Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 2639

Ажолордун алкынын бузуктугу, элди жакырлантып, өлкөнү экономикалык саясый кризистин чыландысына түртүп, жалпы элдин нааразычылыгын алып келип, акыры кыргыз элинин өмүрү менен ойногонго өтүп, чоң төңкөрүштөрдү чыгарды. Айрыкча кедей-кембагалдардын турмушу менен ойноп, өмүрлөрү менен кош айтыштырып, алардын жакындарын кайгы-муң, аза тартууга салды.

Экинчи тарап болуп эсептелген бай-манаптар ошол учурдагы саясаттын аркасынан бийликке келип, бакубат жашоону улантып келишүүдө. «Мен патриотмун» деп от-жалын болуп күйгөндөр, бийликке келип, 180 градуска бурулуп, атүгүл бир учурдагы үзөңгүлөштөрүн тааныбай да калышты. Дегеле буларсыз саясат токтоп, өлкөнүн калдыр-шалдыр жүрүп бараткан арабасынын дөңгөлөгү айланбай калчудай, өздөрүнө абыдан ишенүү менен анча-мынча оппозициячыл жарандарды келекелеп да жүргөндөрү жок эмес. «Силердин колуңардан эмне келет? Биз болбосок жашооңор өчүп калат» деп да шылдыңга алгандар да арбын, ошондуктан оппозиция азыр убактылуу алсыз.
 
Албетте, коомдо, топ бар жерде саясат өнүгө берет турбайбы. Тээ илгертен бери эл оозунан түшпөй келаткан «Жети кишинин бири КЫДЫР» деген жакшы кеп бар эмеспи, ушул накылдагыдай бизде да «КУДАЙГА шүгүр», уучубуз куру эмес, акырындык менен жаңы жаш саясатчылар чыгып, адилеттүүлүк тарабындагылар да күндөн-күнгө күч алууда. Кыргызстандын экономикасынын өнүгүү жолу ушул убакытка чейин бир багыт ала албады. Ѳлкөбүздүн сырткы карызы күндөн-күнгө көбөйүп, ал эми импортко көз каранды экенибизди кайра-кайра белгилей берип, өздөрү мамлекетибиздин өнүгүү факторунун динамикасынын генератору болуп бергенге кудуреттери жетпеди. Мамлекеттик админстрациясынын саясат багыты болсо, бири-бирине колдоо көргөзүп, көмүскөдөгү экономикалык кылмыштуу топторун түзүп алышып, кен байлыктарыбызды тыптыйпыл кылып сатып, өздөрү алып болгон соң «кайдан көргөн кара эшек, жолдон көргөн жоору эшек» деп билмексенге салып, кылмыш жообунан кутулуп да кетишти. Ал эми баарынан коркунучтуусу, Кытай мамлекетинин саясый-экономикалык кызыкчылыктарын чечкенге, биздин Ажобуз, болгон аракетин жумшап жаткандыгы болууда. Муну да учуру келгенде ак же кара деп тарых өз таразасына тартаар.
 
Жакында профессор Д. Неш: «Эгерде мамлекеттин карызын көрсөткүч катары алсак, экспорт товарлары базарда конкуренция түзө албаса, ошондой эле карамай коруңар болбосо, позицияңар өтө начар ахвалда. Дегеле тышкы карызыңарды төлөй албасаңар, анда силерге Аятолла керек. Мусулманчылык концепцияга өтүп, моралдык жактан чегинип, карызды төлөбөй, өнүккөн мамлекеттер менен алака түзүүнү жокко чыгарсаңар болот. Ошондо карызды төлөбөй күн көрөсүңөр!» деген ачуу чындыкты келекелөө ирээтинде айтып өттү. Ооба, кайсы арыбызга арданат элек, кыргыздын карызы бир бийликтен экинчи бийликке аманат катары өтүп калбады беле. Эгер биз карызды төлөбөй, жаман көргөн батыш жана Америка менен алака түзбөсөк глобализмдин өнүгүүсүнө теңелбесек дагы, тең тайлашып жүрбөсөк көп жоготууга учурайбыз. Батыш жаман болсо да, илээшип жүрүү абдан керек. Ѳлкөбүз ушундай оор абалда турганда бийлик башындагылар баш болуп мыйзамдуу жолдон чыгып, кайра эле алдоо жолуна түшкөндүн незинен, эл кайрадан күч алып козголо баштады. Бийлик бул нааразычылыктарды жойгонго аракет кылайын десе, куураган көмүскөдөгү акча турат, мындай оор жагдайдан чыгыш үчүн, активдүү жарандарды камакка алып, коркутуу жолуна түшүү менен өзүлөрү кайрадан революциялык акыбалды жаратышууда.
 
