Ал ошол эле Ак үй, Көк үй жана ар кандай деңгээлдеги чиновниктердин жүрүш-турушу менен аң-сезими болуп саналат
 
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коррупция ар бирибиздин кулагыбызга сиңип, көзүбүзгө көрүнүп, ал тургай жакын досубуздай эле болуп калды. Анткени тээ элеттеги суу бөлүштүргөн мураптан тартып, айыл өкмөтү, бала бакчанын жетекчиси, мектеп директору, жогорку окуу жайынын профессору, аким, мэр, милиция, сот, прокурор, губернатор, министр, деги койчу, шапке кийип, папке көтөргөндүн баардыгы эле, колунан келгендер пара алат же берет. Бул көрүнүш кыргызча жашоонун формуласына же социалдык өнөкөткө айланып калды. Ансыз “особняк” үй сала албайсың, “иномарка” машина минбейсиң, катар катар катын алып, саунада эс алып, жашоонун жыргалын сезбейсиң. Кыскасы,  коррупциянын сыйкырдуу шайтандай азгырыгы ушулар.
 
Ошондуктан коррупция кичинекей Кыргызстанда Эгемендүүлүк жылдардан кийинки мезгилди алганда эле 22 жылдан бери улам чоңоюп отуруп, ажыдаарга, сазга айланып, эки президентибизди тең жутуп алды. Ал тургай биздеги коррупция тууралуу чет элдик окумуштуулар илимий эмгектерди жазышууда. Мисалы, швециялык доктор Йохан Энгвалл «Мамлекет инвестициялык рынок катары: Кыргызстандагы коррупцияга байкоо жүргүзүү» аттуу илимий эмгек жараткан. Көрдүңүзбү, биздин коррупциянын илимге да кошуп жаткан “салымын”. Дагы бир япон окумуштуусу келип, биздеги коррупциянын ушунчалык “гүлдөп өсүп жаткандыгын” көрүп, таң калганын жашыра албай, “Эгер япондор кыргызча жашаса, 90%ы түрмөдө отурмак экен, силерде мыйзам сакталбайт турбайбы?!”,- деген экен.
 
Президент Атамбаев тээ мээ кайнаткан ысыкта эле “коррупцияга каршы күрөшүүнүн экинчи толкуну күзүндө болот”,- деп көп айтчу. Ошол күттүргөн күз да келип, коррупциянын алгачкы курмандыктары катары “эски гвардиянын” жоокерлери Курманбек Осмонов, Темирбек Акматалиев баш болгон экс-министрлердин үстүнөн кылмыш иши козголду. Бирок коомчулук арасында бийликтин бул кадамы анчалык деле колдоо тапкан жок. Анткени “Кумтөр” маселесине байланыштуу 1999, 2003-жылдары коллегиялык чечимде министрлер кол койгону гана болбосо, алтындын үзүрүн Акаевдин үй-бүлөсү гана көргөндүгүн карапайым адам деле билет. Ошондуктан Атамбаев эгер Акаевди кармап келип камаса, жеген-ичкенин кустурса, анда азаматтык кылмак.
Президент өткөн жумада “Ала-Арча” резиденциясында болгон Коргоо кеңешинин коррупцияга арналган жыйынында сөзүн швед окумуштуусу Йохан Энгваллдын Кыргызстандагы коррупцияны баалаган изилдөөсү менен баштады. Ага ылайык акыркы 20 жылда коррупция өлкөбүздүн эң башкы көйгөйүнө гана эмес, “мамлекетти башкаруунун негизги ыкмасына” айланып калгандыгын кайталады.
 
 “Акыркы жылдары коррупцияга каршы чечкиндүү кадамдар жасалды. Кетирилген кемчиликтерге, тоскоолдуктарга карабастан коррупцияга катуу сокку урулду. Коррупционерлердин, уурулардын далбастап, каршылык көрсөткөнү - мунун ачык далили. Кыргызстанда мындан ары күнөөсү аныкталса, кол тийбес аткаминер болбосун көрсөттүк. Кыргызстанда коррупционерлер эртеби-кечпи өз жазасын алаарын түшүнүп калды.  “Коррупцияны кабылдоо индекси” эл аралык рейтинги боюнча Кыргызстан бир жылда ордун 10 пунктка жакшыртып, учурда 154-орунду ээлеп турат”,- деди ал. 
 
Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча анализ жүргүзүү борборунун (ККАБ) төрагасы Бакыт Бакетаевдин айтуусуна караганда, "Интернейшнл Транспаренси" эл аралык фонду тарабынан түзүлгөн мамлекеттик органдардын коррупцияланышында Кыргызстан 4 жылдан кийин 54-орунду ээлеш керек экен.
 
Эгер өткөн жылы республикабыз бул тизмеде 154-орунду ээлегендигин эске алганда, бул божомол оптимисттик маанайды жаратат. Ошол эле учурда көрсөткүчтөр он тепкичке өйдө көтөрүлүп (2011-жылдагы 164-орундан),  алга карай жылууда. ККАБдын божомолу боюнча, быйыл Кыргызстан дагы 20 мамлекеттен алдыга озуп, 134-орунду ээлейт жана жыл сайын дагы 20 позицияга көтөрүлүп отуруп, 2017-жылы азыраак коррупциялашкан 60 мамлекеттин катарына кошулууга шарт түзүлөт. Ошол эле учурда элибиз коррупцияга каршы күрөштүн алгачкы жакшы натыйжалары улантылбай жатканына нааразы. Мындай нааразычылыкка негиз бар. Коррупцияга каршы күрөш толук кандуу жүрбөй жатат. Бүгүнкү күндө биз коррупцияны жараткан себептери менен эмес, анын кесепеттери менен күрөшүп жатабыз.
 
Президенттин айтуусунда, коррупциянын очогу саналган бажы тармагында бир аз болсо да тазалануу болуп жатыптыр. Эгер 2008-жылы өлкөдө 18,7 млрд. сом бажы төлөмдөрү чогултулган болсо, 2009-жылы ал төлөмдөр азайып, болгону 14,2 млрд. сомду түзгөн. 2010-жылдын апрелинен кийин бажы кызматынын жаңы жетекчилиги сөз эмес, иш жүзүндө коррупцияга каршы күрөшө баштап, быйылкы жылдын жыйынтыгы менен бажы төлөмдөрүнүн көлөмү 36 млрд. сомду түзөрү болжолдонууда. Ошентип, бажы төлөмдөрү 3,5 жылда 2,5 эсеге өстү, акчалай алганда 22 млрд. сомго көбөйгөн.
 
Атамбаев андан ары сот, укук коргоо органдарында жана жогорку окуу жайларда ар бир чечим, ал тургай баа парасыз же коррупциясыз коюлбай тургандыгын белгиледи. Президент көңүлдү коррупциянын кесепети менен эмес, себеби менен күрөшүүгө бурду.
 
Бирок кыргыз элинин, айрыкча бүгүнкү бийликтегилердин ушул деңгээлдеги ой жүгүртүүсүндө жети баштуу ажыдаарга айланган коррупцияны жоготууга мүмкүнбү? Менимче жок же өтө кыйын. Ал үчүн мамлекеттик жогорку кызматтарга жетекчилерди дайындоодо алардын таза, чынчыл экендигине басым жасалууга тийиш. Ошондой эле азыркы клан жана регионализмге айланган  жердешчиликти тап катары жоюу керек. Тилекке каршы президенттин докладында булар айтылган жок. Ал докладды канчалык кыйынчылык, узак убакыт боюу даярдагандыгына карабастан, аны жазгандар баягы эле коррупцияны биротоло жоюп, жоготууну каалабагандар болгон сыяктуу. Коррупция – бул асмандан түшкөн ажыдаар эмес, ал ошол эле Ак үй, Көк үй жана ар кандай деңгээлдеги чиновниктердин жүрүш-турушу менен аң-сезими болуп саналат. Ошондуктан президент оппозиция, саясый оппонент деп элди бөлүп-жарбай, чыныгы, таза, мекенчил, жаңыча, дүйнөлүк деңгээлде прогрессивдүү ой жүгүртө алган жаштарды тегерегине топтогондо гана Кыргызстан коррупциядан арыла алат.
 
К.Белеков
Булак: “Майдан.kg”, №41, 13.11.2013-ж.