Башкы прокуратурабыз  2003-жылы   Кумтөр  боюнча  кабыл  алынган  келишимге карата кылмыш  ишин  ачты. Ошол  келишимге  тиешеси бардыгы тууралуу а  кездеги  чиновниктерге күнөө  койду. Экс-министирлер  Болот  Абилдаев,  Темирбек  Акматалиев,  Курманбек Осмонов,  экс-чиновниктер  Н.Алымбаев,  А.Жолошов,  Д.Камчыбеков  жана  башкалар суракка  тартыла  баштады.  Кылмыш-Жаза Кодексинин  «кооруция»  беренеси  боюнча  (ст. 303, ч. 2) тартылышты.  Бул  келишимге  премьер-министр  катары  Николай  Танаев  колун  койгон.  Азыр  Россияда  жашап  жүрөт,  жакында  «Аргументы  и Факты»  гезитине  интервью   берип,  өзүн толук  актаганга  аракет  жасады.  Мунун  сөзү  боюнча,  «Камеко»  бизди  2003-жылга  чийин тоноп келген экен,  «подоходный  налогтон»  башка  эч  нерсе  төлөбөптүр,  ал  эми  так  ушул   Танаев  кыргыздарды  канадалыктардан  куткарган  экен.  «2003-жылдын  31  декабрында  кабыл  алынган   Өкмөттүн  токтому  өлкөбүзгө  эбегейсиз  пайда  алып  келди»  дейт.  Андай  болсо жанагы  кылмыш  иш  боюнча  суракка  тартылган  инсандарды  мамлекеттин  сыйлыктарына  көрсөтүш  керек  да.  Танаев  бетин  тырмап,  «эл  аралык  соттордо  кыргыздар  утулат»  деп  жар  салып  жатат.  Мунун  логикасы  чирип  калган  балыктай  экен.
 
Мына  айткан  жомогу.  «Золото,  полученное  после  извлечения  и аффинажа,  стало  оставаться  в  нашей  стране,  так  как  выкупалось  Национальным  банком  в течение  пяти  дней,  и  таким  образом  пополнялся  запас Кыргызской  Республики». Андай  болсо, ошол «запас»  кана?  Алар  казган  алтынга  биз  дүйнөлүк  баа  менен  доллар  төлөсөк,  ошол  акчаны  карызга  алып,  алтынды  сатып  ошол  карызды  жаап  жатсак,  бизге  кайдагы  пайда,  кайдагы  «запас».   Бул  чеберчилик  менен уюшулган  аферанын  үлгүсү.  Ушунун  негизинде  биздин  эгемендүү  маалекетибиз  эгеменсиз  түрдөгү  акционердик  коомго  айланып  калды. Так  ушуну  кендер  боюнча  адистелишкен   ардактуу  аксакалдарыбыз  бир  обон  менен  ырдашты,  «Центеррага»  тийбегиле,  кокуй,  алыбыз  ага  жетпейт,  аларга  биз  басым  жасай  албайбыз,  себеби  биз  болгону  акционербиз»  деп. Гезиттен  гезитке,  телеканалдарга ушуну Орозобек  Дүйшеев  менен  Валентин  Богдецкий  жана  академик  Розалия  Женчураева  угузуп  жатышат. 
 
«Кыргызалтын»  акционердик  коому менен  Кыргыз  Республикасынын  ортосунда  айырма  болбой  калды,  бул  баягы  «Ленин  менен  Партияга»  окшоду.  Ажырагыс  түйүн. «Кумтөр  маселеси  боюнча  бардыгыбыздын  максатыбыз  бир  болуш  керек»  деп  Темир  Сариев   үгүттөп,  эл  менен  саясатчыларды  бириктирүүгө  умтулууда.  Анан  ушул  министирибиз  ачык  эле  айтып  жатпайбы,  мына  сөзү:  «Кумтөрдү  иштетип  жаткан  ээси  «Центерра».  Биз 2003-жылы  «Кумтөрдү»  карап  ратификация  кылганда,  аталган  ишкананы  акция  кылып  туруп,  «Центерранын»  менчиги  кылып  берген  чечим  чыгарганбыз.  Бул  ачуу чындык.  Ал  эми  аталган  чечимди  2009-жылы  Жогорку  Кенешибиз  бекитип,  Конституциялык  сотубуз  өз  өкүмүн  чыгарып  берген. Кыргыз  мамлекети  мыйзамды  сыйлаган  өлкө.  Кыргызда  жакшы  бир  сөз  бар,  «битке  өчөшүп  көйнөгүндү  отко  салба»  деген». 
 