Учурда Кумтөрдун алкагында чоң соодалашуулар жүрүп, Кумтөрдү башкарган жөөттөр оор жагдайдан чыгыш үчүн, бийликтегилер менен сүйлөшүп-кеңешүүгө дүйнөлүк аренага чоң жуликтерди алып келип, ар кандай пиар компанияларды уюштуруп жатышат. Себеби, ким эле миллиарддаган долларды жоготкусу келсин, а мындай көмүскөдөгү акчадан ак үйдүн командасы куру калбастан, тескерисинче элге каршылык көргөзүп, мыйзамсыз иштерди кылып жатышат. Элди коркутуу максатында, видео тасмаларды монтаждоо менен патриот балдарды камакка алдырганга да үлгүрүштү. Албетте, бейкүнөө кылмыштуу иш-пландар түздөн-түз президенттин макулдугу менен аткарылып жатканы бештей белгилүү эмеспи. Элди алдап, эптеп ынандыру максатында, КТР, 5-канал, "Пирамида" телеканалдарынан күнүнө беш маалдан көргөзүп, элдин аң сезими менен ойноп, акыры пок болуп калышты. Эрлан Өмүралиевди маскарапоз кылышып, УМКК адамдары сабатсыз провокацияга барышып, бир далай саясый лидерлерди камакка алып да коё жаздады. Мындай алдын ала пландалып кылынган иштин баарысы бийликтин беттырмаалык кылуу менен эптеп оор акыбалдан чыгып кетүүнү көздөгөнү эле. Акыры айласы кеткендиктен күн сайын Кумтөр тууралуу негизи жок сапатсыз жарнама тасмаларын көрсөтүп жатат. Чубактын кунундай чууруган Кумтөрдун тегерегиндеги чыр-чатактар да жөн жеринен козголгон жок да. Дал ошол Кумтөрдүн көмүскөдөгү уурдалган акча каражаттары тууралуу маселе козгогон КР ЖКнин үч депутатынын соттолуп кетиши оппозицияга кайрадан дем-күч берди. Үч экс депутаттын көздөгөн максаттары акыры сөзсүз ишке ашат, себеби, элдин көйгөйүн, маселесин козгошконун мезгил өзү көрсөттү.
 
Кумтөрдү иштетип жаткан чет өлкөлүктөр кирешеге толугу менен ээлик кылганы көрүнүп турбайбы. Жөөттөрдүн ыргыткан сөөктөрүн ажолор иттен да шамдагайлык менен алып келгенин А. Атамбаев өзү тастыктап жатышат. Ыйык даражадагы Президенттерибиз учурунда элдин ишенимин өзүнө арттырган эле, анан да анын командасындагы эр жүрөк атуулдарыбыз да дайыма анын айланасында жүрүүчү, бул ажонун командасы калп эле ушундайбы, же чын эле саткындарбы деген кооптуу суроо жаралат. Эгер булар чыныгы кыргыз үчүн иштеп жатышкан болсо, анда албетте жөөттөр бул бүтүндөй команданы алдоо менен пайдаланып келишкен.
 
Баарыбыз бир гана Кумтөрдун тегерегинде сөз кылып келүүдөбүз, чын-чынына келгенде башка алтын кендерин айтсак болбойбу. Кумтөрдүн керектүү заттарын алгандан кийинки ашмалтайы чыккан калдыктары цианиди менен кошо сууга аралашып агып келүүдө, башка уулуу заттары менен экологияны бузуп, адам өмүрүнө да чоң коркунучтарды жаратышат. Мындай адам укугун тебелеген компаниялар Кыргызстанда чачтан көп. Жеке эле алтын эмес, башка кендер тууралуу кеп кыла турган болсок жүрөк оорутат. Мисалы Кара-Кечени эле алсак, ууручулук, карьердеги шалаакылык, дегеле мыйзам бузуулар толтура, бандиттердин баары ошол жерде уюшуп алган.
 
Бир кезде Белинский Гоголго жазган катында «элдин аң сезимин, жеке кадыр баркын, намысын көтөрбөсө, элдин ар намысы, укугу жана мыйзамдар баткакта, малдын чыландысына айланат. Ар бир инсандын абийиринин, урматынын, сыймыгынын, кадырынын ишенүүсү жоголуп, туңгуюкка келип, эл милициядан, прокурордон түңүлүү менен ишенүү артпай, өлкө корпоративтик ууру жана жүзүкара мамлекеттик башкаруу системасына өтөт» деп 19 -кылымда эле айтылган экен. Демек биз азыркы тапта, байыркы кылымдын мезгили менен жашап жатканыбызды кантип танабыз.
 
