Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 3355
19-октябрда Казакстандын бийликтеги “Нут отан” партиясынын XV курултайы болду.  Астанада өткөн бул үлкөн жыйынга Казакстандын баардык чиновниктери менен элитасы катышып, баурдастардын журт бастыгы Нурсултан Назарбаев узак жана мазмундуу доклад жасады. Адатта мамлекет башчыларынын көп сүйлөгөнүнөн жыйынга катышкан делегаттар  тажаса, Нуракенин ар бир айткан сөзү угумдуу жана жугумдуу болду. Анткени ал кургак, жалган цифраларга таянбастан, өз өлкөсүнүн жетишкендиктери жана келечеги тууралуу жасалган жана мындан ары аткарыла турган иштерди баяндады.
 
Казакстандын кыска аралыкта постсоветтик мамлекеттердин арасынан экономикалык, маданий жана башка турмушун кай жагынан карабайлы, алдыңкы орунга чыккандыгынан улам Н.Назарбаев жана ал башында турган “Нур отан” партиясынын чындап өз эли үчүн иштеп жаткандыгына ынанасың. Көрсө, бийликтин партиясы деле таза жана адилет башкарса болот турбайбы. Казак лидери өз сөзүндө алдыңкы катарда олтурган, жүзүнөн нур тамган, эртеңки күнгө оптимисттик маанайда караган жаштарга карап, казак тилине, маданиятына өзгөчө басым жасалыш керектигин белгиледи. “Келечекте ар бир Казакстанда жашаган башка улуттун өкүлдөрү казак тилин билүүгө тийиш. Казакча билген мамлекеттик кызматкерлерге артыкчылык берилиш керек. Биз алдыга койгон максатыбызга тилибизди өнүктүрбөй жете албайбыз. Ошол эле учурда казак жаштары бир нече тил билүүгө тийиш. Биз эң оболу кошуналарыбыз Кытай жана Россия менен жакшы мамиле түзүшүбүз керек. 2050-жылы Казакстан дүйнөдөгү алдыңкы 20 мамлекеттин катарында болуш үчүн эң негизгиси элибиздин духу болууга тийиш. Ушул алдыбыздагы асыл максаттарды ишке ашыруучу силер, жаштарсыңар, анткени келечек силердики”,- деди. Мындан тышкары Нураке: “Баардык ийгиликтердин ачкычы - чымырканган эмгек, ансыз ийгилик жаралбайт. Эч качан эмгектенгенден качпагыла. Мына азыр айрым мамлекеттерде жаштары иштебей коюп, кала берсе таксисттер да чет жактан келишет. Бул өлкөнүн келечеги жок”,- деди ал.
 
Н.Назарбаевдин ушул дүркүрөгөн кол чабуулар менен аяктаган сөзүнөн кийин  ыйлагың келет экен. Айла жок ажобуз Атамбаев менен эртеңки келечегинен үмүтү жок, дүйнөнүн ар кайсы бурчунда кул, мигрант болуп тентип жүргөн жаштарыбыз көз алдыма тартылды. Алар жакын арада дүйнөдөгү алдыңкы 20 мамлекеттин катарына кошулуугу умтулуп жатышса, биз дүйнөдөгү артта калган 20 мамлекеттин катарын толуктоого “умтулуп” жатабыз. Казак лидери баш болуп, жаштарга кең келечек, окуусу менен иштөөсүнө шарт түзүп жатса, биздин Крыловдун тамсилин элестеткен бири “мародер”, бири бандит, дагы бири эки жүздүү, трайбализмдин сазына  бүтүндөй мамлекетибизди кошо батырып бараткан, жаштардын келечегин “уурдап” жаткан парламенттик башкаруу менен элдин башын айландырган төбөлдөрүбүздүн кыянаттыгын ойлоп кыжырым кайнады.
 
Н.Назарбаев таамай атйкандай, “өнүгүүнүн казак моделинин” сыры улуттун духу болсо, биздин “жакшылар” ошол элдин духун эбак эле өчүрүп, деградацияга айландырып койгон. Ошондуктан мекенчилдик сезими жок ар бир кыргыз чиновниги пара алууда жана колунан келген нерсенин баарын сатып жатат. Анткени ага Кыргызстандын келечеги жок жана ишенбейт.
 
Сыягы, бир эмес, эки ирет төңкөрүш жасаган соң (революция деп айтууга ооз барбайт) баягы эле эски тепшини кармап кала берген, жакындары окко учкан карапайым элибиз Акаевдин ордун Бакиев, анын ордун Атамбаев ээлеген менен эч нерсе өзгөрбөгөндүгүн, бийлик алмашуунун үзүрүн бир ууч шылуундар гана көрүп жаткандыгын түшүнүүгө убакыт келди окшойт.
 
Айрыкча 2010-жылдагы кан төгүү, аз жерден өлкөбүздүн жарымынан ажырап кала жаздаган июнь окуясынын кийин көптөгөн мыйзам бузуулар жана “компьютер аркылуу шайланган” ( А.Мадумаровдун “аныктамасы”) Роза Отунбаева, андан соң Алмазбек Атамбаевди элдин баардыгы эле лидер катары санабайт. Анткени алар тегерек-четине жалаң эски бийликтерден “мураска” калган, элдин көңүлүнү көк таштай тийген алдым-жуттумдарды, шылуундар менен шумпайларды, уурулар менен кескилерди чогултуп алышты.
Сыягы, эч бир мамлекетти моралдык жактан бузулган, “морадер” деген атка конгон өз элинин душмандары башкарып, жеке кызыкчылыгы үчүн колдонгон көрүнүш болбосо керек. Ошол эле учурда кыргыздын келечектүү, мекенчил жаштары куугунтукталып, депутаттык мандатынан ажырап калышууда. Бул келечекте өзүнүн бийлигине атаандаш болот деген коркунучтан улам жасалган аракет экендигин карапайым эл көрүп, билип эле турат. Ошондуктан алар бүгүнкү кыргыз бийлигине ишенишпейт...
 
Автандил Белеков
Булак: “Майдан.kg”, №38, 23.10.2013-ж.