«Кумтөр» алтын кени боюнча көп убакытка созулган «Центерра Голд Инк.» менен сүйлөшүүлөр аяктап калды. «Ырынан чыры көп»  алтын маселеси өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болгондон бери далай саясый оюндардын бутасына айланып, «Легендарлуу парламенттин» тарашына, туңгуч премьер-министр Насридин Исановдун табышмактуу жагдайда өлтүрүлүшү менен белгилүү. Былтыр эле «Кумтөрдү» улутташтыруу демилгесин көтөрүп митинг өткөргөн «Ата-Журттун»  депутаттары бийликтин «репрессиясына» кабылып, камалып, акыры мандатынан ажырап тынды.
 
Кыргызстандагы эки ирет президенттердин куулуп, революция, кандуу төңкөрүш болушуна да дал ушул алтын чыры негизги себеп түзгөн. Бул ирет өкмөт башкарууну колго ала турган келишим түзөт деп баарыбыз күткөнбүз. Тилекке каршы канадалыктар менен Кыргызстандын үлүшү тең бөлүнүп (50-50%дан) ит жыгылыш абалында чечилгендиги жөнөкөй адамдар үчүн деле Кыргызстан үчүнчү ирет уттуруп койгондугу түшүнүктүү болууда. Жакында  өкмөт канадалык компания менен өз ара түшүнүшүү боюнча Меморандумга кол койду. Ага ылайык биргелешкен ишкана түзүлүп, ал «Кумтөр» кениндеги ишти башкарууга алат.
 
Андан кыргыз тарап «Центерранын» биздин өлкөгө таандык 32,7% акциясын өткөрүп берип, анын ордуна болочок биргелешкен ишкананын 50% акциясына ээ болот. Биргелешкен ишкананы эки тараптан бирдей санда дайындалган Директорлор кеңеши башкарары айтылууда. Болочок биргелешкен ишкананын Директорлор кеңешинин төрагасы кыргыз тараптан дайындоо келишими түзүлгөн. Албетте, бул биздин аткаруу бийлигибиздин канадалыктар менен түзгөн келишиминин долбоору гана. Ал эми акыркы бүтүмдү Жогорку Кеңеш айтып, чечим чыгарууга тийиш.
 
Алгачкы талкуу учурунда эле парламенттин профилдик комитеттеринде жана фракциялардын жыйындарында депутаттар айрым түшүнүксүз жагдайларга токтолуп, кыргыз өкмөтү алданып калгандыгын айтышты.
 
Мисалы, көпчүлүк депутаттар биргелешкен ишканада кандай жагдайда 50% үлүш аныкталып, эмнеге «Центерранын» 32,7% акциясын берүү керектигине кызыгышты.  Бул суроого Ж.Сатыбалдиев биз «Центеррада» тургандыгыбыздан улам республиканын компаниядагы активи 44,7%дан өспөгөндүгүн билдирип жооп кайтарды. Ал эми 50% үлүшкө жетишүү боюнча, бул макулдашуу коммерциялык болуп саналат. Эгер «Кумтөрдө» иш токтоп калса, биз тарап да, «Центерра» да утулмак экен.
 
Эгер эсиңиздерде болсо, алгачкы келишимге ылайык, канадалыктар казылып алынган алтындын эсебинен үлүштү бөлүшпөй, тапкан пайданы эсептөө тууралуу келишим түзүп алган болчу. Анын натыйжасында алар маңыроо ошол учурдагы кыргыз бийлигинин башын айлантып, чыгымды улам көбөйтүп, бизге жарыбаган гана акча берип келген. Бул ирет да ошол схема кайталанып отурат. Мында айрым эксперттер 2012-жылы планды аткарбоодон келтирилген 200 млн. доллар жана 180 млн. долларга бааланган жер астындагы кендеги чыгымдарды эске алуу керектигин айтышууда. Дагы бир өкүнүчтүү жагдай, биргелешкен ишкана мурдагы экологияга келтирилген жана башка зыяндар үчүн жоопкерчиликтен суудан кургак чыгып кете турган жоболор бар жаңы келишимде.
 
