Печать
Категория: Аналитика
Просмотров: 2461
Кыргызстанды 200 жыл бакчу кенди кайсы чиновниктер сатып, байыгысы келип жатат?
 
Гезитибиздин өткөн санында “Атамбаевдин шоопуру эми кирешелүү кендерди сата баштадыбы?” – аталышында маалымат жарык көргөн. Анда биз Жетим-Тоо кени талашка түшүп, миллиарддаган долларлык потенциалы бар бул ырыскы айрым мамлекеттик чиновниктердин ач көздүгүнөн кытайлык компанияга өтүү алдында тургандыгын сөз кылганбыз. Буга Атамбаевдин экс-шоопуру, учурда аппаратынын жетекчисинин орун басары Икрамжан Илмияновдун да катыштыгы бар экендиги сөз болгон.
 
Журналисттик иликтөө көрсөткөндөй, кендин тагдыры каралып жаткан соттук процесске кийлигишкен чиновниктер көп эле болуп жатыптыр. Өз учурунда, мамчиновникер бул маалыматты четке кагып, “сот ачык өтөт, мына көрөсүңөр, биз кийлигишкен жокпуз”,- деп жатышат. Мунун чын-бышыгы Жогорку соттун чечиминен билинет. Эгерде Фемида эл кызыкчылыгын көздөсө, Жетим-Тоо кыргыздын колунда калышы керек. Башка чечим чыгарса, кимдердин бул сотко кийлигишкендигин ачыкка чыгарууга укугубуз бар, алардын аты-жөнүн тактап койгонбуз. Окурманга түшүнүктүү болуш үчүн Жетим-Тоо боюнча талаштын тарыхына үңүлүп көрөлү.
 
Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик 2012-жылдын 21-декабрында, кытайлык “Mylin Resourcer” компаниясынын Жетим-Тоо кенинде геочалгын жасоого уруксат берген лицензиясын жараксыз деп тапкан. Мамагенттиктин мындай кадамы кытай компаниясынын нааразычылыгын жаратып, райондор аралык сотко доо арыз менен кайрылган. Сот чечимди “Mylin Resourcer” компаниясынын пайдасына чыгарган. Өкүмдө Мамагенттиктин компаниянын лицензиясын жараксыз деп табуу боюнча чечимин жокко чыгарган.
 
Мамагенттик райондор аралык соттун чечимине каршы арызды Бишкек шаардык сотуна жазып, 26-июлда бул ишти аталган соттун соттун коллегиясы караган. “Кыргызстан Жаштар кеңеши” жаштар кыймылынын төрагасы, жарандык активист Жеңиш Молдокматовдун айтымында, шаардык сот - Л.Д. Фахритдинов (соттук коллегиянын төрагасы), судьялар – Г.К. Курманова, А.А. Алыбаева – Мамагенттиктин чечимин колдоого алышты. Эксперттерди белгилөөсүндө, кытайлык компания сотторду сатып алууга аракеттенип, 30-40 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү пара сунушташкан. Бирок соттук курам азгырыкка алдырышкан жок.
 
“Mylin Resourcer” компаниясы шаардык соттун чечимине макул болбой, Жогорку сотко доо арыз менен кайрылышкан. Бул талаш боюнча кезектеги соттук жыйын жакынкы күндөрү болушу күтүлүүдө. Ошону утурлай – кытай инвесторлору акыркы инстанциядагы сотто ири суммадагы каражатты курмандыкка чалып болсо да чечүүчү жеңишке жетишүүнү көздөп жатышкандыгы айтылууда. Нарын облусунун Орток айылынын жашоочулары Жетим-Тоо кен чыгуучу жеринин иштетилүүгө берилүүсүнө каршы экендигин эскертебиз. Алардын маалыматында, “Mylin Resourcer” кытай компаниясы жана “Art Mining” 2011-жылы аталган кен чыгуу жериндеги пайдалуу кендерди изилдөө укугу боюнча жокко чыгарылган лицензияларын кайра калыбына келтирүү үчүн бардык жолдорду колдонууда. Алардын пикиринде, мамлекет жаңы кен чыгуучу жерди иштетүүгө коердон мурда, алгач Кумтөр жана Жерүй боюнча маселени чечип алышы керек.
 