Эгемендүүлүктү алгандан баштап, кыргыз элитасынын патриоттулугу, ар намысы, абийри, сыймыгы жоголуп, калктын үмүтүн үзүп, баарысы дежурга айланып бүттү. Адамдын прогрессивдик өнүгүү максатын ишке ашырбай, ыйманы, адамдык касиети, руханий байлыгы жоголуп, атүгүл өлүп баратканына корпоративтик тоноочу — мафия бийлиги биринчи себепкер болду. Жалаң гана талап-тоноонун жолун издеп атышып, өлкөдөгү маанилүү, максатту иштер аяктабай, калкты нааразычылыкка түртүү менен пикет, митингге чыгууга шарт түзүп берип жаткандары абдан өкүнүчтүү.
 
Себеби ажо жана интелегенция, такай байыркы замандагы кыргыздын үрп-адаттарын, жашоосун таңуулашып, мисалга алып, такай ошол учурдун тегерегинде сөз козгошот. Биздин мезгил глобалдык илимий-технологиялык, биотехнологиялык, экологиялык өзгөрүштүн жана кытай элинин миграциялык жана ар кандай массалык оорулардын интервенциясынын коркунучунун алдында турабыз. Биздин өлкө бөйдө оору кырсыктарына жана кытай миграциясынын экспанциясына туруштук бере алабызбы?- деген оор суроо сөзсүз жаралат. Былтыртан бери сарык оруусу каптап, бир эле Бишкек шаарында 17 миң адам бул дартка чалдыкты. Кафе, ресторанда уулануулар массалык түрдө катталып жатса да, кайдыгерлик кылып, бири да жазага тартылбады.
 
Кыргызстанда адамды кыйноо (пытка), кыйнап иштетүү, адамды сатуу жана эксплуатациялоо орчундуу орунду ээледи. Кадимки илгерки бай-манаптын заманына келдик. Бийлик өзү мыйзам бузуучу бандит, паракор, желмогузга айланып кеткен. Мыйзам устөмдүгү менен жашайлык деген бирөө да жок, болгону чабандын баккан малына жараша күн кечирүүдөбүз. Демократиялык-цивилизациялык, глобалдык өнүгүү багытына жол баштаган бийлик жок.
 
Кытайлар өлкөбүзгө, казык кагып там салышып, кытай тилинде менчик балдар бакчасын, мектептерди ачып, ишкана, бизнес борборлорунун, маданият кружокторун уюштуруп, стратегиялык чалгындоо уюмдары кенен орун алып иштеп жатышат. Кыргызстандын экономикасынын 30%ын ээлегенге үлгүрүштү, бир аздан соң бардык экономиканын каржы булагын колго алат. Албетте андан соң ким акча каражатына ээ болсо өз саясатын жүргүзүүнү баштайт эмеспи. Буга ким күнөөлүү? Алакандай кыргызды араандай оозу ачылган ажыдардын оозунун тушуна жем кылууга ким алып келди? Албетте, айтпасак да белгилүү, бул бийлик.
Оң-тетири иш жүргүзгөн ажобуз геосат чөйрөсүндө да коомчулукту дагы дурбөлөңгө салууда. 2014- жылы АКШ аскердик «Ганси» бөлүмү кетет — деп убада кылаары менен, Россия жарым миллиард доллар карызды кечкен эле. Эми минтип Гансинин ордуна Туркиянын компаниясы келет — деп жарыя кылып жатышат, же башында тургандардын колдоосу менен Түркиядагы биргелешкен компаниясы келгени атабы, өтө кызыктуу табышмакты жаратты.
 
Элдин кыжырын келтирип, азыркы бийликтегилердин Жети- Өгүздүк азаматтарды жөн жеринен камакка алганы, элди нааразычылыкка түртүп жатат. Бул окуя Аксы окуясына окшош болду, мындай орчундуу маселелердин жеңиши акыры элдики болоору тарыхтын саясый ченеми. Эр Азаматтарды эл, дайым колдоп тураары бышык. Мына ушундай учурда жүрөгү курч саясатчылар чээнден чыгып, Жети-Ѳгүздүн жигиттерине колдоо көрсөтүүлөрү зарыл. Кайдан акча чыгарса болот… деп кежигесин кашып ойлонуп отурган чиновниктерге караганда, Көлдүктөр өз эли-жери, ар-намысы үчүн бекем турат деп ишеним арталык. Курулай көкүрөк чапкан революционерлер арабызда көп, оппозициядамын деп бийлике сөз ташыган карышкырга окшогон суфлёрлор андан да көп. Кыргызстан демократиялык багыттагы биринчилердин флагманы. Куру алдоого көнбөй, үркөрдөй элибизди жүзүкаралардан сактайлы! 
 
Качкын Булатов,
укук коргоочу