Адистер эмес, жөнөкөй шахтер деле кен казуу иши кандай машакат экендигин жакшы билишет. Ошондуктан мындан ары 20 жылдан бери жер үстүндөгү топурак казылып бүтүп, эми жер астына түшүүгө туура келет. Демек, чыгымдар жогорулап, анын кеспетинен жер астындагы иштерден баш тартууга туура келет. Жаңы уулуу калдыктарды жана инфраструктура жабдыктарын куруу зарылчылыгы келип чыгышы мүмкүн. Андыктан миллиондогон доллар чыгымдарды өндүрүшкө шылтоолоп жоготуп койсо болот.
 
«Ниет-Аракет» каржы-консалтинг компаниясынын жетекчиси Нурбек Элебаев билдиргендей, үлүшү бирдей бөлүнгөн биргелешкен ишканалар – бул туюк вариант, анткени тараптардын эч кимиси чечим кабыл алуу артыкчылыгына ээ эмес же ит жыгылыш абалында калууда. Дүйнөлүк практикада эч кандай мындай абалдагы келишим түзүлгөндүгүн уга элекпиз. Ошондуктан Кыргызстанга жок дегенде 51% үлүштү алуу тууралуу макулдашуу керек эле. Ушул жагдайды түшүнбөгөн же түшүнсө да чечкиндүүлүгүн көрсөтө албаган Ж.Сатыбалдиев башында турган кыргыз өкмөтүнүн «башын» да «Кумтөр» алтыны жутчудай.
 
Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаевдин пикиринде, биргелешкен ишкана түзүүдө кенди рекультивациялоо жана башка милдеттер Кыргызстанга өтөт. Ал эми бул кошумча чыгымдар ( бюджетте каражат жетпеген учурда канадалык компания тарабынан жүргүзүлгөн займдардын эсебинен ишке ашырылат). Андыктан кайрадан эле канадалыктарга көз каранды болуп калабыз. Эгер кыргыз тарап үстөмдүк кылган үлүшкө ээ болгондо деле «Центерра голд» чечим кабыл алууда утуп кетиши мүмкүн.
 
Демек, ыкчам башкаруу канткен менен канадалык компаниянын колунда кала берет, себеби меморандум боюнча кыргыз тарап Биргелешкен ишкананын гана жогорку жетекчисин дайындап, ал эми «Центерра» ыкчам чечим кабыл алуучу башка жетекчилерди дайындайт.
 
Кыскасы, «Кумтөр» долбоору бул ирет да Кыргызстандын пайдасына чечилбей, канадалыктар менен келишим түзүүдө өкмөт чечкинсиздигин көрсөтүп койду. Мындай жагдайды алдын ала сезгендиктен премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өткөн жумада Бишкектеги Тарых музейинде тоо-кен адистерин, эксперттерди жана коомчулуктун өкүлдөрүн чогултуп, ачык талкуу уюштурду. Анда келишимдеги бир топ алешемдиктер, кемчиликтер, алгылыктуу сунуштар айтылды. Аларга өкмөт башчы: “Эгер «Кумтөрдү» улутташтырууга барсак, анда мен бир күндө баатыр болмокмун, тилекке каршы Кыргызстан андай жолго бара албайт”,- деп өзү башкарган өкмөттүн алсыздыгын далилдеди. Себеби маселе чечилип, долбоор түзүлүп калган соң, бул жыйындагы сунуш, пикирлер жөн гана эмоцияны чыгаруучу сөз бойдон кала берди. Сыягы, өкмөт мындай кадамга баруу менен кемчилигин моюнга алып, жакында күтүлүп жаткан массалык нааразычылык акцияларынын алдында «мягкий рейтинг» өткөрдү окшойт. Эми парламент депутаттары эмне дешет болду экен?
 
Ж.Белеков
Булак: “Майдан.kg”, №35, 25.09.2013-ж.