Эмне үчүн башкалар анчалык ийгиликтүү эмес?
 
Бекмамат Осмонов менен Мелис Мырзакматов
 
Кыргызстанда 2010-жылдын апрелинен кийин мурда-кийин аты алыска угулбаган, ким-бирөөнүн көңүлүнө түшүп, үмүттөндүрбөгөн Мелис Мырзакматов дароо эле маалымат айдыңында өлкөдөгү өз принциптери менен жашаган жана иштеген жаңы инсан, жаңы коомдук жана саясий ишмер, жетекчи болуп чыга келди. Ушул кезге чейин бул нерсени кимдин же кайсы күчтөрдүн долбоору экенин бирөө да чагып айтып бере алган жок. Эмне үчүн ушул Мырзакматов жок жерден чыга калды да, ушул кезге чейин эки президентти аңтара салып, жолго салган айрымдардын буга күчү жетпей жатат? Эмне үчүн аны эл жактырып калды? Эмне үчүн андан эл үмүт кылып калды? Бул негизинен түшүнүктүү нерсеге дагы бир ирет үңүлө карап, анализ жасаганыбыз дурус. Кечээ эле Ош шаарынын 3013-жылдыгына барганыбызда, оштук жетекчилер өлкө боюнча эмес, калыбы КМШ боюнча келген конокторго майрамдык дасторкон жайып, ал жерде көкжал журналист Бекен Назаралиев эл алдына чыгып сөз сүйлөгөн сөзүндө «Мен сизден Бекмамат Осмоновду көрүп турам» деди.
 
Эми бул сөздү мурда-кийин тар жерде ким-бирөө айтса айткандыр, бирок мындай топ-жыйында ушул Бекендин гана айтканын угуп калдык. Ырас, Бекмамат Осмонов феномени менен Мелис Мырзакматов феномени окшош: экөө тең кыйынчылык мезгилинде эл башкарып калышты, экөө тең борбордогу «кыстеке» саясатчы-жетекчилердин (бул Осмоновдун сөзү) кысымына дуушар болушту, экөө тең өзүнөн күчтүү атаандаштарын жеңе алышты, элдин сүймөнчүгү болушту. Мүнөздөрү, тарс жарылган айкөлдүгү, кең пейилдиги, позициясында бекемдиги, принциптүүлүгү жана максатка өжөр умтулгандыгы, көптөгөн лидерлик сапаттары жагынан окшоп кетишет. Бир гана Мелис мырзанын дүйнөнү дүңгүрөткөн тарыхый лидерлерге окшоп ага караганда боюнун кыскараактыгы гана бар. Деген менен, Мырзакматов жыйырма биринчи кылымдагы лидер, ошону үчүн да жыйырманчы кылымдагы Осмоновдон айырмаланып турган кыйла күчтүү жактары менен көрүндү. Эгер чындыкты бетке айткан, ага түз карап, бурулуп кетпеген Бекмамат мырзанын көзү тирүү болгондо, балким, өзү да муну айтар беле…
 
Курманбек Бакиевдин көрөгөчтүгүбү?
 
Ал Жогорку Кеңеште көптүн бири катары депутат болуп отурганда Ошко мэр кылып Курманбек Бакиев алып барган. Көрсө, ушул Мелис мырзадан мыкты жетекчи чыгаарын ошол кездеги президент билген экен, ишенген экен. Ал эми жаңы келген мэр дароо эле шаарга тартип орнотууга киришти. Каалаган жерине каалагандай дүкөн салып, шаар жетекчилерине мыйыгынан күлө карагандарды теске салды, далай шаар көркүн бузуп, элге ыңгайсыздыкты жараткан имараттарды жол боюнан алдырып салды.
 
Албетте, карама-каршылыктар болбой койгон жок, ал түшүнгөн, патриот шаардыктарга таянды, алар аны колдошту. Өзүнүн анча-мынча күчтөргө моюн бербестиигин ошол кезде эле сездирген болчу. Анан 2010-жылдын апрели келди, анан июнь айы болду, кан төгүлүп, элди-жерди апаат каптады. Ал өзүнүн берген көтөгөн интервьюларында Бишкекте отурган ошол кездеги Убактылуу өкмөткө ондогон кайрылууларды жасап, бул апааттын алдын алуу боюнча сунуштар бергени ачык болду.
 