Орток айылдык кеңешинин депутаты Кеңешбек Мюсюровдун айтуусунда, 2012-жылдын 17-декабрында мамагенттиктин мурунку директору Ишимбай Чунуев Art Mining компаниясынын Жетим-Тоодогу Данги аймагына болгон лицензиясын 2012-жылдын 17-декабрында 2014-жылга чейин узартып берген.
 
“Бул жерде мыйзам бузулган, жергиликтүү бийлик лицензиянын узартылганына кабардар болгон эмес”. – деди ал. Ошондой эле “бир катар башка айыл өкмөттөрү да кен байлыктардын ачылышына каршылыгын билдиргенин” белгиледи. Депутаттын пикиринде, “Кумтөргө” чекит коюлбай туруп Жетим-Тоо иштетилүүгө берилбеши керек. Бул жерде миллиарддаган долларга чак келчү кен байлыктардын запасы бар.
 
“Кен байлыктардын иштетилүүсүнө каршыбыз, ал турмак мараторий киргизүүнү талап кылабыз. Жакында Нарын каскад ГЭСи курулуп бүтөт. Президент ага капсула коердо “кен чыгуучу жер сатылбайт” деген пикирин билдирди. Бирок, ал кишинин кабары барбы, же жокпу – кен чыгуучу жердеги темир сатылып эле атат”, - дейт К. Мюсюров.
Жарандык активист Ж. Молдокматов “КРнын кен байлыктары боюнча мыйзамында жазылгандай, лицензияны узартуу маселесин мамгеология жергиликтүү бийлик менен чогуу чечиши керек эле. Бирок кытай компанияларынын лицензияларын узартуу мыйзамга ылайык болгон жок ”, - деген оюн ортого салды.
 
И. Чунуев 2012-жылдын 17-сентябрында лицензияны узарткан, компаниянын директору Фу Пен 2013-жылдын 3-июнунда Нарын райондук мамлекеттик администрациясына 4500 га жер бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Айыл өкмөтүнө бул өтүнүч 20-июнда жеткирилген, ал эми 8-июлда жергиликтүү кеңештин депутаттары сессия чакырышып, анда Жетим-Тоону ишке киргизүүгө  жана жер бөлүп берүүгө тыюу салууга чечим кабыл алышкан.
 
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилигине Дүйшөнбек Зилалаевди дайындоого токтом чыгарганы белгилүү. Түркиянын Анкара шаарындагы полициялык академиянын бүтүрүүчүсү, юридика илимдердин кандидаты, Жалал-Абад облусунун 40 жаштагы тургуну Д.Зилалаев буга чейин, 2011-жылдын декабрынан тартып Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары болуп эмгектенип келген. 
 
Эске салсак, аталган мекеменин мурунку жетекчиси И.Чунуев кызматка 2012-жылдын сентябрында келип, 14-июнда Ж. Сатыбалдиев “ишеничти жоготтуң” деп айыптагандан кийин кеткен. Өкмөт башчысынын өтө ачыкталбаган түшүндүрмөсүнө таянсак, И.Чунуев мамгеологиянын айланасындагы коррупциялык ызы-чуунун көбөйүшүнөн, Нарын, Чүй аймактарындагы кен чыгуучу жерлерге болгон лицензиялардын узартылуусунан жана жокко чыгарылуусунан улам “ишеничти жоготуп” койгон. Ошондой эле дагы бир версия айтылып жүрөт – И. Чунуевдин кызматтан кетишинин артында айрым булактарда маалымдалгандай кытай компанияларынын кызыкчылыгын колдоого алган “Ар-Намыс” партиясы турган.
 
Д.Зилалаев мамагенттиктин башчылыгына бараары менен 26-июлда Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы аталган мекеменин доо арызын канааттандырып, Mylin Resourcer компаниясынын Жетим-Тоо кен чыгуучу жерине болгон эки лицензиясын калыбына келтирүүдөн баш тартты. Аны менен кошо райондор аралык сотунун 2012-жылдын 21-декабрындагы кытай компаниясынын арызын канааттандырган чечимин жокко чыгарды. Ошентсе да, нарындыктар соттун чечими колунда турса да, Зилалаевдин алдагы лицензияларды аликүнчө кайтарып ала албай жаткандыгына түшүнбөй турушат.
 
