократия” тууралуу  мактаган, даңктаган  жалган жасалма  илимдерди жазып, ДМ  деген бизге  душман-агрессор байдын “кол бала  ырчысына” айланып калды. Мындай жалгандан жазылып, бузулган “илимди” окуган, андан терс билим алып, сугарылган  биздин кайдыгер: эл, президенттер, жетекчилер, журналисттер, мамлекеттик  басылмалар,  теле-радио берүүлөр, юристтер, укукчулар,жаштар массасы ал бузуку саясат менен  ууланып, адашып,  ал азгырык-шайтан  “демон\кратиялык”  саясатты мактап, даңктап,  үлгү катары жар салып, жан-дилине сиңирип, азыр биздин коом ошол бузукулук менен жашап, коомдук  аң-сезим да  толук ошону менен  бузулуп калды. Кыскасы, Улуу Пайгабар Мухаммад САВдын: “жүрөк бузулса бүт бузулат” деп айтканы  бизде болду. Америкага иш сапар менен барган Россия президенти  В.Путинге  АКШнын ошол кездеги  президенти Дж.Буш бул бузуку “либералдык  демократия”  экспасиялык саясатты Россияга кийирип, жайылтууну сунуштаганда, кыраакы чекист президент: “силердин дүйнөгө бүлүк салган, Европаны бузуп жаткан демократияңар өзүңөргө кут болсун, биздин  3000 жылдык  өз улуттук демократиябыз бар, кааласаңар биз силерге окутуп, үйрөтөлү (саясаттайлы-авт.)!”-деп акылмандык, даанышмандык менен ачык жооп кылган. 
 
(Уландысы кийинки санда)
Булак: "Майдан.kg"
 
Базарбай Темишов, 
футуролог (өлкө, коом, мамлекет  келечеги, тагдыры боюнча  окумуштуу  адис),
Философия  илимдеринин кандидаты,
Дүйнөлүк саясат илимдеринин докторанты,
“Улуттук Идеология” боюнча республикалык конкурстун  1-даражадагы дипломанты,
“Патриот” медалынын ээси.