Бирок, Убактылуу өкмөт буга көңүл да буруп койбой, июнь каргашасы келип чыкты. Бул эмне максатта мындайча болгону азыр жаш балдар да билип калышты. Кийин канчалган курмандыктар жана жоготуулар менен бул каргаша да токтоду, анан кыргыз улутуна, кыргыз мамлекетине карата эл аралык масштабда согуш жарыяланды: кыргыздарды жырткыч, фашист деп ачыктан-ачык жаза башташты. Ошол кезде Убактылуу өкмөттүн эшигин шыпырган, таманын жалаган журналисттер да, элге күйгөнү да маалымат майданына чыгып, улутка же мамлекетке келген маалымат апаатына көкүрөгүн тосо албады. Ал эми Мелис Мырзакматов өзүнүн «Мен издеген чындык» аттуу китеби менен болгон акыйкатты ачык көрсөтүп, аны нускалап чыгарып, төш каккан журналисттердин гана эмес, улуттун артын жапты. Ал Убактылуу өкмөттүн эмне иш жасаганын, сепаратисттердин эмне иш жасаганын фактылар жана документтер менен даана көрсөтүп койду. Мына ушул эмгеги үчүн эле Мырзакматовдун көкүрөгүнө орден такса болмок.
 
Бирок, ал муну орден үчүн жасаган жок. Өзү бийликтин бир звеносунда отуруп, өзүнөн бийик жерде бутун салаңдатып отургандардын астынан найза сайып, аларды катуу сынга алып, өз баасын берип турду. Башкалар өзүнүн жетекчисине каршы сүйлөмөк турсун, ага сын айтмак турсун, жетекчисинин мышыгына, итине кошомат кылып жүрүшкөндө, бул тим эле аларды кууруп турду. Ага эмне керек эле? Кызмат керек болсо, Иманкулов айткандай кысып отурушу керек эле. Байлык керек болсо, ого бетер кысышы керек эле. Калыбы ага акыйкат керек болду , жарылып айтып чыгууга мажбур болду.
 
Мен бир жолу аны менен баарлашып калганымда, өлкөдө болуп жаткан кырдаалга кадимки эле карапайым кишилерден бетер күйүп-бышканын, мамлекеттин, улуттун келечегине кабатыр болгонун көрүп, ага ыраазы болуп калды элем. Ошондо ал «Аке, азыркы бийликтер Кыргызстанды түндүк-түштүккө, кыргыз-өзбекке бөлүп салышып, жеке саясий кызыкчылыктарда иштеп жатышат» деп, кырдаалга таамай баа бергени да жаккан. Албетте, ага каршы трайбалисттик жана саясий соккулар берилип жатты, борбордук ММКлар, биринчи кезекте кайсы бийлик келсе, ошонун оюнчугу болгон сойку ММКлар аны баса калып сындап, компроматтап жатышты.
 
Аны бандит, кылмышкерден бетер элге жаман көрсөтүүгө аракет кылышты. Бирок, ал кебелбеди жана Оштун эли ого бетер анын айланасына бекем бирикти, бийликтердин бул аракеттери негедир Мырзакматовдун пайдасына иштеп кетти. Канткен менен, анын ким экенин жакшылап баарлашкан адам билет: ал көп окуган, көп маалымат алганды жакшы көргөн киши.
 
Кайсы темада кеп салсаң, ошол теманы сенден жакшы уланта кеп козгоп берет. Ал эми журналистика чөйрөсүн мыкты билгени менен да мени таң калтырган. Эсимде, ал милиция органдарындагы алешем иштерден улам «Муниципалдык милиция түзүү керек» деп айтып коюп, бир нече күн маалымат майданында биринчи персонажга айланган.
 
Бишкектин көчөдөгү машке иттери да ызы-чуу салып, улуп жиберишкен. ММКлар тим эле Мырзакматов өзүнүн жеке милициясын түзү алып, ана-мына баш калаага кол сала тургандай сүрөттөп салышкан. Деген менен, бул жөн гана идея болчу жана ал идея 1991-жылдан бери жашап келатат, анын да автору ММКлар порно-жылдыз кылышкан Ѳмүрбек Текебаев эле.
 
Кийин ЕККУ жылдар бою муниципалдык милиция түзөбүз деп, бийликтер менен кошо аракет кылып келатат. Ал тууралуу дегеле кеп жок да, Мырзакматов айтса, истерикага түшүп, кошок айтып киришет. Алмазбек Атамбаев Маскөөгө барып «Мен Алёшамын», «Есенин - Эсендин баласы» десе унчугушпайт да, кадыресе жакшы сөз айткан Мырзакматовду баса калышат.
 
Деген менен, бийликтегилердин ушундай асыла бермейи да Мырзакматовдун элдеги аброюн бекемдеп салды. М. Мырзакматовдун дагы бир мен байкаган артыкчылыгы – кадрларды тандай билгендиги. Колунан келбеген, эптеп жанын баккан жүдөмүш кадрларды тууган-туушкан, тааныштык же партиялык принцип менен тандап, иштетпейт экен. Ошону үчүн түштүк аймагындагы мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарындагы басма сөз жана коомчулук менен байланышуу кызматтарынын ичинде эң мыктысы (салыштырмалуу) - Ош шаар мэриясынын аталган кызматтары. Алардан ар тарапка тынымсыз маалыматтар агып турат, шаардагы иш-аракетти дайыма чагылдырып турушат. Кала берсе, Ош шаардык «Ош шамы» гезити да түштүк аймагындагы эң мыкты. Нускасы да, мазмуну да, жасалгасы да айырмаланып турат.
 