 «Мыйзамды»  сыйлайбыз  деп  эми «шылуундарды»  сыйлашыбыз  керек  экен.  Кылмыш  жолу  менен  мыйзамдарды бекиткендерге «бата» берели, анан «биттер» жана «иттер»  ким экенин  тактап  алалы. Элибиз  ошол  «бит» менен  «иттин»  ортосунда  дагы  кангча жыл  жалдырап  жатыш  керек. Министрлер  алтындын  түйшүгүн  чечпесе,  анда  аны  ажо өзү чечсин, эл  аны  эмнеге  шайлады,  шылуундарга  тебеленсин  деппи?  Аликбек  Жекшенкулов  сунуш  кылды  го,  Атамбаев   улуттук  комиссияны  түзүп, ошонун  башына  өзү  турсун.  Бул  туура  эле  го,  бирок  ажобуз  жанагы  «меморандумду»  колдогула  деп  жатса,  түйшүктү  кантип  чечет. Муну  чече  турган  азыр эки эле күч  бар  -  биринчиси  Жогорку  Кенештин  2009-жылкы  келишимге  жасай турган «денонсациясы»,  экинчисин элдин  эрки.  Башка   «күчтөр»  башканы  чечишет. 
 
«Центерранын»  жетекчиси  Ян  Аткинсон  болсо азыр бизди коркутуу жолуна түшүп,  элдин сезимине басым  жасагандай аракетин  көрсөттү.  «Договор  дает  право  «Центерре  Голд» заниматься  добычей  золота  до  2042 года. Звучали  обвинения  в   использовании  коррупционных  сделок  в 2003-2004  годах  и  в 2009  году.  Однако  в  суде  не  было  представлено каких-то  фактов. Мы  работаем  по  законам  Канады.  Если  встанет  вопрос  о  денонсации,  мы  будем  вынуждены  действовать  по  соглашению  от  2009 года.  Наша  доля  интересов  в подобных  проектах  не  может  быть  ниже  50 %».  Эгерде  биз  2009-жылдын  келишимин  «денонсация»  кылсак,  анда  булар  эмнеге  таянат,  анан  Канаданын  мыйзамы  бизди  так  ушул  келишимге  байлап  салалбайт,  демек  биз  тараптан  да,  алар  тараптан  да  ишти  тартипке  салууга  тоскоолдук жок. Тоскоол  өзүбүздүн  бийлигибиздин  бутактарында,  булар  буйтап  жатышат,  себеби  так  ушуларды  инвестор бооруна алтындын  арканы  менен «байлап» салган.  Чыгалбай  жатышат.  Булардын  эркине  койсон,  анда  дагы  30 жыл  Кумтөрдүн  алтынын  канадалыктарга  тартуулашат,  «2042-жылга  чейин   ошол  жерден  алтынды  казабыз»  деп  Аткинсон   айтпадыбы.  Ошол  жерди  булар «менчиктеп»  алышкан.  
 
Инвесторго  «Кыргызалтынга»  окшогон  акционердик  коом  керек. Ушул  коомдун  аркасы  менен  өлкөнүн  белин  ийип  жатышат.  Мындай коомго даба  жок,  каалаганын  жасап,  анан  «акционерлердин жалпы   чогулушу  чечет»  деп  кылмыштарына  жооп  бербейт.  Берсе,  эмне  үчүн  ушу  күнгө  чейин «Кыргызалтындын»  эсебинен  чыгарылып  кеткен  11  миллион  доллардын изин   табалбай  жатышат? Так  ушул  акционердик  коом  жанагы  жараксыз болуп  чыккан  меморандумду  даярдоого  88  миллион  сом  бир  жылдын  ичинде  коротту. Кезектеги  долборду  да  булар  даярдашат,  дагы  миллиондогон  акча  кетет.  Эми  биз  декабрь  айдын  аягына  чейин  күтүп  туралы. Ошондон  кийин  билинет,  алтындын  эстафетасы  токтойбу  же  уланабы... 
 
Кубан  Мамбеталиев 
Булак: “Майдан.kg”, №40, 06.11.2013-ж.