Ушул эле күнү, 26-июлда Бишкекте маалымат жыйыны болуп өттү. Анда “Кыргызстан Жаштар Кеңешинин” төрагасы Жеңиш Молдокматов И. Чунуевдин үстүнөн үч маселе боюнча кылмыш ишин ачууну талап кылды:
 
1. ОсОО “Кумбел” ЛТД боюнча, И. Чунуев ишкананын түптөөчүлөрүнүн катарына каза тапкан адамдардын ысмын киргизип койгону үчүн;
 
2. Zhong Ji Minig Company кытай компаниясына Нарын облусундагы “Бучук” алтын кен чыгуучу жерди иштетүүгө 2030-жылга чейин уруксат бергендиги үчүн;
 
3. “Арт майнинг” ОсООнун Жетим-Тоо кен чыгуучу жеринин Данги аянты боюнча лицензиясын 2014-жылга чейин узартып койгону үчүн;
 
И.Чунуевди айыптаган бул маалымат жыйынына Орток айылдык кеңешинин депутаты К.Мюсюров да катышты. Ж.Молдокматовдун да, К.Мюсюровдун да И.Чунуевди айыптоосунун башкы аргументи лицензияны узартууда жергиликтүү бийликти аралаштырбай чечим кабыл алганында болду. И. Чунуев болсо бардык айыптоолорду четке какты, ал турмак “Кыргызстан Жаштар Кеңешин” сотко берүүнү да убада кылды.
 
Кытай компаниясынын кызыкчылыгын кайсы чиновниктер тарабынан колдоого алынып жатканы бизге белгилүү. Аралашып жүргөн адамдардын айтымына караганда, алар колдоо акысына миллион доллар алышкан. Дагы бир белгилүү болгон нерсе, Нарын аймагынын айрым тургундары кыргыз элинин кызыкчылыгын коргоого Жогорку соттун жыйынына келүүгө камданып атышат. Ал эми кытай компаниясынын кызыкчылыгын көтөргөн чиновниктерге Кыргызстан эмес, акча башкы орунда турат.
 
Эске салсак, кеп дүйнөдөгү эң бир темирге бай кен чыгуучу жер жөнүндө болуп атат. Жетим-Тоодогу темир кендери 200 жылдык иштетүүгө жетет. Жетим-Тоодо изилденгени 2 млрд., а жалпысынан 9 млрд. тонна темир бар. Азыркы баа менен эсептегенде 1 триллион долларды багынтат. Аны ар бир кыргызга бөлгөндө 200 миң доллардын тегерегиндеги акча болуп жатпайбы. Салыштырмалуу түрдө айта турган болсок, “Кумтөр” алтын кенинде жалпысынан 1000 тонна алтын бар болсо, ал 50 миллиард долларды гана түзөт. Башкача айтканда, Жетим-Тоо Кумтөрдөн 10-20 эсе бай. А “Кумтөрдүн” жарым алтыны казылып алынып, эчак Канадага ташылып кеткендигин да эске алуу зарыл.
 
Президент Алмазбек Атамбаев Нарынга баргана бул кен чыгуучу жерди чет өлкөлүктөрдүн колуна салып бербей турганын убада кылган эле. Ушундан улам суроо туулат: кытай тараптын кызыкчылыгын алдыга сүрөп аткан чиновниктер чет өлкөлүктөр менен өздөрүнүн демилгесинде, мамлекет башчысынын каалоосу менен эсептешпей эле  сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атышабы, же мамлекет башчыбыз дагы кытай компаниясынын таасирине арбалып Кыргызстандын эли үчүн Жетим-Тоону сактап бере турган убадасынан тайып калдыбы?
Көпчүлүк кен байлыктар бошоп, темир дүйнөдөгү талап жогору коюлган товарга айланып аткан учурда, биз чындап эле элдин жана келечектин алдында ушундай кылмышка барып, болбогон 2-3 миллион доллар же бир дипломат “бакс” үчүн Жетим-Тоону чет элдиктердин колуна салып беребизби? Буга жоопту Жогорку соттун чечиминен кийин билебиз...
 
Аэлита Сатындиева
Булак: “Майдан.kg”, №35, 25.09.2013-ж.