Жалал-Абад жана Ош ОБЛАСТТЫК гезиттернинин нускасынан ШААРДЫК «Ош шамынын» нускасы эки эсе көп. Кадрды жакшы тандаган жерде ушундай ийгилик болоруна бир гана ушул мисал жетиштүү. Ал эми областтык аппараттарда бсма сөз кызматы бар же жоктугу билинбейт, чыгарган гезиттери окурмандарга кызыксыз. Биз Ош шаарынын күнүндө шаар мэриясынын аппарат кызматкерлеринин аракеттерин, сабаттуу, жогорку деңгээлдеги карым-катнаштарын, ушунчалык сезгич-туйгуч экендиктерин, интеллигенттүү жана маданияттуу мамилелерин көрүп, оң баа беришке туура келди. Мен өзүм бир катар мамлекеттик, өз алдынча башкаруу органдарында иштегем, ошол тажрыйбамдан улам Ош шаардык мэриясынын аппарат кызматкерлеринин деңгээли айрым мен билген областтык администрациялардын аппарат кызматкерлеринин деңгээлинен дурус экенин ачык баамдадым. Жетекчинин деңгээли кандай болсо, тандаган кадры да ошого жараша болот.
 
Мырзакматов жалгызбы?
 
М. Мырзакматовдо трайбалисттик дымак, принцип болгондо, эгер ал Кыргызстанда сөздүн анык манисинде жарым пааша болгусу келгенде, аймактын саясий күчтөрүн акырындап бириктирип, бир күчкө иреттеп, каалаган жагына муштумун кеземек. Жок, Кудай жалгап анын мындай кууш, ыплас жана улуттун мүдөөлөрүнө туура келбеген ниети жок экен. Мен муну өзү менен баарлашкан кезде анык туйдум жана кубанып калдым. Азыр ал лидери болуп эсептелген «Улуттар биримдиги» партиясы бир дагы саясий партиялар же башка күчтөр менен чыпалак алыштыра дос боло элек. Калыбы жакын ортодо мындай окуя жүз бериши да кыйын окшоп калды, себеби бул партиянын стратегиясы менен тактикасы башкалардыкынан бир топ айырмаланып турат. Деген менен, «Улуттар биримдигинин» социалдык базасы бир гана Ошто, бул партиянын «мамлекеттик чек арасы» Ош шаарынын чек арасы менен аныкталат деп ойлогондор катуу да жаңылышат жана кийинки шайлоолордо катуу жаңылышкандыктарына ынанышат. Бул партия элге карай бараткан жок, эл бул партияга карай баратат. Мырзакматовдун феномени ушундай.
 
Айрым серепчилер Мырзакматовдун башка лидерлер менен анча ысык мамиле күтпөй, өз оокатын обочодо өзү кылып жатканына анын «башка бирөөлөргө жакпаганы» менен түшүндүрүп, аны дайыма саясий жалгыздыкта кала берет деп ишенишет. Бул да катуу жаңылыштык, себеби саясий лидерлер социалдык базасы күчтүү лидер менен бирге болууну самашат. Бул жагынан алганда М. Мырзакматовдо потенциал күчтүү, аны башкалар да билишет. Бирок, саясий мамилелер тактикасы ар бир партияда ар башка да, ал негизинен саясий кампанияда убагында гана даана көрүнөт. Бүгүн саясий айдыңда өтө «айылчылашкан» партиялар эртең саясий кампания учурунда жалгыз калышы толук мүмкүн, ар жакка каттап, жаны тынбаган партиялар да, келиндер да эч кимге жакпайт. Кыскасы, Мырзакматовдун азыркы «жалгыздыгы» убактылуу жана азырынча ага пайда алып келип жаткан көрүнүш.
 
Саясий сахнанын пардасы ачылганда биз таптакыр башкача декорацияга, ушул партиянын пайдасына иштеген декорацияны көрүп калышыбыз мүмкүн. Экинчи жагынан караганда, дал ушул бүгүн Мырзакматов жалгыз эмес. Эгер ал жалгыз болгондо борбордук бийликтер капкачан аны оодара тартып, ага башка орунду көрсөтүп коюшмак. Кыргызстандагы бардык жетекчилердин ичинен дал ушул Мырзакматовду гана эл түп көтөрө колдоп турат. Ошону үчүн да борбордук бийликтер аркайган азуусун кайрап, жаланып тим болуп калышты, себеби алардын бул ниеттеринин социалдык базасы жок эле, калыбы мындан ары да олбойт да.
 
Жалил Сапаров,
Жалал-Абад шаары,
эркин журналист